“Түндүктүк келин” — “Түштүккө түшкөн келинби?” же талашка түшкөн аңгеме

j_akunova

«Түштүккө түшкөн келин» — бул аңгемени жазууга  менин  Түштүккө келин болгондогу окуяларым түрткү болгон эле.  Адегенде өз окуяларымды, анан   түштүккө түшкөн бардык келиндердин окуяларын чогулта баштагам. Аңгемемдин алгачкылары   «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин» аттуу  китебимде жарык көргөн.  Менин аңгемемди менин “Кызгалдак” аттуу блогумдан, «Facebook»тан  окугандар  аңгеме кызык экенин,  абдан күлүшкөнүн айтышып, көптөгөн каттарды жазышкан.

Себеби аңгемем 2011-жылы жазылып, адегенде “Кыргыз Туусу” гезитине берсем, албетте анда аты, жөнүмдү жазбай эле редакторго карап көрүңүзчү деп таштап кетсем менин бир коллегам өз атынан гезитке чыгарып жиберип, анда бир чуру-чуу түшкөнбүз. Андан соң  бул аңгеме 2012-жылы жогоруда аталган китепте, анан «Facebook»та  жарык көргөн. Анан жакында эле курбуларым  сенин аңгемеңди  “Түндүктүк келин”  деген кинодон көрдүк, сен өзүң бердиң беле,  “Үйдү айланып чуркаганың”, “Эшик шыпырганың”, “Нан үзгөнүң” сеники дешти. Мен абдан таң калдым. Кантип эле автордон сурабай туруп  бирөөнүн чыгармасын  бирөө пайдалансын деген ой келди. Бул кинонун продюсерин таап, “Иним, менин аңгемемди киноңдо пайдаланыпсың да,  бир ооз сурап койбогонуң кандай, мен сени сотко берсем азыр утам”,-дедим. Ал жаш бала экен,  “эже, ал окуялардын бирөөнү, так айтканда “Нан үзгөндү” менин окуям деп бирөө  айтып берди эле, ал эми  үйдү айланганды жана  эшик шыпырганды кызык окуя экен деп бирөө  “Facebookто” жөнөттү эле. Анан мен ал окуяларды  киномдо пайдалангам.  Ушул окуялардын автору ким экенин издеп жүрөм деп  радиодон  интервью бергем,-деп айтты,-кинонун продюсери Ырысбек Жабиров. Эртеси Оштун филармониясында  кинонун  жүз ачары болуп жатканын айтып, жүз ачарына чакырды. Кино  менин аңгемем менен башталды. Түндүктүн кызы Түштүккө  келин болуп келгендеги окуя,  кызды  жубайы тамашалап, үйдү айланып чуркайсың дегени, кыздын үйдү айланып чуркаганы, келиндин нан үзгөнү, айтор  менин аңгемемдеги үч окуя бул кинонун  өзөктүү  негизин түзүп турат. Туура,  кинодо аңгемеге  айрым кошумчалар да бар. Күлкүлүү окуялар автор тарабынан да кошумчаланган. Жок, мен бул кинонун тартылышына каршы эмесмин. Кино абдан күлкүлүү тартылган. Кино  Түндүк менен Түштүктү жакындатуу, элибиздин ынтымагын чыңдоо  максатында тартылган. Окуялар абдан күлкүлүү  берилген. Окуянын каармандары дагы жакшы ойношкон. Мени өкүндүрүп турган нерсе менин аңгемемдин негизинде тартылган кинодо менин дайын -дарегимдин жоктугу, кино тарткандардын менин аңгемемди менден бир ооз сурабай туруп тасмага тартып алгандыгы болуп турат. Биз авторун таппай койдук деген сөзгө албетте, эч ким ишене албайт. Бул окуяларды же «Facebook»тан же китептен алышты да бирөөлөр. Ал эми бул булактарда  аты, жөнү жок  чыгарма жарыяланбайт. А эгерде кинонун авторуна бирөө айтып берген болсо эгер, ал деле менин чыгармамды  жогоруда аталган булактардын бирөөнөн окуп алып, анан айтып берген. Айтор мындай жалпы журтка таанымал болуп калган чыгарманы  менчиктештирип алууга  эч кимдин укугу жок деп ойлойм.

Ырысбек экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшүп  сүйлөштүк деп ойлойм. Ырысбек “Кинонун жарымы  сиздин аңгемеңиздин негизинде тартылган соң, мен сизди “Кинонун  тең автору” деп жаздырайын, сиз кинонун тең автору болуңуз” деди. Мен да бул сунушту туура деп таптым. Ырысбек бул сунушту чын айттыбы, же мени сооротуп коеюн,-дедиби, айтор  окуя мындан ары кандай нукта кетээрин мезгил көрсөтөөр.

Жыпар Акунова,
“Түштүккө түшкөн келиндин” автору

«Кыргыз маданият борборунан»: Жыпар эженин башка чыгармалары менен бул жерден тааныша аласыздар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий