Садык Шер-Нияз: «Псевдожигитизм» – идеологиялык кагылыш жаратышы мүмкүн

sher-niyaz– Соңку убактарда «кыргыз», «киргиз» түшүнүгүнө жик салган идеологиялык күрөш жүрүп аткандай туюлат. Айтсак, бир тарабы – улутчулдар, бир тарабы өздөрүн «маданияттуу», «билимдүү» санаган «киргиздер» экенин сенин оозуңан да көп угуп жүрөм. Ушунун тегерегинде ой калчап көрбөйлүбү…

– Негизи биздин коомдо кандайдыр шылдың катары (өзгөчө кино жана маданият тармагы боюнча) калыптанып келаткан көзкараштар жарыялана баштагандай. Мисалга, маалымат каражаттарында атайы материалдар жарыяланып, керек болсо ачык эле чагымчылдыкка түрткөн пикирлер таңууланчу болду. Бул айрыкча мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан тарта активдешти. Мен мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам мамлекеттик деңгээлде толук ишке ашып кетүүсүнө күмөн санап да турам. Коомчулуктагы азыркы ача пикирлер да сөзсүз аталган мыйзамдын иштебей калуусуна алып келет. Себеби буга чейин да кыргыз тилинин тагдыры үчүн токулган канчалаган мыйзамдарга өзүбүз эле тоскоол кылган фактыларды санап отурсак толтура. Бирок биз ага убакыт коротпойлу, кеп азыр башкада. Тек гана иштебеген мыйзамдын мамлекет үчүн зыяны көп, анткени бизде мыйзамдардын көбү чийки токулат, кийинки тоскоолдуктары эске алынбайт, коомчулук талкуусуна коюлбайт. Айтсак, ошол эле мамлекеттик тил тууралуу мыйзам «бөдөнөнү сойсо касапчы сойсун» дегендей илим-билимдүүлөрдүн талкуусуна салынбастан, парламент ичинде гана чечилген үчүн мыйзамдын ак-карасы терең анализденбеген тейде кабыл алынып калды. Ушунун өзү «кыргыз», «киргиздердин» ортосундагы идеологиялык согушка айланып баратат. Биздин жалаң төш патриоттуулуктун кесепетинен тил мыйзамы – коомдо кандайдыр бир жик жарата турган талаш-тартыштын куралына айланды. Эгер бул мыйзам стратегиялык багыттарды эске алып кабыл алынганда мындай көрүнүш жаралмак эмес. Азыр жакшылап байкоо салсак, ЖМКларда Бишкекте «мырктар» көп болуп кетти деген материалдар жарык көрө калчу болду. Алар шаар маданиятын төмөндөтүп, шаарды таштандыга айлантты дегендей…

– Бирок чындыкка тике карасак, акыркы 20 жылда борбор калаага элеттен келип отурукташкандар көбөйүп, шаардын шаардай статусу төмөндөп кетти го…

– Дагы, мында да чындык үлүшү бар, бирок бул боло турган табигый процесс да. Мисалга мындан жүз жыл мурун сен экөөбүздүн аталарыбыз тоодо бозүйдө жашап келген, туурабы? Алар шаар маданиятын кандай деңгээлде түшүнгөн? Арийне биз элеттен келип шаарда отурукташып, азыр сен экөөбүздүн балдар шаар маданиятына жуурулушуп өсүүдө. Азыркы жаштардын көбү «Манас» кинотеатрына күнүгө сабылып келип кино көрүп, кээси драма театрларга каттаса, кээси айтыш өнөрүнүн күйөрманы болуп өсүп аткан чагы. Алар болгондо да өз эне тилиндеги кино же спектаклдерди көрүп өсүүдө, туурабы? Киного келгендери кинотеатрдагы тазалыкты, алдыңкы технологиялык жабдыктарды көрүп, бу жердин тейлөө маданиятын көрүп, кандайдыр бир деңгээлде ички көрөңгөлөрү өсүүдө. Азыр «кыргыз тили, кыргыз тили!» деп комиссия түзүлүп, ага өкмөт казынасынан тыйын сурап тилди өнүктүрөбүз деген саясатка караганда, биз айтыш өнөрүн тартуулап, кыргыз тилиндеги кинолордун санын өстүрүп атканыбыздын өзү – баарын сөз эмес, иш жүзүндө көрсөткөн аракетибиз. Ал эми ачуу сөз менен кыргызды сындагандар дайым эле пайда алып келе бербейт. Бул кайта коомдогу жикти пайда кылат, позитивдик маанайыбызды суутат.

Ооба, ыраматылык Салижан Жигитов кыргызды чучугуна жеткире сындачу, бирок ал киши абыдан жеберине жеткире айтаар эле да. Себеби Сакебиз реалдуу кемчиликтерибизди жети өлчөп бир кесип, өтө талылуу маселеге келгенде улутту ойго салаар кепти козгочу. Ал киши айтып гана эмес, аны жүрүм-туруму, жаратмандык эмгеги менен кашкайта көргөзүп, улут кемчилигин орду менен сындай билчү. Эң негизгиси, кыргызга кыргызча сын айтып, ага болбосо «кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт» деп түтөп кетчү, туурабы? Анын сыны кыргызга келишип калчу. Азыр болсо кыргызды «маргинал», «люмпен» атаган «акылдуулар» кыргыз үчүн эмне кылып коюптур? Алар кыргызга чыпалагы ооруй турганына да ишенбейм. Алар кыргызды чабыштырып, четтен карап турганга маашырланган чагымчылар. Антип сын айткандан мурда кыргыздын маданиятын көтөргөн жаратмандыгын көрсөтүп, андан кийин кыргызга сөз тийгизсе жарашмак.

Эгер терең карай келсек, биздин элдин айрым маданий өсүштөрү алдыга алда качан өнүгүп кетти деген Батыш элдериникинен да бийикте турат. Албетте, кээ бир үйрөнө турган жактары да бар, аны да моюнга алыш керек. Биз качан өнүгөбүз? Биз «кыргыз», «киргизге» бөлүнбөй, баарыбыз камыр-жумур аралашып, бир ынтымакка келгенде гана элибиздин жакшы жагын арттырып, жаманыбызды чогу түзөп, оңолуу жолуна түшөбүз. Ал эми азыркы кейпибиз менен өз колубуз менен өзүбүздү муунтуп жок кылган элге айланабыз, досум!

– Азыр түркөйлүк заманы келди, катуу айтканда, жапайычылык жосунга чейин барган коомдогу көрүнүштөргө түрткү болгон эмне деп ойлойсуң?

– Муну 20 жылдан берки бийлик башындагылардын эл агартуу, эл маданиятын көтөрүү идеологиясын жүргүзбөгөнүнөн көрөм. Башканы айтпайлы, өлкөбүздө эмне себептен эки жолу мамлекеттик төңкөрүш болду? Албетте, төбөлдөр караламан калктын кыжырын кайнаткан социалдык жакырчылык буга бирден бир себеп дейличи, бирок андан да коркунучтуусу, элибиз рухий жакырчылыкка кептелип калыптыр да. Ошон үчүн коомдо жикчил көзкараш калыптанып калды, колунда жоктор колунда барларды жек көрөт. Айрым колунда барлар болсо элден сетиркеп турат. Анткени ким маңдай тери менен байыса да, эл азыр колунда бардын көбүн жек көрөт. Себеби бийликке келгендин баары арам жол менен байып, бечара элдин байларга болгон түшүнүгү тетирисинче калыптанып калган. Болбосо бизде кара жанын карч уруп байыгандар да жок эмес, бирок алар бакубат жашаганы үчүн эле букара элге жакпаган мамиле калыптанып калганы өкүнүчтүү. 2005-2010-жылкы төңкөрүштө да кээси жөндөн жөн эле талоончулукка кабылып бизнестери күйүп кетти. Себеби бай жашагандын баары эл ырыскысын тартып алган деген түшүнүк элдин кан-жанына сиңип калган. Чынында бийликке келгендин канчасы элге кул болуп иштеп бериш үчүн эмес, капчыгын калыңдатып, кансарай куруп, бизнесин түптөө үчүн келгени турмушубузда кашкайып көрүнүп турбайбы. Бу чоң жараканы жакындатуу үчүн азыр элибиздин маданиятын, билимин жогорулатуудан башка жол жок. Биздин иш-аракеттерибиздин баары ушуга жумшалып атат. Бул аз келгенсип эми «псевдожигитизм» пайда болуп, интеллектуалдык-маданий жик жараткылары келеби? Ушундай идеологиялык калпыстыктар акыры барып жарандык согуштун отун тутантып жиберүүсү да мүмкүн. Себеби улуттук ар-намыс жана диний көзкараш үчүн адамзат тарыхында канчалаган кан төгүүлөр болуп келген. Бул эки нерсе адам көкүрөгүндөгү өтө аялуу нерсе. Ага аяр мамиле керек. Идеологиялык кагылыш оюнчук эмес.

– Саке, мунуңда талаш жок, бирок биз бүгүн чындыктын тили менен сүйлөгөндү үйрөнбөй атпайбызбы. Сен жаман көргөн «киргиздердин» кээси деле күйгөнүнөн айтып аткандыр. Алар өз ойлорун кыргызча айтабы же орусчабы, кеп: чындыкты айтуусу парз да. Алардын орус тилде айтып атканы чындыгы орус тилинде гана түшүнгөн «киргиздерге» жетиш керек деп ойлойм…

– А эмнеге ошол эле убакта Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Чоюн Өмүралиев, Ишенбай Абдуразаков өңдүү калыс сөзүн айткан ардактуу аксакалдарды кепке көбүрөк аралаштырбайсыңар? Силер кыргызды басынткан ойлорду байма-бай жарыялап келатпайсыңарбы, ушунда калыстык барбы?

– Эгер «24 kg» агенттигинин маалыматтык саясатына жакшылап баам салсаң ошол эле сен айткан Бексултан Жакиев, Ишенбай Абдуразаков ж.б… маектерин жарыялап эле келатабыз.

– Аныңар жакшы, демек, ошондой тең салмактуулукту улай беришиңерге тилектешмин. Бирок кыргыз маданиятын ушул деңгээлге жетүүсүнө көмөктөшкөн тили буруулардан же «киргиздерден» кимдин атын атай аласың?.. Кана, санап берчи… Андайлар болбой атпайбы…

– Санап бер деп калдың, санап берейин: кыргыз-орус сөздүгүн Юдахин түзүп, Власов, Фере опера искусствосун калыптандырып «Манас», «Айчүрөк» чыгармаларын жаратууда Малдыбаевдин устаты болуп берсе, Шубин Кара Молдо, Ыбырай аталарыбыздын керемет күүлөрүн оркестрге салып кандай укмуш шаңгыратты. Анан эле баарын кыргыз өзү түптөдү дегенибиз адилетсиз го, досум…

– Дагы санай бер, токтобо…

– Ошол эле кино, театр искусствосун түптөөдө орус, еврей, немис элдеринин өкүлдөрү кыргыз маданиятын өнүктүрүүдө чоң салым кошконун четке кагууга болбойт ко! Мисалга, «Манастын» үч томдугу СССР убагында чыгып калбаганда кыргызың оозеки түрүндө ушул күнгө чейин кандай деңгээлде сактамак деп ойлойсуң?

– Чыңгыз Айтматовду да кошо кет.

– Ии… макул, ал кишини да кошкондо… Айтор, кыргыз маданиятынын жерпайын жалаң эле кыргыздар түптөгөн жок да, туурабы?

– Эми менин сөзүмдү ук. Ошол сен атаган улуулардын баары кыргыз менен кыргыз тилинде сүйлөшкөн, чынбы? Чын. Алардын баары биздин эл менен камыр-жумур жуурулушкан үчүн улуу искусствону жаратып кетишкен. Ошонүчүн маданиятыбыз көтөрүлгөн. Андан кийинки биз орусча сүйлөгөн муунга туш келдик. Канчалаган интеллигенция өкүлдөрү деген композитор, жазуучу, сүрөтчү, илимпоздорубуз чыгып, дээрлик көпчүлүгү кыргызга орусча сүйлөгөн заманга жеттик. Ушулбу сен мактанчу маданият? Биз өзүбүздүн эне сүтүбүз менен келген тилибизди, маданиятыбызды кабыл албай, башка тилде ой жүгүртүп, башка тилдин таасири бизге акыл үйрөткөндөрдүн таасиринен бошонуубуз керек. Сен айткан К.Юдахин, Власов, Фере, Шубин аксакалдарыбыз айылдан келген карапайым карылар менен жуурулушуп, алардын оозунан кыргыз тилин, өнөрүн үйрөнгөн. Комуз күүсүн уккан үчүн улуттук музыкабыздын колоритин оркестрге, операга салышкан. Ал эми азыркы чыккан «интеллигенция» өкүлдөрүнүн айрымдары башкаларсыз күн көрбөй калабыз, билим, маданиятыбыз өспөй калат деп жер сабаганы эмнеге алып келет? Коомду бөлүп-жарууга. Алар кыргызга мурун чүйүргөн мамилеси менен биздин элди басынткан күчтөргө гана кошомат кылгандар деп түшүнөм. Мен бул оюмду окурмандарга таңуулагым келбейт, бирок сен экөөбүздүн ушул талашып-тартышканыбыздын тегерегинде көпчүлүктү терең анализ жүгүртүүгө чакырар элем…

– Өз убагында улуу көсөм Махатма Ганди: «Адегенде сени эчким көзгө илбейт. Кийин шылдыңдай башташат. Андан соң сени менен кармашканга өтүшөт. Акыр аягы жеңип чыгасың» деген экен. Муну айткан себебим, сен да убагында кайсы бирөөлөргө «апенди» көрүнүп жүрүп айтыш өнөрүн көтөрдүң, мына эми кино өнөрүн көтөрүп чыгам деген аракеттериң да айрымдарына жага берип аткан жок окшойт?

– Ооба, башында айтыш өнөрүнүн күйөрмандар саналуу эле, азыр байкасак, орус тилдүү кыргыздар да бул өнөргө күйөрман болуп залда отурганын көрөбүз. Мына муну кыргыз тилин өнүктүрүү десек болот. Башында айтыш өнөрүнүн экинчи өмүрүн улантабыз десек, шылдыңдашкан. Мына, кыргызкиносун көтөрөбүз десек да башында шылдыңдашып, эми кандай дүркүрөп өнүгүүдө. Биз сөз эмес, иш менен көргөзүп, далилдеп келатабыз баарын. Кайсы бир даанышман: «Зергерлик мээнет болмоюн жез, күмүш, алтындын куну да сокур тыйынга татыбайт» дептир. Анын сыңарындай, мээнет, аракет болбосо эч ишти ордунан козгоого мүмкүн эмес.

– Мунуңда талаш жок, бирок бүгүн кыргыз коомун жалаң фольклорго көмүп салбадыңбы, манасчылар менен төкмө ырчыларды көкөлөтүп?

– А эмне кино искусствосун да фольклор дегиң барбы, биз кино өнөрүн да төкмө ырчылар менен манасчыларды кандай көтөрүп чыксак, ошондой көтөрүп чыгалы деген аракетибизге сын айткандарга кошулгуң барбы?

– Бирок саны менен күпүлдөгөн менен сапат жагы аксап атпайбы.

– Сапатты айткан кишилер бирдеңкени түшүнбөйт экенсиңер: мына, мисалы кыргыздын жаш режиссерлору тарткан фильмдер канчалаган эларалык кино сынактарга катышып сыйлыкка ээ болууда. Далай байге жеңип келишти. Көрөсүң, сан сапатка өтөт акыры. Бул жаратылыш мыйзамы. 5 жылдан кийин кыргыз киносунун сапатын да көрөсүңөр.

– Сапаты өсүп атканын карапайым көрүүчүлөрдүн көзү менен караба да, досум. Ошол эле убакта кино таануучулардын талдоолору жүргүзүлүп, сындар жазылып атабы? Жок.

– Бизде ал жок да. 20 жылдан бери баарын талкалап алыппыз, биз анын баарын кыска убакытта калыбына келтире албайт экенбиз да. Биз так ушунун үстүндө иш жүргүзө баштадык. Кудай буюрса, санын өстүрүп алдыкпы, эми сапатына кез келди. Сен айткан кино сынды да жолуна коёбуз, конкурстарды жарыялайбыз. Эгер санын өстүрбөй туруп эле сапаты үчүн конкурс жарыялай берсек, кино таануучулар деле эмнени сындайт? Андыктан биз да стратегиялык максатта ишти сандан баштаганбыз. Биз жаш муун, орто муундагылар чогулуп, иштин башында ушул стратегиялык багыттарды талкуулап алганбыз. Кыргызстанда азыр үч багыттуу кинофестиваль өнүгүүдө. Мунун баарын өкмөт кылып аткан жок.

– Кино өнөрүбүз сан жагынан алгалап атканы менен сапаты кургуйга кеткенин көчөдөгү кишилер эмес, өмүрүн киного арнап койгон мыкты адистер айтып атканында кантип адилет сын жок дейсиң?

– Кыргыз киносу өлдү деп коңгуроо каккандар 20 жылдан бери колдорунан эч нерсе келбей, иш жүзүндө эч нерсе далилдебей, аларга да саясаттын оорусу тийип, наалыганга өтүп алышты. Катуу жер сабап, Кыргызстанда оңбой калды, өлдүк деп. Ал эми ошол эле убакта орусиялык гезиттер Кыргызстанда кино өнөрү укмуштай өнүгүп, өз жолун тапты деп мактап жазышууда.

– Мүмкүн 10-15 фильм жаратып төш каккандан көрө бир кино адистин сын материалы кинонун өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизээр беле…

– Мен сага айттым го, мамлекетибиз азыр экономикалык кыйын абалда, андыктан казынадан бир тыйын күтпөшүбүз керек. Биз кайра мамлекетке канткенде жардам беребиз, ошого толгонолу. Ал эми сен айткан кино адистер жарабайт деген «Салам, Нью-Йорк», «Мезгил жана Алыкул» эларалык фестивалдарда байге алып келбедиби. Сен айткан кино адистери андай кыйын болсо бизге келип аксакалдык кеңешин, багыт, нускасын айтпайбы, сыртта туруп сындабай. Мына, Шубин аксакал кыргыз күүлөрүн оркестрге салып атканда маасычан кыргыз карыларын нота билбейсиң деп мурун чүйрүп отурду беле. Албетте, азыр сен Станиславскийдин «искусство элди ээрчибей, элди ээрчитиш керек» деген оюн айткыңыз келип турат. Бирок элди искусствонун артынан ээрчитиш үчүн анын механизмдери болуш керек. Бизди сындагандар өздөрүнүн гениалдуу ойлору менен көктө калкып жүрсө эчнерсе жаратпай, а жердеги элди ким тарбиялайт? Ооба, искусство экономика өнүккөндө гана сапаттуу деңгээлге көтөрүлөт, бирок сен байыркы грек маданияты же Микаланджелонун улуу эмгектерин карап көрчү, ал убакта искусство экономикалык өсүштөргө карабастан өнүгүп, бүгүнкү күнгө чейин жашап келатат. Муну айткан себебим, баарыбыз экономика өнүкмөйүн адабият, искусство өнүкпөйт деген суу кечпеген шылтоону айтканга көнүп алдык. Жазуучу, сүрөтчү, композитор болобу, айтор баарыбыз эле чыгармачылык ийгилик жарата албаганыбызды экономикага шылтаганыбыз болбойт. Жаратман адамды биринчи кезекте экономика эмес, улуу ойлор, улуу идеялар ойлондурушу керек. Өрнөктүү чыгарма эч качан жерде калбайт, ал эртеби, кечпи жарк эткен берметтей көзгө урунбай койбойт, ал өз баасын сөзсүз алат. Улуу идеялар жанына тынчтык бербеген таланттар жаратчусун жаратып, элге рухий азыгын качан болсо тартуулай берет.

– Эми башка маселеге токтоло кетели, азыр кыргыз тилди мамлекеттик тил кылабыз деп атабыз, бирок мамлекеттик иш кагаздарга келсек, парламент менен аткаруу бийлиги баш болуп, ката менен жазат. Сөздүн кантамырын кармай билген жазмакерлерибиз ансыз да саналуу. Өзүң көрдүң Башмыйзамыбыз адегенде орусча жазылып, кийин кыргызчага которгондо терминологиялык чаташтар талаш-тартыштар менен коштолду. Экономикалык, медициналык илимий терминдер башаламан колдонулуп келет.

– Бул өтө оор маселе. Бул кейиштүү дагы көрүнүш. Саясый элитадагылар гана эмес, илимий элитадагыларыбыздын арасында деле жаатташуу бар. Көбү оюн орусча жазат, орусча жеткирет. Бул моюнга ала турган чындык. Мыйзам чала иштелгендиктен кылган аракеттерибиз тетири натыйжа берип, аталган мыйзам тилди өнүктүрүүгө эмес, анын түбүнө жетүүгө терс таасир тийгизиши ыктымал. Мисалы, орусча таалим-тарбия алган жаштарыбыз көп, ошолор көп ийгиликтерге жетишип сыртта жүрүшөт, дүйнөнүн булуң-бурчтарындагы абройлуу окуу жайларда тарбияланууда. Анан алар ал жакта кыргыз тилинде билим алып атпагандан кийин, албетте, бул жакка келип, кантип мамлекеттик жооптуу кызматтарга иштей алат, себеби экзаменден өтө алышпайт. Демек, мунун өзү орус тилине болгон талап али да көпкө уланат деген кеп. Канча депутат кыргыз тилине күйүмүш болуп бакырганы менен ошол депутаттардын балдары, неберелери кайдан билим алууда? Иликтеп көрсөң, орус тилдүү бала бакча, орус мектептеринде тарбияланат. Себеби ал жакта билим берүү деңгээли кыргыз мектептери менен бала бакчаларына салыштырмалуу кыйла сапаттуу. Китептер жетиштүү.

– Мен деле орус тилинин жактоочусу эмесмин, бирок кеп: канчалаган идиректүү жаштарыбыз четтен билим алууда, эгер алар мекенине келип кызмат кылалы дешсе, «сен эне тилиңди билбейсиң» деген шылтоо менен билимдүүлөрдү мамлекеттик кызматтан четтетип салышабы? Балким бул саясат элибиздин келечегин ойлонгон саясатчылардын эмес, геосаясый кызыкчылыктагы сырткы күчтөрдүн саясаты болуп жүрбөсүн?..

– Көйгөй ушунда. Мыйзамдар терең анализденип талкууланбаган үчүн сен айткандай, четтен билим алып келген жаштар азыркы саясый элитанын канын алмаштыра албай турган механизмдердин бири ушул жерде жатат. Чындыкты моюнга алышыбыз керек: азыр сапаттуу билим алган жаштардын көбү орус тилдүү. Ошондуктан мамлекеттик кызматка мамлекеттик тилди мыкты билгендер гана келиши керек деген саясат – бизди курута турган механизмдердин бири. Эгер жүрөгүңдө мекенчилдик сезим күчтүү болсо, мейли сен англисче, орусча же кытайча сүйлө, кеп тил билгенде эмес, иш жөндөмүңдө, тажырыйбаңда да. Биз айткан бул көйгөй тек гана мамлекетибизди алсыздандырууга алып барар, мурдунан алысты көрбөгөн жармач патриоттордун саясаты дээр элем.

– Алыс барбайлы, мына өзүң кыргыз десе ичкен ашыңды жере коё салган жигитсиң, бирок өз оюңду кагазга түшүрө келгенде «мага орус тилинде жазуу ыңгайлуу» деп иш-кагаздарыңды орусча жазасың, туурабы?

– Туура, мен оозеки сүйлөгөндө кыргызча жеткиликтүү сүйлөгөнүм менен кагазга келгенде буйдалып калам, ошол себептен көп учурда оюмду орусча жазам. Бизде азыр «билермандар» көбөйдү «сыналгы», «үналгы», «чубалгы», «учак» ж.б. «терминдерди» ойлоп тапкан. Тилибизди байытабыз деп эле ушинтип тантып атканыбыз боюнча Бексултан Жакиев жакшы ойлорун жазып чыкты. Биз кайра тилибизди ушундай элге жукпаган сөздөр менен байытабыз деп атып бузганы калдык. Ушундан гөрө мамлекетибиз тилди өнүктүрүүгө чоң каражатты аянбай бөлүп, азыркы ааламдашуу доорунан артта калбай, инновациялык өнүгүү жолуна багыт алышыбыз керек. Анүчүн илимий терминдерди тилибиздин ылайыгына карап, бир кезде «үтүк», «керебет», «милийса», «үндүк», «самоор» дегендей эле компьютерди «кампүтер» деп тил закүнүбүбүзгө ылайыктап которгонубуз оң. Дүйнөдө кайсы элдин тили илимдин же экономиканын тили болуп «туулуптур», баардык өнүккөн тилдер эларалык терминдерди өздөрүнүн тилинин табиятына жуурулуштуруп, өздөрүнүн төл адабиятын жараткан. Биз да обу жоктук менен баарын эле кыргызчалай берүүдөн сак болушубуз керек. Кайра биз ошондой аракеттерибиз менен түшүнүгүбүзгө сиңип калган «радио», «телевизор» дегенди «сыналгы», «үналгы» десек эле тилибиз байып кеттиби?!

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 06-13.12.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий