Жазганы жамгырдай төгүлгөн Байдылда

b_sarnogoev_jash

Эл сынынан, калк таразасынан өткөн чыныгы таланттар гана унутулбайт. Калтырган изи менен жыл өткөн сайын куйруктуу сары жылдыздай тээ алыстан жаркырай берет. «Туйлап турган тулпардай болгон Райкан менен Мидиндин кешигин ичип, кыргыз поэзия асманында алыстан көрүнгөн, жазма акын болсо да жазганы жамгырдай төгүлгөн Байдылда» жөнүндө Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов «Сарногойдун коргону же Байдыкем жөнүндө дил баян» аттуу окурмандар үчүн баалуу табылганы жараткан. Төмөндө ошол китептен үзүндү жарыялайбыз.

Байдыкемдин өнөрканасы

Байдыкемдин үй-бүлөсү «Совет жана Москва» көчөлөрүнүн кесилишиндеги беш кабат үйдө турчу. Төрт бөлмөлүү үйдүн бир бөлмөсү өзүнүн өнөрканасы эле. Мен ал үйгө канча барбайын Байдыкемдин ыр жазып отурганын бир да жолу көрбөдүм. Кээде диванында отуруп алып, комузун каңгыратып калчу. «Сарногойдун сары күү» деп кыңкайган жагына ого бетер ооп, өзү айткандай «тантыр-мунтур бирдекелерди» берилүү менен черте берчү. Жашынан чертип калгандыктан комузга колу жатык эле. Кулагынын курчу канып, кумары тараган соң, «концерт бүттү» деп конференсьени туурап сүйлөп, комузун дубалга сүйөчү. Маанилүү бир ишти бүтүргөндөй мардемсип калчу. Ал сүйөп койгон комузду ала коюп, комуз көрсөм колум кычышып турган жаным «Эсимдени» кайрысам элейе карап: «Сенде да бар турбайбы…Мукам кайрыйт экенсиң, эски заман болгондо экөөбүз далай айтышмак турбайбызбы»,- деди. «Мен сиз менен айтышмак эмесмин, Байдике. Сразу жол бермекмин»,- десем: «Бир бермексиң, эки бермексиң, анан, андан кийин айтышмаксың…Айтышпаганыңа коймок беле бай-манап…Тытышмакпыз… Багыбыз бар экен, улуу Ленин чыгып калып, жакалашпаган жазма акын болуп калбадыкпы»,- дээр эле.

Таластагы юбилей

Бир күнү Байдыкем телефон чалып калды: «Таласка барып келели, үкөм. Гүлсайра эжең сүйлөшүптүр, менин 50 жылдыгымды өткөрөбүз деп жатыптыр. Эртең автовокзалга келип кал». Эртеси автовокзалга барсам, Байдыкемдин жанында Гүлсайра, Замирбек бар экен. Автобуска түштүк да Таласты көздөй зуу койдук. Кыз боорукер эмеспи, аты акын, заты каакым сөрөйлөр деле айлына барып ат минип, көбүртүп-жабыртып той-тойлоп жатканын көрүп, Гүлсайра эже теңтушу, Талас райкомунун үчүнчү секретары Эркин Өмүрзаковага жагдайды түшүндүрүп телефон чалса, «өткөрөбүз» дептир. «Андай болсо тели-теңтуш, дос-тамырлардан кошуп алсаңыз болмок экен» дедим. Байдыкем тээ алыстагы чокусун ак кар баскан тоолорду тиктеп ойлонуп баратты. Бир топтон кийин кайра кобурады. «Ээ үкөм, айлыма каттабаганыма отуз жылдай болуп калды. Алардын жакшылыгы, жамандыгы болот экен. Бирине да баралбадым. Кийинчирээк чакырышпай да калышты. Же бир төбөсү көрүнгөн жакыным жок, болбосту болтурган ортону толтурган. Ошондон кийин той кандай өтөөрүн да билбейм. Гүлсайра эжең сүйлөшүп койдум дегенден кийин көңүлүн кыйбай эле баратам. Силер кандай болсоңор мен да ошондоймун. Бара көрөбүз да…»

Кеч бешимде Таласка барып калдык. Таластын райкомунда төрт райондун өкүлдөрү, облустун аткаруу комитетинин орун басары баш болуп күтүп турушуптур. Түз эле Байдыкең окуган атактуу Көк-Арык орто мектебине сапар алдык. Барсак боз үйлөр тигилип, комуздун шартылдаган үнү тоо жаңыртып, эл шаңга бөлөнүп күтүп турган экен. Эл деген кыжы-кыйма, ит ээсин тааныбайт. «Байдылдасы кайсы?» дешип бөкчөйгөн кемпир-чалдар баласы аскерден келгенсип Байдыкемди өпкүлөп көрүп жатышты. Балалык калган жер башка, анан «атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн» дегендей атаңдын теңтуштары маңдайыңдан сылап, кучакташып көрүшүп турса, төбөң көккө жетпегенде качан жетмек, эт-жүрөгүң эзилбегенде качан эзилмек…

Айылдын клубунда отураарга жер жок, ага карабай шатыра-шатман шаңдуу жыйын өтүп жатты. Чапан жабылып, калпак кийгизилди. Кыл куйрук аталды.Чечендер тил безеп чыгармачылыгына токтолушуп, ырлары окулуп, обондуу ырлары оболоду. Байдыкем барчындай балкайып, көңүлү көккө жетип, сыймыкка бөлөнүп, даңкка жөлөнүп, жүзүнөн нуру төгүлүп, жакшы сөзгө семирип, жарпы жазылып олтурду.

Ошондон кийин Байдыкең юбилей өткөргөн жок. Алтымыш жылдыгын өткөрөйүн деп турганда 1992-жылы Талас, Суусамырда жер титиреди. «Туулган жеримде жер титиреп жатканда туулган күнүмдү өткөрбөйм» деп гезитке жазып чыкты. Өкмөт жым дей түштү. Көктөн тилегени жерден табылып… Өзүнөн көрсүн дешти. Жок дегенде Ардак грамота берип, колун кысып койгонго жарашпады.

Троллейбустун эшиги ачылганда

Байдыкең күндөгүдөн көбүрөөк ичип алып, үйүнө жеталбай ыргалып аялдамада турса, жаңы эле келип токтогон троллейбус эшигин шарт ачып иет. Үйүмдүн эшиги ачылган турбайбы деп ойлоп, туфлийин чечкен бойдон троллейбуска кирип кетет Байдыкең…

Кыргызский Есенин

Ичкендерге саат болбойт. Алардын мезгил болжому күндүз же түн делинип экиге гана бөлүнөт. Ошол түндөрдүн биринде Байдыкең эсине келсе, кайсы көчө экенин билбейт. Бир көчөдө кетип бараткан болот. Аңгыча опур-топур боло түшүп, чала муштум жаакка тийип, көзүнөн от чагыла түшөт. Түгү жок каракчыдан коркпойт да. Орусча сүйлөгөндөрүнө караганда орус кисабирлер окшойт. Кийимин чечип жаткандарына карабай Байдыкең: «Шаганэ, ты моя Шаганэ»,- деп өзү жат билген Есениндин ырларын шатыратып айта берет. «Кто ты такой?» дейт бирөө таңгалып. «Я — кыргызский Есенин!» дейт Байдыкең. Жанагылар жандалбастап жаңы чечкен кийимдерин кайра кийгизет. «Мен сураган Совет көчөсүнө чейин ээрчитип келип, «До свидание, кыргызский Есенин!» десе болобу» деп сүйүнүп айтаар эле кайран киши.

Ташбаева Нурзада, «КАБАР ОРДО», 11.11.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий