Зулпукор күмбөзү

kumboz

Жаңы миң жылдыктын башында Кыргызстандын тарыхы байыркы жана бүгүнкү этностордун келки турмушунун  күкүмдөрүнөн, диний жана тарыхый эстеликтерден кайра түзүлүп жатат. Өзүнүн ата-бабасынын жеринде жашаган ар бир кыргыз өз жолун такай издеп келет жана көзү өтүп кеткен муундардын баалуулуктарына кайдыгер карай албайт.

Чыңгыз Айтматов, 2007-жыл,  август айы, Бишкек шаары

Редакциядан: Макаланын автору Т.Мамбеталиев Зулпукор тууралуу ѳз изилдөөсүн көп жылдан бери архивдик  материалдардын, илимий эмгектердин, фактылардын жана эл оозунда сакталган уламыштардын негизинде жүргүзүп келет. ММКда макалалары жарыяланган. 2009-жылдын июнь айында Зулпукор тууралуу чогулткан материалдардын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестринде катталган.

Изилдѳѳлѳрдѳгү болмуштар, имиштер

Талас өрөөнүнүн өйдөңкү бөлүгүндө, Кыргыз кырлары менен Талас Ала-Тоосунун ортосунда Каракол суусу миндеген жылдар бою ийри-буйру нук салып, өз өкүмүн жүргүзөт. Ушул суунун жээгинде Кыргызстандын бирден-бир кызыктуу архитектуралык курулушу – Зулпукор күмбөзү жайгашкан. Ал эски бейиттердин астындагы жандоодо, Талас-Суусамыр жолунун капталында 1,5 чакырым, Арал айылынан түштүгүрөөк Сары-Булак чөлкөмүндө заңкайып турат.

Биздин күндөргө чейин жеткен Зулпукор күмбөзүнүн оозеки таржымалы атайын адистер, чыгыш таануучулар, илимий кызматкерлер, динаятчылар тарабынан өзгөчө археологиялык-архитектуралык жана тарыхый окуп-үйрөнүүнү талап кылат. Биринчи жолу Зулпукор күмбөзү тууралуу маалымат менин билишимче, 1982-жылы Талас өрөөнүндө жайгашкан тарыхый, археологиялык жана архитектуралык эстеликтердин (400 гө жакын) тизмесинде кездешкен. Мурда бул күмбөз мазар өңдүү курулма катары эсептелинип, Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тарых институтунун кызматкерлери тарабынан 1988-жылы гана текшерилген. Алардын жыйынтыгы боюнча, Зулпукор күмбөзү Бабажди-Хатун күмбөзүнө (Казакстан Республикасындагы Тараз шаарынын четиндеги) жана  Баба-Гамбрадагы (Иран, Хорасан провинциясы) Ахмеддин күмбөзүнө (Х кылым) окшош. Ал эми фасаддын жасалгасы, кырдуу чатыр менен барабандын болушу Хорезмдеги (Хасан-и Саурани күмбөзү) эстеликтерге жакындашат. Бир сөз менен айтканда, Зулпукордун жалпы архитектуралык түзүмү Х кылымдагы Бабаджи-Хатун менен Баба-Гамбрадагы Ахмеддин күмбөздөрүнүн чечилиштерине чукул. Имарат В.Д.Горячева, С.Я.Перегудованын “Талас өрөөнүнүн тарыхый жана маданий эстеликтери” китебинде кеңири жазылганын белгилөөгө болот.

Менин жеке көз карашым боюнча, В.Д.Горячева менен С.Я.Перегудованын китебиндеги маанилүү маалымат – бул, Орто Азияда IХ кылымдан баштап, мусулман доорунун мезгилинде көптөгөн күмбөздөрдүн (Карахан, Айша-Бүбү, Бабаджи-Хатун ж.б.) курулуштары башталган. Бул күмбөздөр мусулман динаятчылардын кадырман өкүлдөрүнүн жана өкүмдарларынын ысымдарын, өзгөчө караханиддердин жеке бийлигиндеги биринчи каган – Багра-хан тарабынан исламды кабыл алгандан кийин урматтоого багытталган.

Зулпукор күмбөзүнүн аркасындагы жашыруун текчеден Кыргызстандын Маданият министрлигинин реставрация институтунун кызматкерлери араб тилинде жазылган текстти таап чыгышкан. Күмбөз 2003-жылы кайрадан кароодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын тарых институту изилдеп жазып чыкса, ошол эле жылы К.Табалдиев (Кыргыз Улуттук университети) менен Р.Бозер (Түркия) өздөрүнчө кароодон өткөрүшкөн. Бирок, булардын корутундусу купуя бойдон калган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын тарых институтунун кызматкери Б.Э.Аманбаева эсептегендей, Зулпукор күмбөзү болгону дубандык деңгээлдеги эстелик, аны республикалык маанидеги эстеликтердин Мамлекеттик тизмесине кийирүү жөнүндөгү маселе чечиле элек. Бул тарыхый таберик археологиялык-архитектуралык, тарыхый текшерүүдөн толук өткөрүүнү талап кылат. Ар тараптуу изилдөөлөрдүн натыйжасы менен гана күмбөздүн салынган убагын тактоо зарылдыгы бар.

Зулпукор күмбөзү эл ичинде ыйык жер, кылым карыткан мазар катары эсептелет, бул жакка Борбордук Азиядан зыяратчылар байма-бай каттап турушат, сакайгандар арбын. Ички ишенимде Зулпукор ата мазары тукумсуздук менен оору-сыркоолордон арылууга жардамы тиет деген пикир күчтүү. Бул жагдайда Талас дубанынын казысы Бает уулу Сатылган ажы өзүнүн “Алла көрсөткөн сырлар” китебинде, жазуучу Кушубек Качыбеков – “Бүргө баатырда”, өздөрүнүн кол жазмаларында жазуучу Э.Үмөтөв жана Б.Исаков (аалым, СССР Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Эл мугалими), ошондой эле Арал айылындагы жашамал тургундары күбөгө өтүшөт.

Тилекке каршы, акыркы убакка чейин Зулпукор күмбөзүнө бир дагы олуттуу иш арналган эмес, атүгүл Кыргызстанда анын маанисин, касиетин аныктаган, көрүнүктүү жарыяланган эч нерсе жок. Болгону жогорудагы авторлордун күмбөз тууралуу үзүл-кесил маалыматтары менен эл оозундагы бизге жеткен уламыштар гана арбын кездешет. Аларга кыскача кѳз чаптырсак, Зулпукордун тегерегиндеги бардык уламыштардын, болмуштардын, санжыргалардын жыйындысы бир гана мезгилге таандык, ал – Орто Азиянын исламдашуу учуруна арналган. Элдин эс тутумундагы эскерүүлөр бүкүлү Талас өрөөнү, анын ичиндеги Сары-Булак чөлкөмү (Арал айылынын жаны) Кыргызстандын орто кылымдык тарыхынан: ислам жоокерлеринин алгачкы жортуулдары, Кыргыз менен Казак жерлериндеги шаар-кыштактарындагы араб башкаруучуларынын иш-аракеттери, барган сайын ислам дининин күч алышы жөнүнөн кабар берет.

Динаятчылардын, жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча жана айрым авторлордун эмгектеринде Зулпукор күмбѳзү Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Аалыга тартуу кылынган кылычына арналып түптөлгөн болсо, дагы биринде пайгамбарыбыздын төрт жөкөрү же чалыярлары – Абубакирдин, Омордун, Осмондун жана Аалынын урматына тургузулган делинет. Кош миздүү, ачакей учтуу Зулпукор кылычы Сары-Булакта болгон кыргында сынат да, анын сыныгы түшкөн жерге күмбөз курулганы айтылат. Ал эми Бектур Исаковдун аныктоосу боюнча, бул күмбөз имам Аалынын тукумдары тарабынан ислам дининин жеңишин даңаза ирээтинде салынган катары далилденет.

Ошондой эле, Эрмек Үмөтовдун (жазуучу, Талас облустук гезиттин редактору) “Зулпукор күмбөзү ислам дининин киргизилишинин көрүнүктүү эстелиги” деп аталган кол жазмасы көңүлдү бурат.  Мында араб колбашчысы Зияд-ибн-Салихтин Талас өрөөнүндө каапырлар менен кырчылдашкан кармаштагы эрдиги жөнүндө сөз болот. Бул согушта белгисиз бир эр жүрөк сахаб Зулпукор кылычы менен жети кытай баатырынын башын алганы, андан соң өзү жарадар болгону тууралуу баяндалат. Ал өлүм алдында Зулпукор кылычынын негизги өзөгүн Аравиядагы аялына жибертет да, ал эми экинчи бөлүгү (сыныгы) өзү менен кошо көмүлөт. Бир канча мезгил өткөндөн кийин колбашчынын жубайы 73 жаш курагында Аравиядан 100 төөгө топурак жүктөтүп келип, ушул Зулпукор күмбөзүн курдурткан экен.

ХХ кылымда мусулман дүйнөсүнө өтө таанымал, Ташкент шаарында жашаган динаятчы Алихан төрө (Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Али-ибн-Абуталибдин отуз жетинчи урпагы) каапырлар менен кандуу кармашта шейит кеткен 12 миң ислам жоокерине Талас өрөөнүндо куран түшүрүп кеткени белгилүү. Ал эми, туркестандык динаятчы Майкадам, Б.Исаковдун “Зулпукор күмбөзү жөнүндө” кол жазмасында белгиленгендей,  Зулпукор күмбөзүнүн алдында каапырлар менен болгон кыргында 12 кырдан учуп өтүп жерге түшкөн Азирети Аалынын кылычынын сыныгы жатат деген бүтүм чыгарылат.

Мындан башка да болмуштар, имиштер арбын, бирок алардын көбү менин көз  карашымча, анча мааниге ээ эмес жана ошол доордогу, мезгилдеги окуялардын дааналыгы менен нукуралыгын чагылдыра албайт.

Зулпукор кылычы тууралуу учкай маалымат

Зулпукор (“Зу-ль-Фикар”) кылычынын тарыхына кайрылсак, бул сыйкырдуу, касиети күчтүү кылыч Адам Атанын кылычы болгон, андан Мухаммед пайгамбарга ѳткѳн деген болумуштар кездешет. Дүйнѳгѳ, ѳзгѳчѳ ислам алкагына белгилүү Зулпукор кылычы Мухаммед пайгамбарыбыз тарабынан өзүнүн күйөө баласы Али-ибн-Абуталибге (Фатиманын эри) берилген. “Зу-ль-факар” ыйык кылычтын сыйкыр жөндөмү бар жана ал ыйыктын ыйыгы эсептелинип, мизиндеги “Аалыдан башка баатыр жок, Зу-ль-Фикардан бөлөк кылыч жок” деген жазуу дайыма кайталанып турганы эл арасында аңыз (Фазуллах Компанинин “Имам Али” китебинен). Тарыхчылардын айрым маалыматы боюнча Аалы “Зу-ль-Фикар” кылычы менен Бадр, Ухуд, Баши Надир, Ахзаб (Хокдак), Хейбар, Хунайн, Таиф ж.б. жерлерде согуштарга катышкан. Ислам Пайгамбарынын учкул сөзү элге белгилүү: ”Эгерде Аалынын кылычы болбогондо, ислам дини жеңмек эмес”.

Орто Азияда Мухамеддин Зулпукор кылычы жөнүндө уламыштар айтылып жүрөт. Алардын бири орусиялык этнографиялык музейдин улук илимий кызматкери Денис Шереметьевдин сөзү боюнча мындайча айтылат:  “Аалынын кылычы айкын чөлкөмдө, тоо койнунда илинип турат. Качан гана ислам дүйнөсүнө коркунуч келген кезде, Аалынын өзү пайда болот да, кылычын алып, коргой баштайт”. “Зу-ль-Фикар” (Джуль-Факар, Дуль-Факар) кылычынын аталышын орус тилине түзмө-түз которгондо “Көзөп өтүүчү” (Пронзитель), “Бөлүп таштоочу” (Рассекатель) деген маанини берет (В.Ирвинг “Мухамеддин өмүрү”, ХVII бөлүм). Бүгүнкү күндѳ, “Зу-ль-Фикар” кылычы ислам дүйнѳсүндѳ кеңири белгилүү, мамлекеттик символикада кездешет, анын аты аскер бѳлүктѳрүнѳ да берилген. Бул кылычтын кѳчүрмѳсү Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы музейинде жайгашкан.

Кылыч Манас атага таандыкпы?

Акыркы мезгилде, изилдөөлөр тереңдеген сайын, Зулпукор кылычы Манас Атага таандык деген ишеним туюму менде пайда боло баштады. Анткени, бүгүнкү күндө Манасты тарыхый инсан катары карап, баалаш керек деп айтыла да, жазыла да баштады. Буга мисал, Темирбек Токтогазиевдин “Айкѳл Манас” китеби,  анын “Таластагы айкашта кыргыздар болгонбу?” макаласындагы далилдүү аргументтери, эң башкысы Зулпукор кылычынын 751-жылдагы Талас согушуна Семетей атабыздын колунда катышкандыгы, “Манас” эпосунда Зулпукор кылычын Бөлөкбай уста жасагандыгын, Манас атабыз өлөр алдында “Касиеттүү Зулпукор, Каныкей илип койчу башыма” деп өтүнгөнүн ким тана алат. (Кусеин Карасаев “Камус наама”, 1996-жыл).

Кызыктуусу, Зулпукор кылычы ушул мазар турган жерде жасалгандыгы, сынгандан кийин, эч жерден бүтөй албай, кылычтын сынык бөлүгү Зулпукор Ата мазарында калгандыгы тууралуу жана төмөнкү ыр саптары Улукман Атанын айтуусунда болду деп экстрасенс Жакыпбеков Нишараттын айтканы да көңүлгө татырлык:

“Кыйкырып жоого киргенде,
Уюл сымал тийгенде,
Чоктой болуп кызаргын,
Кырк арыш жерге узаргын.
Көздөгөндү койбогун,
Кызыл канга тойбогун.
Фалег абам колдосун”.

Зулпукор Ата мазарын, менин көз карашымча, энергия булагы (сакральность) катары кароо керек, эзотерикалык багытта изилдөө керек. Бул тууралуу кийинчерээк кенен сөз кылсак…

Кыскача жыйынтыктап айтканда, жогорудагы жазылгандардын негизинде Талас өрөөнүндөгү диний жана  тарыхый эстелик катары Зулпукор күмбөзүн калыбына келтирүүнү максаттуу деп эсептейбиз. Мындан тышкары, мамлекет, чет элдик жана кыргызстандык адистер биргелешип археологиялык казууларды сөзсүз жүзөгө ашырып, тарыхый, эзотерий окуп-үйрөнүүнү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле, кеңири ыйман-үгүт иштерин, ачык-айкын иш чараларды (эл аралык симпозиумдарды, үйрөнүмдөрдү, китеп чыгарууну, тасма тартууну, Манас таануу окууларын жана жарыялоолорду уюштурууну, турмуш шарт түзүмдөрүн өнүктүрүүну ж.б.) жолго кою керек. Мунун түпкүрү – аталган жерди адамзаттын маданиятын, жан дүйнөсүн, энергия талаасын тазалоочу жерге айлантууда турат.

Тилекке каршы, Зулпукор күмбѳзүнѳ тиешелүү мамлекеттик түзүмдѳр жеткиликтүү кѳңүл бурбай келет. Айрым саясатчылар, ѳзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, ѳзгѳчѳ шайлоо мезгилинде, оңдотом, изилдетем, ыйык жайга айландырам деген кур убадаларды берип келет. Чын дили менен берилип аракет кылгандардын аздыгы ѳкүндүрѳт. Зулпукор күмбѳзүнүн бүгүнкү абалы, климаттык шарттын таасири менен урап, барган сайын калыбын жоготуп бара жатканы ар бир мекенчил кыргыз баласын ойлондуруп, бир жыйынтыкка алып келээрине терең ишенем!

Биз эски Зулпукор күмбөзүн алдын келишинче изилдөөгө алып, анын жаралышынан жүздөгөн жылдар өтсө да, элдин эсинен чыгып кеткендерди кайтарып берүүгө тийишпиз. Өткөндүн пардасын көтөрүп, күмбөздүн тарыхын тактап, эстеликке өзүнүн тарыхый атын берүү – ар бир чыныгы кыргыздын милдети.

Р.S.: Зулпукор күмбөзүн изилдөөгө жана кайра калыбына келтирүүгө кызыккан сүрөөнчүлөр сөзсүз чыгат деген ойдобуз. Зулпукор күмбөзү, Зулпукор кылычы, Зулпукор Ата мазары тууралуу изилдөөлөр мындан ары да улана бермекчи. Маалыматы барлар редакцияга кабарлап коюшса, анда ишибизге чоң көмөк болор эле.

Таштан МАМБЕТАЛИЕВ,
 улуттук коопсуздук кызматынын
жана финансы полициясынын запастагы полковниги,
«Көк асаба»

Соц тармактар:

Добавить комментарий