Султан Раевдин «Жанжаза» романы жөнүндө сөз

raev_foto1

Жазуучу, драматург Султан Раевдин жанкумар айланасындагы «Жанжаза» романы боюнча алдыда карама-каршылыктуу көп сөз болорунан шегим жок. Алгач бул китепти колго алганда аннотациясында «Султан Раевдин «Жанжаза» романы терең психологиялык, философиялык чыгарма — притча. Романда реалдуулук менен сюрреалдуулук, мезгил менен мейкиндик бири-бирине бекем жуурулушуп, адам жашоосунун түбөлүктүү дөөлөттөрү тууралуу ой козголот» — десе, китеп мукабасындагы улуу жазуучу Айтматовдун «…это очень глубокое философическое произведение. Очень эмоциональный, очень энергичный. Но читатели должны быть готовы к восприятию такого произведения» — дегени… албетте, окурман бүйүрүн кызытпай койбойт.

Анан калса бул аталган чыгарма мындан жыйырма жыл мурда «Акыркы пайгамбар» деген ат менен мезгилдүү басмасөздө жарык көрүп, ал кездеги адабият айдыңында жылдызы балбылдап жанган жаш жазуучу Султан Раевдин көркөм чыгармачылыктагы бийик белеске белсенген даярдыгы көптү үмүттөндүргөн эле. Себеби «Чаң жол» аттуу эң алгачкы аңгемелер жыйнагы менен «Күн кармаган бала» аттуу мыкты повести аркылуу 90-жылдардын айланасында дүбүртү угулган Сукебиздин дарегине адабий коомчулуктагы мактоолор жамырап турар эле. А биздей адабият астанасын жаңы аттагандарга чыгармачыл коомчулуктагы бул жөрөлгө абыдан шык берип, көкүрөгүбүздү туйлатып турган жандуу адабий процесс бар болчу! Атүгүл кийинчерек анын «Күн кармаган баласы» театр сахнасына чейин коюлуп, кытай, түрк тилдерине да которулуп, айтор, чыгармачылыктагы ооматы келип турган кезде Сукебизди бийлик курчоосу көбүрөк азгырдыбы, баягы адабият айдыңында чоң талант деп биз күткөн, биз аздектеген жазуучу Раев кийин маданият тармагына улам айланып келген куш-министрге айланды.

Сукебиздин «Акыркы пайгамбары» уланбаган тейде калгансыды. Ошондон улам былтыр өзү менен да «24.kg» агенттигинде чыгармачылык маек курганымда, бул чыгарма боюнча өзү: «90-жылдары «Акыркы пайгамбар» аттуу романымдан бир нече үзүндүлөрдү басмасөздөргө жарыяладым. Роман улуттук адабияттын табиятына шайкеш келбеген ыкма менен, б.а. «аң-сезим агымы» маанайында, Пруст, Г.Стайн, В.Вулф, Джеймс Джойс, Т.С.Элиот, О.Хаксли, Г.Грин, орус жазуучулары Б.Пильняк, Ю.Олеша, В.Вишневскийдин чыгармаларына таандык «ички монологдун» үнү менен жазылган. Бул романды жаза баштаганыма 20 жылдан ашып кетсе да, анын себеби, убакыт эмес. Бирок ага мезгил, турмуш, дүйнөтааным өзүнүн «коррективасын» киргизди десем туура келчүдөй. Ошол кездеги романдын «архитектурасы», азыркы варианты менен асман жердей айырмаланып турат. Акыркы кезде дүйнөлүк адабий процессте «жаңы роман» теориясы ар кандай дисскусияларды жаратып жатат. Бул адабияттагы жаңы дөөлөт, жаңы көзкараш, жаңы принцип кандай болуу керек? Деги эле адабияттын миссиясы эмнеде деген түбөлүктүү суроого жооп издөө менен барабар. Азыр биз акыл-эстин жаңы эрасына келдик, биз каалайбызбы же каалабайбызбы адамзат алдында Гамлеттин «быть или не быть» деген суроосу тикесинен тик туруп алды. Адам жашоосунда ички «психологиялык революция» жүрүп жатканын баамдабай келебиз. Чындыгын айтайын, «Акыркы пайгамбарды» жазып жатып таптакыр башка нукка, башка жолго түшүп кеткенимди да билбей калдым. Романдын аты да өзгөрдү… Бул тапта адам гана эмес, дүйнө, дүйнө менен кошо адабият, аң-сезим, көркөм ой да өзгөрдү. Ачыгын айтканда, биз көркөм эксперименттер менен гана дүйнөнү, дүйнөтаанымды өзгөртө алабыз», — деп жооп берген.

Жогорудагы өзүнүн жообунда: «роман улуттук адабияттын табиятына шайкеш келбеген ыкма менен, б.а. «аң-сезим агымы» менен жазылган» — деген жообу эле «Чаң жол» менен «Күн кармаган бала», ал эмес «Акыркы пайгамбарды» жазган Раев башка, «Жанжазаны» жазган Раев түп орду менен башка жазуучу экенин автор өзү айтып отургандай, чынында «Жанжаза» романындагы Сукенин «эксперименттик» ыкмалары — мен күткөндөй ырахат алчу чыгарманы тартуулай алган жок. Аталган чыгарманы абыдан кунт коюу менен окуп чыктым, болгондо да эки сыйра. Раев негедир окурмандан да, адабияттан да алыстап кеткендей таасир калтырды мага. Албетте, көркөм табит ар кимде ар башка, ал ар дайым талаштуу да маселе. Ириде бул чыгарма туурасында адабият таануучулар сөз кылса жакшы болор эле, тилекке каршы, өздөрүн коомчулукка тааныштыра келгендер адабий сынчы, адабиятчы, ал эмес академик, профессор наамы менен менменсинген профессионал адистер соңку 20 жылдан бери үн катпай келатканы өкүндүрөт. «Бөдөнөнөнү сойсо да» ошолор сөз баштаса дейсиң, бирок аларды күтүп отурганда не, күтпөгөндө не дедим өзүмчө.

Мүмкүн адабий полемика жанданыш үчүн да аларга бир «шылтоо» керектир деген дуңку сезим менен «Жанжазага» адабий коомчулуктун назарын бургум келип туру. Арийне, ашкере саясатташкан коомубузда акыркы жылдары өрнөктүү адабият, искусство туурасындагы темалар басаңдап, «баатыр жокто майданга маскарапоздор» чыккан үчүн да мага окшогон кодура таланттардын тили кычышат экен. Сөз баштаганым ошондон… Бул макаламды адабий сын дегенден да алысмын, себеби адабият теориясынан эч камылгам болбогондон кийин тек гана катардагы окурман катары өз байкоомду башкалар менен бөлүшүүнү эп көрдүм.

Чыгармада мыкты символ бар, ал — жиндилер. Алар — жетөө. Демек, азыркы жинди коомдун «аң-сезим агымын» чагылдырар каармандарды автордун мыкты табылгасы катары бааладым.

Жетөө жиндиканадан качып, таз башындай куу талаага келет. Ал Ыйык Жер аталат. Жиндилердин аттары да сырдуу, кызыктуу. Алар — Император (Лир дагы), Лир, Клеопатра, Таис Афинская-философ (шизофрения-сойку), Чынгызхан, Искендер Зулкарнайн жана Козучак. Бул ысымдардын баары каармандардын жиндиканадагы тергеме аттары. Каармандардын эч кимиси өз аттарын да билбейт. Буларды куу чөлгө жол баштап апарган — Император. Береги алтоонун эң улуусу да ушул, ал мурда актер болуптур. Чынгызхан, Искендер Зулкарнайн, Клеопатра — үчөө жылан чаккандан улам жинди болуп калышкан. Бирок бу жерде жети жинди белгиленгени менен, чыгарманын башында автор «Император жол башчы… аны булар Лир деп да коюшат» — дейт. Демек, алты эле каарман болуш керек ко, бирок негедир чыгарманын башынан аягына чейин жетөө жөнүндө сөз болот? Бул автордун эсептен адашуусубу же адабиятчылар чечмелеп берчү сюрреалдуу дүйнөнүн түйүнү барбы? Түшүнүксүз… Бул жетөөнү бириктирген күч — Ыйык Жерге зыярат этип, Жараткандан кечирим сурап, ырайым тилеп, адамдык күнөөлөрүнөн арылуу.

Чынында башында окурман катары сюжеттик сызыктын өнүгүүсүн чыдамсыз күттүм, себеби бир далайга чейин окугандан кийин эле чыгарма мага кызыксыз боло баштады. Кызыксыз дегеним, «жинди каармандардын» айрым диалогдору; ички монологу менен берилген кирди-чыкты акылдары; өткөн турмушту элес-булас эскерүүлөрү; алмуздактан берки адамзаттын башын катырган суроолордун айланасындагы философиянын «А» арибинин айланасынан чыкпаган кептер; айтор дүйнө адабиятында кайталана берип ашмалтайы чыккан; эбак акыл казыкка чырмалып калган ой түрмөктөр мага эч кандай жаңылык ачкан жок. Анда-санда жерден акылдуу сынган кептер афоризм топтомдорунан куралган текстердей да туюлду, бирок ал накылдар да автордун өзүнө тиешелүү эмес белгилүү афоризмдерден. Айрым учурда болсо «Жанжаза» романын окуп чыгууга мойнум жар бербей, ушуга караганда философиялык трактат же психоаналитикалык эмгектерди окуганым алда канча жеңил болор беле деген да ойлорго тушалдым. Себеби жинди каармандардын жинди ойлорунан бирде чаташып калып, китепти кайра артка карай барактоого туура келип, өзүмдү күч менен «сооротуп», чыгарма жиндилер жөнүндө болгондуктан чыдамдуулук керектигин түшүндүм, автордун стилине сүңгүй албай калбайын деп өзүмдү китепке байлоого туура келди. Чыгарманын негизги өзөгү адамдын жанкумары менен жанжазасына арналгандыктан — жазуучу аял-эркектин ортосундагы төшөк мамилелерди ийне-жибине чейин сүрөттөгөнү башка окурмандарды кандай тартаарын билбейм, а мени ирээнжитти. Каармандардын жанкумарын чеберлик менен сүрөттөгүсү келген жазуучунун Лир, Чынгызхан, Клеопатра, Таис Афинская, Искендер Зулкарнайн болобу, айтор кимисинин жанкумарга батып акыштаганын баяндабасын, аял-эркектин кумар отуна баткан андай жерлерин сетиркөө менен окудум.

Арийне, көркөм адабиятта чач үрпөйткөн коркунучтуу же жийиркеничтүү баяндоолор, сүрөттөөлөр көп эле учурайт, бирок андай деталдардын артында окурманды сөзсүз бир ойго салаар нерсеси болот. Ал эми «Жанжаза» романында аял-эркек жанкумарга баткан кезде эркектик бел суусу «бүрт-бүрт атып кетти» деген өңдүү порно-штрихтер чыгарманын көркөмдүүлүгүн канчалык деңгээлде арттырып жиберерин билбейм… Анан калса каармандардын жанкумар отуна баткан мамилелерине жазуучу эмнеге көп кайрылганы орунсуздай туюлду. Ал жерлери бир учурдагы «Пайшамба» гезити издеп таппас көркөм чыгармалардын ордун толтурар деңгээлде сүрөттөлгөн үчүн жагымсыз туюлду. Автор өзүнүн жазуучулук фантазиясынын көбүн эмне анчалык жанкумарга байлап койгон? Ал баяндоолордун баарын бир эле бөлүк менен чыгарманын концепциясына байлоого болбойт беле? Анан да каармандардын ар бири өздөрүнүн азан чакырып коюлгандагы ысымдарын эч бир эстей албайт, бирок качанкы жанкумарга баткан жогорудагыдай деталдар эстеринде кыттай уюп калганы менен мүмкүн автордун айтайын деген идеясы али катылып жаткандыр, аны азуулу адабиятчылар сөз кылсын, биздин тиш өткөн жок… Ушундан улам аталган чыгарма боюнча Айтматовдун «…читатели должны быть готовы к восприятию такого произведения» — дегени мендей окурмандар үчүн эскертилгендей…

Каармандардын аттары да бекеринен Лир, Чынгызхан, Клеопатра, Таис Афинская, Искендер Зулкарнайн эмес экенине чыгарманын толук мазмуну менен таанышкан окурман өзү түшүнүп алаар, ириде эң негизги өзөк ошондо жатат. Ага терең сүңгүү үчүн да окурмандык камылга-даярдык керектей туюлду мага. Тишим өтпөгөн андай татаал маселеге талдоо жүргүзүү үчүн каармандар туурасындагы тарыхый-биографиялык маалыматтар менен да тааныш болуум керектигин азиз окурмандар менен чыгарманын авторунан жашыргым келбейт. Жогоруда Раев негедир окурмандан да, адабияттан да алыстап кеткендей таасир калтырды дегеним ошондон. Себеби Сукебиз тээ студенттик жылдарынан бери биздин тилибиз чайналган дүйнө жазуучуларын биринин артынан бирин койбой башына жазданып окуган китепкөй жан экени белгилүү. Мүмкүн ошондон улам кыргыз адабиятында жаңы кыртыштан өнүп чыккан Раев «жаңы роман» теориясы жөнүндө бекеринен ооз ачпагандыр… Анын 20 жыл аралыгында көжөлүп иштеген бул чыгармасы кандай болбосун адабият күйөрмандарынын түрдүү ракурстагы көзкарашынан талданууга, полемикасын жаратууга татыктуу. Арийне кыргыз адабиятынын улагасынан алгач ирет аттаган сюрреализм багытындагы «Жанжаза» романы биз эмне деген күндө да адабиятыбыздын тарыхында жаңы жанрда жазылган чыгарма катары эртеби-кечпи өз баасын алат.

Сөз башында менменсинген адабиятчылардын короосуна таш ыргытканым да ушундан. Себеби учур адабиятында сөз кылууга арзый турган чыгармалар барбы, жокпу деген соболго так кесе жооп берген сынчылар чыгыш керек ко, эгер салтуу адабиятыбыз бар экени чын болсо.

Арийне чыгарманын ичиндеги эң мыкты жазылган эки жерди белгилебей кетүүгө болбойт. Биринчиси Чынгызхан жөнүндөгү бөлүк. Экинчиси чыгарманын финалдык бөлүгү.

Мени өзгөчө таасирленткен Чыңгызхан бөлүгүн өзүнчө чыгарма катары бөлүп кароого толук мүмкүн дээр элем. Дүйнөнү «санкара колу менен кылыч мизинде» кармап келген жаагердин өлүм алдындагы тээ балакат курагынан тартып, жарык дүйнө менен кош айтышканга чейинки көз ирмем аралыгындагы эстутумунан сыдырган өмүр тарыйкасы кандай окурманды болбосун тыбырчылатат. Окурманда даа эмне болуп кетет деген тынчсыздануу жаралат. Көз алдыга жандуу элестеген сүрөттөөлөр опаасыз дүйнөгө көзү тойбогон адамзааданын табиятын терең ачат. Айрыкча койнуна алып жаткан тунгут кызы бир кезде өз канынан жаралганын туйган Чыңгызхандын түйшөлгөн жери драматизмди улам күчөтөт. Окуя биринин артынан бири өөрчүп отурат. Себеби түн ичинде жыланды белине ороп кирген тунгут кыздын апасы да качандыр бир убакта Чыңгызханга эң алгачкы жолу аялзаттын кумарын татыткан сулуулардын бири болуп чыгат. Миңдеген сулуулардын ичинен өзгөчөлөнгөн бул кыз так ошол сулуунун жатынынан, болгондо да өз канынан жаралганын баамдаган канкор акыры өз кызынын колунан мерт болуп, бирок өлүм алдында кыңкыстап жатса да койнуна жылан катып кирген сулуудан өч алдырбайт. Эчендеген душманын тукум курут кылган Чыңгызхандын каары ушул кызга келгенде мокойт…

Окуянын мындан аркы бөлүгү да андан кызык. Чыңгызхандын жылан чаккан абалы күндөн күнгө оорлой берет. «Оңолуп кетерине бир тамчы үмүт калбайт». Ага өмүр жөнүндөгү ойлор ачкенедей жармашат. Акыры ал уулдарына да ишенбей, керээзин жападан жалгыз ишенимдүү ноёнуна гана айтмак болот. Ошол керээздин толук аткарылышы чыгармадагы Чыңгызхан боюнча бөлүктүн финалына чейинки драматизмди улам курчутуп отуруп, күтүүсүз окуя менен аяктаганына окурман катары толук курсант болдум. Чыңгызхандын сырдуу керээзин окуган арбир окурман «Жанжазадагы» ушул бөлүктүн чырмалышкан окуясынан толук ырахат алаарынан эч күмөнүм жок.

Ишенимдүү ноёнуна 7 кат тапшырат. Жетөөнүн 7 башка түйүнү да, сыры да кызык. Ал каттардагы ар бир керээзди ноён да биринин артынан бирин ирээти менен аткарууга милдеттендирилет. Ошондо гана кайран ноён Чыңгызхандын тагын ээлемек…

Бу жерде эми окурман көңүлүн ар бир катка эмес, керээздин өзөгүнө тийиштүү катка гана бургум келет. Кептин тузу ошондо. Ал катта мындай керээз бар: «Ноёнум, бу кара баштыктагы кагазга көп сөз жаздым… Баса, күрөң баштыктагы кагазды өрттөдүңбү?..

Силер бийик арчага келдиңер, бу арча эки тоонун түбү кошулган жердин ортосунан өнүп чыккан, анын жашы миң жылга тете. Мына ушул жерге менин сөөгүмү бересиңер. Ноёнум, менин сөөгүм түбөлүккө берилүүчү жерди, ушул арчаны тамыры канча терең кетсе, ошончо тереңдикте, анын тамыры канча жайылса, ошончо тууралыкта жерди казасыңар… Бу миң жылдык арчанын тамырлары жердин топурагын жумшак, нымдуу кылган мен үчүн торко топурак. Жайдын тереңдигин арчанын тамырынын учу каерге дейре жетсе, ошерге дейре казасыңар. Ал эми тамыры канча жайылса, ошончо айланасын казасыңар. Жайды күүгүм кирип, асмандан чолпон жылдыз жанганда баштап, таңкы чолпон өчкөнгө чейин казасыңар. Казып жатканда эч ким, бир да жан үн чыгарбай казсын. Жадесе күлүктөр кишенеп, төөлөр айкырбасын. Жай казып жатканда аларды буерден ат чабым алыс кармагыла. Казылган жайдын топурагын четине жыйып, ал эми кыйылган арчага байма-бай суу чачып тургула, арча сөөгү катпасын. Жай казылып бүткөн соң бу сөзгө өзгөчө маани бер, ноёнум. Жайды түнкү асмандан жетиген жылдыз өчө элекке дейре казганда кырк жоокериңин тизме боюнча кыркынчы турганын курмандыкка чалып, жайдын ээң түпкүрүнө анын канын чачып, а кандын үстүнө кыйылган арчанын ылдыйынан эсептегенде жетинчи бутакты, өйдөсүнөн төмөн карай эсептегенде жетинчи бутакты кесип, менин арбагымы чакырып, Теңирге тобо келтирип, арчаны өрттөп, күлүн жайдын эң түбүнө кыркынчы катардагы желдеттин канына чачасыңар, андан соң, желдеттин сөөгүн да жогорку сый менен ошерге койгула, желдетке менин хан киймимди кийгизип, башын Күн чыгышты, бутун Күн батышты каратып койгула, а дүйнөдөгү суракчылар адамга Күн чыгыш, Күн батыш тарабынан келип, аркы дүйнө сурагын алат, менин аркы дүйнө сурагымды ушу желдеттин арбагына жүктөйбүз, сурак алам дегендерди ушу амалыбыз менен жазгырабыз… Желдеттин үстүнө бир күлүк бою бийиктиктеги топурак салгыла, андан соң, кыйылган арчанын бутактарынан мага хан такты жасап, астыма, үстүмө кыйылган миң жылдык арчанын бутактарын салгыла, менин сөөгүмдү эч жерин койбой арча менен жылчыксыз бекиткиле, мени отурган калыбымда жүзүмдү Күн батышка караткыла, тирүүмдө жетпей калган, бутум баспай калган батышты о дүйнөдө багынтармын… Топурак төбөмө чейин толуп, боюм көрүнбөй калганда, төөгө артып келген жети сандык алтын, каухар, акак таш, асыл зергер буюмдарды үстүмө чачкыла, гөр паашасы ак жылан ушу байлыкты көрүп, менин сөөгүмөн өч алам дегендерден да, сөөгүмү казам дегендерден да мени коруп жатат… Ноёнум, отуз тогуз желдетти казылган жайга айланта тизип, алардын ар биринин көзүн кара чүпүрөк менен байлап, эми эле «жылт» өчкөн жетиген жылдыздар тарапты карап, арбагыма тобо түшүргүлө, жетиген өчкөндөн кийин коюлган сөөктү эч бир жин перилер да таба албайт, андан ары жанрухумду чакырып, сөөгүмдөн бөлүп алгыла, качан гана алыстагы ат үркүп, төө буйдасы кармап жин салганда, силерди буерге дейре узатып келген илегилектин үнү угулганда, менин жаным сөөгүмдөн ажыраганын сезесиңер, бирок аны эч ким көрбөшү керек, ноёнум. Өзүң да… Жанрухумду көккө узаткандан кийин, жети желдетиң менин жайыма тобо келтирип, арбагыма сүкүт салып жаткан отуз тогуз желдетти бирден, тирүүлөй менин жайыма түртө баштайт, баарын жайга түртүп бүткөндөн кийин, жети желдет алардын үстүнө адам бою топуракты таштап көмөт, аерге ылдый жакта жайылып жүргөн кырк күлүктү айдап келип, желдеттердин үстүнө таштагыла, күлүктөрдү да тирүүлөй көмүп бүткөндөн кийин, жайдын үстүнө кулачтай болгон таштарды жер бетинен бийик көтөрбөй кыркалекей тизгиле да, аны ак топурак менен жапкыла, суу да, жаан да өтпөсүн…»

Акыры «Чыңгызхандын айтканын айткан, дегенин деген кылган ноён эң оболу өзүнө ылым тарткан нөкөрдү кепке келтирип, кызыл жанбаштыкта жазылгандын өзүнө тиешелүүсүнөн башканын баарын айтып, койнунан бир калта дилде алып чыкты да, нөкөрдүн койнуна салды. Бул анын «ооз жапты» белгиси эле. Бу тайпа түн ооп артка аттын башын бурушту. Эң алдыда ат чабым алыста ноён, андан ары желдеттер бири-биринен окчун жүрүп келатышты. Акыркы ат бастырган нөкөр жети күн, жети түндүк жолдо күн сайын түнү катар бирден нөкөрдүн башын алып келатты. Акыркы эки дайра кошулган кашатта ноён менен нөкөр жолугуп… экөө Чыңгызхандын арбагына ибаадат кылып, табынып болгон соң, жөө-жалаң артка карай жүрүп берели деген тушта ноён нөкөрдүн жүрөк тушуна кыска уч канжарын мыткып алат…»

Окуянын улам кийинки уланышы Чыңгызхандын каты менен өөрчүп отуруп, ноён акыры өзү жалгыз калат. Желдеттердин эч бири калбай көздөрү тазаланат. Эми акыркы кат калды? Анда эмне балээ бар? Чыңгызхандын ноёнду такка отургузар жарлыгы! Ооба, жарлыгы болуш керек эле…

Сексеңдеп өзүнөн башка жан калбаган ноён таң атырбай хан ордого кирип келет. Хан ордого киргенде ноёндун көзүнө төрдөгү саба көрүндү. Алыскы жолдон арып келген ноён сабадагы кымызды жутуп ийип, анын түбүндөгү булгаары баштыктагы Чыңгызхандын жарлыгын алып, бат эле жарыя кылсам деп турду. Ноён сабадагы кымызды түбүнө чейин какшыткан соң колуна кичинекей булгаары баштык урунду. Баштыкты шаша-буша ачары менен ичи өрттөнүп, көздөрү караңгылашып, жер астын-үстүн көчүп, ноён жандалбаска түшө баштайт. Сабадагы кымыз ууланганын ноён эми сезди. Ошондо да жандалбастап атып шапалактай кагазды ачты. Ачты да көзү чанагынан чыгып кетти. Алакандай бу кагазда Чыңгызхандын өз колу менен жазылган: «Ноёнум! Ушу деп келип, ушу деп кеттим…»

Чыңгызханга өмүр бою ак кызмат кылган ноёндун шорун катыра жазган Раевдин бу жердеги чыгармачылык фантазиясы ар бир керээз-катты баяндап берүүдө улам-улам байып, сыр түйүнүн улам чиелештирген чеберчилик менен жазган. Дүйнөнү дүңгүрөткөн канкор хандын феноменин башкача ракурстан көрсөткөн кыргыз жазуучусунун Чыңгызхан туурасындагы бул баяны буга чейинки Чыңгызхан жөнүндөгү далай-далай уламыш кептердин арасындагы эң кызыктуу гиперболалардын бири дээр элем. Айтор, Чыңгызхандын керээз-катынын мындай машакаттары дагы толтура. Бечара ноёнго жүктөлгөн ошол ар бир машакат оорлогон сайын окурман катары чыгарманын рахатына, кумарына баттым. Керээз-каттардагы автордук фантазия биринен бири ашып түшөт. «Жанжазанын» бул бөлүгүнө жеткенде китептен баш көтөргүм келбей, автор эмне үчүн калган бөлүктөрүн ушундай деңгээлде жазабаганына таңгалдым да, башыма мамындай бир ой кылт этти: мүмкүн Сукем бул бөлүктү мынчалык виртуоз деңгээлинде жазган себеби — кызматтан түшүп калып, үйүндө бош отуруп калган учурда «Чыңгызханга» колу тийгенби деген… А балким, Сукебиз өзүн мансаптан оолак кармап жүрсө «Жанжазанын» бүтүндөй бөлүгүнө жанотун бермектир, окурман журтун 20 жыл аралыгында күттүрбөй эле 2 жыл аралыгында деле көжөлүп отуруп ийине жеткире жазып, мендей кулпенделер таберик тутар романды жаратып салмактыр, аттиң.

Чыгарманын финалында — баягы жиндиканадан качып, Ыйык Жерди издегендердин экөөсү эрме чөлдөн сербейген карыяга жолугат.

«Жолугуп, ал экөөнүн бу жерге эмне издеп келгендерин уккан карыя:

— Адам баласынын буту турган жердин баары Ыйык… — деди абышка.

Козучак да, Клеопатра да бут алдындагы жылуу тапты сезди…»

Демек, автор ушул ойду айтыш үчүн жети жиндини өзү айткандай «жаңы роман» теориясына салып ойкутуп-кайкытпай деле жеткирсе болбойт беле. Баардык асылдык жөнөкөйлүктө экенин окурмандан алыстап кеткен Сукебиз баамдаган эмеспи?..

Олжобай ШАКИР, «24.kg» МА, 03.03.14.

Соц тармактар:

Добавить комментарий