Мамлекеттик тилге мамиле өзгөрүүдө…

k_til

Кыргыз тили мамлекеттин иштиктүү тилине айланууда дегенибизге далай мезгил болду. Анын чындыкка коошкон-коошпогон жактары абдан эле арбын. Айрымда өлкө жетекчилери айла жоктон улутту жайгарган саясат үчүн гана сөз жүзүндө “чыркырамыш” этип, кулактын кычуусун кандырган учурлар да өттү. Бүгүн болсо ар тараптан “мамлекеттик тилге реалдуу көңүл бурула баштады” деген сөздөр байма-бай угулууда. Аны Президент А.Атамбаевдин өткөн жылкы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча атайын жарлыгы, жаңыдан иштелип чыккан Улуттук программа айгинелеп тургансыйт. Бирок бул кагаз бетиндеги документ гана, ал эми турмуштагы чындык кандай? Мына ушул суроого жооп алуу үчүн биз “Кыргыз Туусунун” өргөөсүнө бир катар тил билермандарын, жооптуу мамлекеттик чиновниктерди чакырганбыз. Эмесе, кеп кезеги коноктордо.

Жедигер СААЛАЕВ, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору: — Жакында эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун демилгеси менен мамлекеттик тил маселесине арналган тегерек үстөл болуп өткөн. Анда мамлекеттик тил маселесинин күңгөй-тескейлери, бүгүнкү акыбалы жана эртеңкиси талкууланган эле. Мына ушул теманы кандайдыр бир деңгээлде улантуу, аны коомчулукка да угузуу, элдин пикирин угуу максатында бүгүн гезитибиздин төрүндө жолугушуп отурабыз. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, концепция кабыл алынып, иш кагаздары мамлекеттик тилге толугу менен өтүп жатат. Ошентсе да бул багытта көйгөйлөр көп. Эгемберди Эрматович, сиз мына ушулардын бардыгынын чордонунда жүрөсүз, анда алгы сөздү өзүңүз баштап бересиз го?

Эгемберди ЭРМАТОВ, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: — Бүгүнкү тегерек үстөлдүн мааниси, көтөргөн жүгү бир топ орчундуу. Туура. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көптөн бери аракет кылып, кулак кагыш кылып жатып, өткөн жылы “Мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча” Президенттин Жарлыгы жарык көрдү. Ошонун негизинде атайын жумушчу топ беш-алты айдын ичинде улуттук программа иштеп чыккан. Программа Президенттин алдындагы улуттук кеңеште талкууланып, кабыл алынды. Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан бери эки жолу чоң улуттук программа ишке киргизилген экен. Бүгүнкүбүз – үчүнчүсү. Ал эми мурдагылардан айырмачылыгы – биринчи жолу программаны ишке ашыруунун жол-жоболору, концепциясы, көрсөткүчтөрү иштелип чыкты. Мисалы, кайсы министрлик качан, кайсы убакка чейин талапты ишке ашырат жана ага канча каражат кетет? – деген маселелер так аныкталган. Башкача айтканда, бул улуттук программанын каржылык маселеси чечилди. Муну жакында эле Өкмөттө өткөн жыйында Сарпашев да айтты. Демек, бүгүнкү күндө биздин мамлекетте бийликтин бардык бутактарында – Президент тарабынан да, Жогорку Кеңеш тарабынан да, Өкмөт тарабынан да мамлекеттик тилге болгон мамиле оң жагына өзгөрдү. Эми баягыдай баарын кагаз жүзүндө, сөз жүзүндө калтырбай, ишке ашырууга мезгил жетти. Программа кабыл алынгандан бери бир катар министрлик, анын ичинде мына Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан элинин ассамблеясы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик, ж.б. биригип, программаны ишке ашырууга баш-отубуз менен киришебиз деген максатта меморандумга кол коюп, макулдаштык. Айрыкча, Өкмөт тараптан мына Кадаңбай Бактыгулов бул ишке баш-оту менен киришип, бизге абдан чоң жардам берип жатат. Иш кагаздарын кыргызчалоого көзөмөл жакшы жолго коюлду. Болбосо: “Кана, колуңда кагазың барбы?” — деген сенек сезимдеги мекендештерибиз толтура эле. Тили менен күпүлдөп коюп, жөн эле басып жүргөндөр канча эле.

Азимжан ИБРАИМОВ, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары:  — Былтыр Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Президенттин Жарлыгы чыкты, быйыл болсо Улуттук программа ишке киргени турат. Кадаңбай Бактыгулович, буларды иш жүзүнө ашыруу үчүн Өкмөттө кандай иш-чаралар болуп жатат?

Кадаңбай БАКТЫГУЛОВ, КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары:  — Ар бир иштин башына жетекчилик туруп бермейинче, жогорку органдар мисал көрсөтмөйүн иштин алдыга жылышы дайыма эле күмөн. Президент тарабынан дагы, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жетекчилиги тарабынан дагы мамлекеттик тилге болгон мамиле өзгөрдү. Мамлекеттик тилди коомубузга кеңири жайылтып, ошону күнүмдүк турмушта колдонуу, ошого муктаждык жаратуу боюнча бир топ иштер аткарылып жатат. Мисалы, Өкмөт тарабынан алсак, биз 2013-жылы 5-мартта Өкмөттүн 114-токтомун чыгарганбыз. Токтомдун негизинде мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан жарандарыбызга иш кагаздарын толук деңгээлде мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча шарттарды, талаптарды койгонбуз. Бирок, талапты коюп эле: “Эми ушуну аткаргыла”, — деп эле койгон болбойт. Ошого шарт түзүп берели деп, былтыртан бери Өкмөттүн аппаратында атайын каржы таап, кызматкерлерди окутуп чыктык. Бизде 170 кызматкер эмгектенсе, бүгүнкү күнү 106 кызматкер улуттук комиссиянын алдындагы окуу борборунан тастыктама алышты. Окутуу беш топко бөлүндү: мамлекетик тилде эч кандай иш жүргүзө албаган кызматкерлер үчүн – башталгыч топ, анан улантуучу топ, тереңдетүүчү топ, иш-кагаздары тобу, юридикалык документтер менен иштөө тобу. Булар улам бир топтон экинчи топко өтүп турушту. Мындан сырткары, ар бир квартал сайын министрликтерден: “Эмне иш кылып жатасыңар? Канча кызматкер мамлекеттик тилде жазып калды?” — деп отчет алып жатабыз.

А.ИБРАИМОВ: — Өкмөттүн аппаратында кайсы кызматкер мамлекеттик тилде иштей алат жана иштей албайт деген иликтөө жүргүздүңүздөрбү? Деги эле бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда иштеген адистердин канча пайызы мамлекеттик тилде иш алып бара алат жана алып бара албайт?

К.БАКТЫГУЛОВ: — Ар кандай. Жана айткандай, кээ бирлери 80-90 пайызга чейин даяр болуп калды. Айрымдары 25-30 пайызга чейин жетип калышты. Мисалы, Тышкы иштер министрлиги, булар чет тилдерде да жазып, иштөөгө туура келет, бирок, мамлекеттик тилде дагы сөзсүз жаза билүүлөрү талапа ылайык. Бирок, окутуунун негизинде ушул тапта такшалуудан өтүп жатышат.

Э.ЭРМАТОВ: — Биздин кызматкерлер министрликтерге барып, иш кагаздарын карап көрүп: “Жалпы эл карап турган маалда силер кандай иштеп жатасыңар?” – деп талап кылууда. Алар отчетторун берип жатышат, аракеттери абдан жакшы деңгээлде. Ошондой эле сот органдарында дагы абал баштагыдан жакшы. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү аракеттери чоң. Эң чоң көйгөй – башкы прокуратурада болчу. Аида Салянова менен жолугушуп: “Ушул ишти өзүбүз кылбасак, маселен, Россиянын прокурору келип бизге кылып бербейт”, — деп талап кылдык. Аида Салянова: “Мамлекеттик тилде иштөөгө болгон аракетибизди жумшайбыз”, — деп сөз берип калды.

К.БАКТЫГУЛОВ: — Мамлекеттик тилге өтүү – бүгүнкү коомдун талабы экенине коомчулук туура түшүнүп: “Кыргызстанда жашап жаткан соң, кыргыз тилин сөзсүз билишим керек экен!” – дегенге ар бир жаран ишенип калды. Бул жакшы жөрөлгө.

А.ИБРАИМОВ: — Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө билим берүү тармагынын ролу өзгөчө. Министрлик бул багытта эмне иш аткарып жатат, эмне колунан келет экен да, эмне келбей жатат? Ушуну ачык айта турган убакыт келди го деп ойлойм?

Назаркул ИШЕКЕЕВ, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары: — Бир нерсени ачык айтып коюш керек: коомдун рухий маанайы, талабы, жарандардын көз карашы бул багытта өзгөрдү. Биздин министрликтин да 70%дан ашуун кызматкери окуудан өтүп, тастыктама алды. Эми, мени бир нерсе таң калтырат. Кыргыздарга караганда, орус тилдүү жарандарыбыз абдан жандуу аракеттенип жатышат. Алар тартынбай кеңеш алып, мамлекеттик тилде жазууга, сүйлөөгө аракеттенип, тескерисинче, кыргыздар мээнеттенгиси, аракеттенгиси келбей жаткандары мени түйшөлдүрөт.

А.ИБРАИМОВ: — Билим берүү тармагында — окуу мектептерде, кесиптик-техникалык окуу жайларда кыргыз тилиндеги окуу китептеринин жетишсиздиги деген көйгөйдү кантип чечебиз?

Н.ИШЕКЕЕВ: — Орто окуу жайларында көйгөйлөр бар. Булардын китептерин чыгарууга каражат бөлүнбөйт. Ошондуктан, булардын дээрлик бардыгын орус тилинде окутууга туура келүүдө. Бирок, белгилүү окумуштуулар өздөрүнүн дарстарын колдон келишинче мамлекеттик тилде окуганга аракет кылышат. Ал эми иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө басым коюп жатабыз. Жогорку окуу жайларда да ушундай. Алардын окуу куралдарын чыгарууга да мамлекет каражат бөлбөйт. Мунун баары окутуучулардын жеке демилгеси, жеке аракети менен ишке ашат. Бирок, техникалык багыттагы окуу жайларга чынында кыйын болуп жатат. Алар окуй турган булактардын баары орус тилинде.

Э.ЭРМАТОВ: — Улуттук программанын негизинде, бардык окуу жайлардын кайсы адистиги болбосун, предметтик сабактары кыргыз тилинде окутулушу керек. Буга карата кыргызча окуу куралдарын чыгаруу маселеси дагы каралган жана бул билим берүү министрлигине тапшырылган. Ошондой эле ЖКнын депутаттарынын колдоосу менен ЖОЖдордогу контракттык негизде төлөнгөн каражаттын 20%ы мамлекетке өткөрүлбөй, өздөрүнө калтырылды. Бул абдан чоң каржы. Муну ЖОЖдордун жетекчилиги министрликтер менен биригип, окуу куралдарына багытташы керек. Окутуучулар 20-30 жылдан бери орусча окуган дарсын дале ошол боюнча окуп келатат. Муну өзгөртүп, кыргызчалап, китепчелерди чыгарышы керек. Жанагы 20% каражат бирөөлөрдүн чөнтөгүнө эмес, элге кызмат кылыш керек.

А.ИБРАИМОВ: — Каржылоо маселеси толук чечилип жаткандыгы тууралуу сөз болууда. Бирок мамлекеттин бюджетинин акыбалын жакшы билебиз. Так айтканда каржылоо кайсыл механизмдер аркылуу чечилип жатат?

К.БАКТЫГУЛОВ: — Эгемберди Эрматович айтпадыбы, контрактка төлөнгөн каржынын 20%ы калтырылып жатканын. Ошону атайын мамлекеттик тилдеги окуу куралдарын чыгарууга жумшайлы деп, Жогорку Кеңеш атайын чечим чыгарып берди. Экинчиден, жылына мамлекет окуу куралдарын чыгарууга каражат бөлөт, бул каралат. Үчүнчүдөн, мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча улуттук программада дагы каржы каралып жатат. Булактар ушундай жолдор менен табылып, Каржы министрлигине тапшырмалар берилип жатат. Эми, көнүмүш адат деген жаман нерсе, окутуучулар орусча эле дарсын окуп, сабагын өтө берет экен. Ал үчүн министрлик: “Кыргыз тилинде окуу куралдарын иштеп чыккыла”, — деп буйрук бериши керек. Мыйзам кабыл алынды деп бир убакта көбүбүз кыргыз тилинде жазганбыз. Мисалы, мен үч окуу куралын жазгам. Башкаларда да болуш керек. Ошону иликтеп, кыргызча окуу китептерин жазууну жандандырыш керек.

Э.ЭРМАТОВ: — Бала бакчалар үчүн эгемендик алганыбыздан бери бир дагы окуу куралы иштелип чыкпаптыр. Бул багытта мугалимдерди атайын чакырып алып, тапшырма бердим.

А.ИБРАИМОВ: — Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен катар, өлкөдө жашап жаткан этностордун тилдерин сактап калуу маселеси коюлуп жатат. Эми жалпы тил саясаты жаатында кандай саясат жүрүш керек?

Э.ЭРМАТОВ: — Программада: “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен бирге эле, Кыргызстанда жашаган этностордун тилине колдоо көрсөтүү” жагы да каралган. Биз келечекте өнүгүүнүн концепциясы боюнча, башка тилдерди да билүүбүз керек. Мисалы, айыл жерлеринде орус тилин билүү кыйла төмөндөп кетти.

Кенжаалы САРЫМСАКОВ, журналист: — Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне: “Балам, эмитен баштап мамлекеттик тилди билишиң керек. Ансыз келечек болбойт”, — деп тургандай болуш керек. Мына ушундай мамилеге жетишүүбүз керек. Баятан бери айтканыңыздарга караганда, бул боюнча абдан чоң иштер жасалып жаткан экен. Буга менин бир сунушум бар: Эгерде сөз байлыгы жок болсо, адам эч качан оюн айта албайт да, жаза албайт. Ошондуктан, тармактар боюнча сөздүктөрдү, түшүндүрмө сөздүк дегенди көбөйтүш керек. Бул ар бир үй бүлөдө жатыш керек. Кыргыз тили өтө жукарып баратат. Сөздөрдүн баары тарыхта жатат. Албетте, сөздүк чыгаруу үчүн каржы көп талап кылынат. Бирок, жакшы демилгени эл өзү эле колдоп кетет. Өткөндө бир топ кишилер республиканын аймактарын кыдырып келдик. Ошко барганыбызда, студенттер арасында тил маселеси козголуп кетти. Ошондо мен: “Ар бир кыргызстандык бир сомдон чогултса, 5 миллион сом болот экен. Ошого китеп жана башка маселесин чечип коюуга болот эле”, — дегем. Жолугушуудан кийин, жарым саат өтпөй эки кыз баштык көтөрүп алып чуркап келиптир: “Агай, балдарга айтсак дароо эле чогултушту”, — деп. Жолдо келатып ачсак, 970 сом экен. Мына бул жарым сааттын ичиндеги окуя. Демек, ар бир кыргыздын жүрөгүндө мекенчилдик, тилге болгон сезим бар. Мына ошол сезимди козгоо, уюштуруу иштерин жүргүзө билүү гана керек. Көзөмөл механизми керек.

А.ИБРАИМОВ: — Сиз Бишкекте элдин арасында көп жүрөсүз, мамлекеттик тилдин акыбалы кандай?

К.САРЫМСАКОВ: — Айласыз акыбалда. Автобуста жакшынакай эле кыргыз кыз-уулдар орусча сүйлөшөт. Айтайын дегеним, жок дегенде, кыргыз менен кыргыз кыргыз тилинде сүйлөшсүн. Мына ошондо ишибиз оңолот.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 23.05.2014-ж.

Сүрөттөр Ж.Касыболотовдуку

Соц тармактар:

Добавить комментарий