Кубанычбек Эсенбаев: «Анжиян полькасы» деген бий да кыргыздардыкы болгон

k_esenbaev

Учурда «Кара жорго» бийи популярдуу болуп, белгилүү журналист Кубанычбек Эсенбаев бул бийди калың элге жайылтуучулардын көч башында келе жатат. Бий изилдөөчү катары кыргыздардан талашкан казактарга тарыхый фактылар менен далилдеп берем деп жүргөн мекенчил агабыз менен бул бийдин айланасында маек кылдык.

— Кубаныч мырза, «Кара жорго» бийи учурда популярдуу болгону менен «кыргыздыкы, казактыкы» деген талаш болуп келет. Негизи кыргызда ушундай аталыштагы бий болгонбу?

— «Кара жорго» десек кыргыздын бир эле бийи болгон деп түшүнүп алуубуз мүмкүн. Кыргызда ийин бий, сынма бий, кара бий, жан бий, жинди бий, талма бий, так-теке, бакшы бий сыяктуу санай берсе аягы көрүнбөгөн бийлердин түрү көп. «Кара жорго» деген бул болгону бир күүнүн аталышы. Ал эми «Кара жорго» деген ат менен таанылып баратканы – бул кыргыздарда, казактарда эл арасында ушундай ат менен кабыл алып жатканында окшойт.

— Сиз акыркы жылдары кыргыздын улуттук бийлерин изилдөө, жайылтуу иштерине катуу киришип калдыңыз. Эмнеден улам бул ишке кадам таштадыңыз?

— Тойлорубузда башка улуттардын бийлерин бийлейбиз, кыргыздар улуттук бийин заманбап кандай бийлейт десе көргөзө албай жатканыбыз уят болуп жатат. Чет элдик досторум сураганынан кыргыздын бийин көрсөтүп бере албай уят болгон учурларым болгон. Ошол себептен өзүмө сөз бергем. Кайсы кыргыздан сурабасын тура калып улуттук бийибизди бийлеп бере турган, лезгинкадай белгилүү боло турган деңгээлге жетүүгө салым кошом деп максат кылып койгом. Кыргыздын бийин бийчилер эле бийлеп, анан ага башкалардын тиешеси жок деп айтуу жаңылыштык деп ойлойм. Бүгүнкү күнгө чейин этно-бийди изилдеп, маани берип, өнүктүрүп, жандандыргандар болбой келгени өкүнүчтүү. Андыктан маданий-агартуу кызматкерлери, дегеле улуттук маданиятка күйгөн адамдын иши болгону туура деп эсептейм. Жакында эле Кыргызстанга белгилүү коомдук ишмер, ишкер инсан кыргыздын бийин изилдегендерди колдоорун билдирип сынак жарыялайм дегени кубандырды. Бул деген ар ким кыргыз бийин изилдегенге укуктуу дегенди билдирет жана ошол ишке стимул берет. «Кара жорго» бийи массалык, ар бирибиз кубанычыбыз толгон той-торополордо бийленген бий, ал эми сахналаштырылып коюлган бий жөнүндө талаша албайм.

— Билишибизче кыргыздын бул бийи кытайлык кыргыздарда сакталып калыптыр. Кыргызстанга алгачкы жолу ким алып келди?

— Кыргызстанга «Кара жоргону» улуттук бий катары жайылтуу демилгесин биринчи болуп Болот Дыйканбаев деген жигит алып чыккан. Анын зор салымын көпчүлүк эске алат деп ойлойм. Ал 2004-жылы «Санжыра» деген топ түзүп «Кара жоргону» биринчи болуп ырдап-бийлеп чыгышкан, алардын өздөрүнө жарашыктуу кыймылдары бар. Анын демилгесин колдодум. Биз КТРКдан кыргыздын «Кара жоргосу» жөнүндө ток-шоу уюштурдук, казактардыкы эмес биздики экенин айтып далилдерибизди келтирдик.

— Казактар бий биздики дебатпайбы, алардын далилдерин көрдүңүздөрбү?

— Кана эми казактын далилдери? Сексен жаштагы казак чал айтты деп коюп, аны далил катары берип жатышат. Эгер андай принципте далил келтире турган болсок, анда илимий негизи жок далилдер бизде толгон-токой. Айтсам, биздин айылдагы менин туугандарым бийлегени анык. Айылдаш аксакалдар, 80 жаштагы апам айтып бере алат. Казактар «Кара жорго» бийин бийлеп жатат деп көрсөткөн сүрөтүндө ар жакта отурган адам кыргыздын комузу менен ошол күүнү чертип жатканын көрдүк. Бул кайра эле бий кыргыздыкы экенинен кабар берип жатпайбы.

«Кара жорго» деген сөздүн мааниси бизде «накта», «анык», «мыктынын мыктысы», «чексиз» деп түшүнүп келишкен. Ал эми туускандарыбыздын маанисинде жоргонун түсүн гана айтып жатышканын билдим.

— Казакстанда бул бийдин кеңири жайылышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?

— Казактар да улуттук бийин таппай келгендиктен кытайлык казактар бийлеп жүрүптүр, демек, бул биздики деген сүрөөн менен эле элге таратууга мамлекет катуу киришти. Маданиятына жакшы көңүл бурган президент мамлекеттик, жеке каналдарга тапшырма берип колго алды. Казакстанда жеке каналдардын баары президенттин кыздарына таандык болгондуктан, эртең мененки көнүгүү жасоо сыяктуу эле «Кара жорго» бийин бийлөөнү кадимкидей күн сайын үйрөтүп жатышты. Негизи, президент адам маданиятка өзү дагы жакын болбосо жөнөкөй адамдардын тыбырчылай бергени эч нерсе чечпейт экен. Мисалы, казак президенти домбрасын колго алып ырдап деле коет. Чечен президенти качан болбосун лезгинка бийлейт. Бул жагынан мага Бакиевдин эл алдында бийлегени жакчу. Көпчүлүк туура эмес көргөнү менен мамлекет башчысы өзү баш болуп маданият иштерине аралашып үлгү көрсөтсө эл деле колго алып кетмек.

— Сиздин бий тармагына кызыгып калышыңыздын себеби эмнеде?

— Биз жаш кезде бийчилер ар кандай конкурстарга чет өлкөгө барып жүргөндөрүн көрүп, чет өлкөгө барып келүүнүн оңой жолу экен деген түшүнүк менен мен бий кружогуна катышып алгам. Ал эми «Кара жоргону» жайылтууга кызыгып калганым, бул улуттук бийди элге жайылтуу эле максаты. Чет өлкөлүк досторумдун арасында сыймыктана биздин деле улуттук бийибиз бар деп айткым келет. Өз максатыма жетип жалпы эл бийлеп калган деңгээлге жеткенде кайра эле өзүмдүн жай турмуштагы ишимди уланта берем.

— Сиз түзгөн «Кара жорго №1» тобу кандай максатта түзүлгөн?

— Мен ушул темада теледен берүү уюштургандан кийин бул бийди жайылтуунун жолдорун ойлоп жүргөм. Ошондо Асел Касмакунова деген журналист кыз мага кайрылып кара жоргону бийлейт элем деп калды. Мен анын бийлегендерин көрүп жакшылап үйрөн деп койгом. Бир айда үйрөнүп, өзү жарашыктуу кыймылдарды өздөштүрүп алыптыр. Анан аны баш кылып топ түзүп «Кара жоргону» ырдап-бийлеп баштадык. Музыкасы кыргыздын комузу менен коштолгону, патриоттук духту берген добулбасы, ырчы кыздын жагымдуу үнү көрк кошкондуктан, эл абдан жакшы кабыл алды. Бүгүнкү күндө Асел Касмакунованын ыры, бийи хит болуп чыга келди. Кийин досторум айтып калышты, «дагы бир ырчы «Кара жоргону» ырдап чыкты» деп, ал Мээрим Карыпова деген ырчы экен. Ырдаганы жакшы болуптур, бирок темпи жайыраак болуп бийге анча ылайык келбегендей сезилди. Клиптеги бийчилеринин башаламан, иретсиз кыймылдары бийге окшобой калгандай. Кыргыздын бийи жагымдуу келип, өзүнө тартып турса дейм. Асел Касмакунованын «Кара жорго» ырына бийи дал, шайкеш келип турганын баамдайсыз. 1924-жылы тартылган хроникада кыргыз жигити комуздун коштоосунда бийлеп жатканын баамдап көрсөңүз, бийинде кайталанган окшоштук, иретке салынган кыймылдары, катып калып жаткан позалары адамдын көңүлүн жетелеп өзүнө тартат. «Кара жоргону» бийлөөдө «Санжыра» тобунун өз почерки бар. Ал эми биз кыргыздын көпчүлүк бийлерине мүнөздүү кыймылдарды таап, ошолордон комбинация куруп кыргыздын «Кара жоргосун» чыгарып жатабыз. Топтогу Асел Касмакунова, Элмурат Майрамбек уулу жана Эркингүл Жаныш кызынын бий кыймылдары казактардыкына окшобойт. Булардын кыймылдары кыргыздын сынма бий, ийин бийинен алынды деп айтам. Каркырада 1924-жылы тартылган даректүү тасмага, «Өрүкзар баяны» фильминдеги эпизод жана улуу муундун көргөн-билген маалыматтарына таянып, ошолордун кыймылдарын негиз катары алып накта кыргызча бийлеп жатабыз.

— Азыр силер бийлеген бий казактардын кыймылдарынан айырмаланабы?

— Байкасаңыз керек, биздин кыймылдарыбыз казак туускандарыбыздан аябай айырмаланып турат. Биздин бийде аткаруу манерасы, өзгөчө берилип бийлөө, көз, каш менен коштоо айырмачылыктары бар.

— Негизи бул бийди талашкан көрүнүш токтошу мүмкүнбү?

— Эртерээк далилдерди таап аныктап албаса дайыма интернетте кыргыз-казак кайым айтышууларына күбө болуп келебиз. Аны коюп кечээ жакында Бишкекте эле «Атлас» деген кафенин казак администратору «Кара жорго» ырдагандарды күчкө салып киргизбей койгондоруна күбө болдум. Жалпы коомчулук бул маселеге көңүл бурбасак, бир убакта «Анжиян полькасы» бийин тарттырып жибергендей «Кара жоргону» да тарттырып ийебиз.

— «Анжиян полькасын» ким кимден тартып алды эле?

— Бул бий Кыргызстанда жаралган. Аны Зиябидин Шокиров деген бирєє оштук кыргыздардын «ойно, бийле, жырга, бийле» деген ырынан алып туруп ошондой аранжировкага салып койгон. Бул чыгарма алгач «Оштук жигиттердин бийи» деп аталган. Ушул чыгармачыл топ алгачкы концертин Анжиянда бергендиги үчүн гана бул бий эл арасында «Анжиян полькасы» деп аталып калган. Мына бүгүнкү күнгө чейин бул чыгарма «Оштук жигиттердин бийи» деп патенттелип турат. Ишенбесеңер изилдеп көргүлө. Ал кишинин балдары азыр Кыргызстанда жашайт. Патент ошолордун колунда. Андыктан өзүбүздүн колдогу алтындарды барктап албасак, бирөөлөр тартып алышы мүмкүн экенин айткым келет.

Кудрет Тайчабаров, «КАБАР ОРДО», 27.02.14-ж.

«Азаттыктын» сайтында кытайлык кыргыздардын дагы бир топ кыргыз бийлерин бийлеп жаткандары тууралуу видео жайгаштырылган. Аны бул жерден көрө аласыздар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий