Ленара Ниязбекова: Бир тилди үйрөнүш үчүн бир илимпоздун өмүрү аздык кылат

lenara

Кыргыз тилин үйрөнүү жана аны жайылтуу маселеси акыркы учурларда көп көтөрүлүп, өлкө жетекчилери тарабынан да жигердүү бир катар иштер жасалууда.

Деги эле тил үйрөнүү, анын ичинен кыргыз тилин үйрөнүү жана аны үйрөтүү маселеси кандай турат? Мына ушул маселенин тегерегинде «Ак Санат Лингво» маданий-агартуу коомдук бирикмесинин жетекчиси Ленара Ниязбекова менен чакан маек курдук.

— Ааламдашуу процесси, анын ичинен техниканын секун сайын алдыга жылып, өнүгүп жаткан учурунда кыргыз тилинин абалы кандай болууда?
— Бир тилди үйрөнүш үчүн бир инсандын, бир илимпоздун өмүрү аздык кылат экен. Ааламдашуу процессинин жүрүшүндө кыргыз тилинин дүйнөлүк асыл ой казынасына кошкон салымы абдан чоң. «Манас» эпосу баштаган эпосубуз, кенже эпостор, жөө-жомоктор, макал-лакаптар, айтыштарыбыз адамдын акылына акыл кошо турган ой кенчтери абдан көп. Тил көрсө бир гана пикир алышуунун куралы эмес, улуттун аңсезиминин, психологиясынын, башкача айтканда, улуттун мен деген портрети да. Ааламдашуу процесси учурунда техника абдан ылдамдык менен өнүгүп жаткан учурда кыргыз тили менен өзүбүздү чектеп коюуга болобу?- деп сурашат. Аларга карата айтат элек: Кыргызстан сыяктуу мамлекетте биздин жаштарыбыздын эң эле кеминде экиден, үчтөн тил билүүсү аздык кылат. Жок дегенде 4-5тен тил билиш керек. Бирок, ошонун ичинде өзүбүздүн эне тилди билбей туруп, биз башка тилди билебиз деп көкүрөк кагуу – кемчонтойлук болот. Цивилизация деген өнүгүүнүн туу чокусу да. Ошол өнүгүү процессинде башка улуттун өкүлдөрү бизчилеп кылчактабай эле өзүнүн улутунун маданиятын, тилин, жетишкендиктерин дайыма алдыда айтып жүрүшөт. Мына биз советтер союзунун психиологиясы менен дагы деле кылчактап, тартынып, эң бир тагдыр чечүүчү мезгилге келгенде деле бир нерселерден коркуп турабыз. Көрсө тил маселеси психологияны да тушап, тумандатып кое турчу курал экен да. Керек болсо атом бомбасынан да күчтүү куралдардан деп айтсак болот.

— Биз дайыма эле кыргыз тилин чет элдин жарандарына үйрөтүүдө тажрыйба жок, каражат жок, китеп жок деп келебиз. Ушулардын ичинен кыргыз тилин чет тил катары үйрөтүүдө негизги көйгөй эмнеде болууда?
— Бизде кыргыз тилин бөтөн тилдүүлөргө үйрөтүү ошол биз билген англис, орус тилдерине салыштырганда эми гана жолго коюлуп келе жатат. Бул үйрөтүү ыкмасына болгон илимдин өзү жаңы кадам деп айтсак болот. Себеби, муктаждыктан, зарылдыктан жаңы нерсе келип чыгат. Буга чейин кыргыз тилин массалык түрдө үйрөтүү муктажтыгы болбогондуктан, азын оолак, 60-90-жылдары учкай бир үйрөтүү ыкмалы колдонулуп келген.

Азыр кыргыз тилин үйрөтүүдөгү негизги кедергилердин бири бул республикабыздын булуң-бурчунда эмгектенип жаткан мыкты практик кыргыз мугалимдеринин башын кошкон бир уюм жок. Биздин «Ак санат лингво» уюму азыр ушул мүдөөнү көздөп жатат. Бир баш жакшы, эки баштан андан жакшы дегендей жеңил үйрөнүүнүн ыкмалырын ойлоп тапсак деп жатабыз.

Андан сырткары тил үйрөтүү ыкмалырын айрым жогорку окуу жайлар өздөрүнүн практикасында колдонуп жүрөт. Бирок, алардын жүргүзүп жаткан усулдук сабак берүү ыкмалары өздөрүнүн гана аудиториясына ылайыкташтырылгандыктан жалпы республикалык масштабда канат жая албай жатат. Экинчи дагы бир нерсе — усулдук кодонмолор аз. Мурда совет учурунда окумуштууларга атайын китеп жазуу боюнча мамлекет тапшырма берип, алар китеп жазчу. Бул жагынан алып караганда тилди үйрөтүүдө мамлекет тарабынан да кандайдыр бир көзөмөлдөө, кол кабыш кылуу жагдайлары каралса жакшы болмок.

— Усулдук колдонмолордун сапатын жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек?
— Сабак берүүнүн усулдук жөндөмдөрү практикага терең байланышкан илим. Дүйнөлүк деңгээлде усулдук жалпы жөндөмдөр бар. Мисалы, англис, түрк, орус тили. Бирок ошолордун ичинен ар бир тилге гана тиешелүү болгон ньюнстар бар. Ошол ньюанстарды «тез арада кантип үйрөтүш керек?» деген суроонун айланасында көп иштерди жасашыбыз керек. Качан биз ушундай нерселерди жакшы бере алабыз? Качан гана пассивдүү жана активдүү болгон лексикалык корубузду аныктаганда жана ошол лексикалык кордун ыңгайлуу, тез жана жеңил жолун тапканда гана биз жакшы усулдук колдонмолорду иштеп чыга алабыз. Кыргыз тилин бөтөн тилдүүлөргө үйрөтүү илими өзү жаңыдан кадам таштап, жаш баладай тай-тайлап аткан мезгил. Бирок айрым мекендештер айткандай, «усулдук колдонмо жок, ошондуктан үйрөнө албай жатабыз» дегендин баары курулай шылтоо экендигин иш жүзүндө көрүп жатабыз. Мисалы, чет мамлекеттен келген ыктыярчылар эч кандай колдонмого карабай эле жергиликтүү кыргыз калкынын арасында жүрүп эле өздөрү үйрөнүп атат. Бизде усулдук колдонмолор таптакыр жок деп да айта албайыз. Себеби, бир катар жогорку окуу жайлар жыл сайын жаңы усулдук колдонмонун үстүндө иштөөдө.

— Ошол ЖОЖ чыгарган усулдук китептердин практик мугалимдер тарабынан же, тил үйрөнгүсү келгендер тарабынан жапырт түрдө колдонулбай атышынын себеби эмнеде? Балким иштелип чыккан усулдук куралдардын мазмуну начарбы?
— Мен да өзүм ЖОЖдогу студенттерге сабак бердим. Өзүм иштеген жана башкалардын тажрыйбаларын карап көрүп, ал жакта колдонулуп аткан усулдук куралдар тар чөйрөгө гана арналып атканын байкадым. Бүгүнкү күнү бардыгына жеткиликтүү, түшүнүктүү болгон усулдук колдонмолорго эл суусап атат. Эң башкы кедерги бул жакта практик мугалимдердин башын бириктирип, ошолордогу идеяны, мүмкүнчүлүктү бир окуу китебине бириктириш керек болуп жатат. Аны ишке ашырыш үчүн кандайдыр бир борбор керек.

Биз тил үйрөнгүсү келгендерге бир гана оозеки коммуникативдик сүйлөшүүнү гана үйрөтпөстөн, кыргыз элинин маданияты, тарыхы, үрп-адат каада салттары менен тааныштыруу жагын да карашыбыз керек. Бөтөн тилдүүлөрдү коелу, керек болсо өзүбүздүн жарандар дагы кыргыздын маданиятын, тарыхын, каада салтын үйрөнүүгө суусап турганын мына мен сабак берип жүрүп байкадым. Мурда кыргызмын деген кишинин баары эле өз маданиятын билет экен деп жүргөн болсок, практикалык иштин жүрүшү менен андай эмес экенин чындап билдик. Керек болсо, кээ бир сөздөрдүн келип чыгышы, анын этимологиясына кызыккандар абдан көп экенин биз көрүп жатабыз. Ар бир сөздүн колдонуу объектиси бар да. Мына ошолорго кызыккан да жарандарыбыз бар экен.

Расул Усеналиев, «КАБАР ОРДО», 29.10.13-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий