МЕН СЕНИ СҮЙГҮМ КЕЛДИ АРАЛЫКТАН…

Азапка себип таштап үрөөнүмдү,
Ак карга сүртүп ысык жүрөгүмдү.
Эскирген чакаңды да тумар туткан,
Эстедим сага жетпей жүргөн күндү.

Кызарып жүзүм ысык нандай болуп,
Кыйначуң көз отуңан жанбай коюп.
Калтырап каяктадыр сиңип кетчүм,
Колуңду кокусунан кармай коюп.

Сүйүүнүн тамчысына чөкпөй калып,
Чыгалбай таштын бетин чөптөй жарып.
Жер огун кыймылынан чыгаргансыйм,
Жүзүңдүн оң жагынан өппөй калып.

Сүйүүнүн сырдуу жүгүн артыңгам мен,
Сүйрөлүп чуркап жүрүп артыңдан мен.
Өзүмдүк кылып алдым бүтүн бойдон,
Өзөктө өмүр сүрүп талпынган дем.

Көөдөндүн күңүрттүгүн жышып келгем,
Көп жүрдүк кучакташып кысып белден.
Жүрөктөр чымырабай мурдагыдай,
Муздады сүйүүбүз да ысып келген

Карек жок көрөр замат кактагыдай,
Элес жок түштөрүмдө сактагыдай
Толкундар соолугансыйт кеме күтпөй,
Ток тарткан сезимдер жок баштагыдай.

Жаны жок колдоруңду кармасам да,
Таасир жок ырларымды арнасам да.
Жапжакын болсок дагы салкындайбыз,
Телефон чалуулар да анда -санда.

Көзүңдөн тамырыма таралып кан,
Күлкүңдөн турчу эле агарып таң.
«Мазасын » таткандан соң муздап калдым,
Мен сени сүйгүм келди аралыктан.

Махабат аруу, таза болсун үчүн,
Мен сени сүйгүм келди аралыктан…

Москва 07.08.2013

Мелис Маматжанов

Соц тармактар:

МЕН СЕНИ СҮЙГҮМ КЕЛДИ АРАЛЫКТАН…: 1 комментарий

  • 11.03.2014 в 20:30
    Permalink

    Мыкты жазылыптыр. Турмуш чындыгы.

    Ответ

Добавить комментарий