Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти:«ОКУУМДУ ТАШТАП, АРТИСТ БОЛОМ ДЕП КЕТИП КАЛГАМ»

jamal

Жамал Сейдакматова деген ысымды тааныбаган кыргыз болбосо керек. Анын актрисалык жолу, атактуулукка кантип жеткени элге да кызык. Актрисаны жакшы билгендер анын аяр, акылдуу, керек кезде амалкөй да экенин айтып беришти. Анда Жамал Сейдакматова кесиптештеринин көзү менен…

«ЭРТЕҢ МЕНЕН ЧУРКАП, ЙОГА МЕНЕН МАШЫГАМ»

-Мен атамдын алтынчы аялынын тун кызымын. Беш аялынан бала көрбөй жүрүп мени көрүптүр. Аябай эрке өстүрүштү. Эркеликтин азабын кийин жакшы эле тарттым. Бирөө кичине катуу сүйлөсө эле бышактап ыйлап калчумун. Мыкты билим алсын деп Ысык-Көлдүн Темир айылынан борборго жөнөткөн. Мектепти аяктап инженер-технологдун окуусуна Москвага тапшырдым. Ал окууга өтүп, окуй баштаганым менен, жан дүйнөм искусствону каалап турду. Анан ата-энемдин каршы чыккандарына карабай Кыргызстанга келип Кыргыз драма театрына кирип алдым. Алар мени ырдатып, бийлетип көрүп эле кабыл алышты. Дароо эле «Алыскы тоолор» тасмасына тартышты. Андан ары эле спектаклдерде байма-бай ойноп жаттым.

Театрда менин тууганым, таанышым деле жок. Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова сыяктуу кыргыздын чыгаан инсандары «бирөөнүн жаш, жакшы баласы экен» деп жардам берип жатышты. Мени«артисттик билими жок» деп эч ким бөлгөн жок. Азыркыга чейин«билим албай калдым» деп өкүнбөйм, «туура кылыптырмын» деп сүйүнөм.

Ролго жетпей калган күндөрүм болгон жок, ролду чыгара албай кыйналчумун. Ошондо менин устаттарым үйлөрүнө алып барып мени менен чогуу иштешчү. Ошолордон алган тарбиям мени Жамал Сейдакматова кылып элге таанытты.

Жаш кезимде аябай жакшы ырдачумун. Концерттерге такай катышчумун. Бир чыкканда азыркыдай фонограмма менен эмес, 10-15 ырды ырдачумун. Ырдаган соң сахнанын артына барып муздак суу иче берип үнүмдү бузуп алгам. Мурункудай шаңкылдап чыкпай калды. Казактардын «Айгөлөк», кыргыздын «Комузчу» ырларын аткарчумун. Кыргыз радиосунун «Алтын фондунда» сакталуу.

Байкеңер менен таанышканда (ред. Садырбек Назаров) мен райондук кеңеште депутат болчумун. Ал шаардык кеңештин депутаты эле. Депутаттар жолугуп сүйлөшүп, ар кандай маселелерди талкууга алчубуз. Ошентип таанышып, баш кошконбуз. Аңгыча Союз урап, эл алапайын таппай кыйналды. «Ура-а, демократия келди!» деп шапкасын көккө ыргыткандар керек болсо биттегенге чейин барышты. Ошондо жолдошум сыяктуу окумуштуулардын окуучулары арак сатып базарга чыга башташты. Мен ал кезде азыркы «Туңгуч» театрын алып ремонт кылайын деп жүргөм. 35 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери болбогон имаратты жолдошум өзү ремонттотуп берди. Ошондон тарта театрга директорлук кызматты аркалай баштады.

Садырбек турмушта чын эле бир аз орой. Бирок жүрөгү таза, чынчыл, принципке катуу турган адам. Жаш өткөн сайын аял менен эркек үй-бүлөдө бир туугандай болуп калат экен. Азыр бири-бирибизден сыйыбызды аябайбыз.

Турмушта үч нерсеге катуу сүйүндүм. Биринчиси, уул-кызым төрөлгөндө, экинчиси, ширин неберелерим төрөлгөндө. Азыркы менин сүйгөн адамдарым, сагынган адамдарым, жанымды берүүгө даяр адамдарым бул – неберелерим. Үчүнчүсү, Союз тарап, демократиялык өлкө болдук дегенде. Чынында, ал кезде демократия деген эмне экенин билбептирмин, башкача турмуш башталат деп сүйүндүм окшойт.

Эмне деген гана ролдорду ойногон жокмун. Убагында «бул ролду ойнобой калдым» деп өкүнгөн учур болгон. Бирок адам топук кылып жашаш керек экенин түшүндүм.

Жаш өткөн сайын көп нерсеге башка көз караш менен карап калат экенсиң. Бар-жогуна акылың жетип, бирок кыймылың жайлап, ден соолуктун начарлаганы көп иштердин бүтүшүнө тоскоол болот экен. Жаш кезде керт башымды ойлосом, улгайган сайын эл-жериме тынчтык, бейпилдик, өсүш тилеп калдым.

Акыркы учурда унутчаак болуп кеттим. Ойлонуп кетемби билбейм, көчөдө кетип баратып эле бакты же дубалды сүзүп алам.

Күнүгө эртең менен өзүмө кам көрүүдөн эрикпейм. Күнүгө эртең менен чуркап, йога менен машыгам. Ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасайм.

Кеңеш Курманалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ЖАМАЛГА КҮЙӨӨСҮ ӨЛЧӨП ТАМАК БЕРЧҮ»
-Биринчи жолдошу Болот аябай жакшы адам болчу. Жамалды аздектеп карачу. «Семирип кетесиң» деп өлчөп тамак берет эле. Жамал байкуш тойбой калып, «дагы жейм» десе болбойт, «семирип кетесиң» деп.

Жамалды «Таттыбүбүгө бут тоскон, экөө начар мамиледе болушкан» деп жүрүшпөйбү. Бул бекеринен чыккан эмес. Атаандаштык мугалимдерде, дарыгерлерде, кыскасы, бардык кесипте бар. Ал сыңары режиссёр деле «бул ролду тиги артист ойносо жакшы чыгат» дейт. Мисалы, театрда режиссёр бир эле ролго 2-3 артистти бекитет. Негизги артист ооруп же бир иши чыгып калса, анда экинчи деп дайындалган киши ойнойт. Таттыбүбү негизги каарман болсо, Жамал 2-3-дубляж кылуучу болуп калат. Же тескерисинче, Жамал негизги болсо, Таттыбүбү дубляж кылуучу болуп калчу.

«Уркуя» фильмин тартууда Төлөмүш Океев Жамалды башкы ролго коймок болгон. Пробада Таттыбүбү менен Колдоштун ролун аткарган Муратбек Рыскуловдун уулу Искен Рыскулов куп жарашып калган. Ошентип Жамал Үтүрдүн аялынын ролун ойногон. Экөө бир ролго көп көрсөтүлгөн үчүн «атаандаш, көрө албайт» деген сөздөр чыкса керек. «Уркуяны» тартып жатканда Жамалдын 3-4 айлык боюнда бар эле. Арабадан жерге катуу секирип койгон экен, кечинде эле боюнан түшүп калган. Кыз экен, баарыбыз катуу кайгырганбыз.

Асылбек Өзүбеков, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ТУҢГУЧТУ» «ТУҢГУЧ» КЫЛГАН ЖАМАЛ ЭЖЕ»
-Мен Ташкенттеги театрды бүтүп келип Кыргыз драма театрында иштеп калдым. Биринчи эле спектаклде Жамал эже менин эжемди ойноду. Анда эженин жашы кырктарга барып, толуп турган чагы эле. Ошондо пикирлештерди чогултуп Жамал эже «бир студия ачалы» деп калды. Жеңишкүл Өзүбекованын «Апамдын махабаты» чыгармасын алып чыктык. Студенттердин, окуучулардын агылып келгенин сураба, ушундай элге алынып кеттик. Күчтүүлүгүн ушундан бил, мага окшогон жаш адамды эмес, аттуу-баштуу артисттерди да өзүнө имерип, «өзүнчө театр ачып иштейбиз» деп ынандырды. Ошончо киши Жамал эженин айтканына ишенип, артисттердин популярдуу очогу болгон Кыргыз драма театрынан бир костюмубуз, чөнтөктө бир сомубуз жок чыгып кеттик. Эптүүлүгүнөн тиги театрдан 1 костюм, дагы башкадан 2 костюм кылып чогултту. Тоң районундагы Эшперов деген башкармадан автобус алып келди. Ким менен кандай сүйлөштү ким билет, кире турган имаратыбыз, кие турган кийимибиз, түшө турган автобусубуз даяр болду. Эмне гана жумуштарды кылбадык. Кыйналган күндөрү «баарыңар Мерседес минесиңер» деп башыбыздан сылачу. Айткандай эле азыр «Туңгучтун» балдары бүт Мерседес айдап жүрөбүз. Мага келип «Асыке, сен Эгемге караганда эстүү эмессиңби, өзүң ишти колго ал» десе мен сүйүнүп барпаңдап иштеп калам. Кийин билип жатпайбызбы, ошол эле сөздү балдардын баарына айтчу экенин.

Дүйшөн Байдөбөтов, КРнын Эл артисти:«ЭЖЕ ӨТӨ АМАЛКӨЙ»
-Эженин жашын айтпай эле коёюн. Өзү айткандай, жетиде. Өз ишин жакшы билген, ишине дайыма дыкат мамиле кылгандан жазбаган адам. «Акбаранын көз жашы» тасмасында мен Базарбайдын, ал аялым Көктурсундун ролун ойногон. Камчы менен баштан ары соккон жеринде образга кирип катуу эле чапкам. Өнөктөшүңдү аяп образга кирбей койсоң режиссёрдон сөгүш аласың да. Анан Жамал эжени чаап-чаап эле салдым. 10 чакты дубль жасадык. Амалкөйлүгүн ошондо билдим, съёмкадан кийин көрсөтүп жатпайбы. Көрсө, камчы катуу тийбесин деп чачынын ичине эски чачтарын, байпактарын салып алыптыр. Дагы бир жери, талаага съёмкага барганда коюнуна нан, бутерброд, жумуртка катып алчу. Курсагыбыз ачканда «келгиле, балдар» деп тамагын алып чыкчу.

Эгемберди Чалабаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ЭЖЕНИ АЛДАП КОЮШ ОҢОЙ»
-Болот Шамшиев «Мисалы, машинаны алалы. Жамал машинанын жүрөгү болсо, Эгемберди, Асылбек, Мурат, Каныбек төрт дөңгөлөгү» деп айтчу. Жамал эже болбосо, балким, үйүнө барып, кайра жумушуна келген катардагы актёр болуп жүрө бермекпиз. Ал киши бизди эмгекке үйрөттү. Биздин кол тийбеген жумуш калган жок. Амангелди Керимбаев деген филармониянын директору бар эле, кызматкерлерин чогултуп урушканы көз алдымда. «Иштесеңер «Туңгучтун» балдарындай иштегиле, афишалары дааратканаларда да турат» деген.

Бир жолу Колумбияга фестивалга барып калдык. Бизге жер көрсөтүп жүргөн гид казакстандык кыз экен. «Силерге тоолорду көрсөтүп, кой союп кыргызча коноктойбуз» дегенинен биз сүйүндүк. Жолдошу Садырбек байке театрдын директору да, «эч кайда барбайсыңар, эртең спектакль» деп койду. Бир нерсе ойлоп табыш керек болду, эжени алдаш оңой, бирок кантип? Ойлоно баштадым.

Отелдин коридорунда алтын сыя менен жазылган кооз баракчалар көп экен, сеньора деген жерге Жамал Сейдакматова, сеньор деген жерге Садырбек Назаров деп, ресторан деген жерге бир атты жаздым. Кагазды алып барып эже менен байкенин номерине таштап кеттим. Баралы деп байке жаңы костюм-шым, эже көйнөк сатып алыптыр. Иш чатагына айланып бара жатканын көрүп мен чыйпылыктайм. Ошентип, экөө бизге уруксат берип, кагазда жазылган жерге кетишти. Бая мен жазган ат ресторан эмес эле үйгө керектүү буюм саткан жер экен. Кечинде байкенин жини келип, мага тиштенип калыптыр. Эже «Эгем, жок дегенде мага айтып койбойт белең, мен түшүнөт элем го» деп капа болду. Жамал эже тууган-урук, карым-катнаш дегенди экинчи планга койгон, театр, кино дегенде жанын берген инсан.

Жалил Мидинов, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын башкы режиссёру:«ЭНЕРГИЯНЫ КАЙДАН АЛАРЫН БИЛБЕЙМ»
-Жамал эже менен иштешкениме 10 жылдан ашты. «Туңгуч» студиясы жаңы ачылганда мен башка театрда иштечү элем. Бир күнү «Жаке, келбесең болбойт, бир спектакль коюш керек» деди. «Кантип коёбуз студия жаңы ачылса?» десем «коёбуз дедимби коюшубуз керек» деп көгөрүп туруп алды. Бир нерсени баштадыбы, аягына баары бир чыгат. Иштин жүрүшүн эмес, жыйынтыгын күтөт. Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан алып «Кетпечи, Бугу эне» спектаклин койдук. Жыйынтыгында спектакль көптөгөн ийгиликтерди багынтты.

Жамал эженин жашы бир топко барып калса да, репетиция убагында биз менен кошо чуркап жүрөт, «чарчадым окшойт»дейин десем эженин буту-бутуна тийбей жүргөнүн көрүп уялам. Энергияны кайдан аларын билбейм.

Репетиция убагында кеч калып да иштейбиз. Канчалык кеч болбосун «Кой, үйгө эле Кой-Ташка барайын. Садыр абаң күтөт да. Чайын берейин, карыганда бири-бириңе жөлөк болушуң керек. Эмнеси болсо да эптеп бир машина таап мени салып жибер» дейт. Жолдошу Садыр байкени аябай сыйлайт. Дайыма «абаң минтип калат го, кыйналат го» деп турат.

Үмүт Жумалиева, бир тууган сиңдиси:«АПАМДЫН СУЛУУЛУГУ ЖАМАЛ ЭКӨӨБҮЗДӨ ТЕҢ ЖОК»
-Биз 3 эркек, 4 кыз элек. 3 эркек бир тууганым – Бекбосун, Бекболот, Бекмырза, анан бир эжем – Жамиля каза болуп калышты. Азыр 3 кыз калдык. Жамал кичинесинен эле тың кыз болчу. Бишкектеги №5-мектепти алтын медаль менен аяктаган. Жамалга талант апамдан өткөн. Апам Ажар ооз комузда ойноп, Каракол театрында актриса болуп иштептир. Анын таланты Жамалга жана иним Бекбосунга берилиптир. Бекбосун аты таанымал актёр болуп жүрүп, 54 жашында каза болду.

Эсимде, Муратбек Рыскулов жубайы Сабира Күмүшалиева экөө биздикине конокко келишчү. Койду союп, казанга салып, анан ырдап отурушар эле. Биз болсо сарайдын үстүнө чыгып алып карачубуз. Апам жамакчы да болчу, куюлуштуруп эле оюнан чыгарып ырдай салчу. «Секетим Секем турганда, сексени келсе туйбаймын. Алтыным Секем турганда, алтымышы келсе туйбаймын» деп ырдаса атам Сейдакмат сүйүнүп, «менин Ажарым Сабирадан жакшы ырдайт, көрдүңөрбү, келчи, тиземе отурчу» деп апамды тизесине отургузуп алчу. Анда Муратбек агай «Сабирам Ажардан жакшы ырдайт» деп ыр айтыш кылып жаткандарын көргөм.

Атам башкарма болуп иштеп эки жакка көп барчу, апама кооз көйнөктөрдү, жоолуктарды алып келип берчү. Апамдын кооз кийинип, дайыма атыр себинип жүргөнү көз алдымда. Мына ушул сапаттары Жамалда бар. Апам ак жуумал, көздөрү бакырайган сулуу аял эле. Ал сулуулук Жамал экөөбүздө тең жок. Сиңдим Динара бир аз окшошуп кетет.

Жамал Москвадагы окуусун таштап, актриса болом дегенде атам алгач жактырган жок. Кийин Жамал Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкованын үйүндө жашап калганда атам алардыкына көп каттай баштаган.

Үй-бүлөсүн алып кеткенге да, карьера жасаганга да жетишти. Эң бийик, улуу наамдардын баарын алды, Жамал Сейдакматова деген ысымды азыр бүтүндөй кыргыз билет.

Сүйүн Кулматова, “Супер-инфо”, №586 24-январь-30-январь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий