Композиторлордун корифейи – Калый Молдобасанов

Молдобасан атанын тилеги, Шубинге келген 12 жашар болочок композитор 

Кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасанов. Бүтүндөй бир улутка таандык мактанычка айланган тагдырдын ээси бир чакан айылда туулгандыгын кээде тар мааниде түшүнүп жүрөбүз. Бирок ошол кичинекей  айылдын касиети ар бир тарыхый инсандын аты менен кошо аталбай койбостугу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Гениалдуу сүрөткер жазуучу Лев Толстойду жараткан Ясная Полянанын атын дүйнө тааныгандыгы ошондон го. Демек Калый Молдобасановдун киндик кан тамган кичи мекени алыскы Ак-Талаа районунун Терек айылын да таланттуу композитордун аты менен кошо атаганыбыз парз. Бул даңазалуу композитордун тагдыры өнөр династиясынан келгендей туюлат. Кыргызда “Аккан арыктан суу агат” деген накыл сөздүн төркүнү чындык. Калый аганын атасы кыргыз оозеки адабиятындагы алптардын бири, чоң манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Молдобасан Мусулманкулов. Талант болуп туулган тагдыр менен Молдобасан атанын улуттук маданияттын тарыхындагы орду чоң экени калкыбызга белгилүү. Ал эми болочок композитордун бала чагында Молдобасан атанын тегерегиндеги залкарларды көрүп, сөзүн тыңдап, үнүн угуп жүрүштүн өзү эле канча таасир берди экен?! Айрыкча өнөрдү баккан атанын таасири баарынан артык тургандай сезилет. Балбай Алагушовдун “Кыргыз композиторлору” аттуу китебинен мындай бир элестүү саптарды мисалга келтирсек болот:” – Калыйдын музыкага шыктуу болушуна атактуу манасчылардын бири, атасы Молдобасан көп көмөк берет. Манасчы эртели-кеч уулун жанына олтургузуп алып насыят айтаар эле: “Өнөрү бар өлбөйт” деген эл макалы бар, балам. Эр жигитке 70 өнөр аздык кылат. “Өнөр үйрөн”, келечек силердики. Ата-аа, баягынын баласы атасынын өнөрүн алып калыптыр десе кандай сыймык, кандай даңк! Менин ырдаган ырларым менен черткен күүлөрүмдү кунт коюп угуп жүр. Композитор Шубин деген бар, ошого да айтам. Ал сени музыкант кылып чыгарат. Бул обон күүнү “Какей” дейт. Азыр ошону чертип  берейин…”

Өрүк комуз безеленип тилге кирчү. Күү деми менен Калый да толкундап өзүн абада учуп бараткандай сезет. Карыя обонду чертип болуп, сөзүн улайт: “Чоң музыкант болуу үчүн өз элиңдин ырлары менен күүлөрүн жакшы билишиң керек, балам. Азыр кадимки “Манас” эпосунан, “Манастын чоң казатка аттанганынан” үзүндү айтып берейин”. Манас­ты бир баштан кырааттап айта баштаганда эрбейип олтурган Калый да толкуй баштайт”. Чын эле, чыгармачыл чөйрөдө өскөндүк аны ошол өнөр ааламына тартып кетти көрүнөт. Дээринде кошо төрөлгөн бул өнөр болочок композиторду башкалардын ага байкоосун арттырып, көңүл бурдурган.

Молдобасан ата уулунун шыгын байкап, колдон келген тарбия, таалимин берип келген. Келечегинен жакшы үмүттөрдү тилеген ата кийин Калый аганы 12 жашка келгенде эле, ошол учурдун улуу композитору П.Ф.Шубинге тапшырган. Уулу комузда, скрипкада ойногонду илгиртпей үйрөнүп, жакшы пикирлерди жаратканына кубанып жүрдү. Ошентип К.Молдобасанов 1945-жылы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын дирижерлук жана скрипка классына кирген. Чебер устаттар М.Жеребкер менен Р.Миронович анын чыгармачылыгына маяктай жол ачып, ого бетер болочок композитор музыка өнөрүнө арбалган. Анын табигый талантынын өрүшүн кеңейтүү үчүн устаттары жакындан кам көрү-шүп, билимин тереңдетүүгө, талантын өстүрүү үчүн борбордон окууга көмөк беришти.

Гинсбургдун сабагынан кийин…

Музыкага биротоло сыйкырланган Калый Молдобасанов Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын опера-симфониялык-дирижерлук бөлүмүнө өткөн. Мына ушул окуу жайдан ал орус жана дүйнөлүк классикалык музыканын сырларын терең үйрөнүү тагдырына туш болду. Эл аралык деңгээлде таанылган дирижер Л.Гинсбургдун сабагын алуу ага көп нерсени билүүгө таасирленткен.

Консерваторияны ийгиликтүү бүтүрүп келип, Кыргыз мамлекеттик Абдылас Малдыбаев атындагы опера-жана балет театрына дирижер болуп иштей баштаган. Оркестрдин темпи, стили, кульминациялык орду тууралуу сырларын жогорку деңгээлде билгендиги анын билим менен иш тажрыйбасынын айкалышкан чебердигин айгинелей алган. Оркестрдеги музыкалык бир нече аспаптардын үнүнүн мукамдуулугуна жараша ажырата билип, музыкага ылайык башкара билүүнүн өзү дирижердун талантына жараша болору белгилүү. Ага кошумча оркестрдин ар бир аткаруучусунун өз аспабында чебер ойноосу дагы көз алдында турат. Негизи, дирижер деген бир элди башкарган жетекчи менен салыштырууга боло турган жооптуу кесип. Калый Молдобасанов андай чебердикти өзү менен кошо туулган талант, жөндөмү жана залкар устаттардан алган билими менен бийикке алып чыккан маэстро десе жарашат.

1966-73-жылдары ал аталган театрда башкы дирижер болуп эмгектенди. Ошону менен катар эле М.Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында студенттерге сабак берди. 1983-86-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда ректорлук кызматты аркалады, кийинки жылдары Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунда жетекчилик кылды. Ал жеке чыгармачылык менен жетекчиликти бирге, тизгиндеш алып кеткен улуу устат болчу. Анын шакирттери азыр кыргыз искусствосуна үзүрлүү эмгек сиңирген ишмерлер.

Классикадан тапкан тагдыр

Кыргыз опера жана балет өнөрүндө Калый Молдобасановдун калтырган эмгеги өзүнчө узак жолдогу кербен жолундай. Балет-ораториялары, сюиталары аталган өнөрдүн кыргыз искусствосундагы эң кымбат катарын толуктаган чыгармалар деп айтуу­га арзыйт. “Саманчынын жолу”, “Куйручук”, “Жаңыл Мырза”, “Маңкурт жөнүндө легенда”, Биздин замандын адамдары”, “Манастын уулу Семетей” театр­дын салмагын арттырган чыгармалар катары жашап калды. Симфониялык жанрдагы бий үчүн жазылган “Жаштык”, “Эмгек бийи”, “Жоо­газын бийи”, “Жаз вальсы”, “Лирикалык бий” жана “Балет” симфониялык сюитасы, “Кыргызстанга даңк” ораториясы, дегеле камералык-инструменталдык чыгармалары, фортепиано менен чоор үчүн жазылган жана полифониялык пьесалардын циклдери, урма аспаптардагы квартет жана виоленчелисттердин ансамбли үчүн, скрипка жана фортепиано үчүн, дегеле жүздөгөн эмгектери кыргыз классикалык музыкасынын тарыхынын ак өргөөсүнүн көркү болуп, ошондон тарыхый тагдыр таап, ал тагдыр өлбөстүккө айланып, маэстронун экинчи өмүрүн улантып келет.

Калый Молдобасановдун кыргыз акындарынын сөзүнө жазылган музыкалык чыгармалары да арбын. Балдар үчүн жазылган “Кызыл топ”, “Жамгыр”, “Улагым”, “Көпөлөк” ж.б отуздан ашык чыгармалары бар. Мезгилинде “Комузчу”, “Ой, бой, бой”, “Пахтачы кызга”, “Жашырба”, “Акындын жүрөгү”, “Ай жарыгы”, “Жаш чабан”, “Жаштар маршы”, “Достук үн менен”, “Ысык-Көл вальсы” ж.б. ырлары элге сиңген чыгармалардан болуп калды. Бул эмгектер кыргыз музыкасынын тарыхындагы алтын фондуда көөнөрбөс болуп жашап турат.

Эсте калган жылуу көз ирмемдер…

Адамдын тагдыры кызык эмеспи. Калый агай менен 2000-жылдардын башында Кош-Дөбөдөгү (Воронцовка) курортологияда бир аз күндөр бирге болуп, чыгармачылык тууралуу азыноолак сүйлөшүп калганыма сыймыктуу карайм, жылуу көз ирмемдерди элес­тетем. Калый агай түптүз болуп, эки колун артына алып, сыртта жай басып жүрчү эле. Көбүнчөсү эртең менен эрте палатадан чыгып бакты аралап, бактан ары мейкин талаанын чети менен кеткен жолду жээктеп көп басчу. Жолдун экинчи тарабында үйлөр турат. Мен дагы кээде таңында басып келчүмүн. Ошондо, биринчи ирет “Боз торгой” деген китебимди бергем. Агай бир топтон кийип окуп, жылуу пикирин айткан. “Сен чын эле торгой экенсиң, бирок, музыка жазууга тандай албадым, мен классикалык музыка жазат эмесминби” деген. Мен ыңгайсызданып, күлүп коюп, эч нерсе айта албадым эле. Бир нече күндөрдөн кийин дагы айтты, “Эми дагы карап жатам, сен таарынба” деп. “Мен китепти сизге эс алганда окусун деп эле бергем агай” дедим. Чын эле ошентип бергем да. Анан жылмайып гана койду. Агай эч качан ашыкча сөз сүйлөчү эмес, менин баа­мымда ал эл ичиндеги мырзалардан эле, ак сөөктөрдөй тазалык, сабырдуулук, бийиктик анын мүнөзүнө жарашып тургандай сезилчү.

Кийинки жылдары шаарда бир маданий иш-чаралардан, жакшылыктардан жолугуп калганда “Воронцовкага качан барабыз?” деп жылмайып койчу. “Барабыз агай” деп гана жооп берчүмүн. Качан экенин кантип айта аласың, тирүүчүлүктүн түйшүгү, иш, кызмат абалы алдын ала бир нерсени айтууга мүмкүнчүлүк бербейт эмеспи. Азыр мен абдан өкүнөм. Ошондо ушундай тарыхый инсанды көп эле сүйлөтүп алсам болмок экен. Кыргыз искусствосунун мындай залкарынын ар бир сөзү тарых экенине баам бербей, андан ийменген таризде көп даап, эч нерсе дей алчу эмес экемин. Агай абдан сүрдүү да көрүнчү.

Дүйнөлүк музыка менен теңтайлашып

Калый Молдобасанов деген ысым эми өлбөстүккө айланды. Кыргыз Улуттук консерваторияга анын ысымы берилди. Анын кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы калтырган изи теңдешсиз. Маэстро комуздагы кыргыздын залкар күүлөрүн оркестрге салып, түбөлүктүү баалуулугун арттырды. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги симфониялык чыгармаларды, орус жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын оркестрде иштеп чыгып, кыргыз сахнасында жаңыртты. Кыргыз композиторлорунун чыгармаларын бийик деңгээлде оркестрге салып алып чыгууда дагы анын эмгеги өтө зор. Аны менен канча композиторлорубуздун чыгармалары элге жетип, алакан чаптырды. Бул да болсо улуттук маданиятка кошкон анын чоң салымы. Союз мезгилинде кыргыз искусствосун, классикалык музыкасынын мыкты үлгүсүн башка элдерге, дүйнөлүк классикалык музыканын теңтайлашкан жолуна алып чыгып тааныткан.

Калый ага залкар талант, улуу чебер жана коомдук ишмер катары эмгеги бааланбай калган жок. 1976-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси болгон. Ал эми 1979-жылы СССРдин эл артисти ардактуу наамын алган. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутаттыкка шайланган. 1991-жылы “Социалисттик Эмгектин Баатыры” ардактуу наамы ыйгарылган. “Ардак белгиси”,”Эмгек Кызыл Туу”, 3-даражадагы “Манас” ордендеринин жана бир нече медалдардын ээси.

Чыгармачылыкта отставка жок эмеспи, маэс­тро өзү сүйгөн чыгармачылыгында өмүрүнүн акырына чейин узанган. Залкар таланттардын экинчи өмүрү түбөлүктүү жолунда жашап, улам келген муундар менен кошо жаңырып, жашара берет эмеспи. Калый агайдын дагы экинчи өмүрүнө айланган классикалык чыгармалары кыргыздын атын таанытып, түбөлүктүү рух байлыгы, өлбөстүктүн баалуулугу катары жашай бермекчи.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 22.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий