Конок тосуу

Элибизде «конок айттырбай келет» деген сөз бар. Айт-кандай эле, ата-бабадан келаткандай, конок кайсы убакта келбесин, кыргыздар-дын дасторкону жайылып, үстүндө тамак-ашы толуп турат. Шашылыш баратып кайрылган Кудайы конокко үй ээси жок дегенде ат үстүнөн болсо да суусун жуткурбай койгон эмес. Илгертеден келаткан бул салтыбыз азыркы күнгө чейин өз нугун жоготпостон уланып келүүдө.

Конок насиби

Сыйлуу тамакты мейманга сактап , «уяттуу адам» келип калса алдына коюу» деген салт кыргызда гана бар. Илгертен эле кыргыздар конок келгенде дасторкон үстү жупуну болгондон уялышкан. Ак элечек апаларыбыз тамак-ашын үкөккө катып, кулпулап, балдарына да беришчү эмес. Карын май ошондой учурда – конок келгенде бузулган. «Бысмылда, Кудай берекесин берсин», – деп карынды байбичелер бузуп ооз тийип, андан кийин үйдүн карысына томуруп сугундуруп, анан дасторконго коюшкан. Катылып жаткан набат, мейиз, таттуулар үйгө кандай конок келбесин, дасторкон үстүндө жайнаган. «Апабыз үкөктү качан ачат?» – деп шыкаалаган балдарда ал күнү меймандын аркасы менен опур-топур эле болуп калмай. Ошондуктан конок насиби деп азыркы жаштар деле тамак-аш сактай жүрүшсө, конок алдында да жүздөрү жарык, өздөрү да базарга чуркап убара тартуудан алыс болушат.

Дасторкон жаюу

«Жайыл дасторкон» деген сөз «дас­торкон – достук даам» дегенди түшүндүрөт дешет. Дасторконду коноктун алдына жаюунун маданиятында да адептүүлүк болгон. Дасторкон салган адам сыңар тизелей калып, аны оң жагынан жаят. Эгерде аны бүктөөгө туура келсе, бүктөлгөн жагы төрдү карап, ачык жагы босогону карайт. «Бүктөлгөн жагы улаганы карап калса, үйгө кире турган киреше тосулуп калат» деп ырымдашып, дасторкондун башкача салынышына жол беришкен эмес. Анан майда балдарга дасторконду тегеренип ойноого тыюу салына турган. Апаларыбыздын «нан – улук», «нанды оң кой, оңолооруңа жакшы» деген сөздөрү дасторкон жаюуда да колдонулуп, нан дасторконго башка даамдан мурун оң бетинен коюлган. Дасторконго караган адам «бысмылданы» айтып, нанды сындыраарда оң кол менен бетинен кармап, тегиздей үзөт. Ошентип даам татуу алгач нанды ооз тийүүдөн башталат. Куюлган чай солдон оңду карай улуулата сунулат. Чайды чамасы менен шоркуратып куюу адепсиздикке жатат. Чай куйган адам чыныны илбериңки кыймыл менен коноктун колун карай сунат. Кетик чыныларга чай куюлбайт.

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу», 01.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий