Эркалы Өскөналы

oskonaly

* * *

Көөлгүгөн көгүш көл кечи,
Ай барат калкып кайыкта.
Жалындай жашыл теректин
Сүрөтү бийлейт жайыкта.

Ырдасам толкуйт абаным,
Кылчайып айды карадым.
Кызык эй, сүйүүң ушубу,
Кызыдым ичпей шарабың.

Кызжандуу тентек баламын,
Кызыгып өптүм жамалын.
Кылкыяк болуп чертилип,
Кыялым нени самадың?

Желбирейт баардык тарабым,
Жел сыяк жеңил калагым.
Жээкке айды түшүрүп,
Жетелеп үйгө барамын.

 

* * *

Айжарыгым кереметтүү дүйнөгө
Каркырадай калкып учуп кетели.
Махабаттын дайрасына бой таштап,
Аркы өйүзгө кулач жайып өтөлү.

Жыпжылаңач Күнжарыкка чайынып,
Кулпунайдай кулпуналы нурларга.
Сүйүү аттуу бир кудайга жалынып,
Жылыналы көктөн жааган ырларга.

Арак ичпей мас бололу, кел эми,
Куштай жумшак кучагыңды сагындым.
Уялбагын, чечип ыргыт баардыгын,
Ушунчалык келип турат жалынгым!

 

* * *

Кыялымды кытыгылайт көйнөгүң,
Көлдөй толкуп, желдей желпип жүрөктү.
Бешиктеги бөбөк сыяк термедиң,
Берип мага бейиштен беш мүнөттү.

Жер асманга, Асман жерге жакындап,
Периштелер отурушту кашымда.
Сырдуу дүйнө Айжарыктай жаркырап,
Сыйып турду биздин аппак чатырга.

О берекем, бекем жумуп көзүмдү,
Чолпулдаттым чоктой ысык төшүңдү!
Сенден эмес, сүйүү деген шайтандан
Алып жаттым бир чактагы өчүмдү!

 

* * *

Жаз жамгыры менин көзүмдө
Жанган шамды кантип өчүрөт?
Ыйласам, ай, ысык төшүңдө,
Ашыктыкты кудай кечирет!

Толгон айга окшош о курбум,
Толкундаган ойлор, кыялдар!
Түшкө кирдиң түндө, тоолордун
Гүлкайыры болуп буралган.

Жүз мертебе үйүң айландым,
Жүрөгүмдө сарысанаа бар.
Сагыз сыяк жаман чайналдым,
Сан кылымга саатым барабар!

Жаз жамгыры сүйүү жалынын,
Айтчы деги, кантип өчүрөт?
Эшикти ач эми, жарыгым,
Экөөбүздү кудай кечирет!

 

* * *

Суйкаят арбап көл сулуу,
Суйсалат жайнап мөл сулуу.
Соңуркап кетип барабыз,
Соң-Көлдүн айлуу толкуну!

Көгүнөн жылдыз себелеп,
Көл кечи укмуш керемет.
Көбүрүп жээгин жайпаган,
Көбүгүн өптүк чөгөлөп.

Шыбырап гүлдөр сүйлөгөн,
Шыбактар жаңсап бийлеген
Бурулдук жашыл булуңга,
Экөөбүз башта билбеген.

Ырахат татып Түн деген,
Ырдадык жагым үн менен.
Кыңкайып сага жөлөнсөм,
Кыялга түшөт дүрбөлөң.

Көкүрөк жагың жыттасам,
Жыттадым жайлоо чөптөрүн.
Көңүлгө жаздым көчүрүп,
Көйнөгүң делбирт эткенин.

Жылтылдайт оттор ыраакта,
Жыргалдын баары быякта.
Жымыңдап бизди жылгада,
Жылдыздар аңдып турат да…

 

* * *

Чачпагы утур шыңгырап,
Чай сунуп сулуу кылгырат.
Чалгынын жалтаң мизинде
Чабылган чөпмүн шуудурап.

Чайнектей кайнайм мештеги,
Чаташып оюм жуурулат.
Чаалыктым чайың ичалбай,
Чаарчык көзүң суй жыгат.

Сарымай сыяк ээриткен,
Сымбатың укмуш келишкен.
Сыйкырың барбы даарыган,
Сырыңды айтчы периштем?

Жаңырган айдай каштарың-
Жаңы ырга тапкан саптарым.
Жаз жайнайт жаным, үйүңдө,
Жааган кар сыртта капкалың!

 

* * *

Жайкы түндүн жакшы белем жыргалы,
Жанга жагым чегирткенин ырлары.
Чөп жазданып тыңшап жатсаң мамырап,
Чертилет эй, кыялыңдын кылдары.

Байтеректер созолонуп бой керет,
Бак аралап бассаң, сонун ой келет.
Асман койну бака-шака, той-топур,
Жылдыз күлүп, жылдыздарга кол берет.

Тармал дайра ташкындабай жай агып,
Тал-теректер суйсалышат таранып.
Анда келчи, ай-жылдыздар алдында,
Айжарыгым, бир жытташып
алалык!

 

* * *

Кулагыңа түндө шыбырап,
Гүл сүрөтүн тарттым сөз менен.
Койнубузда жылдыз шыгырап,
Канат жайып учтук көк менен.

Төшүңдөгү аппак алманы,
Этияттап колум кармады.
Эриниңе эрдим тийгенде,
Эх, махабат кушу сайрады!

Ак кар төгүп сыртта кыш жүрөт,
А сен мага апрель жыттандың.
Агарбаган түндү агарткан
Айжарыгы белең кыздардын!

 

* * *

Күн алдында жол чубалат. Кымбатым
Кыдыралы жылдыз жааган жылгасын.
Кыялданып жүрчү көрүп келели,
Кызгалдактар бийге түшкөн кыр башын.

Ай алдында жол агарат. Ардагым
Анда эмесе, колуңду сун, кармайын.
Каркырадай канат жайып уча албайм,
Камкаймактай эрдиңден өөп алмайын.

Жазындагы жаңы ачылган гүлдөйүм,
Жаңырыктап аска сыяк сүйлөйүн.
Жанар тоодой жалбырттаган жүрөктүн
Жалынына күйүп калып жүрбөйүн!

 

* * *

Жүрөгүм жамгыр төккөндө,
Кол чатыр тоспо жаш сулуу.
Жылмайып койсоң бир жолу,
Жыл бою жашайм бактылуу!

Ак көйнөк көрсөм жер чийген,
Ал дагы өзүң мен сүйгөн.
Абайла, сендей айчалар,
Адамды арбап өлтүргөн.

Көк көйнөк көрсөм жер чийген,
Бул дагы өзүң мен сүйгөн.
Байкагын, сендей күнчөлөр,
Балдарды арбап өлтүргөн.

Өрөпкүп жүрөк турганда,
Өңүңдү бурба жаш сулуу.
Өптүрүп койсоң бир жолу,
Өлгүчө жашайм бактылуу!

 

* * *

Буралат сулуу көчөдө
Буудайык тоонун гүлүндөй.
Жалындап жүрөк өзү эле,
Жанаштым ага билинбей.

Сүрөттөн түшө калгансып,
Суйкаят аттиң, чырайы.
Асманда ай жерде жангансып,
Адашат адам кыялы.

Армансыз өпкөн ушуну,
Атургай, пери кызыбы?
Бир чыны арак ичкенсип,
Бирмаалда денем ысыды.

Талчыбык-бели, бел экен,
Балбылдайт меңи, мең экен.
Көйнөгү-көлдүн толкуну,
Кездеме эле дебесең!

Жаз сылайт жайган чачтарын-
Жайкалып өскөн ак кайың.
Алмалуу төшүн тиктесем,
Алоолой түштү жаш жаным!

Түшүмдө эмес, өңүмдө
Түйшөлдүм сулуу соңунан.
Байкасам бутум чалыштап,
Баратат чыгып жолуман.

 

* * *

Жүрөктөй жара кесилген
Шам күйөт жайдын кечинде.
Жагылган оттой терезе
Жалбырттайт айыл четинде.

Жыбырап ойноок жылдыздар
Жылтыйдайт айнек бетинде.
Жылдызгүл жыргап мен сага
Жылынган түндөр эсимде.

 

* * *

О кыздар, жайкын дарактай
Жазында жайнап, бүрдөгөн!
Мас кылып бирок, шараптай
Тозокту көздөй сүйрөгөн
Көзбоочу сыяк жансыңар,
Көзүңөр укмуш арбаган.
Жүк арткан эшек окшодум,
Жүдөтүп, сабап айдаган.

Жиндиге окшоп байлаган,
Дудук да болдум жаңдаган.
Жалкыбай дале ошондо,
Жалбырттап сүйөм кайрадан!

Соц тармактар:

Добавить комментарий