Мамтил: сөздөн ары жылбаган маселе

k_t

Улуттук тил комиссиясы бугу айынын он төртүндө илимпоздор менен маалымдоо каражат өкүлдөрүн чогултуп кереге жыйын курду. Улут тилинин азыркы абалына жан ачыган биртоп жалындуу сөздөр айтылды. Сунуштар ортого салынды. Канткенде кыргыз тилин Кыргызстанда өнүктүрөбүз, мыйзам качан аткарылат сындуу оголе олуттуу проблемалар козголду. Жыйын өттү, келген эл тарады.

Кыргыз тил маселеси эне тилибизде чыкчу маалымдоо каражаттарында баарынан арбын козголот, кыйладан бери айтыла берип ашмалтайы чыгып калган арман күү кайталана берип калың журтту тажатчудай деле болду окшойт. Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан бери чейрек кылым өткөнү менен баягы эле арман, тааныш көйгөйдөн ары жыла албай отурабыз. Кыргыз тили да өлкөнүн Башмыйзамынын кейпин кийип улам-улам өзгөрүлчү болуп алды.

Антип жаңыртылып келаткан мыйзамга ылайык биртоп иш чаралар белгиленет, аткаминерлердин баарына милдеттер коюлат. Мыйзам жаңыртылганда демдүү башталган жумуш аз өтпөй сууп, кайра эле баштагы ыраатына түшөт. Баары эле мыйзам менен чечилсе Кыргызстан алда качан майкөл-сүткөл жашоого марып, мамлекеттик тил өзүнө тийиштүү ордун ээлеп отуруп калмак.

А бирок, реалдуу турмуштун жалаң мыйзамга байланбаган, тушалып калса да кежейип ыкка көнбөгөн тежик агымы болот шекилдүү. Кыязы, кыргыз тили ошондой кыйын абалга тушукту окшойт. Болбосо социализм заманындагыдай баарын башкарып, нускап-тескеп турчу чоң Маскөө жок, эгемендик шартында өз тилибизди өзүбуз барктай албай, армандан башыбыз чыкпай жүрушүнө кимди күнөөлөштү билбей отурар белек. Баарынан да башка улут өкүлдөрүн мындай кой, кыргыз баласы өз тилин өгөйлөп, эне тилине эндекей карап атышын, улуттун негизги эн-белгисин алып жүрчү табериги башкалаада антип кодуланып отурушун кандай түшүнүүгө болот?

Орус тили социализм доорунда кан-жаныбызга аябай сиңген белем, эгемендик алганы анын баркы баштагысынан бийик көтөрүлүп, каадалуу жыйындардан баштап катардагы арыз жазууга чейин улуу тил дагыле күжүлдөп күч берүүдө. Ыраматылык Салижан Жигитов кыргыз тилин дүйнөлүк тил деп тааныган мыйзам кабыл алгандан деле эч нерсе өзгөрбөйт, ага ар бир кыргыз чындап күймөйүн, колунан келген ишин кыргызча жакшы жасап коймоюн эч кандай өзгөрүү болбостугун кайра-кайра айтуудан тажачу эмес. Айтып эле тим болбой анысын иш жүзүндө ырастап, керемет тексттер жазчу. Ушу азыр да аларды окусаң улуу ойчулдун ташка тамга баскандай таамай туюнтулган таасын ойлоруна тан бербей койбойсуң. С. Жигитов өрнөктүү тексттер түзүү керектигин тили тешилгенче айтып бу жалганды таштап кете берди. Андай үлгү болорлук тексттер керек экен.

Китеп окубай, окуса да тексттин тереңинде эмне катылып жатканын аңдабаган алаңгазар жаңы муун келбедиби. Алардын жазган-эткенинен жалаң эле журналистика жааты жаманатты болбой, кыргыз тилдүү басылмалар, кыргыз тилдүү маалымдоо каражаттарынын баркы түшүп, ушу тапта буту менен басып мурду менен тынгандын баары улутташ жазмакерлерге карап таш ыргытканды өнөр кылып алышты. Жана сөз башында айтылган кыргыз тилине арналган жыйында улут журналисттеринин чыгааны Эсенбай Нурушев чаласабат журналисттерге коомдук таасир көрсөтүүнүн ыктуу формасын таап, алардын ар биринин атын атап, кыргыз тилинин баркын кетирип жаткандарга чара колдонуу сунушун айтты. Акыйкатта да, кийинки кездери кыргыз тилдүү маалымат каражаттары боор ооруй турган абалга жетти, келегей сүйлөмдөр, окуй баштагандан бура бастырбаган оркойгон грамматикалык, стилдик каталарды айтпай эле койгонубуз оң. Биздин журналисттер окурман деген улуу журтту сыйлаш керектигин, кыязы, жадынан чыгарып салышты окшойт.

Мунун баары чаласабаттыктан, улуттук көркөм табериктерден окчун өсүп калгандыктан, мектептен баштап эле билими жок өспүрүмгө барк-баасы жок күбөлүк берип, андан кийин жогорку окуу жайлары билим талабына ныпым жооп бере албаган арабөк адистерди эсеп-чоту жок эле даярдап чыгаруусунан келип чыккан чоң социалдык илдет. Анын үстүнө ушу тапта жашап жаткан коомубуз ыйык нерселердин баарынын ышпалдасын чыгарып, ортого киреше деген азгырыкты коюп, баарын товар – акча – товарга баалап коюп жатпайбы.

Кыргызстандын 8 жогорку окуу жайы журналисттерди даярдап чыгышат. Жазмакерлердин мынчалык катары калың армиясынын кыйласын кыргыз тилиндеги журналисттер, эне тилинде сабаттуу текст жарата албагандар түзөт. Эң өтүмдүү делген кесипке карата көңүлкош мамиленин натыйжасы минтип кыргыз тилинин баркын кетирип, маалымдоо каражаттарына карата көңүлкош мамилени жаратты. Азырынча чаласабаттыкка каршы турчу өтүмдүү күч жок. Андан эне тилибиз гана жабыркоодо. Ойлонтчу маселе ушул.

Бекташ Шамшиев, «Саресеп», 16.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий