Габриэль Гарсиа Маркестин адам затына коштошуу – керээз каты

Ырга айланган «Жүз жылдык жалгыздык» романын автору колумбиялык улуу жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес кечээ чын дүйнө салды. Анын он жылдай мурун жазган, дүйнө менен коштошуу катын жазуучу Мундузбек Тентимишев которуп, 2001-жылы «Кыргыз Туусу» гезитине чыгарган эле. Азыр атактуу жазуучудан чыгармачылыгын сүйүп окуган окурмандарына Мундузбек агайыбыздын котормосунда ошол коштошуу катын сунуштайбыз.

markes

Маркесдин керээзи — ӨМҮР ЧЫНДЫГЫ….

«Эгер Жараткан Кудай чүпүрөк куурчакка айланган мендей бечарасын бир секунд гана көңүлүнөн чыгарып,мага кичине эле таттуу өмүр тарттуулап койсо, анда мен, балким, ойдогу купуя нерселердин баарын бежиреп айта албас элем; мен көбүнесе эмне айтып, эмне сүйлөп жатканым тууралуу сарсанаага түшмөкмүн.

Мен мүлдө турмуш көрүнүштөрүн баасына карап эмес, баркына карап көкөлөтөт элем. Мен аз уктап, көп кыяданып, уйкуга короткон ар бир минута жарыкчылыктын алтымыш секундун уурдатуу экенин ара убак унутпай жүрөр элем….»

«Сүйүүлөр ичинде сүйүү менен жашайт элем»…

«Мен башкалар тыныгып отурганда басып жүрмөкмүн, мен башкалар уктап жатканда ойгонуп турмакмын, мен башкалар сүйлөп жатканда тыңдай бермекмин. Анан шоколад кошулган балмуздакты кандай гана ырахаттана жээр элем!

Эгер Жараткан Кудай кичине эле таттуу өмүр тарттулап койсо,мен карапайым кийинип, ар бир чыккан күн менен кошо туруп, анын нуруна дене-боюмду гана эмес, жан- дүйнөмдү да тазартып алат элем.

Жаратканым ай, эгер мага жүрөк салсаң мен бүт жек көрүүмдү музга айлантып,аны эритээр күн көрүнгөнчө күтүп отура бермекмин. Мен Ван Гог сыяктуу жылдыз алдында сүрөт тартмакмын,Бенедемминин поэмасы жөнүндө кыялдарга батмакмын, а Серранын ыры болсо менин ойлуу түндөгү жүрөк сүйгөн ыры болуп калмак. Мен тикен учу тыз эттире сайып, назик бүртүгү жүзүмө кызыл так калтырганчакты роза гүлүнө эңкейип, жаш төгө бермекмин»

«…Жаратканым ай, эгер менде бир кичине эле таттуу өмүр болсо…..Мен өз сүйүктүү кишилериме аларды кандай аздектеп – сүйө тургандыгымды билдирип коюу үчүн күн калтырбай жүгүрөөр элем. Мен ар бир аял жана ар бир эркекти жүрөгүмдөгү аппак сүйүүнүн күчүнө ынандырмакмын,мен анда сүйүүлөр ичинде сүйүү менен жашайт элем. Мен адамдарга алар улгайган убакта сүйүүлөр токтойт деп жаңылыш эсептеп жүрүшкөнүн далилдеп бермекмин: тескеринче, карылык аларды сүйүүнү унутуп, сүйүшпөй калышканы үчүн тооруйт»

«Силерден ушунчалык көптү үйрөндум, бирок…тилекке каршы кетип баратам»

«Мен наристеге канат тартуулап,бирок аны өз бетинче учууга үйрөтүп коймокмун.Карыларга ажал улгайгандыктан айынан эмес , аларды башка бирөөлөр унутуп таштоодон келээрин да тажабай эскерте берээр элем. Мен бирге жашасам, силерден көптү үйрөнүп алаар элем го,оо кишилер…

Мен ар пенде баласы чыныгы бак таалай эңкейиште экенин туйбастан,тоонун чокусунда жашоого умтула бере турганын аңдадым.

Мен ымыркай наристе атасынын сөөмөйүн кармалап, аны алгач кымындай алаканына кысканда , муундар түбөлүк бөлүнбөй жуурулушуп калаарын түшүндүм.

Мен киши башка бирөөнү сүйөмөлөп-көтөрүп,ага бутуна турууга көмөктөшкөндө гана менсине-койкоюп, бийиктен кароого укуктуу экенин түшүндүм…»

..Мен силерден ушунчалык көптү үйрөндүм,бирок,чындыгын айтканда алардын баарынын азыр пайдасы аз, себеби сандык толо өрнөк-нусканы калтырып, тилекке каршы, өлүп баратам…

«КАБАР ОРДО», 18.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий