Токсон күн бою Манас айткан манасчылар

2013-жылдын июнь айында манасчылар «Айкөл Ааламы» телеберүүсүнө тартылуу үчүн Таласка, Манас Ордого чогулуп барышкан. Ал иш-чара аяктап калган кезде манасчы Улан Исмаиловго чоң аян түшөт. Ошентип, кыргыз ичинде бул тууралуу укканы бар, укпаганы бар, атайы ниет коюп барып келгени бар, укса да маани бербегени бар — бирок, эң негизгиси, биздин манасчылар ата-бабалардын аянын аткарып, берген тапшырмасын жасап, Манас Ордодо токсон күн — 9-июндан 17-октябрга чейин манас айтышты. Мындай руханий терең иш-чараларга бийликтегилердин маани бербестигине коомчулук көнүп деле калган. Болбосо, үч ай бою үй-жайынан алыс үй-бүлөлөрү менен чогуу Манас Ордодо жашап, Улуу күчтөрдүн тапшырмасын дыкат аткаруу оңой эмес. Анткени, үч айдын жатагы, тамак-ашы, манас айтуу үчүн атайы боз үйдүн тигилиши кандай болот деген да санаркоо турган. Бул күндөрү башка өлкөлөрдөн, Россия, Түркия, Өзбекстан, Кореядан Манас Ордого келген туристтер да Манас угушуп, манасчыларды сүрөткө тартып алып кетип жатышты. Ал эми үч айлык чоң колдоону ким көргөзгөнүн, карапайым калк кандай тирек болуп бергенин гезитибиздин кийинки сандарында сөз кылалы да, бүгүн манасчыларыбыздын баянын тыңшайлы.

— Алгач, чоң аян келген күн тууралуу айтсаңыздар?

ulanУлан ИСМАИЛОВ: — Телеберүүгө тартылабыз деп Манас Ордодо жүргөндө түш көрдүм. Түшүмдө баламды көтөрүп алып Манас атанын күмбөзүнө кириптирмин. Кирсем эле ичинде бир киши олтурат. Аны менен саламдашканымда, ал: «Мен Балыкмын, Манас айткан» деди. Анан эле ойгонуп кеттим, карасам таң атайын деп калыптыр. Кайра уктап калдым. Эртең менен турганда жанагы түшүм тууралуу таптакыр эстеген жокмун. Телеберүүгө тартылуу кезеги меники түшкү саат 12де эле. Ага чейин Рыспай, Дөөлөттөр тартылмак. Мен баламды көтөрүп алып ары-бери бастым. Элдин баары Кароол Дөбөгө чыгып кетишиптир. Жалгызсырап балам менен күмбөздүн жанына барсам, күндө бекилип турчу күмбөздүн эшиги ачык экен. Баламды көтөргөн бойдон ичине кирип, бир сыйра айланып басып, куран окуп кайра чыгып кеттим. Анан саат 12де Манас айтып жатып эле бир нерсе боло баштадым. Ошол боюнча эмне болгонун билбейм, эсиме келсем, мени баары тегеректеп туруптур. Эсимди жоготкондо сүйлөнүптүрмүн, аны өзүм билбейм. «Сен Манасты 14 муунга жеткирип айтасың, айтпасаң сууга чөктүрөм деп атышат, ботоңдун күнүн көрбөй каласың дешти» деп айтыптырмын. Өңүмдө жулунуп, качыптырмын. Эсиме келгенимде Рыскем мени жоошутуп жатканын билем, Дөөлөт болсо жанымда Манас айтып жатыптыр.

ryspaiРыспай ИСАКОВ: — Уланга «90 күн Манас айтасың» деген аян түшкөндө көзү жанып, эти ысып, абдан кыйналып жатты. Мен анын тамырын кармап туруп Манас айттым. Бир топ убакыттан кийин гана араң өзүнө келди, бирок көзү менен көзүмдү тиктештирип карайын десем, көзү токтобойт, адамды тике карабайт, «Балык ата минтип айт деди» деп эле сүйлөнүп атты. Менден кийин Дөөлөт Манас айтты, ошентип кезек-кезек менен Манас айтып жатып, акыры Уландын көзү менен дал тиктешкенден кийин эс ала түштү. Анан өзүнө келген аян боюнча кабарлап, Манасты 14 муунга чейин кантип айтыш керек деп түйшөлүп маселе койгондо, «санааркаба, аны минтип эле айтабыз» деп мен ошол жерден Манас айта баштадым. Бул эми бир чети күлкүлүү, бир чети таңкалычтуу окуя болду. Ал жерде Кубанычбек Алмабеков, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Бакыт Романов болуп олтурдук эле. Анан мен бир убакта токтодум. Төртөө тең таң калыштуу көз караш менен мени карап, түшүнбөй калышты. «Эмне болду?» деп сурадым мен дагы таң калып. Көрсө, саптардын 14 мууну эмес, Манас баатырдын 14 урпагына чейин айт деп берилиптир аян. А мен 14 муун кылып кантип айтканымды, кантип обонго салганымды өзүм да билбей калыптырмын. Азыр мисалы, ошондогудай кылып 14 муун менен айта албайм. Ошентип, манас айтууну баштап, 1 жума жалгыз айткандан кийин катуу ооруп калды да, Бишкекке ооруканага алып баруу зарыл болду. Биз, калган манасчылар жүгүңдү көтөрүп туралы деп Манас айта баштадык. 24 күндөн кийин Улан ооруканадан чыгып, кайра келди. Анан баарыбыз убакыт-убакыт менен айта баштадык. Негизинен үч ай олтуруп айткан үчөөбүз болдук. Башка манасчыларыбыз келип-кетип турушту. Ал эми алардын ичинен Камил …. баардык кызматыбызды аткарып, оокат-жүгүбүздү аркалап, бизге кам көрүп, эң чоң жардам берди.

— Бул үч ай сиздерге, сиздердин ички кубатыңыздарга эмне берди?

doolotДөөлөт СЫДЫКОВ: — Үч ай Манас айтуу абдан чоң таасир тийгизди. Себеби, буга чейин Манас айтабыз деп ойлоп эле жүрүпбүз, чакырган жерге барып эле 1 саат же ага жетпеген убакытта Манас айтып койчубуз. Көрсө, Манасты көп-көп, узакка-узакка айтыш керек экен. Манас Ордодон эркин, кенен убакытта айтып жаттык. Үч ай ичинде көп нерсени билип, туйдук, Манастын биз үчүн болгон ыйыктыгы артты.

Рыспай ИСАКОВ: — Үч ай ичи көп нерсени берди, биринчиден, өзүбүздү өзүбүз таанып-билүү жагынан көп маалымат алдык. Мен минтип баштан-аяк тынбай олтуруп айтып көргөн эмесмин. Ар бир күндү улап айтуу буга чейин болгон эмес. Күнүгө айтканда окуялардын тизмектелишине, ыраатталышына, ошол окуялардагы артыкчылыктарга, кемчиликтерге шашпай ойлонуп баам салып, мен кайсы жерин жакшы айттым, кайсы жерин жаман айттым деп өзүңдү күнүгө талдайт экенсиң. Күнүгө айтканда тилиң жатыгат экен, үнүң дасыгат экен. Ошентип, күнүгө өзүмдү сыдыргыдан өткөрүп жаттым. Бул үч ай бизге ушундай жакшы шартты түзүп берди.
Мындан тышкары, мурунку өткөн манасчылардын кадырын, алардын табиятын түшүнүүгө мүмкүндүк түзүлдү. Себеби, алар бүтүндөй өмүрүн Манаска арнаган, ал эми өмүрүн Манаска арнаган жашоо кандай болот, жана жалаң көртирлик менен жүргөн жашоо кандай болот даана билдик. Анткени биз ушул өткөргөн үч айга чейин деле, андан кийин деле көртирлик менен алектенип жүрөбүз, бул эч кимге жашыруун эмес. Үй-бүлөнү бакканга кантип нан табыш керек, балдарды мектеп-бакчасына кантип жибериш керек жана башка ушундай маселелелр менен күн өткөрүп жатабыз манасчылар. Ал эми жалаң Манаска жашоону арноо бул таптакыр башка нерсе.

Улан ИСМАИЛОВ: — Таластагы Манас айтуу чынында күтүүсүз болду. Ага жеке даяр эмес экенимди түшүндүм. 90 күн айтылгандан кийин, буга чейин Манастын 1000 барагынын 1 барагын толук ача албаганымды түшүндүм. Манаска болгон сый-урмат, көз караш, жоопкерчилик бекемделди, мамилем мурдагыга караганда дагы да жогорулады. Буга чейин көп маани бербеген сырларын ачып, сабак алдым. Манас айтып жатканымда бир күнү жакшы айтсам, эртеси ачыла албай кыйналып жаттым. Жеке өзүм үчүн чоң тапталуу болду. Улам-улам кайталамадан качып, олуттуу сөздөр чыга баштады. Илгерки манасчылардын мыкты болгондугу ушундан деп байкадым. Себеби алар талапка ылайык көп жерде манас айтып, жеке өмүрүн Манаска арнаган. Биз бир күнү Манас айтсак, 5 күн көр оокат менен алектенип калып жатпайбызбы.

— Сиз аян алаар менен ооруп калыптырсыз, 24 күн ооруканада жатканда кандай диагноз чыгарышты?

— Доктурлар диагноз чыгара алышпай көп убара болушту. Бир күнү бир укол сайса, эртеси ал жарабай башка укол сайып жатышты. Так диагноз чыкпаса да, өтө жакшы болуп кетпесем да, доктурлардын колунан саламаттыгымды чыңдап, чыгаарым менен дароо Таласка жөнөдүм. Баргандан кийин да бир жумадай Манас айта албай алсырап жаттым. Ал эми Манас айтуунун мөөнөтү бүтөрүнө 3-4 күн калганда уулум ооруп калды. Ал да аябай арыктап, мына эми гана киши боло баштады. Ушунун баары Манас дүйнөсүнүн кандайдыр бир касиетинен улам болду.

— «Манасты» кино тасмасына тартуу боюнча кайчы пикирлер айтылып келет, колдогондор да, каршы чыккандар да көп. Сиздердин жеке пикириңиздер кандай?

Рыспай ИСАКОВ: — Мындан кийинки урпактарыбызга Манас дастанын калтырып кетүү үчүн кинотасма тартуу керек деп эсептейм. Азыр кино тартайын деген режиссёрлорго макулдук бергенибиз, ошол киного кошкон биздин салымыбыз болот. Себеби «Манас жөнүндө тасма тарта берелиби?» деп бизден сурап келишет, макулдук бериш керек деп ойлойм. Албетте, Манастын ыйыктыгын сактайлы, бирок, кино тартуучуларга бут тоспойлу, кандай тартылаарын байкайлы, ал тасма элге кандай таасир берээрин билели. Азыркы учурда элдин көбү Манас айтылганда укпайт, ошондуктан тасма тартылса, мыкты болсо, андан ары жашоосун дастаныбыз жакшы улантып кете алат.

Дөөлөт СЫДЫКОВ: — Манастын кино болуп тартылышына мен каршымын. «Ыйык нерсе — туюк болот», ал эми Манас атаны, Бакай атаны, кырк чоро аталарды кино кылып тартканда аларды сизге же мага окшогон кадимкидей киши кылып көрсөтүү туура эмес деп эсептейм. Анткени ал кишилер сиз менен мага окшобогон барааны артык, карааны сүрдүү, ааламды буй кылган адамдан артык күчкө эгедер эрендер. Кино албетте мен элестеткендей тартылбайт. Анан ошол болбогон кино Манастын баасын төмөндөтүшү толук мүмкүн. Антип тартылса, кинону көргөн балдар, кийинки муун, өсүп келаткан урпак Манас атаны, улуу баянды сыйлабай калат. Баркын билбей калат.

Рыспай ИСАКОВ: — Оң нерсе жаралуу үчүн терс нерсенин таасири күчтүү болот. Баардык нерсе мезгил өткөндөн кийин өзүнөн өзү иргелип, таразаланып, мыктысы тандалат. Ошондуктан мезгилден өткөн калыс тараза жок деп айтылат. Биринчи тартылган тасма начар болсо, экинчи тасма андан бир канча жакшы сапатта чыгат. Мезгилдин агымы, мыйзамы ушундай. Биз акыры улуттук баалуулуктарды жарыялашыбыз керек да. «Таранчыдан корккон таруу айдабайт» дейт. Элди коркутуп алабыз, үркүтүп алабыз, же болбосо эл туура эмес ойлоп калат деп жатып, алардын Манас дүйнөсүнө кирүүсүнө тыюу салып жатабыз. Көч жүрө-жүрө түзөлөт дейт, Манас дүйнөсүн киного тартуу үчүн азыртан аракет кыла башташыбыз керек. Тасманы албетте биринчи тартууда эле мыкты тарта алышпайт. Бирок, эртең бүгүнкүдөн жакшы, бүрсүгүнү андан да жакшы кылып тартышат. Андыктан Манас дүйнөсүнө жалпыбыз киришибиз керек. Бирөө тартам деп келсе, ага колдоо көргөзүп, жардам беришибиз абзел. Мульфильмби, кинобу тартылса, «начар экен, шылдыңдап салыптырсың» дегендин ордуна, бул тасманын балдарга кандай таасири тийип жатат деген суроону ойлонушубуз керек. Каалайбы-каалабайбы, бала көзү менен көргөн нерсесин эсине сактап калат. Албетте, тартылган тасма биздин көңүлүбүзгө толбойт, бирок Манас менен тааныштыгы жок адамдар үчүн чоң жаңылык болот. Мисалы, биз чоң деңизде киринип жүрөбүз, а элдер бир кашык сууга жетпей суусап жүрүшөт. Манастын тасмасы да ошол суу сыяктуу азыр элге абдан керек. Кино тартылса эле Манас бузулат деген ойдон алыс бололу. Мисал келтирип кетсем, гректер биздин өлкөдөн да кичинекей өлкө. Бирок алардын мифтерин дүйнөнүн баардык булуң-бурчундагылар билет. Кудайлар жөнүндө ар түрдүү кинолорду тартышты, бирок элдер Кудай ушундай экен деп элестеткен жок, болгону алардын акылын, аруулугун таанып жатышат. Тасмадан грек актёрун тааныбай эле, гректердин маданиятын таанып жатышат. Эмне үчүн биз Манасты тартып, маданиятыбызды дүйнө элине таратсак болбойт? Биздин балдарыбыз азыр Батыштын мультфильмдери менен тарбияланып жатышат. Биз балдарыбызды Манастагы көрүнүштөр, окуялар менен тарбиялашыбыз шарт. Фильмди көргөндөн кийин балдарда кызыгуу пайда болуп, Манас китепти өздөрү издеп, Манас угууну каалай башташат.

Дөөлөт СЫДЫКОВ: — Манастын касиетин билип, ыйыктыгына чын эле ишенген киши тасма кылып тартпайт. Манасты түздөн-түз кино кылып тартуу туура эмес деп ойлойм. Сөзсүз эле кино кылып эмес, китеп кылып чыгарып да таратса болот. Кичинекей балдарга, жаш муундарга Манасты жайылтуу үчүн бала бакчаларга Манас сабагын киргизип, атайын сүрөттөрү менен жеткинчектерге ылайык кылып китептерди чыгаруу керек. Эгер тасма тартсак, Манасты кордоп алабыз. Анчалык эле тартам дегендер болсо, кенже эпос, дастандар, тарыхый окуялар, Манас атадан кийинки баатырлардын жортуулдары толтура. Мына ошолорду тартышсын. Ошол окуялар аркылуу деле Манастын улуулугун, ыйыктыгын чагылдырып берсе болот.

Улан ИСМАИЛОВ: — Манас атанын касиет-кудурети чексиз. Арбагы тирүү баатыр кыргызды дайым колдоп, багыттап, жол көрсөтүп турат. Ошондуктан биздин азыркы талашыбыз туура эмес деп ойлойм. Анткени анын жообун да кези келгенде Манас ата дээрге салат. Тартам дегендер жулунбай эле койсун, тарттырбайбыз дегендер күйүп-бышпай эле койсун. Айкөлдүн салган багыт агымында баардыгы өз жолу менен боло турган нерсе.

— Кыргыз элинин абалы боюнча айтып кетсеңиздер?

Рыспай ИСАКОВ: — Учурда, «Биз укмуш улутпуз! Кыргыздар улуу элбиз!» деп куру кыйкырык менен чыккандар көбөйүп кетти. Ооба, укмуш болгонбуз, кыргыз кыйын эл болгон, улуу эл болгон, Азиянын аймагын бүт ээлеп, Батыш менен Чыгышка ат ойноткон. Бирок анын баарын бабалар жасаган. Биз эмес, бабаларыбыз кыйын болгон.

Азыр эл — улут үчүн күйгөн эр-азамат адамды күтүп жатат. Бирок күтүп эле жата бербей, эл өзү татыктуу муун тарбиялаганга аракет кылышы керек. Анан калса элдин өзү да ээн баш болуп кетти, колунан келеби-келбейби, айтылып жаткан ишти түшүнөбү-жокпу, баары эле аралаша берет. Ар ким өз милдетин, жумушун так аткарбай калды.

Ал эми жаш муундардын арасында калыстыкка, мекенге кызматын, күч-кубатын берүүгө даяр жаштар тарбияланып келатат, өздөрүн өздөрү тарбиялап жатышат. Бүгүнкү терс көрүнүштөрдү, терсаяк саясатчыларды көрүп, «биз өлкөгө адилеттүүлүктү орнотсок» дегендер өсүүдө, ошону кыялдангандар көп. Жаштар бул боюнча ойлоно баштадыбы, демек, эртели-кеч ушул нерсе жасалат деген сөз бул. Буйруса, ошолордун бүгүнкү ою — эртең ишке аша турган нерсе. Элди бириктирип журт башында адилеттүү башкаруу жүргүзүшкөн ошол Кошой ханды, ошол Бакай ханды, ошол Манас Баатырды тарбиялаганга баратабыз учурда. Жакшыны асмандан түшөт деп күтпөй, колубуздагы жаштарга туура тарбия берсек, алга карай жылабыз.

Улан ИСМАИЛОВ: — Казактын эркин талдоочусу минтип жазыптыр: «Кыргыздарга суктансак болот, себеби, алардын дүйнөлүк карызы 3 миллиард эле, андан сырткары кыпчак-чагатай тилдүү элдердин жалпысына таандык болгон үч чоң дөөлөттү өздөрүнө каттатып алышты, алар: акындык, кийиз-шырдак, «Манас». Дагы айта турган болсок, кен байлыктарынын көбүн чет элдик инвесторлордон түрдүү шылтоолор менен кайра кайрып алышты, а биз 50%дан ашык кен байлыгыбызды алдырып жибердик. Анан кыргыз эли биринен-бири озбой тегиз байып келе жатат, мунун өзү ушул элдин келечеги бар экендигинин далили. Ал эми жаштар маселесинде кыргыз элинин жаштары салттык адептүүлүктөн анчалык алыстай элек. Биздин жаштар болсо бардарчылыкта чартаңбай тээп көөп кетишти. Адепти мындай кой, көпчүлүгү туура эмес жолдорго түшүп кеткендер» деп. Кайсы бир деңгээлде бул талдоочунун айткандарына кыргыз үчүн кубанасың. Бирок, дагы да көп аракеттер, жакшыруулар албетте зарыл болууда.

Рыспай ИСАКОВ: — Эми бүгүнкү өнүгүүлөрдүн алдында болуш үчүн кыргыздар башка элдердин алдында жүрүшүбүз керек. Ал үчүн бабаларыбыздын тарыхын билишибиз абзел. Азыр бабалардын тарыхын билгендер өзүнчө, билимдүүлөр өзүнчө болуп, бири-бири менен байланышпай жаткандыктан, улут да өнүкпөй жатат. Билимдүүлөр кечээгини эмне кыласың, бүгүнкү менен жашаш керек десе, бабалардын тарыхын билгендер болсо азыркы зарыл нерселерди эске албай жатышат. Бабалар жолу дегендерге билимдүүлүк, билимдүүлөргө бабалар жолу деген жетишпей жатат.

Биздин ата-бабаларыбыз абдан кыйын, көсөм болушкан, баардык өнүгүүнүн алдында жүрүшкөн. Кыргыздар темир дооруна биринчилерден болуп киришкен. Демек, технологиянын алдында жүргөн деген сөз. Азыркы күндүн кыргыздары болсо эмне үчүн бабаларыбыздай болуп өнүгүүнүн алдында жүрө албай жатабыз, ушуну чечүү керек.

Улан ИСМАИЛОВ: — Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат, Чоң Казатка баргандагы биздин баатырлардын курал-жарактарын кытайлар көрүп таң калышкан экен. Ошол кездеги эң алдыңкы мыкты курал-жарактар кыргыздарда болгон. Ошондогу баатырлардын соот-чопкуту, курал-жарагы эле эмес, кийим-кечеси да эң сонун болгон. Бул ошол учурдагы кыргыздардын темир иштетүү эле эмес, кийим-кече тигүү боюнча да алдыда болгондугунан кабар берип турат, болбосо, өзүлөрүнөн жибек чыккан, не деген шумдук өнөрү бар Кытайды таң калтыруу оңой эмес да.

— Маегиңиздер үчүн чоң рахмат!

Кымбат ЖОЛДОШЕВА, «Көк асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”)
Манасчылардын сүрөттөрү «Айгине» маданий-изилдөө борборуна таандык.

Соц тармактар:

Добавить комментарий