Владимир Санги: Өрдөк жөнүндөгү нивхи жомогу «Ала Дөбөттүн» өзөгү болду

sangi

Орустун таланттуу жазуучусу Антон Павлович Чехов өмүрүнүн бир үзүмүн Сахалинде өткөрүп, күн чыгыш аралындагы жашоону өзүнүн чыгармаларында калтырганын мектептен окугам. Кийин Сахалиндеги түпкүлүктүү нивхи элинен чыккан Владимир Михайлович Сангинин чыгармалары менен таанышып, балалык кыялымда керемет аралды көрсөм деп эңсегем. Орто жашка жакындаганымда ошол кыялым орундалып, туз насип буюруп Сахалинде бир жыл жашадым. Ошол жылы Кыргызстанда Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгы деп жарыяланып, атактуу жердешибиздин маракеси Россияда да белгиленди. А.П. Чехов атындагы Сахалин областтык драмтеатрында «Деңиз бойлоп жортокн Ала Дөбөт» бир ай бою коюлду.

Окурман журтунун эсинде болуш керек, «Деңиз бойлоп жорткон Ала Дөбөт» аттуу повестинин сюжетин Чынгыз Айтматовго нивхи жазуучусу Владимир Санги айтып берген. Бул окуя кандайча болгонун өз оозунан угуп, бир чети атактуу жердешибиздин юбилейине кошкон аз да болсо салымым болсун деп Владимир Михайловичти атайын издеп барып сөзгө тарттым.

— Владимир Михайлович, бу нивхи эли эмне деген эл жана кайдан тараган?

— Окумуштуулар бизди нивхи эли деп жанылыш атап жүрүшөт. Чындыгында биз нивхи элине тууган, бирок нивгун деген өзүнчө элбиз жана негизинен ачык деңиздеги айбанаттарыга аңчылык кылып, илгертеден деңиз жээгин бойлоп бугу багып жашаганбыз. Ал эми нивхилер болсо дарыялардын жээктерин байыр алып, жалаң балыкчылык менен алектенишкен. Азыр ушул эки эл биригип Сахалинде баш-аягы 2000, ал эми материкте Амур дарыясынын боюн жээктеп 2000 жашайт. Жалпысынан алганда 4000ден бир аз ашык адам калды. Ошолордун бири мен – нивгун элинин ичиндеги кетнивгу уруусунун өкүлү болом.

— Албетте, Сизди жазуучу катары окурман журту, анын ичинде мен дагы сыртыңыздан жакшы тааныйм. Адабияттагы ат көтөргүс эмгегиңиз жана Чыңгыз Айтматов менен болгон достук мамилеңиз нивгун менен кыргызды эле эмес, көп элдердин жан дүйнөсүн жакындаштырды. Ошондуктан окурман журтуна бул эки залкар жазуучунун достук, чыгармачылык байланышын өз оозунан угуп-билүү абдан кызык. Айтсаңыз, Айтматов менен Сиз качан, кайда, кантип тааныштыңыз эле?

— 60-жылдары мен адабиятка келгенде (Владимир Михайлович да адабият айдыңына өзгөчөлөнгөн добушу менен кирген) Айтматов баарын таң калтырып, анын жетишкендиктери көптөгөн адабиятчылардын оозунда болчу. Мен дагы Айтматовду окуп, анын көркөм-философиялык ойлорунун өтө тереңдигине жана ал ойлорду сөз менен таамай жеткире алган чеберлигине суктанчумун. Мен үчүн Айтматов ошондо эле классиктердин катарында болчу. Көрсө, ал дагы мени «Огонек» журналы, «Роман газетадан» кунт коюп окуп, чыгармачылыгымдын өсүшүнө көз кырын салып жүрүптүр. Качан экени эсимде жок, Чыңгыз менен Москвада СССР жазуучуларынын кезектеги пленумунда таанышкам. Ал менден алты жаш улуу болчу. Биз ошондон кийин жазуучулардын иш чараларында көп жолугушуп, чай ичишип, баарлашып жүрдүк. Аны менен пикир алмашуу мен үчүн абдан кызыктуу эле.

— «Ала Дөбөттү» окуган окурман билет, повесттин башында Чыңгыз Айтматов ал чыгарманы Сизге арнаганын бадырайтып жазып олтурат. Ушул окуянын таржымалын өз оозуңуздан угуу бизге абдан кызык?..

— СССРдин убагында Кремлде Жазуучулардын пленуму өтүп турчу. Андан сырткары өлкөнүн биринчи жетекчилери чыгармачыл интелигенцияны ар кандай окуяларга байланыштуу байма-бай чакырып, банкет өткөрүп туруучу. Ошондой жолугушуулардын биринде Чыңгыз Төрөкулович: «Володя, мен сага конокко барам» деп, бир датаны болжоду. Мен:»конокко ар дайым кубанычтамын» деп жооп бердим. Белгиленген датанын ортосу алысыраак эле. Ошол учурду пайдаланып, Якутиядагы досторума конокко барып келгенге жетиштим. Ал жакта досторум менен аңчылыкта болдум. Москвага кайтарымда алар менин сумкама бир нече өрдөктү салып беришти. Ошондон көп өтпөй Айтматов телефон чалып, болжолдуу келе турган убактысын айтты. Мен муздаткычтагы өрдөктөрдү ээрип турсун деп чыгарып койдум. Аңгыча Айтматов да келип, аялым ашканада бизге тамак даярдоого киришти. Чыңгыз экөөбүз болсо конок бөлмөмдө кобурашып олтурабыз. Ал менин аңчылык коллекцияма кызыгып, баарын бир сыйра көз алдынан өткөрдү. Көрсө, анын дагы аңчылык ышкысы бар экен. Көз караштарыбыз көп жерден дал келип, жада калса мылтыгыбыз да окшош болуп чыкты. Якутиядан алып келген олжомдун арасында башка өрдөктөрдөн жазы тумшугу менен айырмаланган өрдөк бар болчу. Нивхиче бул өрдөк лувр – кашык ооз деп аталат. Анткени, жазы тумшугу кудум эле кашыктын өзү. Ошол өрдөктүн жерди кантип жасаганы жөнүндө байыркы нивхи жомогу бар. Мен ошону тамак даяр болгуча коногумду алаксытайын деп айтып олтурдум. Бул байыркы жомокто мурда эч жерде кездешпеген окуялардын философиялык жана эстетикалык жактан чечмелениши, нукуралыгы Айтматовго абдан таасир калтырды. Албетте, бул жомокту Айтматов мурда эч жерден уккан эмес. Анткени, нивхилер буга чейин башкаларга аралашпай жашап келишкен. Өздөрүнүнүн цивилизациясы, жашоо образы жана айлана чөйрөнү аңдап билген уникалдуу эл.

Анан жомок да бүтүп, тамак бышкычакты Айтматовго өз башымдан өткөн бир окуяны айтып баштадым. Менин чоң атам Манзин абдан кыраакы, көптү билген таңгаларлык жан эле. Ошол убакта нивхилердин жашоо образы күч менен өзгөртүлүп, колхозчу-балыкчылар ар күнү мамлекетке балык кармап өткөрүү менен алек болушчу. Минтип олтурса нивхилер деңизге аңчылык кылуу өнөрүн таптакыр унутуп, эл болуудан каларын чоң атам ошондо эле сезиптир көрсө. Эркектерди балыктан колу бошобогону аз келгенсип, деңизге аңчылык кылууга кызыккан жаштардын саны да азаят. Аны менен келише албаган чоң атам жаздын бир күнү мени кайыкка салып, аңчылыкка деңизге алып чыгып кетти. Кыязы, аңчылык өнөрү өзү менен көрүстөнгө кетпесин десе керек. Көп өтпөй деңизден бир нерпаны кармап алдык. Аңчылык күнүбүз ошентип жакшы эле башталып келатып, бир убакта жазгы тумандын курчоосунда деңизде адашып калдык. Нерпаны союп, чийки этине курсак кампайттык, дагы деле туман тарабайт. Жээктин кайда экени белгисиз, калак күрөөгө колубуз көтөрүлбөй шалдайып олтурдук. Акыры мындай туңгуюктуу туманда чарчап, көзүм илинип кеткен экем, кайыктын булкунганынан ойгонуп кеттим. Манзин чоң атам мага карап: «Мына, мына, мен түндүк уюл үкүсүнүн багытын кармадым, — деп мага азыр шамал болуп турган тарапты көргөздү. – Ушул багыт менен барсак же жээкке чыгабыз, же бут таканчык болоор нерсеге кабылабыз! – деди.»

Көрсө, жаздын аягында жарылган муздардын үстүндө нерпа төлдөйт экен. А уюл үкүсү чоң жырткыч куш болгондуктан учуп келип, нерпалардын күчүктөрүн жеп, кайра кечинде жээкке учуп кетерин чоң атам жакшы билет экен. Чын эле ал айткандай, чарчап-чаалыксак дагы туманды аралап жүрүп олтуруп биз акыры жээкке келдик. Мен бул окуянын майда-чүйдөсүн калтырбай аңгеме курганымда Айтматов мурдагыдан да катуу толкунданып, конок бөлмөмдү арыштап, ары-бери басып жүрдү. Анан аңгемем бүтөрү менен мага басып келип: — Жазасыңбы!? — деп сөөмөйү менен төшүмө оорута сайды.

— Сиз анан эмне деп жооп бердиниз?

— Бизде үйүңө келген кадырлуу конокту сөзсүз белек берип узатуу салтыбыз бар. Чыңгызга мен башында «Барс» мылтыгымды белекке берем деп ойлогом. Анын мындай мылтыгы бар экени белгилүү болгондон кийин бул оюмдан кайтып, бирок эмне белек тартуу кыларымды чече элек болчумун. «Белек кылам!» деп жооп кылып, мен да аны төшкө сайдым. Жанатан бери толкунданып турган Чыңгыз кубанганынан мени кучактап калды. Аңгыча тамак да даяр болуп, аялым бизди ашканага чакырды. Тамак үстүндө Чыңгыз өтө ойлуу олтурду. Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүндөгү мындай абалды мен өзүм да башымдан өткөрөм. Чыңгыз менден уккандарын ичинен иргеп, азыр эле иштеп баштаганын сезип турдум. Ошондуктан анын оюн алагды кылып, көп сүйлөбөгөнгө аракет кылдым. Тамак желип бүткөн кийин ал сөзгө келип:

— Володя, бул аңгемеби, же балким повесть болобу мен азыр билбейм. Бирок, сөзсүз бир деме болот жана мен аны сага арнайм! — деди.

(Уландысы бар).

Абдыжапар Нурдинов, “Кабар ордо”, 27.05.14-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий