Элмирбек Иманалиев, төкмө: Ошол жеңилүү мага ыза эмес, муза тартуулаган

e_imanaliev

Казак кызы Анара менен айтышкам. Чу, дегенде эле кийимиме асылды. Эл да кошулуп сүрөдү. Өзүмдү жоготуп, жеңилдим! Ошол жеңилүү ыза эмес, муза берген.

— Элмирбек мырза, таланттуу инсандарга Кудай өзгөчө бир тагдырды тартуулайт эмеспи. Сизге кандай тагдырды тартуулады?

— Кудайга нааразы болуу же ыраазы болуу ар бир адамдын өз ойу. Бирок, өзүңө буюрган тагдырдын азабы болсо аны көрүп, жыргалы болсо муну көрүп ошол тагдыр менен адам баласы калыптанат. Мүнөзүң менен маңдайга жазылган тагдыр дал келип, жуурулушса жашоодо бир жеңишке жетишет. Чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү элге айтып берип, элдин пикири менен бир жыйынтык чыгара беришет. Меники тескерисинче жон терим менен сезип, жан жүрөгүмдөн өткөрүп жаткан күдөрүмдү, өмүрүмдү болушунча кагазга, обонго түшүрөм. Кээде тагдырым чыгармачылыгым менен жетелешип бара жаткандай сезилет.

— Акындык талант сизге атадан калган мураспы же жөн гана талантпы?

— Мурас жана Кудайдан мага берилген белек десем да жарашат. Талантты Кудай тартуулабаса, улуу талантты мурастап алыш өтө кыйын. Эгер ата-бабалардан калган мурастын өзү жок болсо, Кудай кандай гана шык, жөндөм бербесин акын болбойт элем.

— Кыргыздын белдүү таланты болуп калганыңызга сыймыктанасызбы?

— Мен белдүү талант болгонума эмес, элдин жылуу сөзү мага чоң дем берип, шүгүр кылдырып, канаттандырат. Бул турмушта адамдын кендирин кесип, бир нерседен өксүтүп турган нерселер болбой койбойт. Ошондой учурда алсыздыкты буюруп койгонуна канаттанбай, жашоого нааразы болуп, ыза көргөн учурда элдин деми ийилген жеримдем түздөп, жыгылган жеримден тургузуп коёт.

— «Оо, Элмирбек» болуп жылдызыңыз кайсы жылдары жанган?

— Жылдыз болуп жанганга менде шарт болгон жок. Чыгармачылыкка эрте аралашып, элге эрте таанылдым. Обондорум толкундардан жаңырып, элдин калың катмары менин чыгармаларымды көчөлөрдө ырдап калган учурлар болду. Бирок, ал кезде ырларымдын урматын, убайын мен эмес, аткаруучулары көрдү. Аткаруучулар эл арасында катуу талкууланып, макталып жатса, мен кыйынчылык турмушта жашадым. Турмуштун тирилигин моюнума эрте артып, күнүмдүк нанымды эптеп таап, жумушка жөө барып, бир айлык айлыгымды сарамжалдап жашагам. Жаш кезимде кыялдарым аябай чоң эле. Азыр да өзүмдү кыялдарым ишке аша элек. Акындык өнөр кадырлуу, барктуу экенин жүрөгүм менен гана сезем.

— Акындык талантыңыз канат алып учкан жылдарда кыйынчылык көрдүңүзбү?

— Өткөндү эстеп кайгырууда кемчиликтеримди көп эстеп, кайгыга батам. Тагдыр буюрган, өтүп кеткен кайгы же жүрөккө жагымсыз нерселерди эстегим келбейт. Жүрөгүмдөгү жараттарымды айыктырууга дайыма аракет кылам. Бирок, көкүрөктөгү күйүттү жашоомдогу кубанычтар менен жууп кетирем. Адам өткөн арманын, кыйынчылыгын кайсы бир деңгээлде жүрөк менен кошо алып жүрсө, тазалыгын, боорукерлигин жоготпойт.

— Акындык турмушуңуз эстен чыккыс окуялар менен коштолдубу?

— Мага чыгармачылыктын эшиги кең ачылгандан бери башымдан өткөн эстен чыккыс окуяларымды кагаз бетине түшүрүп жүрөм. Кызыктуу окуялардын көпчүлүгү устатым Тууганбай Абдиевди ээрчип жүргөндө көп болду. Андай кийин сапарлаш акын агалар, инилер, достор менен журт аралап жүргөндө эстен чыккыс окуяларга көп кабылдык. Төкмө акындарды башка адамдар түшүүшү кыйын. Мисалы, айтышта мен сахнада көрүүчү болуп отурсам, акындын акыбалы кандай экенин сезип, туюп коём. Сөз таппай кыйналып жатканын түшүүп, боорум ооруп кетет. Кайсы акынга эмне керек же кереги жок экенин да мүнөзүбүздүн жардамыбыз менен жакындан билип алабыз.

— Жеке жашооңузда акындыгыңызды пайдаланып, ыңгайсыз абалдардан чыга аласызбы?

— Төкмө акындык менен эң оор кырдаалдардан чыкса болот. Бул таланттын жакшы жагы, бир касиети ушунда. Эгер менден бир кемчилик кетип же убадалашкан ишимди жетишпей калып, аткара албай калганда жакындарымдын алдында төгүп ырдап, мактап, түшүдүрүп, жибитип алсам таарынган адамдар кайра мени кучактап ыйлап алышат.

— Көпчүлүк учурда сиз адамдарды куйкум сөзүңүз менен жыгып коёсуз. А өзүңүз сөзгө жыгылган күндөрүңүз болгонбу?

— Сөзгө көп эле жыгылдым. Сахнанын артындагы жашоодо мени сөзгө жыккан карапайым адамдар көп болду. Ал эми айтышты сезем. Кээде бирөө менен айтышып жатсам, калыстардын ойу боюнча менин упайым көбүрөөк болсо да, жанымдагы өнөктөшүмдөн сөздө ылдый, пикирим туура эмес болгон күдөр өттү. Сахнага жаңы чыгып жатканда «Манас» атабыздын 1000 жылдыгына карата улуттук драма театрда эл аралык айтыш болгон. Айтышка ишенимдүү эле катышкан элем. Сахнага кийип чыккан кийимим да өзгөчө кооздолуп жасалган. Анара деген казак кызы менен айтышкам. Сахнага чыга электе сахнанын артынан мага жылмайып, мени сындап басып жүргөн. Кезегибиз келип, сахнага чыгып ал баштаганда эле менин кийимиме асылып кирди. Эл да ага кошулуп сүрөп кирсе болобу. Ошондо сөзгө жыгылып, өзүмдү жоготуп, жооп кайтара албай, жеңилип калганымды азыркы күнгө чейин эстеп турам. Ошол жеңилүү мага ыза эмес, муза тартуулаган (күлүп).

— Сиздей акын кайсы учурда ыйлайт?

— Төкмө акын ар бир ырын ыйлап айтат. Кээде көкүрөгүмдөгү элге, заманга болгон ыйымды ыр менен айтып алам. Бирок, «Биз дайыма эле бирөөнүн ыйын ырдап, зарлап жүргөнбүз» десем жаңылышам, калп айткан болом. Ырыспай агабыз айткандай «Ыйлабаган, ырды жакшы жазбаган адамдардан түңүлүп коюшубуз керек». Ырга жакын адам, ыйга да жакын болот экен. Жүрөккө таасирин бере турган тасма көрсөм же ыр уксам, ыйлап жиберем. Каныкей Эралиева эжекебиздин «Ырдалып бүтпөйт махабат» деген ырын укканда көзүмө жаш толуп, аябай ыйлагам. Кээде мерез болуп калган учурларым бар. Ыйлачу жерден ыйлабай коём.

— Турмушта жаңылып көрдүңүзбү?

— Турмушта аябай чайналып, чайпалып, жаңылдым. Чынын айтсам, менин чайпалганым, төгүлгөнүм, чайпалганым, толгонум өтө көп болду. Калп айткым келбейт. Отузга чыкканымда жакындарым «Ой сен жашсың» дешкен. Кийин отуруп алып ойлонсом ошол отуз жыл мен үчүн оңбогон кылымдай болуптур. Чалынуу ар бир адамдын башында турган нерсе. Бирок, өзүбүздү кемчилигибизден бир мүдүрүлсөк, кайра дагы мүдүрүлүш закон ченемдүү көрүнүш. Досторум болбос иштерге кайгыга батып жатышса, «Эй, бул сага эч нерсе эмес. Мындан оор нерселерди көрө элексиң» деп кеңеш берип калган учурларым да болот.

— Гүлбүбү айым менен өткөргөн бактылуу күндөрүңүзгө ыраазысызбы?

— Гүлбүбү менин биринчи никем болду. Аябай жаш үйлөндүк. Аны менен жакшы, жаман күндөрдү көрдүм. Өзүбүзгө тиешелүү тагдырды кечирдик. Жашоонун мен көрө элек ачуусун, таттуусун, жыргалын бирге таттык. Тун наристелүү болдук. Кыздарым бар. Алардын алды азыр студент болуп калышты. Бирок, түбөлүккө бирге боло албадык. Ал бактысын башка адамдан издеди. Мен да каршы болгон жокмун.

— Азыр жүрөгүңүзгө жакын айым барбы?

— Ооба, жүрөгүмө жакын айымдын аты-Нурзат. Экинчи турмушумдан бактылуу болдум десем жаңылышпайм. Түшүнүктүү, жөнөкөй, үй-бүлөгө карамдуу мыкты кожейке. Ортобузда үч балабыз бар. Уулдарымды тарбиялап, үйдө эле отурат. Буга чейин кыздарды тарбиялап, алардын кылык-жоругуна мас болсом, эми уулдарымдын кучагындамын.

— Акыркы күндөрү сиз ар кандай митинг, пикеттерде ырдап чыгып калчу болдуңуз. Кайсы саясый партияны колдойсуз?

— «Бул партияны колдойм» деп айтыш акындар үчү өтө кыйын. Адамдык турмушта, жашоодо саясатта жүргөн мага жакын адамдар көп. Акындарга жардамын берип, колдогон саясатчыларды колдоп турабыз.

— Маегиңиз үчүн ыраазыбыз!

— Рахмат! Мен да сиздерде жан дүйнөмдөгү болгон сырымды айтып, жеңилдеп калдым.

Тыныч Кожобек, «КАБАР ОРДО», 12.12.13-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий