Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ, изилдѳѳчү, тележурналист: “Кытайда Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрѳттѳр бар”

manas1

Кийинки убактарда Темирбек Токтогазиевдин Манас баатыр тарыхта жашап өткөн инсан экенин изилдеп, тактап, далилдеп жазып жүргөндүгү коомчулукка кеңири белгилүү. “Манас” эпосунун бир канча варианттарын иликтеп, Кыргыз, Алтай, Хакас, Тажик, Казак, Кытай мамлекеттеринин кыйла жерлеринде болуп, чет жердик бир канча Манас изилдѳѳчү окумуштуулар менен жолугушуп, натыйжада, былтыр “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебин жарыкка чыгарган. Мына жакында эле Темирбек Токтогазиев Кытай жергесинде бир айга жакын убакыт жүрүп, дагы бир топ ѳзгѳчѳ маалыматтарды топтоп келди. Ал тарыхый материалдар жана сүрөт топтомдору кыргыздар ѳзүлѳрү тууралуу биле элек, уга элек дагы далай тарыхый маалыматтар бар экендигин, нечен сырлар ачылбай жатканын, ѳзүбүздү тааныш үчүн кѳп эмгек, узак убакыттар сарпталаарын далилдеп турат. Эмесе, изилдѳѳчүнүн тѳмѳндѳгү сапар баянына кѳз жүгүртсѳк.

— Манас баатыр тарыхта жашаган деп бири айтса, бири жомок каарманы катары карап, ар бири ѳз оюнан кайтпай талашып эле келатышат. Ушул жагдайдан алганда, ѳзүм да, дегеле Манас атабыз болгонбу же окумуштуулар айткандай, бир канча каармандардын образдарынан чогулган “персонажбы” деген ойдо болуп жүрдүм. Эгер “образ” эле болсо, анда эмнеге дүйнѳнүн ар тарабындагы бийик-бийик чокулардын аттары, өзөндөрдүн, жерлердин, шаарлардын аттары “Манас” деп коюлат деген ой мени түйшөлтүп жүрдү. Ошентип, “Манас баатыр басып ѳткѳн” деген жерлерди изилдѳѳгѳ кириштим. Ал изилдѳѳлѳрүм “Айкөл Манас – тарыхый инсан” китебинде жазылып берилген.

Жакындагы Беш Бээжинге болгон сапарым тууралуу айтсам, эпопеянын – Сагымбай Орозбаковдун, Багыш Сазан уулунун, Мамбет Чокморовдун, Шаабай Азизовдун, Жусуп Мамайдын, Жайсаң Үмөт уулунун, Тыныбек Жапый уулунун, Тоголок Молдонун (Байымбет Абдракманов) варианттарын окуп чыкканымда Айкөл атабыздын Беш Бээжин, Бешбалык, Бейтин, Аньси (Кучар) деген жерлерге казат кылганы айтылат. Ошол Беш Бээжинге барып, ал жерди изилдеп келүүгѳ болгон кѳксѳѳмдү колдон келишинче ишке ашырдым десем болот.

Бул үчүн кѳптѳн бери аракет кылып жүрүп, кытайлык Макелек Өмүрбайга китебимди бергенимде, ал: “Кытайда Жаң Юңхай деген бир профессор да Манасты тарыхый адам катары жазды эле. Ал киши өзү Пекинде турат” деди. Макелекке: “Маке, профессор Жаң Юңхайга кандай жолугам? Мүмкүн болсо ошол кишинин макаласын таап бербейсизби?” деген өтүнүч менен кайрылдым. Макелек мырза өзү жетектеген “Тил жана котормо” журналынын 2007-жылдын №2 санында жарык көргөн макаласын берди. Кытай окумуштуусу өз макаласында Бээжиндин (Пекиндин) жанында Орто Бээжин, Чет Бээжин деген беш Бээжиндин бар экенин белгилептир, “ошол Бээжиндерди көрүп келбейлиби” деп калдым. Бирок, баардык нерсе каражатка барып токтоп, ал жакка баралбадым. Бир күнү Макелек Өмүрбай: “Бээжиндерди тактап койдум, кел” деп Кытайдан кабар бергенде, эптеп колумда болгон тыйынымды чогултсам, каражатым бир кишиге араң жетет экен. Экинчи кишиге да каражат издей баштадым. Бул оюмду Карганбек Самаковго айтсам, ал ѳзү да барууга белсенип калды.Чогуу даярданып атканыбызда, тилекке каршы, Карганбек бошобой, “ЮНЕСКОнун иштерине “Манас” үчилтиги боюнча бүтүрчү иштер болуп жатат, өзүңүз эле барып келиңиз, каражатын таап берейин” деди.

Ошентип, Кытайга жалгыз жөнөдүм. Ал жактан Макелек Өмүрбай экөөбүз Беш Бээжинге даярдыктарыбызды бүтүрүп, жол картабызды түзүп, билеттерди алдын ала алып, ар бир Бээжинде жатаканалардын дарегин тактап, заказ берип анан жолго чыктык. Пекинге келээрибиз менен профессор Ху Чженхуа, Адыл Жуматурду, Жаң Юңхайга жолугуп, сапарыбыздын максаты боюнча алардын кеп-кеңештерин алдык. Сапарга чыгаар алдында бир катар манасчылардын айтуусунда “Бээжиндер” кандай айтылганын, сүрөттөлгөндүгүн тактадык. Сагымбайда мынча жолу, Саякбайда мынча, Жусуп Мамайда мынча жолу эскерилет экен деп тактап алдык.

Пекинде болгонубузда Манас изилдөөчүлөр, профессорлор Жаң Юңхай жана Ху Чжиң Хуа үйлөрүнө чакырып интервью беришип, Манас атабыздын ушул биз бараткан Беш Бээжинге чейин барганын айтып, тастыкташты. Ху Чженхуа агай кыргыз тилинде түш жооруганы менен айрымаланган окумуштуу. Ал эми Жаң Юңхай агай 1957-1961-жылдары Пекин университетинин кыргыз тил факультетинде билим алган, “Манасты” Жүсүп Мамайдын айтуусунда жазып алуу группасында эмгектениптир. Жаң Юнхайдын зайыбы Шаң Шижиң аны кыргыз тилинен кытайчага которгон экен. Мына ушул котормону адабиятташтырууга катышкандыктан “Манастын” ичиндеги окуяларды жакшы билет экен. Ошондон улам ал өзүнүн изилдөөлөрүндө Манас тарыхый инсан болгон деген пикирди карманганы кубандырды.

Кытайдын Манас изилдѳѳчүлѳрүнѳн тастыктоо уккандан кийин, биз Пекинден нары 200 км аралыктагы Чың Ды деген жерге бардык. 18-кылымда, Кытай императору Чың Дыда кыргыздардын элчилерин кабыл алыптыр. 1757-1766-жылдар аралыгында кыргыздардын Нышаа, Бүргө баатырлар баш болгон 8 баатырын кабыл алыптыр. Бул окуяны далилдеген чоң сүрѳт мурда ушул Чың Дынын музейинде дубалда илинип турарын уккан элем. Бул сүрөттү италиялык сүрөтчү Императордун буйрутмасы менен тартыптыр, бийиктиги 4,5 метр, туурасы 3,5 метр. Тилекке каршы, бул сүрөттү Чың Дыдан таба албадык. Бирок, бүгүнкү күндө бул сүрөт мамлекеттик Гу Гуң (Императордук сарай) музейинде сакталганын тастыктадык, жана анын компьютердик көчүрмөсүн алып келдик.

Чоң Бээжинде (Пекинде) болгонубузда кытай өкмөтүнө караштуу “Аз сандуу улуттар комитети” деген уюмдун директору Пу Ёңшең мырза менен жолугуп, сапардагы негизги максатыбыз тууралуу сүйлөштүк. Биздин Беш Бээжинге баратканыбызды угуп Пу Ёңшең мырза: “Силер Манастын келген жолун эми туура таапсыңар” деди. Кѳрсѳ, алар Манас жѳнүндѳ жакшы билишет экен, бирок ѳтѳ маданияттуулукту сакташып, сурасаң айтышат, сурабасаң унчугушпайт көрүнөт. Бул адамга жолукканыбыздын себеби, тигил шаарларды кыдырып жүргөнүбүздө бийлик органдары текшерип калса, “биздин жүргөнүбүздү мамлекеттик бийлик өкүлү билет” деп айтканыбызга туура келсин үчүн эле.

Андан соң биз Леояңпу шаарына бардык. Бул шаар “Манастагы” Чет Бээжиндин өзү. Ошентип, Манастагы айтылган Беш Бээжинди четинен кыдыра баштадык. Алар: Чет Бээжин (Леояңпу), Түп Бээжин (Лин Хуаңпу, бүгүн Чыфың деп аталат экен), Орто Бээжин (Нин Чиңпу), Чоң Бээжин (Нан Жиңпу – азыркы Пекин), Бээжин (Датуңпу) шаарлары. “Манаста” сүрөттөлгөн Чоң Казат өткөн жерлерди, бүгүн ал көөнө шаарлардын чалдыбарлары мамлекет тарабынан корукка алыныптыр, ошондой эле, Чоң Инген, Чанбайсен тоолорун өз көзүбүз менен көрдүк. “ Манаста” сүрөттөлүп-айтылган жерлерди өз көзүбүз менен көргөндө бул шаарлар, тоолор, суулар, ашуулардын турмушта оорду бар болуп, чын болуп чыкты, бул албетте Манастын тарыхый инсан болгондугун тастыктаган жаңы табылга.

Чет Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Чет Бээжинди камоого алган кыргыз баатырына кытайлар жүгүнүп, чекеси жерге тийгенче “жансоогалап”, астына келип турган чагы. Манаска тартуу катары калталарга алтын-зерлери салынган замбил арткы планда көрүнүп турат.
Чет Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Чет Бээжинди камоого алган кыргыз баатырына кытайлар жүгүнүп, чекеси жерге тийгенче “жансоогалап”, астына келип турган чагы. Манаска тартуу катары калталарга алтын-зерлери салынган замбил арткы планда көрүнүп турат.
Чет Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Бул жердеги тамдар кытайча салынып, Калпакчан алп кишинин Алтын такка отурушу тартылган. Мен бул сүрөттү ”инагурация” деп атап койдум. Такта отурган кыргыз калпакчан алп адамга падышалык белги тапшырып жатышат.
Чет Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Бул жердеги тамдар кытайча салынып, Калпакчан алп кишинин Алтын такка отурушу тартылган. Мен бул сүрөттү ”инагурация” деп атап койдум. Такта отурган кыргыз калпакчан алп адамга падышалык белги тапшырып жатышат.

Сүрѳттѳгү картада кыргыздардын жери экиге бөлүнүп калганы көрүнөт. Ысык-Көл, Талас, Баласагын жерлери Карахандар имппериясынын аймагында болсо, Кыргыз империясы Кытайдын түндүгүн ээлеп жатканы көрсөтүлгөн. Биз Манас атабыздын Казат жолун үч түрдүү боёкто чийдик. Сары түс менен көрсөтүлгөнү боюнча узак убакыт бою чөлдөр (Тарым жана Гоби) аркылуу жүрүшү керек эле. Мындай болсо, аскеринин көбүн, улоолорун кырып алмак. Экинчи жолду көк менен сыздык, мында да аралыктын арбын бөлүгү чөлгө туура келет экен. Ал эми, Саян-Алтай жак менен келген жолдо чөлдүк азыраак болуп, негизинен түзөң жерлер менен бөксө тоолор аркылуу баскан жолду кызыл менен белгиледик. Биздин оюбузча, Алмамбет Манас атанын колун мына ушул жол аркылуу Чет Бээжинге (Беш Бээжинге) баштап барса керек.

Түп Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Беш Бээжиндин географиялык жайгашуусу.
Түп Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Беш Бээжиндин географиялык жайгашуусу.

(Уландысы бар)

Жазып алган Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ, «Көк асаба»

Соц тармактар:

Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ, изилдѳѳчү, тележурналист: “Кытайда Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрѳттѳр бар”: 1 комментарий

Добавить комментарий