ЧАБЫТ

«Көгүчкөн дүйнөсү» деп мекенимди,
Көп жылдар үзө бастым этегимди.
Көк асман чакырган соң, кийин билдим,
Көрсө мен… өзүм Бүркүт экенимди.

Чындык деп ишенгеним жалган экен,
Чымчыктын уясына салган экен.
Тебишпей, терген жемди чокуп жүрүп
Текөөрүм жумшак болуп калган экен.

Өйдөлөп, ачык асман үйүм болду.
Өмүрүм — өткөн чакка сыйым болду.
Бүркүттүн кан жолуна кайтыш үчүн
Бүтүндөй өзгөрүшүм кыйын болду.

Таптаган мүнүшкөрдүн үндөгүнө
Талпынсам такмазалап жүрбөгүлө.
«Кайдагы жок нерсени каалаган» деп
Капыстан кайып кетсем күлбөгүлө!

Тартылып тагдырымдын уюлдары,
Талабым тамырымдан туюлганы,
Канатым көктү гана көксөп жүрөт.
Калганы – бир Кудайдын буюрганы.

Ж. Касаболотов

Соц тармактар:

Добавить комментарий