Рахат Аманова

Ырлар

* * *

Сынган айнек сыяктанып, чачырап,
Бырчаланып, талкаланган кыялдар!
Сыныктары жан дүйнөмдү сайгылап,
Жарадармын, жарадармын караңгал!…

Кыялдарым, билем, билем өчүң бар!
Ээрчибеген силерди бар жазыгым…
Келип азыр кетпес менден кегиң ал!
Келип турат, ичим күйүп, жашыгым!..

Же болбосом, боор ачысаң Үмүт бер?!…
Шамчырак бол, карангыда Жол көрсөт!
Жарык болуп, Жарык берип күйүп кел!
Жан дүйнөмдү Көктөм Жазга бөлөп кет?!…
03.04.2014. Ош шары

 

ТҮШ КӨРДҮМ…

Түш көрдүм…, түндө,
Төбөмдө Күн шооласын
Төгүп турган,
Аягымда Ай тууган…
Ак маржан, ак берметтей,
Асмандын бетин бербей,
Жылдыздар жымыңдаган.
Ай-аалам аруулукка,
Апакай нурга тунган,
Айланам гүлгө оронуп,
Атыр жыт аңкып турган!.
Ажайып айтып бүткүс,
Керемет сырдуу төрдө,
Көз жоосун алган Көлгө,
Көзүм түштү,
Бой таштап кучагына,
Сүздүм жыргап…
Күлмүңдөйм аппак таңга,
Көргөнүм өңбү,түшпү?…
Култ этип кирип кеттим жуурканыма,
Ээхх, мынча сонун!
Ойгонгум келбей койду…
2.04.2014

 

КӨҢҮЛ ЧӨККӨНДӨ

Негедир бардыгынан тажап турам!
Негедир ушунчалык чарчап турам!
Сүйлөшүп, сырдашууга дарманым жок,
Сен гана түшүнөсүң жакын адам.

Көөдөнүм боштук ээлеп, көңүлүм суз,
Көңүлсүз карайм баарын, жүрөгүм муз,
Кайдыгер карап жатам бир чекитти,
Какшыган чөлмүн азыр тамчы суусуз…

Жүзүмдө жылуулук жок басып барам,
Жүрөмүн азыр эптеп илең-салаң…
Көрмөксөн болуп койчу, суранамын,
Көчөдөн көруп калсаң тааныш адам…
2012 жыл, Москва ш.

 

* * *

Мөңгү алдында мөлтүр булак сыяктуу,
Тунук элем эч ким көрүп билбеген.
Аккан сайын андан ары арылап,
Айландым мен агын сууга кирдеген…
1992—жыл, Бишкек

 

САГА БАРАМ

Билбейм неге, бирок кээде,
канат байлап, каалгый учуп,
Сен тарапка баргым келет,
унчукпастан, үндөбөстөн
жытың искеп,
демиң сезип,
кучагыңдан кубат алып
тургум келет.
Олтурсаң ойго батып,
колум кармап,
тизеңе башым коюп
жаткым келет,
сыласаң кумуш чачым
ичтен аяп,
сызылып тамчы жашым
мөлт деп кулап…

Билбейм неге, бирок кээде,
бак түбүндө
агып аткан бул дүйнөнүн
мукам күүсүн бирдей
сезип тургум келет
Сени менен.
Ошол ирмем
дүйнө саамга тык деп
токтоп мемиреген,
карегиме чөгөрүп алгым келет
Сени менен.

Билбейм неге, бирок кээде,
бул дүйнөнүн ызы-чуулу,
түркүн-түрдүү добушунан,
атым атап
Сен чакырган
сыйкыр үндү шоокумунан
сезип-туям,
селт деп карайм,
үн чыгарбай
көөдөнүңөн шыбыраган,
үнүң угуп,
Ай-ааламда каалгый учуп,
Көктө сүзүп,
Сага барам…
2012-жыл, Москва

 

* * *

Талаанын Гүлү сымак эркин өскөн,
Таажысын Күндүн нуру сылап өпкөн,
Таң нуру шооласына аруулантып,
Табийгат эркелетип мээрим төккөн,
Татына Гүл кыялы таазим кылып,
Таалайын тилеп туруу улуу Көктөн…
04.08.2013, Бишкек

 

* * *

Мөлт этип көздөн жаш тамат,
Мөлтүрөп турган жаш курак,
Мөмөсүн таткан сүйүүнүн,
Мөймөлдүн көзү мөл булак.

Сүйүүгө мас жаш курак,
Сүйгөнүн эстеп жаш кулап,
Суйкайган назик бото көз,
Сүт эмген бала жыттанат.

 

МОСКВА, КӨЗ ЖАШЫМА ИШЕНБЕГИН

Москва, көз жашымды аарчыбагын,
Билесиң кыргыз кыздын тайкы багын.
Сүрүлгөн мекенинен тыйын үчүн,
Сүргүндү өтөп жүргөн кайран чагым.

Сүйкүмсүз кызы болом мекенимдин,
Сүргүнгө айдаса да сүйөм!-деймин.
Сүтү агып эмчегимдин балам таштап,
Сууга саап тентип кеткен энекемин.

Энеке эстеп мени кейибегин,
Эси жок кызың болдум, мен кантейин.
Сүтүңдү актай албай, кечир, Апа!
Сүргүндө тыйын издеп жер кезидим.

Москва, көз жашыма ишенбегин,
Мен азыр ок өтпөстөй көк мелтеймин.
Мекеним сага ыргытып таштап койгон,
Киндигин өзү кескен жетимдеймин…
2012жыл, Москва

 

ЖАШТЫГЫМ САГА

Жаштыгым — жашыл колум жыргап сүзгөн,
Жашыл бак, гүлзарында ойноп күлгөм
Шынаарлап, шыңгыр күлүп, айлуу түндө
Шыбырап сүйгөнүмө наз төгүлгөн.

Шурудай, жаштыгым ай, мөлтүрөгөн,
Шуудурап агып түштүң тизмегинен,
Чамам жок кармап калаар, өпкүлөймүн,
Чачырап жерге түшкөн берметинен.

Үнөмдөп, бөксө калган чөйчөгүнөн,
Уурданып, ууртайм калган кешигинен.
Кайрылып сага барсам атаганат,
Кана ичип албайт белем шербетинен.

Кош айтып кол булгалап тээ алыстан,
Коңгуроо үнүң барат угулбастан.
Кайыр деп айткым келбей жаштык сага,
Каректен жашым төгөм кыя албастан.

Мейли эми, айла канча мезгил утту,
Мөлтүр кез, мөлмөл курак колдон учту.
Жарк эткен жаш сезимдер сырым болуп,
Жазымдан элес калды ырахаттуу.

 

СОПУ-КОРГОН

Алайдын ордосундай Сопу-Коргон,
Аска-тооң арча черге оронбогон.
Жылаңач тоолорунда касиет-сыр бар,
Жараткан бата берип ыроолгон.

Кышы суук, жайы салкын Сопу-Коргон,
Күн тиет айылыма Беш-Колоттон.
Түндөсү түркүн жылдыз бадырайса,
Коргондой болосуң сен телескоптон.

Ташкыны дайрасындай, дили булак,
Тоолуктар жердеп келген Сопу-Коргон.
Тоо ылдый шылдыр аккан Мазар-булак,
Тамчыбыз тосуп алат босогодон.

Касиеттүү карыядай Сопу-Коргон,
Калдайып, ак калпакчан бийик тоодон.
Калаалап, узак кеткен уул-кыздарын,
Карайсың күндө күтүп узак жолдон…
2012-жыл

 

МОСКВАГА КЕЛГЕНДЕ

Суналган Москванын суз асманы,
Сумсайып сүрү кача тосуп алды.
Буулуга карап турам булуттарын,
Билинбейт Күн чыкканы же батканы.

Аман-соо жерге конгон учагымдан,
Айласыз кадам шилтеп түшүп барам,
Аңкая саамга тиктеп боз асманды,
Ала-Тоо эстеп сени ыйлап турам…

Эчкире ыйлай жаздап араң туруум,
Эстесем Ала-Тоонун жылуу койнун.
Көксөймүн көчөлөрүн кыргыз жыттуу,
Кең пейил Бишкегимдин, карт Ошумдун.

Айланып-тегеренген атам-апам,
Алтындай балдарым бар апалаган.
Алыста турам азыр зарылып мен,
Алайым, Сопу-Коргон айылымдан.

Сумсайган көчөсүндө Москванын,
Сумкамды араң сүйрөп келатамын.
Сулуусуң, балким, сен да орус шаары,
Сүйбөдүм, бирок сени сүйалбадым.

Чайыттай көк асманы көмкөрүлгөн,
Чачырап Күн тийгенде нур төгүлгөн.
Ак карлуу, аяз кышы ашкан сулуу,
Ала-Тоом, Кыргыз жергем мен төрөлгөн.
06.01.2013, Москва

 

МОСКВАНЫН БАТИРИ

Жүрөктү зыркыраткан жүдөө үйлөр,
Жүдөтүп жан-дүйнөмдү жеп бүттүңөр!
Жүйүртө ууру мышык өңдуу басып,
Жүргөнгө, сүйлөгөнгө үйрөттүңөр.

Бөтөн жыт, бытыраган орус батир,
Бурчум бар тууралыгы чарчы метр.
«Бул жер саа Кыргызстан эмес!»- дешип,
Бут аттап кирсем айтат кожейкелер.

Капкайда батир үйлөр көзүм көрдү,
Колхоздун бригадасы жүргөн өңдүү.
Кары-жаш, чочун бүлөө чогуу жатат,
Кайран жан айласыздан чыдап көндү.

Каткырып катуу басып көнгөн жаным,
Тарсылдап, тамашаны сүйгөн жаным.
Капаста туткун өңдүү туталанып,
Кашайып кетчү болдум барган сайын.

Бир гана жооткотор көңүлүмдү,
Бир сыйра көз жүгүртсөм батир үйдү.
Бир тууган болуп калган кыргыздарым,
Бул жакка тентип келген өзүм өңдүү…

Капшытын карап жатып чочун үйдүн,
Кападар ыйын туям жүрөгүмдүн,
Уядай жылуу койнун, жытын эңсейм,
Өз үйүм, өлөн төшөк түнөгүмдүн.
2012-жыл, Москва шаары

 

* * *

Агарып таңдын атканы,
Кызарып Күндүн батканы,
Мээримге бөлөп аз гана,
Мезгилим суудай акканы.

Гүлүмдүн бүчүр ачканы,
Күлкүсүн назын чачканы,
Күлгүн кез өтүп азыр мен,
Күкүкмүн күзгү бактагы.

Асылдар сезим төгүшкөн,
Адамдар Жолдо көрүшкөн,
Ырларда калат бир өмүр,
Ыймандай сырын бөлүшкөн.
Апрель 2014-жыл, Ош ш.

 

* * *

Жаштыгым – жашыл колум жыргап сүзгөн,
Жашыл бак гүлзарында ойноп-күлгөм,
Шынаарлап, айлуу түндө суу боюнда,
Шыбырап, сүйгөнүмө наз төгүлгөн.

Шурудай, жаштыгым ай, мөлтүрөгөн!
Шуудурап агып түштүн тизмегинен,
Чамам жок кармап калаар, өпкүлөймүн,
Чачырап жерге түшкөн берметинен.

Үнөмдөп боско калган чөйчөгүнөн,
Уурданып, ууртайм калган кешигинен,
Кайрылып, сага барсам атаганат,
Кана ичип албайт белем шербетинен!

Кош айтып, кол булгалап тээ алыстан,
Коңгуроо үнүң барат угулбастан,
Кыр ашып кетээримде кылчак карап,
Кылгырып, ыйлап турам кыялбастан…

Арга жок, айла да жок, мезгил утту,
Алоолоп.., сезбейм азыр жалын отту,
Табына жылынамын үйлөп коюп,
Тартылып бара жаткан кызыл чоктун.
22-январь, 2014-ж.

 

* * *

…Мага окшоп жүдөөсүң ээ, мекеним?,
Түйшүк тарткан жүздөрүбүз жүдөңкү,
Үзүк-созук жамак салган этегиң,
Жардамым жок, күнөөлүмүн, төгүнбү?…

Кийгизбедик уул-кыздарың кур дымак,
Көйнөк алып, көөлбүтүп көркүңдү,
Же санааңды тынч койбодук чуркурап..,
Уялабыз кийимиңден жупуну…

Көптү көргөн ойлуу жүзүң чарчаңкы,
Көз чаптырып олтурабыз талаага,
Күткөнүбүз багып алар бир уулуң,
Ойлорубуз батып түркүн санаага…

…Ээрчип жүрөм баштыгыңды көтөрүп,
Эрмек болуп унчукпаган карааным,
Эртеңкиден үмүт артып, нур көрүп,
Эр көкүрөк уул-кыздардын караанын,
Эр көкүрөк уул-кыздардын кадамын!
20.04.2014

 

* * *

ТҮГӨНҮҮ…

Өзүм менен маек, жөөлүгөн саптар. №6палатанын
«пациентинин» өз менен диалогу…

Качан, кантип музга айланып тоңгон эле журөгүм?..,
Кай себептен катаал тартып, каткан эле мүнөзүм?..,
Кай мезгилде урап түштү көөдөндөгү тирегим?..,
Кайып болду качан билбейм караан болчу көкүрөктө тилегим?
Билбейм кандай?..,
Бирок азыр төгүп алып таштак жерге өмүрүмдүн мүрөгүн,
Мен өзүмө жакпай калган!..,
Мен өзүмдү таппай калган!,
Мен өзүмдү жектеп ыйлап!.,
Мен өзүмдү жоктоп ыйлап.,
Мен өзүмдү өксүп издеп..,
Жолун таппай, жолдо калган бирөөмүн!..
Кай жеринен жазды билбейм бакыраң көз,
баёо мүнөз, аппак кыз?..,
Кай мезгилде кала берди сүйүү толгон
жазым, күзүм, ак жай таңым, аппак кыш?!..,
Кайып болду кантип билбейм?.
караан болуп, көздөн кайым туурумдагы аппак куш?!..,
Билбейм кандай..,
Бирок азыр көргөн күнүм өңбү, түш?..,
жашап жүрөм көөдөн бош!,
Билем, бирок өгөй тагдыр мен адашып баш койгон!,
Бүгүн мага – өмүрүмдү, көнүлүмдү, тилегимди бүт соргон!,
Муздак, мерээз, мээрими жок таш коргон!
Кайдыгермин…
Кайдыгермин, басып кетем көп нерсеге кол шилтеп,
Жүргөнсүймүн, өтөгөнсүп өмүрүмдү
болоор-болбос, көнүл тойбос,
көндүм болгон иште иштеп..,
…Сын такпачы!, Турчу ары!,
ары жогум, жугуму жок акылыңды айтпачы?!..,
Ансыз дагы жолдо турам эки айрылыш —
бири жарык, бири артка кайтпачу!..,
Көрүп турам, кургурум,
көөдөнүңдү миң жеринен тешилген,
Көрүп турам мен сыяктуу тагдырыңды —
агы азыраак, карасы көп шоона жиптен эшилген!.,
Көрүп турам, кайран жаның кара күчкө карч уруп ,
миң жеринен жешилген!..
Көргүң келет бу жарыкта курган жан —
термелгенин бешигинде сүйүүнүн,
санаасы жок уктаганын, көөшүлгөн?!..,
Ыйлайсын ээ, бук болгондо тагдырындын чече албай түйүнүн?..,
Ыйлабачы, кургурум..,
Көз жашыңды аарчы дагы байкушум!..,
Кыйын өңдүү сыр бербей, беткабыңды кий дагы,
Жаша дагы, сүйлө дагы жасалма!
Кээде бирок эстеп биздин экөөбүздүн сөзүбүз,
көздөрүңө айыбы жок жаш алба?..,
Же болбосо?..
Жоготтуңбу өзүңдү?…
Мен да жокмун, түгөндүм!
Кереги жок жайкап жашап өзүңдү!,
Ой-кырыңды түзүндү!,
Бактылуудай көрүнгөнсүп бардыгынын көзүнө!..,
Жүрү кеттик жүрөк сүйгөн чын жашоого, кургурум!,
Баарын, баарын
Жасалма жүз тагдырынды ташка чап!,
Быркыратып ургунуң!,
Жүрү кеттик!
15-июль, 2015-ж.

 

* * *

Сулуулукту тартуулап,
Суу кар жаады эртелеп,
Сары-жашыл жалбырак,
Жуунуп алды тал-терек,
Ай артынан ай өтсо,
Аппак сулуу кыш келет.
Октябрь, 1987-ж.

 

* * *

…Болбойт окшойт
жашоо деген,
күбүр-шыбыр, майда
сөздуу айыңсыз?!..,
кеткин келет кээде
туруп, адамдардын
арасынан
качып-безип, көздөн
кайым дайынсыз!,
Жашагыла, каалагандай,
кагылайын адамдар!,
Бир гана!,
Койгулачы жайыма!,
Тийбегиле деймин
менин!,
тикенектей тилиң менен
Күнүм менен
Айыма!
Күндөрүмө гүл терген!.
Түндөрүмө ай тийген,
Өмүрүмө бул жарыкка
бир келген!
Тагдырыма
Гүл жыттанып, Гүл өнгөн!.,
…Жашагыла каалагандай,
кагылайын адамдар!
Жашоосунда ар адамдын агы бар да,
тагы бар!,
Жаратканым жазып койгон,
бешенеме -Багым бар да!,
Тагым бар!,
Кереги жок мага сенин
жашооңдун!,
Көр оокатты үйгөнүң!,
Жандалбастап
өлбөөчүдөй
жанталашып,
жалган сүйлөп,
жамандашып
жүргөнүң!..,
…Тийбегиле деймин
мага!..,
Жетет мага!,
Жетет, жетет
аман болсо сүйүүм менен
сүйгөнүм!,
…Балким, балким
башкалардан
айырмам,
Айтам ачык:
Эркиндикти суйөм!-деп,
Жакпайт мага
жасалма өң,
жасалма жүз,
жайкап сүйлөп,
жагалданган жалган кеп!..,
Айланайын адамдар!…
Мен да сендей
адаммын,
Анан дагы
аялмын да алсызмын!..
Бар болгону айыбым —
чынжырыңды үзөм
деген арсызмын!
Айып көрбө айтсам
эгер жашырбай!,
Жашагым бар
Эркиндигим тушап койгон
мыйзамыңа баш урбай!
Таалайыма,
Тагдырыма тийбегиле
суранам!,
тилиңерге тикенек
сүйүү жыттуу гүл сунам!
Жашагыла сүйүү менен,
Мага мээлеп таш урбай!
Мага мээлеп таш урбай!
20.12.2014-ж., Ош ш.

 

СҮЙҮҮ

Сүйөм! — дейсиң,жаш жигит,
Шашпаа, шашпа, коё тур..,
Билесиңби?… Айтайынбы билгеним?
Жыргалынан, кууралынан махабаттын ыйлаганым, күлгөнүм.
Анда эмесе угуп ал, кантип менин сүйүүлөрдөн күйгөнүм.
…Чындап сүйсөң тилиң келбейт күрмөөгө,
Кирпигиңди алың жетпейт ирмөөгө,
Ачылат-ов!,Ак сүйүүдөн —
Бейиш багы буга чейин сен көрбөгөн, билбеген.
Кайран жаның дирилдеген сүрдөгөн,
Кулайсың да кучагына сүйүүнүн,
Тагдырың ай, адамдык, бир ирмемге байланган,
Дилиң, жаның жуурулушуп бир денеге айланган,
Көздөр гана сүйүшөт, көздөр гана күйүшөт!
Денең күйүп от-жалын, эринидериң эс тандыра өбүшөт!
Анан, анан…
Түнкү асманда анда-санда көрүнгөн,
Учкан жылдыз сыяктуу — улам бири, экинчиси…
Сүйүү соолуп, сүйүү өчөт,
Кулайсың-ов, карайлап… Бут алдыңдан жер айланып, жер көчөт,
Сүйгөнүңдөн айрылып,
Түшүнгөндө сүйүүлөрдүн келбестигин кайрылып,
Таппай, таппай тегеренип айлаңды
Ак сүйүүнүн азабына байланып,
Бүк түшөсүң чала өлүккө айланып.
Жүргөнүңдө араң жан, сүлдөрүңдү сүдүрөп,
Сүйгөнүңдүн атын айтып, миң кайталап жалынып,
Айныгандай ар нерсени айтып коюп күбүрөп,
Быштым мына!
Өлбөдүм деп сүйүүдөн! Өлбөдүм деп күйүүдөн!
Сенек болуп сезимдерим, жеңдим баарын мынакей! — деп,
Кулаганда көк мөндүрдөй көздөн жаш,
Жетилдим деп турганыңда каадаланып кайран баш,
Жатканыңда жаның соолуп бүк түшүп,
Ойлоруңдан таштай муздак бирде тоңуп, бирде үшүп…
Канаганда эт-жүрөгүң тилинип,
Жалгыздыгың жанга баткан билинип,
Турганыңда бул жалгандан түңүлүп,
Анан…, анан…
Аруулан, — деп, сыноолордон өтсөң анан.., боор ачып,
Оо.., бир убак кечигип! Сүйүү келет жүрөгүңө тирилип.
Ана сага махабат!
Жаңы сүйүү суз жашооңо – жарк деп жанат нур чачып.
Дагы сыноо Теңирден!?
Дагы белек Тенирден!
Түшүнөсүң бу сөздөрдү тээ кийин.
Азырынча жаш жигит, койгун мени кечирип.
Койгун мени кечирип.
Бар айыбым – сүйбөйм сени,
Анан… анан, төрөлгөнсүң кечигип.
Май, 2015-ж.

 

БАЛДАРЫМ

Шаты болом балдарыма деп жүрүп,
Шайым ооду.., шайыр мүнөз токтолуп,
Шапар тепкен кездер өтүп баратат,
Шарактаган кыздар болуп топтолуп.

Билим берем балдарыма деп жүрүп,
Билигине май тамызгы, от коюп,
Жарык чачсын жашоосуна таалими,
Жанар тоодой, жанып турсун октолуп!

Оңго басса оң колумдай! — деп жүрүп,
Солго басса: «Атаа, балам..», — деп күйүп,
Ооруп кокус калбасын деп көңүлү,
Ойлоп сүйлөп: «Олдаа, балам..», — деп күлүп…

Чынар кылам чырпыгымды деп жүрүп,
Чыдап келем миң санаага, миң бүлүк,
Ордо болсун балдарымдын калаасы,
Ооматы артып, — деп ойлоймун – Ой күлүк.

Чырактарым калбасын деп жөтөлүп,
Чымырканып, чыдап келем көшөрүп,
Таш-тикенек кирбесин деп, килемдей —
Таманына калгым келет төшөлүп.

Табын алып асман-жердин, ааламдын,
Тамырымды мол булакка сугардым,
Каным-жаным, эне сүтүм кайыптан,
Касиеттуу элиң кыргыз, каралдым.

Чынар болоор үч чырпыгым, чырагым,
Чындык сөздөн, чылк болоттон куралгын,
Улуу тоолор түбөлүктүү мекениң,
Уул-кызы бол учкан Бүркүт Уяңдын!
09.12.2015-жыл, Бишкек

 

* * *

…Атаа-а-а, ушу.., ичтегини төгө албай тумчугам,
кээде ушинтип унчугам..,
көрүнбөгөн жиптер менен эрким байкуш байланган да тушалган,
Эркиндикти эңсегеним күндөн-күнгө күч алган!
гүлбагымды кантейин..,
чарбагымды кантейин..,
курган элем ушуларды айдай жүзүм туурулуп,
… А бир ок!
мейкиндикти, эркиндикти самаган!,
көөдөнүмөн азат чыкты атырылып, суурулуп!,
бир кездеги бакыт болуп сезилген,
нерселердин мааниси жок мен үчүн —
жалган жашап, жаным байкуш ансыз дагы эзилген
жан дебегин эсирген,
корком, корком, корком мен да кесирден,
жаза ушул – жаза тартат сүйбөй жашап, жалган жашоо кечирген,
азып-тозуп жан дүйнөм,
азыр менин айырмам жок – баарын кечип, басып кеткен кечилден.
…А бир Ак!
Мен адаммын, күрөшөм!
чарбагымдын курам кайра жаңысын,
койбогунун мага сын,
чегинбеймин, чеп бузам,
мүрөгүнөн бакыттын – чөйчөгүмө суу сузам.
кана ичем!, кангыча ов —
Мөл бакытка жан кусам!
Мөл бакытка жан кусам!
2015-жыл, май Ош шаары

 

ЭЛЕТТИК КЫЗДЫН ЭЛДИК МОТИВДЕГИ ЫРЛАРЫНАН

Урпактарга бизден кийин төрөлгөн,
Уламыштай айтып берсем жөрөлгөң,
Уул-кызыма ата-энемди жомоктойм,

Ушул экен ортоңордо өбөлгөм..

Чоң атам Орозаалы-Наза уулу Амандын жаркын элесине арнайм.

ЧОҢ АТАМ АМАН

Алкап турчу СССРди, Ленинди,
Агартты, — деп — атпай журтум, элимди,
“Эрепересия” болсо деле наалыбай,
Эл атасы дечү Сталин “залимди”.

Мыкты дечү СССРдин “ирежим”,
Берешен деп мактай берчү Бережин,
Атандыдурайын!-деп сөгүнчү жекире,
Куурагыр деп Курушоптон иренжип.

«Иликтирди», Ильич шамын Жарык деп,
Илимпозду алкачу эле жарыктык,
“Ырадыйа” ырыскыга жаралган-
Ырас дечү айтып берет кызык кеп.

Эртели кеч ичте, сыртта жаңырган,
Эки «ырадыйа» дубалында тагылган,
Билбей барып өчүргөнү кабылчу,
Чоң атамдын ачуусуна чагылган.

Эр көкүрөк, эмгекчил да күжүрмөн,
Өмүр бою өзү жалгыз дүжүрдөй,
Эгин талаа, короо-жайын, мал жанын,
Өзү иреттеп, өзү иштеди күжүлдой.

Эркелетип, эрте тур деп урушпай,
Эринсек биз эрте менен туруштан,
Катар жатсак садагаң деп карматчу,
Таттуу чайы толо темир кружка.

Куржун толо айран, каймак, бышкан эт,
Кымыз, наны, курут, сүзмө, ынак сүт,
Күр жайлоодон күндө бизге ташыган,
Чоң атам чооң, апкечү экен үйгө Кут.

Кутту күнү ар бир түнү кечинде,
“Манас” окуп бергин балам дечү эле,
Окуп атсаң ойго баткан ата-энем:
Уаа, атаа…, — деп, үшкүрүнүп алчы эле..

Эгерим бир чарчадым деп айтпаган,
Эгерим бир айткан сөздөн кайтпаган,
Керек жерде кесе сүйлөп, бир айтып,
Алдын ала айтаар сөзүн таптаган.

Чоң атамдын жыгач кесе аягы,
Өзү жонгон табылгыдан таягы,
Бак даары деп бизге тилеп калтырган-
Ак батасы анан бүтпөс баяны.
10.11.2016-жыл Бишкек

 

* * *

Чоң энем Солбон кызы Гүлсүндүн жана бардык Күмүш чачпак энелердин жаркын элестерине арнайм.

Гүлсүн энем баш болуп,
Күн батышка бут коюп,
Күмүш чачпак энелер,

Күлбөс жакка кеттиңер.

Депутат Гүлсүн энекем,
Апы таенем берекем,
Аптап,
Кантай, Сайрабү,
Энелерге ырдестем.

ЧОҢ ЭНЕМ ГҮЛСҮН

Энеке, ысык нанга ынак сүттүн каймагын,
Сүйкөп берсең сүйүнүп жеп аймадым,
Жайды жайлай тоголоктоп сүзмөдөн,
Чий сереге курут тизип жайганың.

Жалынчу элең алкап улам Кудайды,
Жаргылчакка тартып жатып буудайды,
Маштап берсең талкан, каймак, шекерди
Майталкандап жеп чоңойдук сүт, майды.

Каймак сүйкөп ысык жупка бетине,
Карматчу элең жей бергин деп четинен,
Кышындасы эзип, ысык курутка,
Сары майдан, жупка салып жедирген.

Ток печкени, газды такыр жолотпой,
“Пырнымайтка” алып деле тоготпой,
Кылдыр отко шылдыратып бирдеме,
Жалкоо катын бышырат деп нолоктой.

Темир печке, очок, көсөө, калагы,
Жыгач кесе, жыгач кашык, табагы,
Эстен кетпейт энекемдин тамшанткан,
Очоктогу отко бышкан тамагы.

Нарын тартса этти колго туураган,
Нанды жапса бетин сүткө суулаган,
Жайлоодо жаап казанга нан, кышында,
Керогазга көмөч нанды буулаган.

“Дилбизарды” экинчи ирет көрбөдү,
Буюм эле кереги жок төрдөгү,
Кошунанын телесинен качыптыр,
Ичиндеги өбүшөт, — деп — өлбөгүр.:)

“Каладилник” жолотподу түтөп деп:
“Азыктарды салсаң даамы кетет”, — деп,
Кам эттерди туздап илип, сүрсүтүп,
Каймак, сүттү сактаганы жомок кеп.

Эс тартканы акылыма киргени,
Энекемдин касиети билгеним —
Бир кашык сүт иригенин колунан,
Бир күкүм нан көгөргөнүн көрбөдүм!

Кийиз басып, таар согуп, чий өрмөп,
Жигин, жибин билиндирбей бир жөрмөп,
Чоң атамдын калпак, ичик, кышкы тон,
Өзү жасап кийгизгени бизге өрнөк.

Боз үйдүн бүт ички-тышкы жасалга,
Чарчабаган энем өзү жасаган,
Ийик ийрип, жылда бизге жаңылап,
Жүндөн байпак токуп берип жашаган…

Тери ашатса, маңдай-тескей олтуруп,
Атам экөө ийлеп, тартып болтуруп,
Жүндү тытып, сабоо менен чапкылап,
Жүргөн экен энем “план” толтуруп…

…Айран катык жарма,атала,көжөсү,
Чөбөгөсү, эжигейи, быжысы,
Чөбөрөлөр чоң энемди көрбөгөн,
Чоңойууда чоң калаада ызы-чуу..

Күмүш чачпак, сөйкө, топчу, билерик,
Ысык нандай жылуу жүзүң имерип,
Айран, кымыз, каймак жыттуу энеке,
Артыңда биз эстеп сени жүрөлүк…
14.11.2016-жыл, Бишкек

 

ЫСЫК-КӨЛ

Түн койну,
Көл бою,
Муздак кум, суу да муздак,
олтурам көл жээгинде жалгыз өзүм,
арбалып карап коюп сулуу жүзүн,
күндүзгү ызы-чуу жок,
кандай жыргал, кандай сонун!
Унуткам бул дүйнөнү!
Эсимден чыкты баары!,
Эсинен танган жаным,
дүрт этип салкын каным,
тыңшаймын тээ алыстан мукам күүнү,
эңсеймин эх!..,
эбедени эзилишкен сүйүүнү,
өбөсүң муздак кумду,
өрөпкүп сырың айтып,
ыйлайсың тилиң буулуп,
кирдеген дилиң жуулуп…

А Ысык-Көл
көк жакуттай кубулуп,
жыбыраган, шыбыраган толкундар,
ак көбүгү улам жээкке урулуп,
асман кайсы, көл кайсы айырмасы билинбей,
коюу түндүн кучагында жуурулуп,
арбап барат ансайын!..

Ажайып түнкү Көлдү,
ажайып кереметти,
деги өзү сүрөттөө керекпи?
Билбейм, билбейм, чындап билбейм!,
терүү керек ал үчүн кызыл тилдин кырманынан
керемет түс берметти!
Кечирип кой Көл ээси!
Мен арсызмын сүрөттөйм деп ыр жазган,
мен алсызмын көркөмүңө көз талытып, сыр казган…
Алым жетет суктанууга, сүйүүгө,
жетпегенге кызыл тил
дилим чындап күйүүдө!
Келем дагы көп жылдар,
күтүп алаар жайкы түндө муздак кумуң,
Ай, Күн анан жылдыздар,
кайрадан көрүшкөнчө!
Кайрадан, муздак кумда — сулай жатып,
жайкы түндө өбүшкөнчө,
Түбөлүк аман бол!
Ысык-Көл!
Июль,2014-жыл, Ысык-Көл.

 

* * *

Ден соолук дейсиң, Жан соолук дейсиң?!,
Чокуңабы?!,
Кайда сенде ден соолук?!,
Эхх.., сени…
талаа-түздө, жазда-күздө,
жайы-кышы, эрме чөлдө эрбейип,
тентип жүрүп таптың балким он соолук?!,
Бирок байкуш билгенсиң ээ, акыры-ы-ын?,
элге-жерге, эне-атаңа,
эбелектей балдарыңа,
сагынычың сар-санаа,
ызаң менен зил куса-
койгондугун тамырыңдан,
жүлүнүңдөн билиндирбей бүт соруп!,
жатасың ээ, кыйраткансып жамбаштап?!,
карап коюп, терезеден тамбашты…
…Ден соолук дейсиң! Жан соолук дейсиң!
Хаа-ха-ха…Чокуңабы?!,
Кайда сенде ден соолук?!.,
айланаңда миңдеген,
айнек көздүү, жүрөгү муз пенделер,
адам азыр калган эмес,
Сага чындап дем берээр…
Ар биринин башында, арманы бар,
көйгөйү бар, ким билээр?..
Чекпе бекер убайым,
бөтөн турмак кайдыгер —
жардамы жок жалдырайт,
жаштыгыңды, актыгыңды, арнап койгон —
арсыз, алсыз, байкуш сыңар жубайың,
деген өңдүү: “жалдырайсың бечара,
башты бекер оорутуп..,
жеп бүткөнсүң соолугуңду качаан эле соолутуп…”
Коё тур дейм какшанбай,
Көздөрүңдөн калды мына жаш тамбай!
Жалгыз калдың оору менен бетме-бет!
Бул сыноодон өткүн да,
Жакшылыктар күткөн жерге күлүп жет!
Күрөшкүн дейм чыйралып!
…Апам жүрөт күнү-түнү тегеренип, кыйналып,
Атам жүрөт айылда, сакал ылдый жаш куюлуп, айланып,
Балдарыңды бозоргон,
Бир бооруңду, жакыныңды аягын дейм жатып албай жайланып!
Сен эмессиң бул сыркоодон кала турган жайралып,
Боору ачыса бир сага —
Жардам берет бир гана,
Кудурети күчтүү Көктө Кудайым!
Жардам берет Кудурети күчтүү Көктө Кудайым!
05.05.2013-жыл, Ош шаары

 

* * *

Талаанын Гүлү сымак эркин өскөн,
Табийгат эркелетип мээрим төккөн,
Таң нуру шооласына аруулантып,
Таажысын Кундун нуру сылап өпкөн,
Тамчылап, жаз жамгыры сүйүп жүзүн,
Таш жарып өсүп чыккан назик Гүлдү,
Таптаган кучагында Жазгы Көктөм,
Танданып, айланага кулмун карап,
Татына Гүл кыялы таазим кылып,
Таалайын тилеп туру Улуу Көктөн!
27 июнь 2012 –жыл, Москва

 

* * *

Дүйнө кезип таптап келген изимен,
Кемтигимди издеп калган кезим бу,
Оңдой алгыс каталарым онтотот,
Өнүп бүткөн боегу өчкөн күзүмдү.

Аяп коем боегу өчкөн күзүмдү,
Аяр кармайм сырым билген күзгүмду,
Сырым эмне? Сыры кеткен аякмын,
Сыным калган, сыйым менен изгимин.

Сыным бузбай, сыйымменен изгимин,
Тартып барам тарткынчыктап тизгиним,
Азоо сезим, албуут мүнөз тапталып,
Калган курак — туткунубуз мезгилдин.

Өзгөрбөгөн мыйзамы бу мезгилдин,
Мага өзүң, мен өзүңө күзгүмүн.
12 февраль 2015 жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий