“Буканын сүтүн” ичирген

Эгерде көзү тирүү болгондо Дооронбек Садырбаев быйыл 13- февралда 75 жашка чыкмак. Ал тууралуу көп эле сөздөр айтылды, бир топ макалалар жазылды. Бирок, анын мүнөзүн, жан дүйнөсүн толук ачып берген, жасаган иштерин толук чагылдырган чыгарма жазыла элек, дегеле Докемдин нагыз кимдиги алигиче толук ачыла элек. Бул өңүттө дагы көптөгөн изилдөөлөрдү, талдоолорду жүргүзүү талап кылынат.

Доке, куйма кулак катары бир көргөнүн же укканын эсинде бекем сактап, аларды бир нерсеге пайдаланып калууга аракет кылчу. Фантазиясы өтө күчтүү адам эле. Кичинекей нерседен чоң нерсени жаратып койчу.

Менин эсимде калган бир окуя тууралуу айтып берейин. Эки миңинчи жылдардын башында болчу. Жолоочу Рысбаев китебин чыгарыптыр, бир китебин Докеге алып келип берип кетти. Биринчи эле бетинде Чүй облусунун губернатору К.Бакиевге деген тамашалуу ыры бар экен. Анда Жолоочу ушул китебимди чыгарганга жардам бер деп губернаторго кайрылса: «Бир бука берейин, ошону сатып чыгарып ал» – деген экен. Кийин ал буканы ала албай калыптыр. Ошого арнап чыгарган сатиралык ыры экен.

Бир күнү Доке айтат: – Жолоочунун мааракеси болгон жатыптыр, ошого даярданалы.

– Эми баягыдай бир чапан, бир калпак көтөрүп алып мааракеге барабыз да, – дедим.

– Жо-ок, антпейбиз үка, бул сатирик. Биз дагы ошого жараша даярданабыз, – деди кадимкисиндей каткырып. Анан айтып жатпайбы – «Буканын сүтү» деген этикетка жасайбыз, калганын кийин көрөсүң.

Ошондон кийин отуруп алып этикетканын эскизин чие баштадык. Ал киши сүрөттү дагы жакшы тартчу. Нуржан деген жардамчы кызыбыз бар эле, ага улам компьютерге тердирип, улам оңдоттук. Күндө бир жерин оңдойбуз. Ошентип отуруп ортосунда буржуйган буканын сүрөтү, алдында «Буканын сүтү» деген жазуусу, анын алдында дегустаторлор: Д.Садырбаев, Т.Казаков, К. Турумбеков деген жазуусу бар этикетка даяр болду. Кооз этикеткага ылайыктуу башка жазуулар дагы бар эле. Мына эми даяр болду деген күндүн эртеси бир литрлик татынакай болгон эки бөтөлкө алып келиптир: –Эми мунун бетине тиги этикетканы чаптайбыз, – деди, Докем. Эки бөтөлкөнүн бетине эки этикетканы чаптап койдук.

Жолоочунун мааракеси болот деген күнү экөөбүз Каракол шаарына жөнөп калдык. Жанагы эки бош бөтөлкөнү салып алдык. Боомдон өткөндөн кийин, кымыз саткан боз үйлөрдүн бирөөнө токтоп, кымыз ичтик. Докем, кымызды жакшы көрчү. Кымыз ичип чыгып баратканда ал «идиши болсо, эки литр кымыз куюп берчи», – деп кымыз саткан келинден сурап калды эле: «Бар, бар» – деп эки литрлик канистирге кымыз куюп берди.

Докең табигаттын кооздугун, жердин жакшысын абдан тандаар эле. Ал кооз жерлерге “Укмуш керемет жер экен!” – деп, суктанып, андай жерлерге түшүп, ары-бери басып эс алып алганды сүйчү. Ошол адаты менен: «Укмуш сонун жер экен. Ушул жерге эс алып алалы»,- деди. Ошол жерге баягы эки бөтөлкөнү кошо ала түштүк. Кымыз жаныбызда.

– Эми тиги кымыздан этикеткалуу бир бөтөлкөгө толтура куй, – деди.

Аны куюп бүткөндөн кийин эле сумкасынан бир бөтөлкө аракты алып чыкты. Өмүрү арак ичпеген, ичкилик ичкенди анча жактыра бербеген кишинин арак алып чыкканына таң калып туруп калдым. Аны байкап, мага күлө  карап:

– Эми экинчи бөтөлкөгө бу аракты куй, калганына кымыздан куюп аны дагы толтур, – деди. Мен анын айтканын жасадым. – Ой, бала бул экөөнү алмаштырып алба. Таза кымызды жеңеңе куюп бересиң. Экинчисинен Жолоочуга куй. Таңдайы катып, илхамы келбей тургандыр, бир оңолуп алсын, – деп, каткырып алды.

Ж. Рысбаевдин тою абдан жакшы өттү. Буржуйган буканын сүрөтү, “Буканын сүтү” деген жазуусу бар эки бөтөлкөнү жайнаган столдун үстүнө койдум. Докем: “Жаңы кымыз чыгыптыр, эки литр ала келдик. Куйчу аяшым менен Жолоочуга”, – деди.

Жолоочунун теңтуштары: “Ой, ушундай да кымыз чыгыптырбы, “Буканын сүтү” деген ат коюшканы эмнеси?”, – деп таң кала башташты.

Мен таза кымызды Жолоочунун аялына, арак кошулган кымызды Жолоочуга бердим. Башы ооруп, оозу кургап турган Жокең катары менен үч чыныны согуп: “Эми эс алдым, ү-үх”, – деп жаны жай ала сүйлөдү. Бир маал­да эле Жокемдин коңуругу чыгып калды.

– Ой буга эмне болду? Эртеден бери эч нерсе ичирбей жатпадым беле, – деп Жолоочунун аялы кейип-кепчий баштады.

Ошондо Докем каадалана каткырып: – Ай аяш, бул жөн кымыз эмес. Тиги губернатор К.Бакиев бир бука берем деп досумду алдап коюптур. “Ошону бербей жатат”, – деп эле Жокем күндө кейийт. Ошол кейүүнү суутуп  коёюн деген ой менен “Буканын сүтүн” атайын жасатып ала келдим эле. Аны Д. Садырбаев, Т. Казаков, К. Турумбеков дегус­тация кылган. Болду, болду, бул Жолоочу Бакиевдин ошол букасын эстеп кызуу боло түшкөн тура, – деди.

Анан досун ал сыртка ээрчитип чыгып, алеки заматта соолуктуруп келип аяшынын колуна тапшырды. Докенин тамашасына Жолоочунун теңтуштары шатырата кол чаап: “Буканын сүтүн” өзүң эле жеке иче бересиңби? Бизге да ооз тийгиз”, – дешип Жолоочуну омуроолой башташты.

Ошондо Майра Керим кызы дагы төгүлүп, бардан жок кылган ушундай адамдар көп болсо, элибиз тез эле оңолот эле дегендей ыр сабын төгүп, элдин черин бир жазып алышты эле.

2005-жылкы президенттик шайлоо убагында: «Президенттикке татыксыз адамдар чыгып калды. Атаң гөрү, Апсамат аке болгондо башкача болот эле, булар мени укпай койду», – деп өтө кейиген. Анан өзү президенттикке башкалардан тандем куруп алып чыгууга катуу аракет кылган. Эгерде ал тандем түзүлүп калганда, шайлоо дагы башкача өтүп, К. Бакиевдин шайланбай калышы толук мүмкүн эле. Кимдерди тандем кылып алып чыкмак, эмне үчүн ал тандемдин түзүлбөй калганы тууралуу убагы келгенде дагы айтармын.

2010-жылкы апрель окуясынан кийин Докең А. Масалиевдин көзү өтүп кеткенине кандай кейисе, биз дагы Докенин көзү өтүп кеткенине дал өзүндөй кейип турбадыкпы. Азыр дагы бир капталыбыз бөксөрүп, Докеңдей адамга зар болуп турган кезибиз.

Курманбек ТУРУМБЕКОВ, «Кайран эл» партиясынын төрагасы,
«Кыргыз туусу», 14.02.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий