Кытайлыктар деле “үналгы, сыналгы” дебейт

Кыргызстан эгемендүүлүк алары менен эң алгачкылардан болуп кыргыз тили жөнүндө сөз козгоп, “Кыргыз тили” гезитин чыгарган маркум акын, сынчы жана адабият таануучу Камбаралы Бобулов болгон. Президентибиз Алмазбек Атамбаев көптөн бери өлөсөл болуп келген кыргыз тилин жөнгө салуу жана аны өнүктүрүп калыптандыруу жарлыгына кол койгондон бери карай көзгө көрүнөрлүк даражада бир топ жакшы ийгиликтер жаралууда. Кыргыз тилинин негизги булактары – “Манас” эпосу башында турган кенже эпостор менен жомоктор, макал-лакаптар, элдик ырлар. Анткени ошол элдик казынада кыргыз тилинин негизги уңгулары сакталып калган. Башка мамлекеттерде жашаган кыргыздар “Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырда” дегендей, жергиликтүү элдердин айрым сөздөрүн кабыл алган же өздөштүрүп алган жагдайлар оголе көп.

Ушундан улам чет жакта жана башка өлкөлөрдө жашаган кыргыздар жерги­ликтүү басма сөзгө үңүлө карап, өздөрүнүн нугун ошол тарапка карата бурууда. Мисалы, мындан чейрек кылым мурда жуңголук (кытайлык) кыргыздардын басма сөздөрүндө уйгур тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр арбын болсо, азыркы басма сөздөрүндө таптакыр өзгөрүүлөр болгондугу байкалат. Демек ушундан улам Кыргызстандын басма сөздөрү башкалар үчүн күзгү экендиги анык билинди.

Мен бул аркылуу айтайын дегеним – бардык кыргыздар үчүн орто орфографиялык ыкманы колдонууну эп көрдүм. Айрыкча басма сөздөр менен радио уктуруу жана теле көрсөтүүдө такталган жана туруктуу терминдерди колдонсок, тилибиздин өнүгүшү жана калыптанышы үчүн өбөлгө түзгөн болор элек.

Жуңголук кыргыздардын мындан он-он беш жыл илгери жарык көргөн басылмаларында ханзу, уйгур, казак жана башка тилдерден кирген терминдер өтө көп колдонулган, анын да себеби бар. Биринчиден, бир мезгил “Манас” эпосунун чектелиши, кыргыз мектептеринин жабылып калышы, “Манас” эпосу менен алектенген окумуштуулардын куугунтукка алынышы, кыргыз тилинин он жыл бою колдонулбай калышы себеп болу.

Ошондой эле балдар уйгур жана ханзу, казак мектептерине кирип окугандыктан, кийинки жаштар эне тилин толук билбей калды. Кийин “Манас” эпосун изилдөө кайрадан жолго коюлуп, кыргыз мектептери ачылып, басма сөздөр жолго коюла баштаса да басма сөздөрдө иштеген жаштар аргын тил менен иштөөгө аргасыз болушкан.

Ушундан улам биздин басма сөз жана теле көрсөтүү менен радио уктурууларыбыз башкалар үчүн үлгү болуп жатабы, же болбосо чекилик жактары да барбы деген суроолор туулушу турган сөз. Ар бир жерде бардык улутка орток болуп калган терминдер бар. Андай терминдерди зордуктап өзгөртүүгө болбойт. Мисалы, Жуңго (кытай), жуңхва (кытай), жуши, раис. Бул терминдер жуңгодогу бардык улут жана элдер колдонуучу терминдер.

Ал эми бизде отличник окуучу десек, жуңголук кыргыздар «озот окуу­чу» деп айтышат. Биз «сараң» деген сөздү зыкым, битин сыгып, канын жалаган мааниде колдонсок, жуңголук кыргызда «сараң» деген сөздү жинди, келесоо маанисинде колдонот. Бул айтканыма далил катары мисал келтирейин: “Мурда айылды билбегендер, кол телефондо сүй­лөшкөндөрдү көрүп, өзү менен өзү сүйлөшкөн кандай сараң неме деп таң калышкан экен”. “Оту өчпөс коломто” Кызылсуу кыргыз басмасы 2011-жыл 235-бет.

Биздин басылмалар менен радио уктуруу жана теле көрсөтүүлөр эч кынтыксыз, бардык жагынан телегейи тегиз, эч кандай өөн табылбайт деп айтуу кыйын. Айрыкча “үналгы”, “сыналгы” деген терминдер адеп колдоно баштаганда телекөрсөтүүлөр менен радио уктурууда жана басма сөз беттеринде жайнап кеткен эле. Бул жөнүндө учурунда өз оюмду гезит аркылуу бир канча жолу билдиргенмин. Убакыттын өтүшү менен бул термиңди колдонуучулар пасаңдап, акырындап жоголо баштаган. Бирок, негедир “Азаттык” үналгысындагы: “Ыңгайсыз суроолор” деген көрсөтүүдөн “Азаттык үналгысы” деп бакыйта жазылган жазууну дайыма көрүп таң каламын. Өз ичимден: “Мүмкүн үналгыга жаздырып алып көрсөтүп жаткандыр” деп ойлонгонум менен, сүйлөп жаткан адамдарды экрандан көрүп өз оюма өзүм каршы чыгамын. Акыры чыдамым кетип, өз оюмду ортого салууну эп көрдүм. Анда эмесе дагы бир жолу “үналгы” деген эмне, ал термин бизге кайдан келген? Биз ушул терминди туура колдонуп жүрөбүзбү? Ушул жөнүндө мисалдарды келтире кетейин.

Жуңголук кыргыздар да радиону радио, телевизорду телевизор, теле көрсөтүүнү теле көрсөтүү деп эле колдонушат. Ал эми үналгы – магнитофон, сыналгы – видео камера, кир алгы – кир жуугуч. Бизде болсо үналгынын кандай мааниде колдонулуп жүргөндүгү түшүнүксүз. Менимче, “Азаттык” үналгысы дегенден көрө “Азаттык” радиосу деп эле алса эп болмок.

Менин жуңголук кыргыздар колдонуп келе жаткан терминдерин изилдеп, аларга байкоо жүргүзгөнүмө жыйырма жылдын жүзү болду. Байкашыма караганда бир топ эле аргын сөздөр, ара сөздөр, ошону менен катар элде сакталып калган нака кыргыз терминдери да бар. Менин максатым – ошол терминдерди чогултуп алып, аларды колдонгон авторлорду сындоо эмес, кийинки жаза турган чыгармалары үчүн өздөрүнө дыкат кылсын деген ой.

Жогоруда айткандай, айрым жазуучулардын чыгармаларын окуганымда кыргызстандык жазуучулардын терминдерди колдонуу жагынан эч кандай айырмасы жоктой сеземин. Акырында айтарым, жалпы бардыгыбыз кыргыз тилинин өнүгүшү жана бир нукка түшүшү үчүн өз салымыбызды чын пейилден кошууга ат салышалы.

Абдылда КАРАСАРТОВ, “Кыргыз туусу”, 14.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий