Эгемберди Чалабаев: Көпчүлүк бизди ылайбайт деп ойлойт, бирок, биз көп ыйлайбыз

e_chalabaev

Баш сөзү жок башталган маек

Эгемберди Чалабаев 1960-жылы Ош облусунун Кароол деген айылында туулган. Мектепти айактаган соң Алматыдагы Мамлекеттик театралдык көркөм институтунун «Театр жана кино актеру» бөлүмүн аяктап, жогорку кесибине ээ болгон. Эгемберди ага «Тунгуч» театрында көп жыл эмгектенди. Баш аягы актер кыргыз кино жана театр сүйүүчүлөрү үчүн 40ка чукул рол жаратып У.Шекспирдин, А.Курасаванын, Б.Жакиевдин, М.Байжиевдин, Ж.Кулманбетовдун, Ж.Өзүбекованын, Б.Айткулиеванын, М.Мамбетовдун, Садык Шер-Нияздын, Ш.Шаршекееванын жана башкалардын чыгармаларында мыкты кейипкерлерди көргөздү. Бүгүн болсо ушул агайыбыз менен бир аз маек курдук.

— Эгемберди мырза, бүгүнкү иш күнүңүз кандай башталды?

— Саат тогузда жумушка келдим. Алдыңкы күндөрү коюла турчу жаңы жылдык спектаклдерге даярдык көрдүм. Техникалык топ менен сахнаны жасалгалап, декорацияларды ордуна коюп чыктык. Мына ушундай күндөгүдөй иш менен бул күндү да баштадым.

— Өзүңүздү көбүрөөк эмнеге арнагыңыз келет?

— Өзүмдү көбүнчө театрга арнагым келет. Театр үчүн жаралган болушум керек. Театрсыз жашоомду элестете албайм. Ал эми башка дагы мен кызыга турган нерселер бар. Бирок, алар экинчи планга коюлат.

— Сиз театрда ойногонго караганда тасмага түшүү менен элге таанылдыңыз. Өзүңүздүн баамыңызда кайсы тасма сизди элге таанытты?

— «Издейм сени» деген тасма мени элге көбүрөөк таанытты. Бул тасманын негизги өзөгүн Бурул Калчабаеванын жазган чыгармасы түзгөн. Тасма тартылганга чейин сценарий театрда спектакль катары коюлчу. «Тасмага түшүп бер» деп режиссер сунуштаган кезде мен «Кээ бир жерлерин оңдоо керек. Реалдуу жашоого жакындатуу зарыл. Баштан аяк өзгөртүлүп чыгалы» деп айтсам макул болду. Ошону менен жаңы сценарий менен иштеп, турмушта көрүп, билип жүргөн балдардын тагдырларынан алып тартканбыз. Абдан берилүү менен образга кирип, аткарганым эсимде. Ушул тасманын аркасы менен көпчүлүккө таанылып, ар бир адам мен тууралуу ар кандай пикирлерин айта башташты.

— Тасмадагы баш каармандын тагдыры сиздин жашооңузга тиешеси барбы?

— Жок. Тап такыр тиешеси жок. Тасмада аткарган ролум менен менин жашоом эки башка. Андай тагдырга туш болбой калганыма кубанам. Ар бир адам маңдайга жазган тагдырын баштан кечирет. Бул тасмада мага өзгөчө жаккан кадрлар бар. Тасмадагы келинчегим Берметти издеп, ал үчүн азап тартып, кыйналган күндөр, эпизоддор өзүмө абдан жагат. Профессионалдык көз караш менен карап келе турган болсок, балалык кезимде кандай сүйүүгө дуушар болгонумду эстеп, тартылган көз ирмемдер өзгөчө кызыктуу болгон.

— Кээде бул тасманы кайталап көрүп турасызбы?

— Жок, көргөнгө шарт жок. Азыр кино, теарт менен алек болуп отуруп, ал тасманы көрбөй калдым. Кыштын камылгасын көрүп эле жаңы жылга жаңы спектаклдарды даярдоо, костьмдарды тиктирүү, гримёркаларды жылуулоо менен алекмин.

— Кино көрүп отуруп, көзүңүзгө жаш алган күндөр болобу?

— Аябай көп болот. Көбүнчө социалдык драмалар биздин турмушка жакын болот эмеспи. Кыргыз эли негизи мелодрама, лирикага жакын келишет. Мен да лирика, мелодрамага жакын адаммын. Мага өзгөчө ата менен баланын ортосундагы мамилени кинодон көргөндө жан дүйнөм башкача болуп, жүрөгүм опколжуп, көзүмө жаш алып, ыйлап жиберем. Көпчүлүк бизди «Ылайбайт» деп ойлошот. Бирок, биз көп ыйлайбыз.

— Жан шеригиңиз тасмага тартылууда сизди кызганбайбы?

— Кызганбаган аял болбосо керек. Кээде кызганычтын айынан чырдашып, бири-бирибизди түшүнбөй кетебиз. Кызганыч адамды бир секундда башка адамга айлантып коёт. Жаныңда жаткан жубайыңдын мүнөзү тез эле өзгөрүлүп кетсе, таң калып каласың. Жубайым мени менен Алматы шаарында театралдык окуу жайда бирге окуган. Азыр искусство институтунда мугалим, декан болуп иштейт. Ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Уулубуз режиссер, кызыбыз актриса болуп эмгектенет. Бактылуу мырзамын десем жаңылбайм.

— Азил тамашаларга кандайсыз?

— Чыныгы жашоомдо абдан тамашакөй жанмын. Тамашаны көтөрүп, бирөөнү да тамашалганды жакшы билем. Менде жакын досторум менен тамашалашуу адатка айланып калган. Алардын бир катачылык же кымтык тапсам, аны дароо тамашага салып, айлаларын кетирип эс алмайын жаным тынчыбайт. Ташама жашоонун эң пайдалуу булагы. Күлкү менен жашарып, узак жашайбыз да.

— Жашооңузда чөнтөгүңүздө бир сом калган учурлар болду беле?

— Оо, андай күндөр көп болду. Эстетип койгонуңузга рахмат. Бир сом эмес, нөл сом калган учурлар болгон. Тамекиге акчаны сарамжалдап отуруп, жумушка, окууга жөө барган күндөр артта калды. Мындай күндөрдүн болуп турганы жакшы болсо керек жок менен барды түшүнүп.

— Саясат азарты кызыктырабы?

— Ооба, абдан кызыктырат. Азыркы учурда мамлекетибиз кыйын кырдаалда турганда коркуп, «Эртеңки күнүбүз эмне болуп кетет?» деп да чочулайбыз. Кыргыз элинин жашоосун көрүп, алардын ийгиликтерине, кемчиликтерине кубанам, кайгырам, боорум ооруйт.

— Сизди жактырган күйөрмандарыңыз бар экени белгилүү. Акчалуу айымдар чогуу эс алууга чакырса, барасызбы?

— Мындай сунуштар буга чейин мага түшкөн жок. Ойлонуп да көрбөпмүн. Эгер бай айым мени жолугушууга чакырып, аны менен кафеге кирип, акчаны ал «Төлөйм» деп турган болсо, бул нерсе мен үчүн аябай уят болмок. Эркектик намысыма шек келтирмек.

— Жубайыңыздын көзүнө чөп салып көрдүңүз беле?

— Көзгө чөп салуудан Кудай өзү сактасын. Эки түгөйдүн ортосунда ишенич эле болуп турган жакшы.

— Чечкиндүүсүзбү?

— Ооба, жай отуруп эле кандай гана маселе болбосун чечип коём. Бул сапатым жакындарымдын көпчүлүгүнө жагат.

— Жашоодо максаты жок адамды кандай адам деп эсептейсиз?

— Максатсыз жашоо – жашоо эмес! Андай адамдар күнүмдүк оокаттын ырахатын ойлогон бечералар деп ойлойм.

— Картайгандан коркпойсузбу?

— Ар бир муундун өзүнүн таттуу мүнөттөрү болот. Акыл эс менен картайган адамдарга суктанам.

— Арыла албай жүргөн адаттарыңыз барбы?

— Адат деген толтура. Айтсам аябай көп. Бир мисал тамекини көп чегем. Башка досторума окшоп ал адатымдан арылгым келет. Бирок, арыла албай келем.

Ыракмат.

Жылдыз Бек кызы, «КАБАР ОРДО», 24.12.13-ж.

Соц тармактар:

Эгемберди Чалабаев: Көпчүлүк бизди ылайбайт деп ойлойт, бирок, биз көп ыйлайбыз: 1 комментарий

  • 01.01.2014 в 17:33
    Permalink

    Абдан жакшы маек болуптур. Эгенберди чалабаевди студенттик кезден чогу жүргөн кесиптеши катары жакшы билем. Чыгармачылык ийгиликтерин колдойм. Абдан ачык айтып, ак сүйлөгөн жигит. Өсө берсин!

    Ответ

Добавить комментарий