«Жалбырагы тонолгон даракчалар, Окулбастан саргайган бараксыңар…»

m_abylksymova

Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымованын «Кызыл Туу» деген ыры 1960-жылындагы «Советтик Кыргызстан», азыркы “Кыргыз Туусу” гезитине, андан кийин «Кыргызстан пионерине”, “Ленинчил жашка” чыккан экен. Бүгүн эл акынына кезигип, ушул ыр жана ошол учур тууралуу кызыгып сурадык…

Дайыма тоолор башын карарымда,
Желбирейт кызыл желек кабагымда.
Миң кылым – миң кылымга желбирейт деп,
Негедир желбирөөсүн санаарымда,

Атайын санатымдан ойго кетем,
Өмүрлөр ушу менен нечен-нечен,
Өчпөгөн тирүү адамдын үмүтүндөй,
Тургандай маңдайымда улуу көсөм.

Күн тиет, жамгыр тиет, мөндүр тиет,
Желегим өмүр сүйөт, өмүр сүрөт.
Эч качан кан тамырын жоготпогон,
Желегим өлбөс жүрөк, тирүү жүрөк.

Үстүндө жылдыз күзөт булут сүзөт
Жел согот жел аргыдай күчөп-күчөп.
Эч качан майтарылгыс күчү менен
Кылымдын барагына сүрөткө түшөт.

Кыш өтөт, жаз да өтөт, жай да өтөт,
Суук өтөт, түндөр өтөт, күндөр өтөт.
Баарына жаңы келген идеядай,
Жалындап турат дайым берип эсеп.

Желегимдин желбирөөсүн карай берем,
Жарышкансып желбиреши өмүр менен,
Ала-Тоонун боорунда кызыл желек,
Көрүнөт көп учурда сүйүү менен…

– Майрамкан эже, ошол кез чыгармачылыгыңыздын толуп-ташып турган убагы болсо керек? Биздин гезитке лирикалык ырларыңызды да берчү белеңиз?

– “Ала-Тоо” журналында иштеп жүргөн кезим эле…

Ал кезде «Советтик Кыргызстанга» көб­үнчө партия, комсомол жөнүндөгү, мекен жөнүндөгү патриоттук ырларды чыгарышчу. Сүйүү ырларын көп чыгарышчу эмес.

Ошондуктан, ушул ырымды бергемин.

– Эмне үчүн желек тууралуу жазгыңыз келди экен?

– Ошол кезде желек тууралуу конкурс болгон. Ошого карата жазгам. Бул гезитке бергенимдин да бир себеби, Аалы Токомбаев дайыма сыймыктанчу, гезиттин биринчи номуруна ырым чыккан деп. Ошондуктан, бизге да сыймык эле да бул гезитке чыгарыш. Ал эми желек – менин жүрөгүмдө бала чагымдан жашап келген, аздектеген темам эле да. Анткени аталарыбыз илгери кытай, жунгарлар, казактар, өзбектер менен жер үчүн күрөшүп келген да. Кийинки эле менин чоң атам Атаке баатырдын тукуму, андан беркилер да: “Желектин жыгылганы – утулганы” деген түшүнүк менен жашап, желекти жерге түшүрбөй желбиретип ыйык, бийик кармаганы бекеринен эмес. Ата Мекендик согушта жеңгенде деле желекти биринчи илебиз деп, согуш бүтүп жатса канча жоокер арманда өлдү. Ушул идея жүрөгүмдө жүрчү: “Кызыл туу, кыргыз туусу деген – эркиндик турбайбы, бул биздин бактыбыз, мекенибиз турбайбы, аталарымдын ошол желекти коргоп, душманга бербей желбиретип турганы – эрдик турбайбы”, – деген идея менде жашап келген да. Шакирттериме да ушуну айтар элем.

– Шакирт демекчи, өзүңүз шакирт кездеги эсте калган бир окуялардан айтып бересизби? Жаңыдан ыр жазып жүргөн кезде кайсы акындан кандай сабак алдыңыз эле?

– Эсимде, 9-класста окуп жүргөнүмдө бир чоң дептерим бар болчу, ыр жазган. Педагогикалык училищада окуп жүргөн кезимде, ошого чанжыратып жазган ырларымды көтөрүп алып Аалыга барыптырмын ай (күлүп). Баламын да. Биздин окуу жайдын жогору жагында үйү бар экенин көрүп жүрөт элем, анан: “Кеминдик эмеспи, агам да”, – деп эле сүзө качырып барсам: “Кел, кызым, келе гой,” – деп тосуп алды. “Сизге текшерткени ырымды алып келдим эле”, – деп дептеримди берсем, барактап карап туруп: “Өзүң жакшы көргөн ырыңды окуп берчи?” – деди. Көрүп турат да, чанжыракты кантип окуйт эле… Ичинен бир-эки ыр окуп бердим. Анан дептеримди алып, бир актай жерине: “Анна Ахматова, Марина Цветаева…” деп бир топ тизме тизди. Анан айтты: “Майрамкан, биз 4-класс эле билимибиз менен ыр жазып калганбыз. А сен азыр дүйнөлүк адабиятты, орус адабиятын окуп жатасың. Ошого карабай ортозаар ыр жазганың кечиримсиз. Ахматова менен Цветаева эркектерден жогору жазып жатат. Сага мындай жөн эле бирдемени чийип эмне. Билген билимди адам пайдаланыш керек да!

Поэзияны билбеген, окубаган, түшүнбөгөн немелер: “Баркылдап, таркылдап, алкылдап” деп уйкаштырат. Кара сөздө көп билинбегени менен, бул орой сөз”, – деди. Анан өзүнүн:

“Алда качан айткан сөзгө ынабай,
Арман ойго салдың мени ынак ай,
Эзгим келет кара ташты жаш менен,
Сен кыйнаган жүрөгүмө чыдабай”,
– деген ырын айтып: “Кана, бу жерде “алкылдап, далкылдап, баркылдап” деген сөз, же этиш барбы?” – деп атпайбы! Ошол сөз, ошол күн мага аябай таасир берген. Андан кийин изденгенди үйрөндүм. Мен дагы анан лирикалык ырларыма Аалынын акылы менен минтип:

Жалбырагы тонолгон даракчалар,
Окулбастан саргайган бараксыңар,
Тирүү болуп дүйнөдө жашоо менен,
Көкүрөктө тарабай калат кумар,
– деп этишти көп колдонбой жазып калдым…

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 07.05.2014-ж.

Соц тармактар:

«Жалбырагы тонолгон даракчалар, Окулбастан саргайган бараксыңар…»: 1 комментарий

Добавить комментарий