Токтогулдун кызы Гүлсара материалдарды жыйнадым деген эле…

toktogul

– Мира Мамытовна, сиздин атаңыз кезегинде Төрөкул Айтматов менен бирге иштешкен коомдук ишмер эле. Совет бийлигинин алгачкы активисттеринен болчу. Улуу акын Токтогул Сатылганов менен да жакын мамилеси бар деп укканбыз. Кетмен-Төбөдө атаңыздын ревкомдукка шайланышында Токтогул акындын катышы бар деп да айтышат, улуу инсандар тууралуу ар бир табылга тарыхый нерсе катары баалуу эмеспи, балким, сиз окурмандарга мурун айтылып, жазыла элек нерселерди айтып берерсиз?

– Ооба, бул сөз чындык. Мен аны башынан айтайын. Ал тарыхый окуяны жазуучу Төлөгөн Касымбеков “Кел-кел” романына да колдонгон. Романда автор эл арасындагы ошол оош-кыйыш мезгилди чогулган элдин психологиясынан чебер көрсөтөт эмеспи. Эски замандын байбачалары менен жаңы замандын Токтогул баштаган орус-кыргыз жамаатынын ревком шайлоодогу кайым айтышуусу чебер жазылган.

Кетмен-Төбөнүн ревкомуна шайлоо, менин атамын маалыматтары боюнча, 1919-жылы өткөн. Мамыт томояктын өкмөткө шайланып калгандыгы Кетмен-Төбөдө эл башкарып жүргөн Рыскулбектин балдарына жаккан жок. Ошол учурда басмачыларга каршы атам элди топтоп, аларды жок кылууга да күч үрөгөн.

Атам Токтогулдун осуяты боюнча жаңы заман үчүн, Кеңеш өкмөтү үчүн кашык каны калганча күрөшүүнү максат кылып койгон. Ал үчүн билим керек экендигине көзү жеткен. 1920-жылы Анжиянда кыргыз-кыпчак съезди болот деп, Кетмен-Төбөдөн 18 манаптын балдары чакырылган. Атам ошолордун атын багып, алар менен кошо жөнөп кетет. Съезд башталгандан тартып күндүз аттарды ырастап коюп, делегаттарга көрүнбөй съездде болгон сөздөрдүн баарын угат.

Съездди өткөргөнү келген Түркстан БК бюро мүчөсү Ш.Капсаламов менен кызыл командир Осмонбеков Арстанаалыдан суранып жатып солдаттарга кошулуп, Ташкенге кетет. Ал жерден Кыргызстандын ар жеринен келип, мугалимдердин алты айлык курсунда окуп жүргөн байдын балдарына жолугуп, ошол курска кирип окуп калат. Мугалимдик кесиптен тышкары саясый жактан да зор билим алып чыгат. Комсомолго, анан партияга өтөт. Ошондон тартып өзүн коммунисттик партиянын анык солдаты катары сезип, колунан келишинче кызмат кылат. Ал кайда жүрсө да Токтогулдун ырларындагы накыл сөздүү саптар көкүрөгүндө турчу экен. Өзүнчө бир ыйык сезчү окшойт.

Ошентип атам туулуп-өскөн Кетмен-Төбөнүн биринчи мугалими болду, мектептерди ачты, партиялык уюмду түздү, райкомдун биринчи катчысы болду. Андан кийин Ош облусуна өттү, обком партиянын саясый бөлүм башчысы болуп, кыргыз, өзбек балдардан кадр даярдады. Облаткомдун төрагасы болуп Төрөкул Айтматов менен (ал киши обкомдун биринчи катчысы эле) жер-суу реформасын түштүктө ийгиликтүү өткөрүштү. Ошентип, 1928-жылы Төрөкул Айтматов Мос­квага окууга кетет, Мамыт Ботбаев Фрунзеге БК “Союз кошчунун” жооптуу катчысы болуп которулат. Дегиңкиси ушунун баарына алгач таасирин тийгизген улуу акын Токтогул болгон экен.

– Композитор Затаевич кыргыз ыр, күүлөрүнүн нотасын жазган жылдарда Токтогулду Мамыт ата алдырып келгени ыраспы?

– Ырас, акынды чакыртып, борборго алып келишмек болгон. Ошондо Токтогул Сатылгановду шаарга алып келиш үчүн атам атайын өзү Кетмен-Төбөгө келет. Ал кезде жол татаал болчу. Токомун улгайып калган кезинде кыйналып калбасын деген экен. Акын биздин үйдө он чакты күн болуптур.

– Аа, анда апаңыздан да акын тууралуу уккандарыңыз эсиңизде бардыр?

– Менин апам Чапырашты бийдин кызы болгон, Током жөнүндө кичинекей кезинде ата-апаларынан уккан болсо керек. Ар дайым анын Затаевич менен жолугушкан күндөрүнөн айтып калар эле. Током 64 жашта болсо да, күнү-түнү талыкпай, чарчабаганына апам таң калчу экен. Күндүзү Затаевичке барып күүлөрүн жаздырып, кечкисин Токому жакшы көргөндөр артынан калбай топтолушуп, ырын угуп, өзүн көргөндөрүнө ыраазы болуп, таңга маал үй-үйлөрүнө тарашчу экен. Таңга чейин тынбай ырдаганын элестет…

Токомун төкмөлүгү, пейилинин кенендигине жараша ичинен кайнар булактай болуп ырлары оргуштап тургансыйт. Ырдаганына жарашкан кыймылы, куудулдугу да бар тура. Азыркыча айтканда жаратмандыгы менен аткаруучулугу ашкере керемет туулган адам Токтогул болгон. Башындагы топусу бирде желкесине барып, бирде төбөсүнө конуп калып, куудул сөздөрүнө коштолуп кубулуп турчу экен. Мындай талыкпай күндүр-түндүр бирдей төгүп ырдаган акынды Затаевич эч көрмөк турсун, уккан да эмес экен.

– Атаңыз менен улуу акындын мамилеси үзүлгөн эместир?

– Албетте, атам өнөрдү сыйлаган адам эле да, Токтогулду өзгөчө урматтачу. Кызмат абалынан гана кээде алыстыктан узакка көрүшпөй калышчу окшойт. Кийин 1932-33-жылдары атам “Суусамыр” совхозунда директор болуп иштеп жүрдү. Ал жердегилер атаман Током жөнүндө көп сурашчу экен. “Иш кичине оңолсун, мен сиздерге ал кишини чакырып берем” – деп жүргөн экен. “Иш оңолсун” – деп айтканы, 1932-жылы жут болот, ал Орто Азия боюнча болсо керек. 1933-жылы жер-жерлерди ачарчылык каптайт, айрыкча казак эли тентип кетүүгө дуушар болот. Ачка болгон эл эпидемияга кабылат, отурукташкан жерлерин таштап Кыргызстанды, айрыкча Суусамырды капташат. Менин атам суусамырлыктарды үндөп, атактуу Кожомкулду, Шейрен аксакалды баш кылып, ачкадан өлүмгө дуушар боло тургандарга жардам берип, аман алып калышат. Далай казактын уландары ошондо аман калып, кыргыздардын арасында жүрүп, кыргыз болуп калышкандары ушул убакытка чейин жашап жүрүшөт.

1933-жылы ачарчылык басыла баштаганда атам Токому чакырып, эл менен учураштырууга камынып жүргөндө, акын 70 жашка жетпей каза болуп калган экен. Ошентип асыл Током бул дүйнөдөн өтүп кетет. Атам өзү да кийинчерээк 1937-жылы репрессиянын алааматына туш келген. Мен чоңоюп калган кезимде Током жөнүндө, кызы, баласы бар экенин эл оозунан угуп жүрдүм.

– Сиз аларды көрүп калсаңыз керек?

– Мен Токомун кызын көрүп калдым. Ал мындайча болду. Бир күнү мен жаңы окууга кирген кезде, 1951-жыл болсо керек эле, шаардагы Токтогул көчөсү менен баратсам, бир татынакай, модалуу кийинген кыргыз кыз рес­торандан тамак куюлган кичине идишти алып бара жатыптыр. Суктанып карап жанынан өтүп кетип, бирөөдөн сурасам, “Токтогул акындан кызы ушул” деди. Кийин билсем, анын аты Гүлсара экен. Арадан эки жыл өттү, баягы көчөдөн дагы өтүп баратсам, Гүлсара мени чакырып алып үйүнө киргизди. Током үчүн салынган үч бөлмөлүү үй экен, залында бир жаш бала отуруптур. Анан сүйлөшүп олтурганда айтып калды:“Мен жакында Жаңы-Жол районуна барып келдим, Токтогул атамын баскан-турган жерлерин көрүп, учурашкан кишилери менен жолугушуп, көп материал топтоп келдим, эми жазам”, – деди. Ошону менен кийин жолугушкан жокмун. Бирок, мен 1959-жылдары Москвада МГУнун жатаканасында жашап жаткан учурда Токтогулдун кызы Гүлсара кызы менен, дагы бир сиңдиси каза болушуптур деген суук кабар угулду. Ушундай залкар композитордун үйүндө жашоого жакшы шарт жок, балдары таш көмүрдүн түтүнүнө уугуп өлөт деген эмне деген шумдук деп, көзүмө жаш алып отурдум.

– Анда акындын кызы Гүлсаранын акыркы жыйнаган материалдары жазылбай же жарыкка чыгарылбай калган болсо керек?..

– Ошондой го, болбосо эмгиче айтылат эле. Жогоруда берген сурооңо да ушул жообум катышса болот го. Ошол Гүлсаранын кол жазмалары кайда калды экен? Азыр ошол чакан үй борборубуздун Токтогул көчөсүндө дагы эле турат, адабият музейине арналганы менен, Токтогулдай улуу акындын музейи катары тыңыраак бир экспонаттар жокко эсе, ушуга көңүл бурулса деген ой жүрөктү өйүйт. Токтогул улуттун сыймыгы болгон залкар талант, ал бирөө эле го!

Ал эми Батышта же Россияда залкарлардын үй-музейлерин көргүлөчү? 1970-жылдары мен Австрияга турист катары барып калдым. Программада композитор “Штраустун жери” деген бөлүм бар экен. Бир учурда бир көчөнүн боюнда атайы жасалгаланган аянтка алып барса, И.Штраустун вальсы ойнолуп жатыптыр. Кандай музыка, кандай жасалга, Штраустун айкели кара мрамордон жасалган, айланасын карап отуруп, ошол аянтты жасоодо композиторго канчалык көңүл бөлүнүп, өзгөчө сүйүү менен ойлонуп курулган аянт экендиги көрүнүп турат. Аттиң ай, кең Кыргызстанда биздин акындардын атасы Токомо да ошондой бир бурч ыйгарылып “Чоң кербез” ар дайым чертилип турса кана – деп тим болосуң. Ушул жерден австриялыктардын экологияга кылган мамилесин айта кетким келип отурат. Штраустун аянтчасынан “Венский вальс” деген вальсты угуп отуруп, эми биздин ошол Вена токоюнун жанынан өтүп бара жатканда “машиненин жүрүшүн төмөндөтүп коюңуз, биз бир жакшылап көз салып өтөлү, ушундай татынакай вальсты арнаган жерди бир көрүп алалы”, – деп коштоп жүргөн адамдан сурандык, анда ал “ – машинелер бир тамчы түтүн калтырбай кетүүбүз керек, токтобогонго мажбурбуз, антпесек, түтүн эмгиче токойду кууратып коймок, сиздердин өтүнүчүңүздөрдү мен орундата албайм, бизде атайын токтом бар, аны биз буза албайбыз”, – деп жооп берди. Ал эми бизде болсо “Кызыл китепке” кирген өсүмдүктөргө да карабайбыз.

– Сизге рахмат, кызык маек куруп бердиңиз, акырында бир нерсе айтам дедиңиз эле?

– Акындын мааракесин түрк элдеринин майрамы катары эл аралык деңгээлде карап жатышса, бул – кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Жөн эле эскере бербей, эсте каларлык иш-чаралар өтүлсө деген ойдомун. Токомдун 150 жылдык урматына 150 миң түп пихта отургузсак сонун болот эле. Ушул акцияны ишке ашыруу үчүн быйыл кыш түшкөнчө кам көрүү керек.

Мира БОТБАЕВА, Биология илиминин кандидаты,
Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 25.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий