Нурланбек Кайрыев

* * *

Көлүм сенсиң, көйкөлгөнүң сагынып,
Келдим сага тоо суусундай агылып.
Кабыл алчы, тамчыларын сүйүүмдүн
Толкундарың бирден алсын тагынып.

Көл чагылтып толсо дүйнө көркүнө,
Менин дүйнөм сенин балбал көзүңдө.
Тоо суусундай таштан-ташка урунган,
Тирек болчу менин тентек кезиме.

Көлүм сенсиң жээгиң бойлой дайым жаз,
Тоо суусу мен толкунуңа тагдырлаш.
Тереңдигиң барктап жүрүп өтөйүн,
Тентегиңдин сен да таалай, багын ач.

 

* * *

Сен мени аяйм депсиң, аябагын
Сезсең да сен деп сезим канаганын.
Өкүнүч тапсам дагы махабаттан
Өмүрдө өзгө тагдыр каалабаймын.

Сүйүүдөн жаздым, аздым, жараландым,
Сүйүүдөн арууландым, тазаландым.
Арбалган махабатка бечара эмес,
А көрө сен өзүңдү ая, жаным.

Маңдайга көрөм тагдыр ыйгарганын,
Мени аяп ичтен сызып кыйналбагын.
Аясаң, ошол мени кыйбаганың,
Сүйгөнүң, бирок аны туйбаганың.

 

БАЛАДАЙ АРУУ МАХАБАТ

Жүрөктө сүйүүм өзүңө
Жүгүрүп турат баладай.
Балбылдайт үмүт көзүндө,
Жаркыным, койбо тааныбай.

Мүнөзү шашма, жанга ынак,
Өзүң деп суусап, күйүгүп.
Алдыңда турат жаркылдап,
Мээримиң төкчү ийилип.

Баладай баёо сүйүүмдүн
Эси бар, бирок жок ары.
Сен сылап тентек көкүлүн,
Сынбаса экен назары.

 

КОНСТАНТИН СИМОНОВДОН

«КҮТКҮН МЕНИ»

Күткүн мени, сөзсүз келем.
Күткүн бирок зарыгып.
Күзгү куса жашыӊ көздөн
Турса дагы агызып.
Күткүн жайда. Бороон уруп,
Күткүн ак кар жааганда.
Башка адамдар унутулуп,
Күтөөрү жок калса да.
Күткүн мени, алыс жерден
Укпасаң да кабарым.
Күтүшкөндөр сени менен
Мейли акыры тажасын.

Күткүн мени, сөзсүз келем
Күткүн мени, арада
Унут аны дегендерге
Эч жакшылык каалаба.
Уулум, апам мейли ишенсин
Мен дүйнөдө жогума.
Досторум да келбейт дешсин,
Туруп оттун боюнда,
Ачуу вино мейли ичишсин
Элесимди эскерип.
Күткүн мени, күчүң жетсин
Болбо аларга тең шерик.

Күткүн мени, аман келем
Миң өлүмдүн шоруна,
Күтпөгөндөр айтып-дешээр:
– Ажалынын жогу да. –
Ал адамдар күтүшпөгөн
Кайдан билсин эзели.
Күтүп жүрүп мени өлүмдөн
Сактаган сен экениң.
Билебиз да биз себебин
Өрттөн келүүм жок болбой, –
Болгону сен күтө билдиң
Эч бир жанга окшобой.

 

РОБЕРТ РОЖДЕСТВЕНСКИЙДЕН

* * *

Адамга аз эле нерсе керек:
Издөө жана издегенин табуу керек.
Баарынан да бир дос жана
Бир душманы болсо жетет…
Адамга аз эле нерсе керек:
Жол болсо жакшылыкка баштап кетээр.
Адамга бул дүйнөдө эне керек,
Алпештеп мээрим төгүп эркелетээр.
Эненин узак өмүр жашы керек…

Адамга аз эле нерсе керек:
Чуудан кийин тынчтык басса жүрөгүн,
Жалгыз өмүр
Жана дагы бир өлүм.
Ошол жетет.
Таң алды гезит болсо окуганга
Адамзат акылына ортоктошоор.
Керек ага жалгыз гана планета:
Жер деген!
Болгону ошол.
Анан да
Сапар чегүү жылдыздар арасына,
Кыялдар ылдамдыктар жөнүндөгү.
Көп деле эмес бул чынында,
Сыйлыктын да эмес чоңу,
Бийиктиктин эмес орду.
Адамга аз эле нерсе керек:
Үйүндө аны
Кимдир бирөө күтсө болду.

 

ӨТКӨН ЖЫЛДАР – ӨЧПӨС МЕНИН БАЙЛЫГЫМ

Карылыктан чочубаймын жөнү жок,
Ак басса да чачтарымдын бардыгын.
Өткөн жылдар – өмүрүмө жүк болбойт,
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.

Бүтүрсөм деп көп иштерди мен нечен,
Шаштырыпмын далай мезгил агымын.
Акча деле топтобосом эмне экен,
Өткөн жылдар – өмүрдө чоң байлыгым.

Каниет кылып ар бир өткөн күнүмө,
Ичсем дагы берген ачуу дарысын,
Ал күндөрүм бербейм, бербейм эч кимге,
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.

Эгер мага деп айтышса кылымдар:
“Капа болбо, өчтү сенин жарыгың…”,
Балалыктын бактылуу үнү угулар
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.

 

ИШЕН МАГА

Ишен мага, кечүүм таппай турмуштан,
Жарык жанбай турганда да жылдызым.
Мен бир эптеп жашоо үчүн тырмышпайм,
Мен жашаймын табам деп өз чындыгым.

Ишен мага, жолдун тандап татаалын,
Алдымда көп турса дагы сыноолор.
Өз тагдырым өзүм жасап жатамын,
Ак эмгектин арты жеңиш, ыр болоор,

Ишен мага, колун шилтеп мен жакка,
Мүмкүн менден көптөр калган түңүлүп.
Аксаган да тулпар жетет маарага,
Аны баары тосуп чыкпайт күтүнүп.

Ишен мага, жаман дешээр кээ бирөө,
Өткөн ишти ар ким башка кабылдайт.
Жашоо ушул, бирде толуп, бир бөксө,
Жерде жаткан адам гана жаңылбайт.

Ишен мага, көрбөй алыс-жакынды,
Жүрөгүмө тамсын мээрим-тамчылар.
Өлбөй мээнет өтөй берсем акыры,
Мен издеген бакыт деле бар чыгар.

Ишен мага, жалгыз ушул ишеним
Мени өстүрүп, бул дүйнөдө бар кылат.
Сен ошентип сүйөй берсең жигерим,
Алдыда бир күйөөрүм бар жалындап!

 

* * *

Толкуп-ташкан дарыянын шоокумун,
Тыңшап келем басып таштуу жээгинде.
Жашоо сырын түшүнбөпмүн мен мурун:
Агып жатты мында Аалам, дүнүйө.

Тынымы жок ташып суунун агымы,
Болбойт тура көз ирмемге токтолуу.
Өмүрүм да суудай агып жатыры,
Өткөн кезим агып кайда жок болду.

Тирүүлүк — бул толкуп-ташып аккан суу,
Бардыгы агат, бир гана акпайт өлгөндөр.
Бакыт тура агып бара жатканың,
Шар агымдын чыгып калбай жээгине.

Агат мезгил, агат чексиз кең мейкин,
Агат баары, агат көңүл, сезимдер.
Чоң агымда агып жүрүп, ай аттиң,
Бир күн анын биз калаарбыз жээгинде.

 

ЖАШТЫК МЕНЕН ЖОЛУГУУ

Желбиретип жалындаган жаштыкты,
Желаргыдай жазда көңүл сергиткен.
Көөдөй түнгө Күн бергендей жарыкты,
Жан дүйнөмө жайнап кирип келдиң сен.

Жаштыгыңа кол жетпеген суктанам,
Маңдайынан бакыт нуру төгүлгөн.
Кыялдары жаш баладай чуркаган,
Жаштыгымды көрүп турдум өзүңдөн.

Жүрөгүңдү куйкалабай жалынга,
Көрө элексиң мен тагдырдан көргөндү.
Сүйүү да бар, күйүү да бар алдыңда,
Эске салдың сезимдерим өткөнкү.

Мен экинчи баспай турган жолдосуң,
Келечегиң кең талаадай чалкыган.
Сезимдердин сересине конорсуң,
Жылдыздарды бирден терип тагынган.

Турмуш сырын байкап-баалап биле албай,
Убакыттын шарында баш айланып.
Заман катаал, сыноолору бир далай,
Бирок баарын жеңет жаштык, тазалык!

Жүрөгүмө жүүнү бошто так салып,
Ойго салды аруу-таза сөздөрүң.
Жаштыгыма алып бардың кайтарып,
Гүл-өмүрдүн жытын кайра искедим.

Сенден таптым кыялдарым жоготкон,
Жаштык мынча сулуу дагы, таптаза!
Сен эмнеге маа кечигип жолуктуң,
Көңүлүмө күз түшүрүп алганда?

 

КЕЧ ЖОЛУККАН СҮЙҮҮ

Оо, мен сизге жетпесимди билемин,
Турмуш мени бүт жагымдан чырмаган.
Кээде баарын кечип, таштап жибергим
Келет дагы, аргам таппай тим калам.
Бирок сизди, жалгыз сизди сүйөмүн!
Ал антсе өз тагдырын арнаган,
Жакындарым, илгери үмүт байлаган,
Ойлоп алып кара баштын жыргалын,
Таштап коюп, сизге жетип бара албайм.
Абийир, сүйүүм менин ага жол бербейт.
Бирок сизге кандай гана баргым бар!

А сиз мага жарык берген Күндөйсүз,
Күйбө дейсиз, кайра өзүңүз түтпөйсүз.
Бир бирибиз ойлоп алып уурданып,
Эки жакта от сезимден жүдөйбүз.
Бирикпеген күндүз менен түндөйбүз,
Эки башка эзилебиз үн-сөзсүз.
Жол бербейсиз менин жакын баруума,
Бирок мени кандай гана күтөсүз!

Ар башкача табат адам таалайын,
Мейли сагынч берсе берсин сазайым.
Алыс жакта миң азапты көрөйүн,
Бирок кымбат — адам бойдон калганым!
Ал антпесе, кайсы арыма сүйөмүн,
Анда кантип тирүү басып жүрөмүн?
Кимге керек менин сүйүп-жанганым?

Жаш кезимден жан дүйнөмдө тымызын,
Эч кимге айтпай, өзүмдөн да жашырып,
Сүйүп, күтүп жүргөн элем бирөөнү,
Шерик кылып кыялга мас күндөрдү.
Издегемин, эңсегемин, көздөгөм,
Бассам-турсам махабатка ишенгем…
Анан бир күн башымды ийип тагдырга,
Агып кеттим албуут турмуш шарында.

Татаал тагдыр сынап келди бүт мени,
Чүкө кылып өйдө-төмөн өкчөдү.
Ой-тилегим бирок үзө албады,
Тереңдеги сырдуу сезим күч берди.
Бүлө күттүм, көрдүм сонун балдарды.
Чач агарып, кыял-мүнөз өзгөрдү,
Бирок сезим өзгөргөн жок баягы.

Тереңдерден сүйүп, эңсеп, күткөнүм
Сиз экенсиз! Калган кезде түңүлүп,
Акыр бир күн болмок тура жолугуу!
Кечиксе да Аалам тете жол жүрүп,
Өмүрүмө келди сүйүү бул жолу!
Ушуга да кылып турам каниет,
Турмуш жолдо кайчы өтпөдүк бул ирет.
Мындай сүйүү баарына эле кезикпейт,
Тоскоолдуктар бөлсө дагы ортону.

Сиз мен үчүн, мен сиз үчүн жаралып,
Калган үчүн биздин да окшоп тагдырлар.
Табышуулар, жаңылуулар, татаалдык…
Бул турмуштун бизде эмнеге өчү бар,
Бизге берээр таалай-багын бекитип,
Үмүттөрдү жанса кайра өчүрүп.
Үйдө базар, жан дүйнөдө жалгыздык,
Бирде өсүү, бирде өксүү кечирип,
Агып жүрүп турмуш деген дайрада
Издептирбиз өзүбүз да билбестен,
Жакын жүрүп жолукпаппыз антсе да.

Мына эми зор жолугуу тагдырда!
Сүйүү келди күткөн жаздай жаадырап.
Кечиксек да кол кармашып басканга,
Эми бизди ушул таза махабат
Дагы далай алыстарга алпарат.
Берер дагы жаныма жан, күч кубат
Алдыдагы сыноолордо кезикчү,
Ашып өтчү ашууларда бурганак.

Көөдөнүмдө ошентсе да тагдырга,
Сезим үчүн берген ушул табышмак
Тереңдерден ыраазы да, ачуу да,
Айткым келген, бирок эч бир айтылбас,
Бактылуу да, өкүттүү да сөз калат.
Тагдырга эми келишип да, келишпей,
Өмүр өтөөр сүйүү менен күн санап.
Көп азаптан кийин келген жеңиштей,
Эмнегедир көздөрүмдөн жаш тамат.
17-21 март 2015.

 

ЖАЗ

Жаз келсе жаадырап,
Жер дагы жаңырат.
Топтошуп ак карлар
Тоо минип качышат.

Шаң кирет көчөгө,
Шар агат суу көлгө.
Жаш-кары кубанат
Жазды аман көргөнгө.

Жаз азды көп кылат,
Жер жарып көк чыгат.
Кыпкызыл кызгалдак —
Кырларда өрт сымак.

Сан гүлдөр бой керип,
Күн нурун бай берип.
Себелеп суу чачат
Сур булут апкелип.

Селкилер гүл кармап,
Жигиттер кыз жандайт.
Жайнаган пейлиңе,
Жаз айы, ыракмат!

Соц тармактар:

Добавить комментарий