Керим Турапов: Сексендеги атамдын үнүнө менин үнүм жетпей калган

k_turapov

— Керим агай, сиздин «Туулган жерди сагынуу» деген ырыңыз мага алыста жүргөндөрдүн гимниндей эле сезиле берет. «Бал жыттанган таттуу кымыздай, тууган жердин суусун сагынам» же «жүрсөм дагы алыс араңан, Ата Журтум кетпей санаамдан» дейсиз…

-Бул ыр алыс жактарда же тээ Сибирде жүрүп жазылган эмес. Ушул шаардан туруп эле туулган айылыңды, корооңду, балалыгыңды эстеп сагынасың. Ырдын жазылуу тарыхы көп айтылды, көп жазылды. Андагы сезимдерди дагы козгоп алат экемин да… Оштогу музыкалык училищени бүтө электе аскерге кеттим. Кайтып келгенден кийин кайра улантып бир жыл окудум, үйлөнүп алып анан Фрунзеге келдим. Келип Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнун даярдоо курсуна тапшырдым. Ошол студенттик жылдарымда айылга 3 жыл барган жокмун. Анткени апам мен аскерде жүргөндө көзү өтүп, үйдө атам эле калган, башка бир туугандарым турмуш куруп кетишкен. Атайын эле барбай койдум. Менден башка курсташтарымдын баары каникулга кетишет жыргап. Кайра кайтканда апалары салып берген каймак, майын, курутун, эт-ашын, жапкан нанын ала келишет. Ушунун баары таасир этип, сагынычтан, кусалыктан улам жаралган ыр. Сөзүн да өзүм жазгам.

— Бекмамат Осмонов да ушул ырыңызга абдан таасирленип, анан ыйлаганын угуп калган жайым бар…

— Ошенткен. Бекмамат Осмонов көз жумардын алдында экөөбүз биздин телерадиодон жолугуп калдык. Мен чыгып бараткам, ал фойеде интервью берип атыптыр. Чачы күрөң түскө боелгон, кең далылуу, олбурлуу келбетине ого бетер жараштырып улуттук кийимчен экен. Өтүп баратсам токтой тур деп ишарат кылды. Күтүп турдум. Маек берип бүткөндөн кийин учурашып: «Керим, чогуу тамактаналы. Досторуңдун бир-экөөсүн эрчитип ал» деди. Макул болуп эки досум менен телевидениенин жанындагы «Чынар» деген кафеге барып тамактандык. Ал кезде мен жаңыдан чыгып келаткан жапжаш кезим. Эмне үчүн мага ошончо көңүл бурду экен, мен анын баласы менен тең болсом, өзү депутат, анан кадыр-барктуу, абройлуу киши болсо, себебин түшүнгөн жокмун. Бирок эмгиче сүйүнөм. Кафеден чыгарда: «Мен эки сааттан кийин Ошко учам. Убактың болсо келип кетчи» деди. Бир жолдош баламды ээрчитип алып, аэропортко кеттим. Биз кичине эртерээк барып алыппыз, аэропорттун буфетине «скромно» стол жасатып койдук. Аңгыча ак Жигулиси бар экен, баласы, жеңебиз үчөө келип калды. Сүйлөшүп отурдук. Мен ырдап жүргөн «Насаат ырга» жанагы «бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген саптары бар, муну-тигини кош деп бир топ баалуу кеңештерин айтты, бири да эсимде калбаганына өкүнөм. Искусствону терең түшүнүп баалаган, сөз кадырлаган киши экен да көрсө.

Анан туулган жер жөнүндө сөз болуп кетти. Бекмамат Осмонович: «Керим, ырдап бербейсиңби» деп калды. «Бул жерден ырдаганым ыңгайсыз го» деп кыйылсам болчудай эмес. Эшикти жаптырып, бирөөнү тургузуп койду. Үнүмдү жай чыгарып, акыры-ын ырдадым. Экинчи куплетин бүтө жаздап калганда бир добуш чыккандай болгон. Ырдап атканда бүт нерсени унута жаздайм да, көңүлүм бир бурулуп кетип, ырдай бердим. Бекмамат Осмонович буулугуп ыйлап аткан экен. Ырдын аягына чыгып-чыгалекте «у-аа» деп жарылып кетти. Чоочуп кеттим мен дагы. Ырым тык токтоду. «Балдардын көзүнчө уят эмеспи, эмне болду сага?» деп жеңе кейип калды. «Сен түшүнбөйсүң, бул ыр мага жазылган. Бул менин өмүр баяным, менин ата-энем, менин басып өткөн жолум, бул – менин ырым» деди. Анын атасы дагы жылкычы болуптур көрсө. «Үйүр-үйүр жылкы айдаган, атам конгон журтту сагынам», «жылаңайлак чырпык ат минип, жылгалардан тунук суу кечип» деген саптар ушундай дал келиптир да. Көз жашын сүртүп: «Карачы, балтырымды тилип караган деп атат, буттарыма тикенек кирип, менин балтырымды момундайынан караган тилип кетчү. Атамдын жылкы айдап, апамдын сары май шыбалган ысык нанын айтып атат» деп ичиндеги бугун бир төгүп алды. Баарыбыз тунжурап отуруп калдык бир саамга. Анан ордунан туруп баратып, «келчи, Керим» деди да мени көкүрөгүнө катуу кысып-кысып, көтөрүп койду. Эртеси таңга жуук дем алалбайм. Катуурак дем алайын десем жүрөгүм такашат. Түшүнбөйм. Карасам көгөрүп калыптыр. Бармак сөөгүм да зыркырап ооруп атат. Анан эстедим, Бекмамат Осмонович кучактаганда оң колум жүрөк тушумда калып калган эле. Күчтүү киши да, катуу кысканда сөөктү капшыра коюптур…

— Ошондо өлөрүнө саналуу күндөр калды беле?

— Биз Жалал-Абадга узаткандын эртеси Москвага операцияга учуп кетиптир. Эки-үч күндөн кийин спецполиклиникада бирөө жаткан, ошону көргөнү барып, кайран кишинин операциядан каза болгонун уктум. Абдан кейидим. Ошентип ал өмүрүнүн акыркы сааттарында менин ырымды угуп, кандайдыр бир деңгээлде ырахат алып, ата-энесин, балалыгын, өткөнүн эстеп, бир буркурап ыйлап алып кете берди…

— Сиздин атаңызды да жакшы ырдачу дешет?

— Ушул сурооңо жооп берерден бир эпизодду айтайын. Оштогу музыкалык училищенин вокал бөлүмүндө окуп, ырчылыкты (сольное пение) жаңыдан үйрөнүп жүргөн кезим. Айылга барганда эшикти жаап алып ырдайм, машыгам. Атам экөөбүз тоодон шаарга үстү туюк автолавка менен түштүк. Кузовунда терезе сыяктуу кичинекей эки тешиктен сыртты карап коюп, туруп келатабыз. Анан атама «ырдап бериңизчи» деп шоктоно баштадым. Мен ырдын улам бийик ноталуу жерин алып берип коем. Ырдап отуруп, бир кезде атамдын үнүнө менин үнүм жетпей калды. Ошондо атамдын жашы сексенге жакындап калган. Чындыгында атам абдан жакшы ырдачу, аны эл дагы билет. Үнү ушунчалык бийик болчу. Ырга шыктуу эле болбостон, жамакчы, манасчы да эле. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» баш кылып, кичи эпостордун дээрлик бардыгын кемелине келтире айтчу.

Эл суранып, өтүнүп айттырчу. Айрыкча кышкысын мал-келди жайлап коюп, баары биздин үйгө чогулушар эле. Азыр бизде апыртма деген жанр унутулуп баратат. Аны да укмуштай айта билген, азыр эстесем, репертуары да абдан бай болуптур. Аны уккан элдин баары каткырып күлүп эле атышчу. «Мен өз атам төрөлө электе чоң атамдын жылкысын бакканмын. Карасам карагер бээбиз тууп койгон экен, ага барыш үчүн көлдүн аркы жээгине кулунун минип өттүм» дейт. Карасаңыз, акылга сыйбаган фантазия ээ?! Ошол эле учурда уккан элдин моокумун кандырып, эс алдырган күлкү дагы. Мен анда алты-жети жаштамын, атамдын бир жак ыптасына жабыша отуруп кээде уктап кетер элем. Анан каткырган үндөрдөн селт этип, атамды капталына укуп, «болду, айтпачы, карачы эл күлүп атат сага» дейм ал өнөрдүн маанисин терең түшүнбөй. Баламын да, болбосо ошол айткандардын баарын жаттап албайт белем…

Нурзада Ташбаева, «КАБАР ОРДО», 03.08.13-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий