Бала күтүүдөгү ырым-жырымдар

Кыргыз элинин өзүнө мүнөздүү салт-санааларын үйрөнүп, билиш үчүн коомдогу үй-бүлөлүк мамилелерге токтолуу зарыл. Себеби ар бир кыргыздын үй-бүлөсүн баштан аяк ар кандай ырым-жырым, үрп-адат коштоп жүрөт. Баланын бойго бүтүшүнөн тартып, аны тарбиялоо, эрезеге жеткирип, үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө энчи бөлүп берүү, андан ары орун-очок алып, акыры о дүйнөгө сапар алышында түрдүү каада-салттар күнүмдүк турмуштун мыйзам-ченемдүү көрүнүштөрү катары кабыл алынып калган. Таалим-тарбиялык мааниси зор бул каада-салттар кыргыз элинин маданиятынын бир жагын көрсөтө алат. Баарабызга белгилуу болгондой бала эненин ичинде жаткан мезгилден тарта эле бул дүйнөнү таанууга аракет жасайт. Эне — бала бири-бирине байланган болот эмеспи. Ошондуктан биздин карылар кош бойлуу айымдарга кылдаттык менен мамиле кылышкан. Алардын жеген ичкенин гана эмес, баса турган маалына да көңүл бурушкан. Мисалга алсак : боюнда бар айым күүгүмдө сууга барчу эмес, мүмкүнчүлүгү болсо тундо эшике да чыкчу эмес. Бала боюна бүткөнүнө үч ай болгондо кандайдыр бир тамакка талгак болсо, анын сосуз таап беришкен. Боюнда бар айымдын айы, күнү жетип толгоо кире баштаганда баканды түндүккө бек тиреп коюшчу, төрөчү келин баканды бек кучактап кармап толгоо тарткан.

Бала төрөлгөндө ата-энесинин камдап жүргөн майынан «майлуу сүттүү бол» деп оозандырышкан, анан айылдагыларына «жентек» деп майын, нанын жана таттуусун кошуп таратышкан. Келген кишилер «бешик бооңор бек болсун» деп алкыш сөздөрдү айтып келишет. Баланын ата-энеси да «айтканың келсин» деп жооп айтат. Албетте, баланын төрөлгөндүгү туралуу атасына жана жакындарына сүйүнчү айтылып, сүйүнчүсү берилген. Баланын киндигин кескен зайып балага киндик эне болгон.

Баланы оозантууда айтылчу саптар:
Бисмилла! Кайгы куулду,
Бөбөк-бакыт туулду.
Байлык нуру балбылдайт,
Кыз бекен же уулбу?

Кырк жылкысың кыз болсоң,
Урматыбыз уул болсоң.
Киндик энең мына мен,
Оозантайын толгонсоң.

Келди бөбөк бакырып,
Калктын баарын чакырып.
Айхай, бөбөк, ыйлаба,
Апакеңди кыйнаба.
Оң чеңгели арбаят,
Оомат учтап келгенби,
Сол чеңгели барбаят,
Соогат уучтап келгенби.

Мээлегенсийт кастарды,
Көзгө атар мергенби?
Душманды сая тургансыйт,
Теңирим чындап бергенби.

Өзүм кесип киндигин,
Түбөлүккө бек түйдүм.
Ырыскылуу киши бол,
Эсен-аман жүргүнүң.

Орошон болуп оку ай,
Ой, теппегин кокуй ай.
Оозантайын эмесе,
Оң ууртуңа сары май,
Жут жута гой, чочубай!

Төрөлгөн баланы эне сүтү менен багуу абзел. Ал эми эненин сүтү көп жана тогумдуу болушу үчүн, энеге дагы өзгөчө тамактар берилет. Мисалга алсак: кайнатылган талканга айран кошуп, жылуулай ичирилип, кийинчерээк козунун жаш шорпосу менен сут көбүрөөк берилет. Жаны төрөгөн келин кырк күн сууга түшпөйт жана муздак ичпейт. Баланын организми биздин шарттарга көнгүчөктү эне тамагын кылдаттык менен тандап жеш керек.

Бала төрөлгөндөн бир нече күндөрдөн кийин эркек жана кыз баланын чачтарын алдыруу да, бир жашка толгондо кыз баланын кулагын көзөтүү да парз болгон. Баланын чачын алдыруу таекенин милдети болгон. Чачын алган таеке балага мал энчилеп берген. Ал эми кыз баланын кулагын тайенеси көзөгөн да сырга тартуу кылган.

***

Баланын кыркын чыгаруу — эркек жана кыз бала төрөлгөнүнө кырк күн толгондо баланын энеси бүтүн айылды кыдырып кырк курак сурайт, жыйнап келген майда чүпүрөктөрдөн курап көйнөк тигип, аш-тамак даярдап айылдагыларды чакырып даам берет. Кийинки учурларда эл арасында бала жуундурулчу сууга алтын же болбосо төш белгилерин салышып, «атаңдай баатыр бол» же «бай бол» деп тилек кылышат экен. Муну баланын кыркын чыгаруу деп айтабыз.

Ушул жана биз билбеген же унутулуп калган ырым-жырымдар абдан көп. Азыркы жаш үй бүлөлөр кайсы бир ойлонуулардан улам, диний көз караштардан же тарбиядан бы, ушуга окшош каада-салттардан баш тартып келишет. Айткым келгени өзүбүздүн каада салттарыбызды сактап, кийинки элибиздин келечегин ойлоп, өзгөчөлүктөрүбүздү бийик тутуп, баланы тарбиялоодо карылардын кенешин, улуттук педагогиканын сабактарынан колдонсок, анда биз туура жолдо экенибизде күнөм болбойт эле.

Назгүл КАСЫМБЕКОВА , «Аруу Дүйнө» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий