Кыргыз жолу – кыргыз бүтүндүгү

munushkor

2013-жылдын октябрь айында кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабаган улуттук-мекенчил  багыттагы уюмдардын жетекчилери, аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, жаштар чогулуп, “канткенде биригебиз, кантип Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө татыктуу салым кошобуз, качан сөздөн ишке өтөбүз” деген маселени кабыргасынан коюп, кызуу талкуудан соң бир пикирге келишти.

“Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз дарак токой болбойт” дегендей, ар ким өзүндөгү өзүмчүлдүктөн көтөрүлүп, Кыргызстандын келечеги үчүн ийиндешип иштөөгө макулдашышты.

“Кыргыз жолу” биргелешкен коомунун жол багыты

1. ЭЛ БИРИМДИГИ: Кыргыз – нарктуу эл! “Ырыс алды – ынтымак”; “Карысы бардын ырысы бар”, “Улууга урмат- кичүүгө ызат”, “Бөлүнгөндү – бөрү жейт..; “Бир жеңден кол, бир жакадан баш”; “Элиң менен бийиксиң”; “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок”; Салттуулукту жана мыйзамдуулукту тең карманалы. Биз башка улуттарга үлгү бололу! Керек учурда башкалардан үйрөнөлү! Бакыбаттуулук – эмгекке жараша, “Көч бара-бара түзөлөт”.

2. ЖЕР БҮТҮНДҮГҮ: “Эл менен жер киндиктеш”, “Атыңдан айланам Ала-Тоо, дүйнөдө сендей жер барбы?”; “Туулган жердин топурагы – алтын!”; Чек ара бекемдиги – бүтүндүк белгиси. Кен казмай, жер сатмай – эртеңкиге көр казмай!  Мекениң – эч нерсеге алмашкыс дөөлөт.

3. МАМЛЕКЕТ КУБАТТУУЛУГУ: Элге таянган бийлик гана мамлекеттүүлүктү чыңдай алат. Бийлик эл көзөмөлүндө болсо, адилеттүүлүк орноп, өнүгүү ырааттуу жолго түшөт. Бийлик күчү – эл ишениминде. “Кан бийлигинен нарк күчтүү”. Мамлекет – мыйзам уйуткусу. Мыйзам сыйлаган коомдо гана башкаруу адилет болот. Мамлекеттин табиятында –­­ каар жана мээрим бирдей. Мыйзам – бул абийир, акыл-эс, адеп-ахлак жана жашоо эрежеси,  мамлекеттүүлүк жөрөлгөсү. Үй-бүлө – кичи мамлекет жана инсанат бешиги. Аял – үйдүн куту, кыргыз кызы – ыйык жана кол тийгис! Жарандын мекенчил сезими – мамлекеттин кубаттуулугунун көрсөткүчү. Саясат менен руханият эриш-аркак жүргөн жерде, тең салмактуу өнүгүү болот. Бийлик менен байлык эл кызыкчылыгына иштегенде мамлекет кубаттанат.

4.КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ӨЗҮН-ӨЗҮ ТААНУУСУ: Кыргыз өз тегин, дүйнөтаанымын, тарыхын, тилин, каада-салттарын, касиетин, руханий дөөлөттөрүн таануу аркылуу күчүнө кирет. Өзүн-өзү улут катары тааныган кыргыз эли дүйнөлөшүүнүн сыноосунан жана чоң мамлекеттердин баскынчылыгынан өзүн коргоп, коопсуздугун камсыздайт. Көөнө тарыхы бар кыргыз эли, дүйнө цивилизациясына жана руханий маданиятына кошкон салымы менен татыктуу орунга ээ.

5.ДИЛ БИРИМДИГИ: Бир Жараткандын Улуу Кудуретинин мыйзамына ылайык жашап, анын мээримине балкып, бир тилекти, уңгу ишенимди карманып, Кыргыз элинин Улуу тилектештик чөйрөсүн (эгрегорун) күчөтөлү. Ак Дил менен адал жашоо  – Ойдун, Сөздүн жана Иштин кыймылын түздөйт. Манастуулук Диларымы (менталитети) айкөлдүккө, аруулукка багыттайт. Демек, улуттук Дилбагыт (идеология) кыргыз элинин жалпы биримдикке умтулуу касиетин аныктайт. Кыргыз элинин энергиясы, ооматы, куту, жана унутулуп бара жаткан билим, касиеттери кайра ордуна келет жана күчөйт.

6.ЖАРАТЫЛЫШКА ШАЙКЕШТИК: Тегинен табият менен тамырлаш жашаган кыргыз эли отту, сууну, абаны, жерди өзүнөн бөлүп карабай, жандуу кабыл алып, алар менен бир бүтүндүктө өмүр сүрүп келген. Табият – жарык жашоо үлгүсү, өмүр булагы жана нурлуу акыл-эс уйуткусу. Жаратылыш мыйзамын аярлык менен тутунуу – парз. Адам – Ааламдын кичи кейипкери. Туура жашоо – табият мыйзамын сыйлоо деген сөз. Табиятка жасаган мамиле жана анын сулуулугун баалай билүү – адамдын билиминин жана руханий деңгээлинин көрсөткүчү.

6.ДҮЙНӨЛҮК ӨНҮГҮҮ МЕНЕН БИРГЕ БҮТҮНДӨЛҮҮ: Азыр бүткүл дүйнө бүтүндөлүү арымына кирди. Ушул дүйнөнүн өнүгүүсүнөн сырт калууга мүмкүн эмес. Дүйнө элин зор өзгөртүүгө дуушар кылып жаткан заманды туура кабылдап, аны менен шайкеш бүтүндөлүү жолун жаңылбастан тандап алуу абзел. Жер соорусу (планетасы) жана анда жашаган адамзат бир бүтүндүккө багыт алды. Ааламдык өнүгүүнүн агымы менен жарык дүйнө элдери бирдей өнүгүү мыйзамына туш болууда. Бул мыйзам – биригүү, бүтүндөлүү мыйзамы. Кыргыз эли да, ошол табигый агымга кошулууда жана өзүн дүйнөгө таанытуу менен, жаңы доордун мүнөз-талаптарын өзүнө сиңирүүгө көкүрөгүн ачты. Кыргыз өнүгөөр жолго түшкөндө, дүйнө бизди түшүнүнүп, кабылдайт.

“Көк асаба”

Соц тармактар:

Добавить комментарий