Сулайман Рысбаев: Рухий деградацияга кабылган улуттун эртеңи барбы, жокпу?

RisbaevСулайман Рысбаев – педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаты. Бүгүн ал «24.kg» МА менен каңырык түтөткөн учур көйгөйүн бөлүштү. Арийне, Сулайман агабыздын ата-эне жана келечек муун туурасында айткан талылуу кеби окурман журтун ойго саларынан шегибиз жок…

– Жазуучуларыбыздын көбү балдар адабиятын унутуп койду, а сиз өмүрүңүздү өспүрүмдөргө арнап, «Алиппе» жаздыңыз, дагы далай чыгармаларды жараттыңыз. Ырас, эмгегиңиздин акыбети кайтып: жакында жогору жактын сыйлыгын алганыңызга биз да кубанып отурабыз. Бирок сиз менен бүгүн элибиздин намысына тиер кеп козгосок дедим эле. Менимче, азыр балдардан мурда тарбияга муктаж ата-энелер көбөйдү, балдардын тарбия-таалиминен мурда чоңдордун ата-энелик милдети, жопкерчилиги туурасында кеп кылсак кантет?

– Мага кээде мындай бир ой келет: «Адам атадан бери ата-эненин бир азабы – бала тарбиялоо». Бул – адамдын өзүнөн кийинки татыктуу муунду тарбиялоо же өзүнөн кийин татыктуу муунду, татыктуу уул-кызды калтыруу. Анткени муун алмашканы бир жөн, а заман алмашканда бул маселе айрыкча көрүнөт экен. Албетте, бир муун менен экинчи муундун көзкарашы башка болот, бири-бирине дал келбейт, бири-бири менен элдешпейт. А заман алмашкан кездеги муундардын бири-бири менен болгон мамилеси, көзкарашы таптакыр башкача экен да, заманга жараша ата баласын тарбиялоо түгүл, жаңы заманга жараша аталар балдардын шартына көнүүсү, алардын көзкарашы менен аргасыз эсептешүүгө тийиш болуп калат экен. Ал жаңы заманга жараша аталардын ыңгайлашып жашоосунун кыйынчылыгынан келип чыгат белем. Ошон үчүн К.Маркс «Балдар аталарын тарбиялоого тийиш» деп бекеринен айтпаса керек. И.Тургеневдин «Аталар менен балдары» бүгүнкү биздин өзгөргөн заманыбыздагы аталар менен балдардын ортосундагы билинбеген күрөштү чагылдырып тургандай. Улуу Абай да бир кезде атасына «Ата, мен дагы сиздей болуш болдум, сизди бир болуш эл билсе, мени батыш менен чыгыш билди. Мен сизден өтүп кеттим» деп өөдөсүнүп сөз айтса, атасы: «Аның ырас, бирок сен өзүңдөй бир уул тарбиялап алып мактансаң болот. Сендей уулду тарбиялагандыгым үчүн сен эмес, мен мактансам туура болор, балам» деген тура. Бул дагы бала тарбиясы маселесинен улам айтылган сөз. Дегинкиси, өзүндөй уулду артына калтырам деп канчалаган генийлер, канчалаган хандар-бектер өтпөдү дейсиң! Бирок баарын, табият менен замандын күүсү чечет окшойт.

Бүгүнкү күндө мына ушундай кырдаал бизде да өкүм сүрүп жаткандай туюлат. Улуулар кичүүлөрдү өзүндөй болбогондугу үчүн күнөөлөп, заман алмашканы менен бирге, баалуулуктаркошо алмашкан кездеги адам мүнөздөрү, кыял-жоруктары, коомдук мамилелердин өзгөргөнү мурдагы муунга жакпай жаткандай. А жаштар болсо өзүлөрүнүн көзкараштарын турмушка бекемдей албай, улуулар аларга саясатта да, башкарууда да, дагы да болсо, жол бербей, күрөш «ит жыгылыш» болуп турган сыяктуу.

Ал эми мындай чакта улуулардын милдети кандай болуусу керек? Бул суроо сиздин көкүрөгүңүздөгү «улуулардын жоопкерчилиги» туурасындагы кепке келип такалып отурат. Албетте, улуулар балдарына замандын кезегин өткөрүп берери шексиз, улуулар заман менен бирге коомдук мамилелерди да, адамдын милдет-максаттарын да өткөрүп бермекчи. Кеп, мына ошолорду кантип, кандай кылып, кандай деңгээлде, кандай сапатта өткөрүп бергенинде окшойт. Албетте, татыктуу түрдө, улуулардан келаткан нарктарга, салттарга, адамгерчиликтин улуу үлгүлөрүнө жараша, жакшы сабак болор сөздөрүн айтып, үлгүлүү, нарктуу жүрүм-турум менен өткөрүп берүүсү керек.

Ошондой болбой калган чактар да кездешип жатканы өкүндүрөт: кээ бир улууларыбыз улуудай болбой, салтты булгап, наркты бузуп, сөздүн баркын кетирип, сөөлөтүн жоготуп, аны менен бирге дөөлөтүн жоготуп, аларды калжың-кулжуң жүрүм-турумга, нарксыз тамакка алмаштырып, сиз айткандай, өзүлөрүнүн улуу озуйпасы – бала тарбиясын унутуп койгондор жок эмес. Мына ушунун өзү улуулук парызын унуткан айрымдардын боло калганынан улам, «бир карын майды чириткен бир кумалакты» эске салып жаткандай… Сөз башында эстеген бала тарбиясындагы атанын бир азабы ушунда болсо керек.

– Мурда борбор калаабызда кыргыз мектептери жокко эсе деп жер сабачу элек, азыр кыргыз тилдүү мектептер да, бала бакчалар да жетиштүү, бирок өкүнүчтүүсү, алардын билим берүү, тарбия маселеси ыйлаар акыбалда. Өзүңүз билгендей, китептер жетишсиз, жетишсизинен мурда окуу куралдары орус тилдүү мектеп, бала бакчалардыкына салыштырмалуу өтө сапатсыз болууда, ошондон улам балдарын орус тилдүү тарбия-билим алууга «сүйрөгөндөрүбүз» көп. Бу жерде күнөөнү кай жагына оодарган оң: билим берүү системасынабы же жөн эле кыргыз элинин келечекти ойлобос, кенебестигиби?

– Учурда бала тарбия маселеси бизде мектеп менен чектелип калганы жаман иш болду. Албетте, бул өткөндөгү советтик замандын бир кемчилдиги эле да. Анткени тарбия ишин биротоло мектепке, андагы пионер-комсомол уюмдарына өткөрүп берип, калганын компартия өзү улантып, а ата-энелер болсо мамлекеттин гана бир «тетигине» айланганынан улам ушул абал келип чыккан эмеспи. Жанагы жогоруда айткандай, улуулар нарктуулукту унутканда, элдик тарбиячылык тарыхый милдетин да унутуп, тарбия-таалим ишин мектеп менен бала бакчага берип, өзүлөрүн үйдө бала-чакасын кийиндирип-ичиндирүү милдети менен чектеп, түптүү үйбүлө тарбиясын, нарктуу элдик тарбияны экинчи планга сүрүп салганбыз. Ага жол берген күнөө нак ошол улуулардын өзүлөрүндө. Ошентип коюп, эми өзүлөрү балдарынын тескери жүрүм-туруму үчүн өзүлөрүн эмес, бакча менен мектепти, акырында заманды күнөөлөп отурушат.

Бүгүнкү күндө заманды бузгандар кимдер? Балдарбы? Жок, заманды улуулар өзүлөрү бузду. Эми ошол бузулган заманга жараша «бузулуп бараткан» балдарды улуулар өзүлөрү күнөөлөп атышат. Бул – жаңылыштыгы үчүн улуулар өзүлөрү азабын тартышары шексиз. Ал кыйынчылык менен коштолгон өткөөл кез тез өтүп, балдарыбыздан эстүүлөр чыгып, заманды оңдоп кетишсе экен, улуулардын катачылыктары балдары тарабынан кайра кайталанбаса экен деп тилейм. Ошондо гана элибиздин келечеги оңолот ко дейм.

Бүгүнкү улуулардын дагы бир катачылыгы эмнеде дегенде, муну айткым келет: улуулар бала тарбиясына эмнелерди мурастап отурат? Ал түбөлүктүү нарктуу баалуулуктарды эмес, күнүмдүк жакшы жашоону; элге кызмат кылууну эмес, өзүнүн көр оокатын көбөйтүүнү; эки кабат үй куруп, жалтыраган машинелүү болуп, эл көзүнө текебердене көрүнүүнү; улуу-кичүүгө жакшы мамиле жасоону эмес, чоң кызматка умтулууну, мансапка жетүүнү, бей-бечараны басынтып жашоону мурастап отурушат. Чынчылдыктын ордуна жалганчылыкты, биригүүнүн ордуна жер-жерге, айыл-айылга бөлүнүүнү, адилдиктин ордуна жемкордук менен паракорлукту, мекенчилдиктин ордуна өзүмчүлдүктү үлгү кылып калтырып атышат.

Ошонун айынан бизде рухий баалуулуктар жоголду, улуттук кызыкчылыктарыбызды унуттук, кайсы тарапты көздөй жетеленип баратканыбыз менен эч кимдин иши жок, шамалга учкан камгактай, чет элдик жашыл акчанын артынан кызыл кекиртегибизди үзүлгөнчө созуп, азгырылып кетип бараткандайбыз. Асыресе, улуулар балдарга китеп чыгарып берүүнү унутту, азыркы кыргыз балдары китепти эмес, телефондон «СМС» окуп чоңоюп калды. Керелден кечке телефон кармап отурган бала эмнеден маалымат алып ички дүйнөсүн байытат? Мектепке кеттим деп коюп, кечке интернетте ойноп, атышып-мушташкан, тиштешип бирин бири өлтүргөн, бечараны кордоп-зордуктаган фильмдерди көрүп отуруп кечинде гана үйүнө кайткан балдар эртең кандай адам болот? Жалаң акча менен мектепте окуп, жалаң акча менен жогорку окуу жайды бүтүргөн балдарыбыз кандай адис болуп, кантип мамлекет башкарат? Улуу гуманист Ч.Айтматов айткан: «Кийген кийимине мактанып, ичкен ашына семирип, турмушуна тоюп, ток пейил тартып, тынчып калган» бүгүнкүнүн «мыкчегер» ата-энелердин балдары эртең кандай болот? Сиз тынчсызданып берип отурган суроо мына ушундан улам жаралып отургандыр деп ойлойм.

– Илгертен бери өспүрүмдөр үчүн «Байчечекей» журналы чыгып келатканы менен тиражы 2 миңден ашпаганы эмнени каңкуулайт? Ата-энелер балдарын көркөм дүйнөгө тарбиялоого кайдыгерлигиби же кеп журналдын сапатсыз мазмунундабы? Андан башка деле кыргыз тилиндеги көп эле журналдар чыгып аткансыйт, алардын тиражы деле өсүп кеткен жери жок, маселе эмнеде?

– Кыргыздар айтат: «көргөн-өскөнү кандай болсо, чоңойгондо ошондой болот» деп. Же «уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» дейт. Азыр биз мына мобуну байкабай жаткандайбыз: кыргыз баласы өз мекенинде жашап жатып кыргызча китеп окубай же окуганга эне тилинде китеп таппай отурушу – анын чет өлкөдө кор болуп жашап жүргөнүнөн эмне айырмасы бар? Оогандагы Улуу Памирдин кыргыз балдарын эстейли. Түркиянын Ван аймагындагы кыргыз балдарын элестетели. Кытайдын Фуисиндеги аты кыргыз, тили кытай балдарын көз алдыбызга келтирели. Окуганга кыргызча китеп таппай отурса, аларга жөндүүдүр! А өз өлкөсүндө өз баласына эне тилинде китеп чыгары бере албаган мамлекеттин бар-жогунун айырмасы барбы? Балдарына жакшы китеп жазып бере албаса, албетте, жазуучулар уялсын! А балдарына жакшы китепти чыгарып бере албаган мамлекет уялабы же…?! Мисалы, балдарыбызга китеп чыгарып бере турган өкмөттүк басмабыз жок болсо, бир жылда беш-алты жакшы китеп чыгарып бере албасак, же китеп сатар мамлекеттик беш-алты дүкөнүбүз болбосо, ким анан китеп окуйт да, окубаган бала үчүн ким жооп берет? Ал үчүн улуулар эртең жооп берер күн келгенде эмне кылат? Наалаттан башка эч нерсе укпайт ко деп кабыргам кайышат. Аны ойлогон бүгүнкү кыргыз жетекчилери болобу, болбойбу? …

Баары түбүнөн жакшы түптөлсө бекем болору талашсыз. Кенже балдарыбыздын бир гана «Байчечекей» аттуу журналынан башка эмнебиз бар? Аны канча нуска менен жеткирип жатабыз? Болгону 2000 нуска! Бир жалда Кыргызстанда 100 000ге жакын бала төрөлөрүн эске алсак, анда, бир курактагы балдардын саны ошончо да. Бизде азыр бир жылда мектепке 100 000ге чукул бала кирет десек, китеп окууга көнүгөр башталгыч мектепте 400 000ге чукул бала болсо, ошого 2000 даана «Байчечекей» журналы окумак түгүл, кармалап көргөнгө жетер беле? Изилдөөлөрдөмындай пикирлер айтылып жүрөт: Кыргызстанда чыгып жаткан азыркы кездеги китептер элдин 0,1 процентине жетет же өлкөнүн 0,1 проценти гана китеп окуйт деп. Ушундай шартта өлкөнүн руханий келечеги эмне болот? Эртеңки элдин интеллектуалдык абалы кандай болот? Окумал кыргыз улуту эртең болобу? Рухий деградацияга кабылган улут улут катары эртең бар болобу?

Башканы коюп Казакстанда кандай жакшы нерселер болуп жатканы ичти куйкалайт. Казак туугандарда 2007-жылдан бери эле мектеп баласын окурман катары өнүктүрүү программасы иштеп, атайын окуучулардын окурмандык кызыкчылыгын өстүрүүчү мамлекеттик программа иштеп жатат. Ал үчүн миллиарддаган теңгелер бөлүнгөн. Жыл сайын окуучулардын китеп окуусун көзөмөлдөгөн атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, китепканачылардын съезди өтүп, китеп фонду толукталып, китеп эртеңки казак калкын тарбиялоочу бирден-бир каражат катары мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган. А биздечи? Бизде отурган креслосунан башканы ойлобогон Өкмөт китеп менен качан иши болорун Кудай да билбейт чыгар?

– Китеп дүкөндөргө кирсеңиз орус тилинде чыкан логикалык оюндар, балдар үчүн энциклопедия, дүйнө таануу боюнча китептер толтура, а кыргыз тилинде ыр менен жомоктон башка китептер колго уруна бербейт, бул маселени кимге жүктөө керек? Мейли, мамлекет бул көйгөйгө көңүл бурган күндө деле бирок кыргызың балам окусун-чокусун деп балдар адабиятынын кардары болоруна көзүм жетпейт. Себеби кыргыз бүгүн көрдүйнөнүн артынан көбүрөк кууп кетти окшойт…

– Албетте, бала окуур китептердин жанры да түрдүү болуусу керек. Жалаң эле аңгеме-жомок жетишсиз. Балдар окуур китептердин түрү да, жанры да, мазмуну да өскөндө, алардын окурмандыгы өсмөк. Балдарыбыз үчүн чыгып жаткан китептердин көпчүлүгү сапаты менен мазмуну айылдан ары чыга албачу деңгээлдеги адабий жомокторго толуп кетти. Балдар акындарыбыздын жакшы китептери жок эмес. Бизде бүгүн эмне жок: балдарыбызга дүйнөнү таанытар китептер жок, ой жүгүртүүсүн калыптандырар фантастика жок, кыргыздын классикалык адабиятынын мыкты тандалмалары чыкпайт, илимий-популярдуу адабияттардын карааны жок, кызыктуу приключениялуу чыгармалар такыр эле унутулган, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүнөн которуп берүүнүн караанын көрүнбөйт…

Эмне үчүн биз «Кыргыздын элдик педагогикасынын антологиясын» балдарыбыз үчүн үлгү болорлук насыят катары топтоп чыгарып бере албадык? Эмне үчүн балдарыбыз үчүн «Кыргыздын улуттук баатырларынын өмүрүн, көсөмдөрүнүн, акылмандарынын үлгүлөрүн, чечендеринин сөздөрүн» жыйнап, кыргыздын улуттук китеби катары барктап-баалап чыгарып тартуулай албадык? Эмне үчүн кыргыздын улуттук балдар адабиятынын антологиясын»чыгара албадык? Эмне үчүн «Кыргыздын улуттук балдар энциклопедиясын» жыйнап китеп кыла албадык? Эмне үчүн «Кыргыз балдар адабиятынын китепканасы» сериясын түзүп, балдарыбыз үчүн улуттук жана дүйнөлүк балдар классикаларынан тандап чыгарып бере албадык? Эмне үчүн балдарыбыз үчүн дүйнө таанытуучу илимий-популярдуу адабияттарды, фантастикалык чыгармаларды топтоп-жыйнап чыгарып бере албадык? Эмне үчүн?.. Эмне үчүн?…

Мына ушундан улам: «Кыргыз балдары дүйнө балдарынан кемби?» деген ызалуу ой келет да, андай акыбалга алып барган ким? деген ой аргасыз туулат?

Анан кантип кыргыз баласын «рухсуздук оорусу» каптабайт?! Анан кантип кыргыз балдары билим-таалим жагынан дүйнө өлкөлөрүнүн балдарынан артта калбайт? Анан кантип…? Топтогон жылдык бюджетин кара курсагынан ашыра албаган Мамлекеттин келечегинин кооптуу экенин ушулардан эле байкап- бааласа болобу? Эгер андай болсо бул кандай гана коркунучтуу!!!

Деги улуулар балдарына эмнени мураска калтырып жатышат? Деги Кыргыз Мамлекети балдарынын келечегине болгон карыздарынан качан, кантип кутулат?

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 23.12.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий