3 жашка чейинки генийлер же жапондор балдарды кантип тарбиялайт?

masaru

Роза Исаковна сунуштаган Масару Ибуканын «3төн кийин кеч болуп калат» деген китебин окугандан кийин сиздер менен ой бөлүшүүнү эп көрдүм.

Кыргыз эли «баланы башынан» дегени менен, ошол сөзгө анчейин маани бере бербейт. Баланы тарбиялоодо «азыр ойноп алсын, мектептен деле үйрөнөт да» деп мугалимдерге түртө салып келебиз. А жапондор болсо балдарын 3 жашка чейин эле гений кылып тарбиялап коюшат экен. Бул боюнча Роза Исаковна сунуштаган Масару Ибуканын «3төн кийин кеч болуп калат» деген китебин окугандан кийин сиздер менен бөлүшүүнү эп көрдүм. Бул китепте автор баланы моминткиле деп өзүнүн даяр рецебин таңуулабайт, болгону турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшөт. Көрсө адам гений болуп төрөлбөйт экен…

Масару деген ким өзү?

Ибука Масару 1908-жылдын 11-апрелинде төрөлүп, 1997-жылдын 19-декабрында көз жумган. Ибука кесиби боюнча инженер жана жеке ишкер. Ал дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал «Sony» корпорациясынын негиздөөчүсү болуп саналат. Кесиби инженер болсо да кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча бир катар китептерди жазган. Анын «3төн кийин кеч болуп калат» деген китеби дүйнөнүн бир катар тилдерине которулуп, бестселлерге айланган.

Китеп жазууга эмне түркү болгон?

Инженер кайдан жүрүп кенже курактагы тарбия боюнча иш алып барып калды деп таң калышыңыз мүмкүн. Мунун эки себеби бар. Биринчиси: азыркы коомдогу жаштардын өздөрү канааттанбаган жашоосу. Буга билим берүүнүн начардыгы өз залакасын тийгизип келет. Экинчиси: менин баламдын акыл-эси кем болуп чоңоюшу. Балам кем акыл болуп төрөлгөндө аны тарбиялап алса болору эсиме да келген эмес. Менин көзүмдү «Талантты тарбиялоо» ыкмасынын устаты доктор Шиничи Сузуки ачты. Анын ыкмасы менен скрипкада ойногонду үйрөнүп жаткан бөбөктөрдү көрүп алып убагында балама эч нерсе кыла албаганымды сездим. Мен университеттеги, мектептердеги көйгөйлөргө боорум ачып жүрдү. Окуу жайлардагы билим берүүнүн жетишсиздиги кайдан чыгып жатканын изилдеп чыктым. Көрсө баары барып эле бала бакчага, керек болсо бала бакчага чейинки баланын өнүгүүсүнө барып такалат экен. 3 жашка чейинки бала скрипка болобу башка нерсе болобу абдан тез өздөштүрөт экен.

Бардыгы 3 жашка чейинки тарбиядан көз каранды

Адамдын мээсинин физиолгиясын изилдөөлөр жана балдар психологиясы балдардын акыл жөндөмдүүлүгү 3 жашка чейин эле калыптанарын көрсөттү. Тагыраак айтканда баланын дүйнө таанымы 3 жашка чейин эле өрчүп баштайт. Бир дагы бала гений же келесоо болуп төрөлбөйт. Бардыгы тарбиядан жана курчап турган чөйрөдөн көз каранды. Анын гений же кемакыл болушу 3 жашка чейинки курагындагы мээсинин өрчүшүнөн көз каранды. Балага 3 жашка чейин кандай тарбия жана билим берген болсок ал кийин ошондой адам болуп калыптанат. Бала бакчага баргандан кийинки тарбия кеч болуп калат. Анткени 3 жашка чейин бала бардык маалыматты суу соргон кебездей тез кабыл алат жана эсинде көпкө сактай алат.

Балага скрипканы эмне үчүн үйрөтөбүз?

Менден «кенже курактагы билим берүү менен генийлерди даярдаса болобу» деп көп сурашат. Мен дайыма «жок» деп жооп берем. Анткени мектепке чейинки билим берүүнүн негизги максаты баланын дени сак болуп, терең ойлонуп, акыл калчап иш кылуусун жана ак көңүл болушуна шарт түзүү болуп саналат. Балдарга скрипканы жакшы музыкант болуш үчүн гана үйрөтпөйт же англис тилин мыкты лингвист болуш үчүн үйрөтпөйт. Эң негизги максат балдардын чексиз мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, болгон потенциялын ачып берип, баланын жашоосуна жана дүйнөгө зор кубаныч тартуулоо.

Адам мээси жазылбаган ак барак

Адам баласы жаныбарлардын балдарына караганда алсыз болуп төрөлүшөт. Маселен, жылкы же ит тууганда балдары дароо эле жөргөлөп же басып кетет. А жаңы төрөлгөн бөбөк ыйлаганды анан сүт эмгенди гана билет. Зоологдордун ырасташынча балдар жаныбарлардан 10-11 ай кеч өнүгөт. Мунун башкы себеби адамдын эки буттап басышында. Адам баласы денесин башкарганды төрөлгөндөн кийин өздөштүргөн сыяктуу эле мээсин дагы төрөлгөндөн кийин иштетет. Башкача айтканда ымыркай төрөлгөндө анын мээси жазылбаган ак барактай. Анын акылдуу-эстүү болушу же кемчонтой болушу ошол баракка эмнелер жазылгандан көз каранды. Адамдын мээсинде болжол менен 1,4 млрд. клетка бар. Төрөлгөндө баары эле ишке кире бербейт. Биринчи 6 айда клеткалардын 50%ы, 3 жашында 80%ы ишке кирет. Ой жүгүртүү, керектөө, чыгармачылык, сезимдер 3 жаштан кийин гана өнүгөт. Бирок ушул өнүгүүлөр 3 жашка чейинки калыптанган базага, топтолгон маалыматтарга таянат.

Ата-энелер эмненин «быкый», эмненин «аяй» экенин өздөрү билишпейт

Көпчүлүк ата-энелер бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейин аябай эркелетишет. Жайына коюшуп, каалаган нерсени кылдыртышат. Качан гана бала бакчага, мектепке барып баштаганда катуу кармап калышат. Бул туура эмес ыкма. Тескерисинче бала төрөлгөндөн баштап бала бакчага чейин балдарды катуу көзөмөлдөш керек. Бир сөз менен айтканда ата-эненин балага кийлигишүүсү бала бакча жашында токтош керек. 3 жаштан кийин баланы жайына коюш керек. Болбосо катуу кармайбыз деп атып ата-энелер балдардын талантын, «чымындарын» өлтүрүп алышы мүмкүн. Биз ата-энелер балдар үчүн өзүбүз жооп берип, алар үчүн туура эмес эле жыйынтык чыгара беребиз. Мисалы, бул китепке баланын тиши өтпөйт же бул ыр балага ылайыктуу дей беребиз. Болбосо бала үчүн жапон тили менен англис тилинин, Баханын ариялары менен балдар ырынын эч кандай айырмасы жок. Баары тең эле бирдей кабыл алынат жана бирдей угулат. Бардык жаңы нерсе бала үчүн окшош жаңылык. Биз көп учурда белгилүү сүрөтчүнүн чыгармасын карап туруп түшүнбөсөк деле «шумдук экен» деп суктана беребиз. Балдар болсо антпейт, алар чынчыл келишет. Балдар өзүнө жаккан нерсени ачык айтат жана өздөрүнө кызыктуу болгон нерсени гана эстеп калышат.

Балага бир убакта 5 тил үйрөтсө болот

Жаш энелердин бири мага кат жазыптыр. Катта анын 2 жарым жаштагы баласы 40тай автоунаанын маркасын жатка билээри жазылыптыр. Кийин ал бала 30 өлкөнүн желегин, анын ичинде чоңдор араң тааныган Монголияныкы да бар экен. Бул мисалдар баланын нерселерди образдары менен жаттап калуу жөндөмү жогору экенин тастыктап жатат. Болбосо чоң кишилер да мындай кыла албайт. Чоңдор предмет тууралуу билип туруп эсинде сактаса, балдар тескерисинче. предметти эсинде сактап алат да ал жөнүндө кийин маалымат алат. Жөнөкөй эле мисал, ымыркайлар ата-энесин эч кимге алмаштырбай даана таанышат. Башка бирөөлөр алып койсо дароо ыялап башташат. Жапонияда 50 кишини айрып тааныган 3 жашар бала бар болчу. Демек, баланын көрүп эсте сактоо жөндөмү абдан жогору. Масао Кагата аттуу жапон киши бардык карьеарсын таштап балдарды тарбиялоого баш-оту менен кирип кетет. Ал 2,5 жашар баласына жана 3 жашар кызына англис, испан, француз, итальян жана немис тилдерин бир убакта радионун жардамы менен үйрөтүп баштайт. Көрсө балдар чексиз маалымат кабыл алат экен. Анын балдары бир убакта 5 тил үйрөнгөндүктөн азыр гений-лингвисттер болуп чыкты.

Эң башкысы ген эмес, айлана-чөйрө

Менимче баланын калыптанышына ген же тукум куучулук эмес, курчап турган чөйрө көп таасир этет. Маселен, бак же гүл деле кандай жерге отургузулбасын ага болгон кам көрүүгө жараша өсөт да. Жапонияда бул боюнча көптөгөн эксперименттер жасалды. Эгиз кызды атайын эле эки башка жерде чоңойтушту. Жыйынтык көрсөткөндөй эгиз болсо деле башка чөйрөдө өскөн балдар мүнөзү жагынан да, жөндөмдүүлүк жагынан да такыр башка болуп калат экен. Мен энелерден «менин балам атасындай болуп музыкага таптакыр шыгы жок» же «менин жолдошум жазуучу болгондуктан балам да дилбаяндарды жакшы жазат» деген сыяктуу сөздөрүн көп угам. Ооба, алма шагынан алыс түшпөйт же тикенектени роза өсүп чыкпайти. Окумуштуунун баласы окумуштуу, соодагердин баласы соодагер болгон учурлар абдан көп. Бирок алардын кенинде ошол кесипке жөндөмдүү болгону үчүн ошондой болуп жаткан жок. Балдарды тарбиялап жаткандагы кырдаалга, шарт-жагдайга көңүл бурушубуз керек. Мисалы догдурлардын үйүндө медицина жөнүндө көп сөз болгондуктан бала да ошол чөйрөгө жакын болуп кызыгуусу жаралат. Врачтын баласы атасы врач болгону үчүн эмес, төрөлгөндөн баштап дары жыттап, ак халат менен кошо чоңойгондуктан ошол кесипке жакын. Анан эле кесип тукум кууйт, атасын же энесин тартты дей берген туура эмес. Мисалы, аракечтин баласы жакшы чөйрөдө тарбия алып калса музыкант болуп же инженер болуп чоңоюушу ажеп эмес. Баланы тарбиялоодо курчап турган чөйрөнүн ролу чоң. Дагы бир жолу айткым келет

Жаш ата-энелерге Масарудан кеп-кеңеш:

— Баланы татыктуу тарбиялаш үчүн сөзсүз эле кымбат оюнчуктарды сатып берип, атайын курстарга баруунун зарылдыгы жок. Бала үчүн ата-эненин мээриминен өткөн тарбия жок. Өзгөчө эне баласын ар дайым сүйүп, мээрим төгүп турушу керек.

— Колдон келишинче баланы колго көбүрөөк алыш керек. Көтөрүп эркелетүү, уктаарда таптоо баланын жакшы өнүгүшүн шарттайт.

— Балага ойной турган өзүнчө аянтча түзүп бериш керек. Менин айтканым оюнчук дүкөнүн көчүрүп келүү дегендик эмес. Атасынын шаймандарды салган үкөгү же апасынын бут кийими деле баланын фантазиясын ойготот. Жумшак оюнчуктарды көп алып бербеш керек. Антпесе анча көп оюнчукту эмне кыларын да билбей, башы айланып калат.

— Колдон келишинче балдарга түстүү карандашты эртерээк белек кылгыла. Анан да «карандашты оң гана колго кармаш керек», «Күндүн өңү качан жашыл болчу эле» деген жемелер баланын өнүгүүсүн чектеп коет. Карандашты сол колго кармаса тескерисинче мээси жакшы иштейт, интеллектиси жогору болот. Кагазды айрып же тытып салса деле урушпай, чыгармачылык изденүү деп кабыл алыш керек.

— Жомокторду, ырларды көп окуп бериш керек. Аларды жаттатыш керек. Бала 100-200 кыска ырды оңой эле жаттап алат. Баланы коляскага тыга бербей, таза абада көбүрөөк жөө бастырыш керек. Бул ой жүгүртүүсүн, кыялдануусун өрчүтөт.

— Баланы колдон келсе чоң ата, чоң энелер менен чогуу бир үйдө тарбиялаш керек. Тагыраак айтканда социалдык чөйрө баланын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болот.

— Баланын башынан дисциплинага, режимге үйрөтүш керек. Балдарга кол көтөргөн туура эмес. Айрыкча башка адамдардын көзүнчө. Баланы андан көрө көбүрөөк макташ керек. Эгер жакшы иш жасаса мактап койсо шыктанып калат, жаман нерсе жасаса акырын эле уяткарып коюш керек. Уруп-сабоонун зыяндан башка пайдасы жок экенин унутпаңыз.

Токтосунов Нурсултан, “КАБАР ОРДО”

Соц тармактар:

Добавить комментарий