«Мирзохалим Каримов Кыргыз эл жазуучусуна татыктуу»

m_karimov

Нооруз майрамынын алдында тарых музейинде белгилүү журналист, жазуучу, котормочу Мирзохалим Каримовдун «Достуктун үрөнүн себебиз» урааны алдында «Кыз күйүтү» аңгемелер жыйнагынын бетачары болуп өттү. Буга чейин автордун «Мажүрүм тал», «Кыя жолдор», «Жер жылдызы Жерге-Тал», «Каратегин», «Тажикстандык кыргыздар», «Зындан», «Алтын көпүрө» аттуу повесть жана аңгемелер, илимий-публицистикалык жыйнактары жарык көргөн. Кыргызстан элдеринин ассамблеясы уюштурган бул адабий кечеде жазуучунун калемдештери, курсташтары жакшы пикирлерин ортого салышты.

Садык АЛАХАН, Кыргыз улуттук университетинин адабият кафедрасынын профессору: 
— Мен Мирзохалим Каримовду 26 жашында көргөм. Азыр бул киши Саади менен Фирдоусиге окшошуп турса, агезде Омар Хайёмдой эле. 26 жаш, күлгүн кези, өзүнүн курсташтары болсо 17 жашта. Кыскасы, жыргализм заман. Ошол кезде биздин факультетте «Жаш толкундар» деген адабий дубал гезити бар эле. Анда Мирзохалим Каримовдун чакан аңгемелери, жанытмалары, юморлору такай чыгып турду. Беш жыл бою «Жаш толкундар» адабий ийриминин эң активдүү мүчөсү жана гезиттин мыкты авторлорунун бири болду. Мына ошол «Жаш толкундардан» башталган сапар бүгүн баарыбызды чогултканга себеп болгон китептердин жаралышына башат болду десек болот. Кийин ошол кездеги эң абройлуу «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты», «Ала-Тоо» журналдарына макалалары, аңгемелери жарыяланды. Ага удаа эле «Мажүрүм тал», «Кыя жолдор» деген повесттери жарык көрдү. Бул чыгармалар автордун Жерге-Талдагы жашоосундагы окуялардан турган повесттер. Мисалы, «Кыя жолдун» башкы каарманы Насыр деген айдоочу. Повесттеги Насырдын башынан өткөн окуялары, турмуштук кагылышуулар, анын ички санаалары, ой-толгоолору Мирзохалим Каримовдун өзүнүн башынан өткөн ой-толгоолору, санаалары. Аны автор адабият мыйзамына салып, көркөмдүк лабораториядан өткөрүп, композициясын келтирип, образдарды психологиялык жактан ачып татынакай повестке айландырып берип жатат. Албетте бул чыгармачылык дараметтин касиети. Демек Мирзохалим Каримов тубаса таланттуу калемгер, жазуучу экенин далилдеди. Дагы бир баса белгилей кетүүчү жагдай, бул киши аялдарды сүрөттөө жагынан чоң чебер. Бул өзгөчөлүгүн жазуучунун ар бир чыгармасынан байкоого болот. Калемдешибиздин аңгемелери да өтө мыкты чыккан. Анын «Арман» деген аңгемесинде автор өмүр бою илимдин артынан жүрүп, кийин партиялык советтик кызматка кетип, жашоосунун аягында жапжалгыз калган Насааткан деген аялдын образы ачылган. Бул жерде автор жалгыздыктын азап турмушун, кайгы-капасын, ал аялдын жалгыздыкты башына өзү үйүп алганын сонун сүрөттөгөн. Насааткандын өлүм астында оозуна суу тамызар кишиси жок жатканы окурмандарга чоң сабак боло турган окуя. Мындай аңгемелер бул кишиде өтө көп. Дагы бир «Аза» деген аңгемесинде бирге жашаган кайын ата, кайын эне, келиндин трагедиясы чагылдырылган. Аңгеменин аягында үчөө бирин бири кыйбай өмүр бою чогуу жашап калышат. Каримовдун мындай аңгемелеринен Аман Саспаевдин, Мурза Гапаровдун, Кубатбек Жусубалиевдин аңгемелериндеги турмуштун ыргактарын, жашоонун сонун көрүнүштөрүн көрөбүз. Бул үчүн тубаса жөндөм керек. Анан албетте бул кишиде сонун очерктер бар. Анткени ал тубаса журналист. «Каратегин» деген китебинин үчтөн бирин ошондой очерктер ээлейт. Кызыгы, автор бир очеркинде тажикстандык кыргыздарды бизге таанытса, экинчисинде Кыргызстандагы тажиктердин салт-санаасын көрсөтөт. Ошон үчүн бул адам данакер, эки элдин ой санаасын жуурулуштуруп алып жүргөн инсан.

Казат АКМАТОВ, Кыргыз эл жазуучусу: 
— Чынында Кыргызстандагы акын-жазуучулары анча-мынча кыйналганыбыз менен Ала-Тообуздун койнунда, Көлүбүздүн жээгинде жыргап эле жатабыз. Ал эми Кытайдагы, Жерге-Талдагы кыргыздардын көңүлүндө кандайдыр бир уюган арман, сагыныч, мекенден алыстап калуу сезими бар. Биз жазып, сыйлыктарды алып, китептерибизди чыгарып жатабыз. А сырттагы боордоштор биздей жыргап атышкан жери жок. Аларда көйгөйлөр биздикинен жүз эсе көбүрөөк. Ошондуктан азыркы тапта Тажикстандан чыккан жалгыз кыргыз жазуучусу катары биз Мирзохалим менен сыймыктанабыз. Албетте, союз доорунда ал жакта биздин достор бар эле, катташып турчу элек. Эркиндик алып жер талашкандан бери тажиктер менен катыша албай калдык. Бирок Мирзохалим Каримов эки элди ажыратпай данакер катары байланыштырып жатат. Ошондой эле Жусуп Мамай атабыз Кытайдагы, Кыргызстандагы кыргыз элинин сыймыгы болуп турат. Мирзохалим эки элди жакындаштыруу үчүн эки элдин ортосунда данакер журнал чыгарып баштап, каражаттын тартыштыгынан ал чыкпай калган. Бирок ошол элдерди жакындаштырууга болгон аракети элдин эсинде турат. Кези келгенде Жазуучулар союзу да анын чыгармасы тууралуу кенен кесири кеп кылабыз. Сендей жигиттер көп болсун, сага ыраазыбыз.

Султан РАЕВ, Маданият, маалымат жана туризм министри: 
— Студенттик кезде мен Мирзаке менен чогуу окуп, бирге жүргөнбүз. Азыр да бул жерде ошол кездеги студенттер, азыркы жазуучулар отурушат. Мен кезинде Мирзакемдин квартиранты да болуп, бирге жашаганбыз. Бул кишинин да, менин да «пишущий машинкам» бар болчу. Дубал жука болгондуктан бири-бирибизге машинканын тарсылдаганы угулуп турчу эле. Эң башкысы, бул киши өзү кандай жөнөкөй болсо чыгармалары да ошондой жөнөкөй, турмушу кандай болсо аңгемелери да турмуштагыдай. Студент кезде аңгеме, повесттери чыккан адам өзүнчө легендарлуу адам болчу. Ошондуктан бул кишини абдан урматтап, сыйлаар элек. Азыр да сыйлайбыз, баалайбыз.

Абдыганы ХАЛИЛОВ, Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы:
— Мен Мирзохалим Каримовдун чыгармалары менен анын студенттик кезинен бери таанышмын. Бул киши кеч окуп калгандыктан мен ага сабак берип калдым. Ошол кезде эле ал гезит-журналдарга жазган макала, аңгемелеринде журналист, чыгармачыл адам катары өзүнүн жөндөмүн окурмандарга тааныта алган. Бул киши алгачкы аңгемелер жыйнагын окуу жайдын акыркы курсунда окуп жатканда чыгарды. 80-жылдардын башында студент болуп туруп өзүнүн китебин чыгаруу студенттер арасында өтө сенсациялуу көрүнүш эле. Мирзохалим өзү көп кырдуу талант. Ал мыкты журналист, мыкты котормочу, талантуу жазуучу жана элдик фольклорду, оозеки чыгармаларды мыкты жыйноочу. Анын чыгармачылыгындагы эң бир салмактуу бөлүгү да ушул фольклор жыйноочулугу. Анткени жазуучу Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздардын салтын, үрп-адатын, табышмак, жаңылмачтарын топтоп бир жыйнак чыгарып ал жердеги боордошторубуздун оозеки чыгармачылыгы менен кыргыз окурмандарын тааныштыра алды. Ошондой эле мындан үч жыл мурда «Ата-бабалар табериги» деген кыргыздын үрп-адатын, салт-санаасын, жөрөлгөлөрүн камтыган көлөмдүү жыйнак чыгарды. Бул ар бир эле чыгармачыл адамдын колунан келе бербейт. Мирзохалим өзүнүн журналисттик чыгармачылыгын райондук гезиттен баштап кийин республикалык түрдүү басылмаларда иштөө менен такшалтып отурган инсан. Дегеле кыргыз-тажик адабий, маданий байланышынын чыңалышында Мирзохалим Каримовдун эмгеги өтө зор жана мындан аркы иштери да чоң. Ал эми бүгүнкү «Кыз күйүтү» чыгармалар жыйнагы окурман чөйрөсүндө өзүнүн баасын алат деп ишенем.

Жедигер СААЛАЕВ, «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору, акын: 
— Негизи Мирзакенин ушул кечесин курсташтары өткөрсөк жарашат эле. Мирзаке менен курсташ катары бир бөлмөдө жашаганыбызга санап көрсөм 36 жыл болуптур. Ошондон бери бир тууган агамдай болуп жүрөт. Андан бери көп эмгек кылды бул киши. Анатай Акун эки элдин элчисиндей болуп көрүнөт деп жакшы жазыптыр. Чынында бул инсан адабият, маданият майданында элчилер жасабаган ишти жасады. Же бу кишини ошентип жатат деп сурап, карап койгон киши жок. Сооронбай агай жазгандай, бул киши эбак эле Кыргыз эл жазуучусу даражасына жетип калыптыр. Биз жанында жүрүп байкабаппыз. Мирзаке көп китептерди жазды. Аларды окуп отуруп агабыз мурунку өмүрүндө ургаачы болгонбу деп калдым. Анткени кыздардын психологиясын аябай жакшы түшүнөт экен. «Кодогой күйөөдөн» «Алмагүлгө» чейин кыз-келиндер менен кошо сарсанаа болгон. «Зындан» деген чыгармасында болсо Мирсаид деп өзүнүн чыныгы турмушун аралаштырып жиберген. Жазуучу ушинтип чындыкты, башынан өткөргөнүн жазса ал окурмандарга да жугумдуу болот экен. Өзүнүн башынан өткөргөндөрүнө го макул, бирок жанагы кыздардын башынан өткөргөндөрүн кайдан билип алганын билбейм. Студент кезде бир бөлмөдө Алик Акималиев, Алимжан Молорбаев, Өмүрбек Тилебаев, Мирзохалим Каримов жана мен бешөөбүз жашачу элек. Бешөөбүз тең беш башка инсан болдук.

Карбалас БАКИРОВ, акын: 
— Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгы менен 25 жылдан бери таанышмын. Айрыкча мунун аңгемелерин окуп баштаганда китептен башыңды үзүп алуу кыйын. Аңгемелери ушундай элестүү болгондуктан, ар бир аңгемеси боюнча кыскаметраждуу тасмаларды тартса болот. Жакында мен Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевге чалып, Мирзохалим Каримовдун китептерин бүт окупсуз, ал тууралуу ой-пикириңизди айтыңыз десем келип кал деди. Ал киши чындыгында эле бул жигитке убал болду, чыгармалары мыкты, бирок муну же тажиктер сыйлабады, же наам берип кыргыздар сыйлабады деп калды. Анан мен ал кишинин айткандарынын баарын «Эркин Тоого» бастым. Чынында Каримовдун чыгармалары кыргыз прозасын бийикке көтөрө турган чыгармалар. Сооронбай Жусуев айткандай, бул киши Кыргыз эл жазуучусуна эчак эле татыктуу болгон. Мен президентке бул кишиге ушул наамды берүү боюнча өтүнгөм. Бул чечилип калса жакшы болот эле. Башкасын айтпаганда да эки элдин ортосундагы мамлекет жасабаган иштерди Мирзохалим жасап жатат. Анын чыгармалары дагы көп нускада чыгып дүйнө жүзүнө таралууга татыктуу.

Мелис СОВЕТ уулу, «Жаңы агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий