Мамлекет унуткан Казы Дыйканбаев

k_dyikanbaev

2013-жылы мамлекеттик белгилүү ишмер, Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри Казы Дыйканбаев 100 жашка толду. Менин тууганым же жакын адамым болбосо да массалык маалымат каражаттары аркылуу байма-бай коңгуроо кагып, бул ишмердин юбилейи белгиленбей, эстелиги коюлбай калганын коомчулукка кабардар кылганым менен өлкө жетекчилери чиркей чаккандай да кайдыгер болуп коюшту. Бул жагдай өкмөттүн көз жаздымында кала берип, быйылкы иш-чаранын тизмесине кирген дагы жок. Чынында эле маркум Казы Дыйканбаев көзү тирүүсүндө деле ага жетиштүү-сый урмат көрсөтүлгөн жок. Эгемен өлкөнүн жетекчилери, чиновниктердин бирөө да ал-абалын сурап, аксакалдык кеп-кеңешин уккан эмес . Эми көзү өткөндөн кийин, өкмөт деле 100 жылдыгын өткөрүү, мамлекеттик жетекчилердин аллеясында эстелигин орнотуу, ысымын түбөлүккө калтыруу иш-чараларын көргөн жок. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон мындай адам унутулуп жаткандыктан кол жоолуктай 1-2 жылда алмашылып жаткан азыркы өкмөт башчыларды ким эстээр экен. Алардын аты да, заты да тез эле унутулат. Казы Дыйканбаев каза болгондон кийин төрт жылдан соң туугандары өкмөт жетекчилерине байма бай кайрылып жатып, экс-министр Акылбек Жапаровдун демилгеси менен былтыр жазында гана Ала-Арчадагы көрүстөнгө эстелигин койдурганы буга далил. Ал түгүл Кыргызстандын биринчи тышкы иштер министри болгондуктан Казы Дыйканбаевдин ысымын Дипломатиялык академияга ыйгаруу демилгеси мындан 3 жыл мурда көтөрүлсө дагы, коомдук ишмерлердин кийлигишүүсү, улам өкмөткө кайрылуусу менен гана кечээ жакында гана аткарылды. Казы Дыйканбаевдин ишмердүүлүгү азыркы жетекчилерге үлгү, нуска болушу керек эле. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, Улуу ата мекендик согуш учурунда Кыргызстанга көчүрүлүп келген завод, фабрикалардын кайра курулуп, көп жылдар жигердүү иштешине, зор курулуштардын курулуп, Ош-Бишкек жолун Лейлекке чейин курууда, Чоң Чүй каналынын, Кыргызстандагы ири ГЭСтердин салынышына Казы Дыйканбаевдин салымы зор болгон. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, абдан мээнеткеч, мекенчил, ар-намысы таза инсанды жаштарга үлгү катары ар дайым айтып, эскерип жүрүүбүз зарыл.Казы Дыйкамбаев ким болгон, кандай кызматтарды аркалаган, өлкө үчүн кандай салым кошкон? Учкай баяндай кетели.

Казы Дыйкамбаев 1913-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Ашхабаддагы жогорку окуу жайынын даярдоо курсунан билим алган. Басмачыларга каршы күрөшкө да катышкан. 1932-1937-жыл¬дары Ташкент шаарындагы Орто Азиялык экономикалык пландоо институтунда окуп, жогорку билимдүү адис болгон. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары, Фрунзе облустук комитетинин төргасы болуп эмгектеген. 1940-1944-жылдары Элдик тек¬шерүү комитетинин төрага¬сы¬нын орун басары, Кыргыз ССРинин мамлекеттик текшерүү комиссиясынын жетекчиси болгон. Улуу Ата мекендик согуш учурунда мамлекеттик жашыруун сыр болгон СССРдин атом бомбасын түзүүчүлөргө шарт түзүп, камкордук көргөнүн замандаштары эми гана эскерип, ачык айтып жүрүшөт. Согуш учурунда Кыргызстанга көчүрүлүп келген завод, фабрикаларды жайгаштыруу, иштетүү милдети да ага жүктөлгөн. 1944-жылы Кыргызстанда биринчи тышкы иштер министрлигин ачып, беш жыл бул мекемени башкарып, алгачкы демилгелердин башында турган. 1948-49-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары (азыркыча вице-премьер), 1949-1951-жылдары Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болгон.1951-1958-жылдары Фрунзе обкомунун биричи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп эмгектеген. 1958-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы (азыркыча премьер-министр, өкмөт башчысы) болуп иштеп, Кыргызстандагы ири ишканалардын, ишканалардын салынышына, үзгүлтүксүз иштөөсүнө шарт түзгөн. Ал Чоң-Чүй каналынын курулушуна баштан аяк жооп берген. Бишкек-Жалал-Абад-Ош-Лейлек кан жолун курууга жооптуу болгон. Нарын дайрасында курулган бир нече ири ГЭСтердин элге канча жылдан бери кызмат кылышына Казы Дыйкамбаевдин салымы зор. Токтогул суу сактагычы баштаган бир нече суу сактагычтар, совет доорунда кыргыз жергесинде күркүштөп иштеп, миңдеген жумушчуларды иш менен камсыз кылган ири завод, фабрикалардын курулуп, жигердүү иштеп турушу анын талыкпаган мээнетинин акыбети болгон дешет замандаштары.

-Казы абам канчалык жооптуу, жогорку кызматтарда иштесе да бир да жолу өз кызыкчылыгын ойлогон жок. Ошол учурда деле 2-3 кабат хан сарай салып, ишканалардан бөлүп, менчикке чыгарып алууга толук мүмкүнчүлүгү, шарты бар эле. Андай арам ишке барган жок. Азыркы жетекчилер элди ойлобой, өз камын ойлоп жатканы өкүндүрөт»,- деп эскерет Казы Дыйкамбаевдин аталаш тууганы Абакир Калиев.

— Коомдук телерадио корпорациясы оюн-зоок көрсөтүүлөргө гана басым жасабай, ушундай залкар адамдар тууралуу даректүү берүүлөрдү уюштурса, азыркы жетекчилер деле көрүп, эл-жер үчүн иштөө үлгүсүн алып, көрүп, намыстанат эле да. Былтыр туулуп-өскөн Талды-Суу айылында 100 жылдыгына карата марафон өткөрүп, бир аз каражат топтодук. Ошол каражатка айылдагы мектепке Казы Дыйканбаевдин музейин ачалы деген максат койдук. Дипломатиялык академияга ысымы берилгенден кийин алар илимий-практикалык конференция өткөрдү, дейт Казы Дыйкамбаевдин аталаш тууганы Жакшылык Калиев.

Казы Дыйканбаев 97 жаш курагында каза болуп, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Аркасында алтымыштан ашкан жалгыз кызы, Кыргызстанга эмгек сиңирген врач Марта Казиевна жана небереси калып, алар жогорку даражадагы чиновниктерге чейин кирип, мамлекеттик ишмерлер аллеясына эстелигин койдура албай убара болуп жүрөт. Учурунда бул маселе президент болуп турган Роза Отунбаевага чейин маалым болгону менен ал киши деле көңүл кош болуп койгонун маркумдун туугандары айтып, кейип жүрүшөт.

Замандаштары Казы Дикамбаевди айткан сөзүнө жасаган иши төп түшкөн чыныгы атуул, узак жылдар бою өлкөбүздүн өркүндөп-өсүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошкон тажрыйбалуу жетекчи, белгилүү саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер катары жакшы билет. Бирок, мамлекеттин башчылары улуу инсандын 100 жылдык мааракесин унутуп койгонун кандай түшүндүрүп, шылтоо айтышаар экен. Кайдыгерлик кыргыздын кендирин кесип жатканы өкүндүрөт.

Кабыл Макешов, «Кабар Ордо», 21.05.14-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий