АЙЫЛГА БАРГАНДАГЫ ЫР

Баягычы, каткырыгы таш жарган,
Жеңелерим улгайгансып калыптыр.
Апалардын бырыштары көбөйүп,
Андагыдай эмес, аттиң карыптыр.

Келиндердин курсагында калышкан,
Кенедейлер эрезеге жетиптир.
Каркырадай канат кагып артымдан,
Синдилерим кошо алыстап кетиптир.

Апам да жок, ал да мени тоскон жок,
Турат бирок сүт бышырган очогу.
Керинейин шамал үйлөп кыңылдап,
Созолонот сагынычтын кошогу.

Баягыдай суунун шарын тыңшадым,
Жымжырт түндө тээ алыстан угулат.
Айылчылап кеткен апам бир жакка,
Азыр келип калуучудай туюлат.

Айыл жытын, сүттүн жытын жыттадым,
Апакемдин жыты гана табылбайт.
Жаш баладай ыйлап жатып уктасам,
«Каралдым» деп эч ким мага жалынбайт!

Жыпара ИСАБАЕВА

Соц тармактар:

Добавить комментарий