Кубаныч ЭСЕНБАЕВ, тележурналист: “Кыргыздын да улуттук бийи болгон…”

– Кубаныч мырза, соңку кездерде бий өнөрүнө кызыгуу артып барат. Өзүңүз да ушул жанрга көбүрөөк кызыгып, атүгүл “кыргыздын улуттук бийи болгон” деген ишенимди далилдөөгө аракет кылып келесиз?
– Совет доорунда атайы сахналаштырылып коюлган бийлерден башка, кыргыздын улуттук бийи болгон эмес дегендерди кулагым чалып келет. Бирок, мен буга макул эмесмин. Себеби дегенде, 1924-жылы «Каркыра» жайлоосунда өткөн жарманкени немис окумуштуулары кинопленкага тартып калган экен. Ошондо бир ак калпакчан кыргыз жигити бийлеп жатпайбы. Кыргыздын бийи болбосо, ал ошол немистерден үйрөнө калды дейсизби? Дагы бир кинотасмага кайрылсак, “Өрүкзар баяны” фильминде актер агабыз Бакирдин Алиевдин бийлегени дагы кыргыз бийинин бар экенине чоң далил болуп турат. Демек, бий – кыргыздын да эң байыркы өнөрлөрүнүн бири. Ал тургай цивилизациядан алыс Африканын урууларында дагы бий жашап келет. Менимче, ар улуттун өзүнүн жашоо-шартына, чарбасына, көксөө-мүдөөсүнө ылайык бийи болот.

– Андай болсо, эмне үчүн кыргыз бийи сакталбай калды экен? Балким, ата-бабаларыбыз сейрек бийлеген үчүндүр?
– Мүмкүн. Биз аны кайра жандандырууга милдеттүүбүз. Бийдин канчалык зарыл экенин сахналарда, той-тороподо көрүп жүрөбүз го. Ырчылар менен катар эле бийчилерди чакырышат. Бирок, башка улуттардын бийин бийлеп, өзүбүздүн улуттук бийлерибиз бийленбегени өкүнүчтүү. А чынында башка улуттардын бийлеринен ашса ашкан, бирок кем калбаган кооз кыймыл-аракеттерибиз бар. Кыргыз этнографиялык бийлери – бул маданиятыбыздын бир бөлүгү. Биз сөз кылып жаткан этнобий, эркин бий бир башка, сахналаштырылган кыймылдары музыкага шайкештештирилген бий башка.

– Мисалы, кыргыз бийлеринин кандай түрлөрү бар?
– Өзгөчө абалга кирип, зикир чалып бийленген этнографиялык бийлер: “татаал бийлер” жана “жеңил бийлер” болуп экиге бөлүнөт. Мисалы, татаал бийге: “Талма бий”, “Жинди бий”, “Кара бий” ж.б. кирет. Жеңил бийге: “Ийин бий”, “Сынма бий”, “Бугу чалыш”, “Муун бий”, “Бүркүт бий”, “Жоокер бий”, “Шапар тебүү” ж.б. кирет.

– Булардын бири-биринен кандай өзгөчөлүктөрү бар?
– Этнографиялык бийде кыймылдар музыканын тактысына бөлүнбөгөнү менен, бийчи музыканын ыргагына ылайык жан дүйнөсүнөн оргуп чыккан кыймылдарда берилип бийге түшө берет. Аялзаты жакындарына жылуу сезимдерин билгизип бийлесе, ал эми жигиттер эр мүнөзүн, ой-кыялын, чечкиндүү, курч, шамдагайлык, жоокердик темпераментин бий аркылуу көрсөтө алат. “Восток дело тонкое” дешет го. Кыздар арзыганына сүйүүсүн ачык айтып билдире албагандыктан, кылыктанган көз караш, кыймыл-аракети менен билгизсе керек. Сөз менен айта албаган сезимин, чын пейилин, жароокерлигин, назиктигин, дилиндеги мамилесин бийге салып, наздануу, жаңсоо менен айтат чыгар.

Ошондой эле кезектешип ыр ырдап, бий бийлеп (алым сабак) жарышка түшүп, биринен-бири озуп бийлешет. Жигит “Сынма бийин” бийлесе, кыз “Муун бийин” бийлейт, жигит ”Бүркүт бийин бийлесе, кыз “Ийин бийин” бийлейт.

– Кызык, байыркы кыргыздар кандай учурда бийлешти экен?
– Байыркылар деле сезимдер толкуп-ташып, кубанычы койнуна батпаган учурларда бийге түшүшкөн. Айрыкча жаштар топ болуп, бирдиктүү кыймылдар менен бийлөөсү көрүүчүлөрдүн кубанычын арттырып, сезимдерин дүрбөткөн. Бийге түшүп кубанычын, кайгы-муңун, кыял-эңсөөсүн, жашоосунда орчундуу окуяларды билгизген, Жараткандан молчулукту, жамгырды, жол ачуу­ну, колдоосун суранган, транска түшүп ой-санаасын ортого салган. Ошол эле убакта элдик бий – бизди курчаган айлана-чөйрөгө, тоо-токойго, талаа-түзгө, иш-чарбага, ой-санаага, көксөөлөргө айкалышып салттуу кыймыл, ритм менен коштолот.

Ал эми тоолуктардын бийинен, талаа-токой элдердин бийи башкача. Айтор, бардыгы салт-санаага, жашоо-шартка, географиялык абалга мүнөздөлөт. Ошондой эле Европа элдеринин бийинде бут кыймылдары, ал эми чыгыш элдеринде дене жана кол көбүрөөк кыймылга келет экен.

– Ал эми сен өзүң сахнада, тойлордо кошо бийлеп, ырдап жүргөн бий кайсы түрүнө кирет?
– Ал жогоруда аталган ар кыл бийден кураштырып, бир бүтүн кылып кайра иштеп чыккан менин “Кубаныч бийи” деген бийим. Текстин да өзүм жазгам.

Кубаныч бийи

Толкуп ташса сезимдер бийге түшүп дегдеймин.
Бийден алып каниет, жашоо – сонун, эх деймин!
Тартынганды замандаш, көңүлдөргө илбеймин,
Бий жарышка чакырып ийин бийин бийлеймин…
Кыз кылыгын көрсөтүп, сезимдерди дүрбөтүп,
Ийин бийин бийледиң, көңүлүмдү гүлдөтүп…
Мүнөзүнөн тоолуктун толкуп-ташып чыккандай
Сынма бийди бийлеймин бүт денемди “сүйлөтүп”.

Топту жарып жаркылдап, сынып-сынып шалкылдап,
Сынма бийин бийледиң жарашыктуу жаркылдап.
Муун бийин бийлеген кыз кыялы табышмак,
Кандай дейсиң кыз-жигит, кыймыл менен жарышсак.
Кызгалдактай ачылып, күн нурундай чачылып,
Муун бийин бийлейсиң ашыктыгым ашырып.
Көксөгөнүн көздөгөн алгыр куштай атылып,
Бүркүт бийин бийлеймин, баарын бийге чакырып…
Кубанычты көбөйтүп, кайгырууну билбейли,
Окшош кыймыл жарашсын, кана баары бирдейби?
Көкөлөтүп көңүлдү, узартууга өмүрдү,
Кубаныч бийи ушул бий, келчи бирге бийлейли.

– Айтмакчы, бий өнөрүнө кызыгып калууңуздун себеби эмнеде?
– Мектепте окуп жүргөндө «Артек» пио­нер лагерине барар элек, ошондо ар улуттун балдары өз бийлерин бийлешсе, биз кайсы бийди бийлерибизди билбей, тымызын уялгансып калчубуз. Студент кезде болсо, бий ийримине катышчумун. Анан, 2001-2003-жылдары кытайлык кыргыздардын «Кытай терезеси» телеберүүсүнөн кыргыз ырчы кызы ырдап жатса, ак калпакчан жигит жарашыктуу, кыргызга мүнөздүү бийлеп, коштоп кооз бийлегенин көрүп суктанып койдум эле. Көрсө, ошондо накта «Сынма бийин» бийлеген окшойт. Кыргыздын бийи жөнүндө «Маданий элек» ток-шоусунда талкууга алып, эл арасында кызыгууну жараттык десем жаңылышпайм. «Сөздүн көркү» телеберүүсүн алып барган Асел Касмакунова өз тобу менен телеберүүлөрдө, концерттерде, тойлордо топ жарып «Кара жоргону» ырдап-бийлеп көпчүлүктүн назарына илинип жатат. Көптөгөн тойлорго чакырылып бийлеп, элдин купулуна толуп жатышат. Асел баштаган бий тобу тойлордо бийлешсе, көпчүлүк кошулуп бийлеп жатканын көрүп кубанам. Алдын чалып тойго чакыргандар көбөйдү. Жакында тойлорубуз кыргыздын бийлери бийленмейин көрккө келбей калчудай болуп турат. Демек, кыргыздын уңгусунан чыккан бий элге жагып жатат десем жаңылышпайм. Башка улуттар да кыргыздын уңгусунан азык алып, бий өнөрүбуздү дагы менчиктеп жатышат, айтсак «Кара жорго» бийин казактар ээлеп жатышпайбы. Бирок кыргыз өнөргө бай, изилдесек чыгып жатат. Изилдөөлөрдү улантайын деген оюм бар. Жаңы табылгалар бар, бирок аны азырынча сыр кылып турайын.

– «Кара жоргонун» автору ким?
– Обону кытайлык кыргыздардыкы экен. Текстин кайра иштеп чыккам. Музыкасын аранжировкалаган Руслан деген  жигит.

Маектешкен Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 31.01.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий