“Айтып жүргүн, балдарым, Молдобагыш санатын”

Сан түтүн саруу ичинен, Сарыбайдын уулумун

Бирок кагаз-калемдин касиети ушунда экен, анын айрым чыгармалары бизге жетти. Молдобагыштын бизге кечигип жеткен «Абак дептери» менен «Акындар сериясына» кирген ырларын окуганда тагдырдын жазмышы менен тартпаган азабы калбаган бул инсандын чынында эле талант даарыган өнөр адамы болгондугун баамдоого болот.

Окумалдар жердеген,
Олуялар чендеген,
Авлетим сай туругум,
Теңиринин кулумун.
Сан түтүн саруу ичинен,
Сарыбайдын уулумун,
-деп ырдаган Молдобагыш Сарыбай уулу 1886-жылы Аксыдагы Авлетим айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинен жаштайынан ажырап жетим калган. Он эки жашында кадимки Молдо Асандын (ал Аксы аймагындагы өз учурунун билимдүү адамы болгон) колунда жүрүп кат тааныйт. Бул тууралуу акындын:

Асан молдо устатым,
Билимине канамын.
Арапча жазып арипти,
Такшалып күндө барамын.
Устатыма бир гана,
Ишим менен жагамын,
— деген ыр саптары бар.

Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуган. Ошондой эле Жеңижок, Барпы баштаган акындар менен үзөңгүлөш жүрүп, алар менен далай ирет айтышка түшүп, Молдобагыш акындык чабытын кеңейтет. Анын Алымкул Үсөнбаев менен болгон курч айтышы жогорку аталган жыйнагына киргизилген. Молдобагыш өзүнүн өмүрүн ырга кошкон саптарында:
“Азап менен мээнеттен малды таап,
Жыйырма беш жашымда катын алдым”
,- деп жыйырма бешинде алган зайыбы бир кыз төрөп берип каза тапканын, кийин балдызына үйлөнсө, анын дагы өмүрү кыска болуп, үчүнчү аялынын кыял-жоругуна чыдабай өзү кетирип жибергенин айтат.

Ошол себептен: «Калкымдан катын албай ырым этип, башка журттан алганга кабыл этим». — дейт да, Өзбекстандын Карабак айылынан Сабиркан аттуу кыпчак келинге үйлөнөт.

Сабиркан да жалын жүрөк ырчы, сөзгө чебер, өнөр баалаган аял болгон экен. Буга Молдобагыш экөөнүн суроо-жооп айтышы, Сабиркандын: “Сөзүнө сөз табалбай калганым жок, айтыштык обон менен арманым жок” деген саптары күбө.

Азаптуу акын тагдыры

1931-жылы жалган жалаа менен камалып, он ай Таш-Дөбө (Кербен), Заркен, Жаңы-Коргон, Наманган түрмөлөрүндө жатып, андан кийин Сибирге сүргүнгө айдалган. Сүргүндө жүрүп Беломор каналын казууга катышкан. Акындын камалышына кайын журту тараптан чыккан Абдыгафур менен Айтөрө тарабынан айып тагылышы себеп болуптур. Акындын ырындагы бир маалыматка караганда, ал экөөнүн Молдобагышка өчөшүп калышынын себеби, Сабирканды башка бирөөгө алып беребиз деп турганда Сабиркан акынды сүйүп турмушка чыгып кеткен.

Түрмөгө түшкөнгө чейин Молдобагыш 1919-жылы айылдагы бир канча адамдар менен биригип, Авлетим өрөөнүнүн боюндагы Чоң-Таш айылына мечит салышат.

Анда жүзгө жакын баланын сабаты ачылат.

Кийин акын түрмөгө түшүп сүргүнгө айдалган мезгилде мечит мектепке айланган эле.

Сүргүндөн келгенден кийин ошол мектеп өрттөнүп, аны Молдобагыш өрттөдү деген айып тагылат да, өмүрү кайрадан куугунтукка учурайт. Качкын болуп жүрүп, 1937-жылы каза болот. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Авлетимге эмес, Кичи-Ак-Жол айылына коюлат.

“Абак дептеринин” тарыхы

Акындын «Абак дептери» ырлары түрмөлөрдө жатып, сүргүндө жүргөн кезинде жазылган жана араб арибиндеги кол жазмасы сакталып калган. Анда топтолгон ырлар «Өткөн күндөр», «Молдокенин зарлаганы», «Жарынын келиши», «Молдобагыштын түрмөдөгү жолдоштору менен коштошкону», «Жаңы-Коргон түрмөсүндө», «Түрмөдөгү арман-казал», «Молдобагыш Наманганга айдаларда», «Молдобагыштын насыяты» ж. б. жыйырмага жакын бөлүмдөрдөн турат. «Абак дептеринин» жазылышы жана анын элге жеткирилиши татар акыны Муса Жалилдин «Маобит дептеринин» тарыхына окшоп кетет. Бул чыгармаларын Абдымалик деген таанышы аркылуу түрмөдөн сыртка чыгарып кетиши кийинки муундар үчүн чоң олжо болгон экен. 2215 ыр жолунан турган бул кол жазма Кыргыз илимдер академиясынын атайын фондуна 1958-жылы тапшырылса да көңүл бурулбай, «чаң» басып келгендиги, анын адабий чөйрөдө белгисиз калышын шарттагандай. Кийин 1998-жылы гана Малабек Токтоболотов деген жээни киришип жатып жарыкка чыгарткан. Жыйнактагы «Балалыктагы ыр», «Кандай болот бул заман?», «Жеңижокту жоктоо», «Молдобагыш санаты», «Молдобагыш каламы», «Кедейлерге насыят», «Калкыңдан кетти адалат», «Токтогул», «Молдо абаңдын санаты», «Айдалып барып мен келсем», «Ала-Тоонун бүркүттөрү» жана башка түрмөгө чейинки, түрмөдөн кийинки ырлары, айтыштары, махабат темасындагы «Сабиркан» аттуу ыры сөз баалаган окурмандар үчүн көөнөргүс табылга экени талашсыз.

Сакталып калган ырлары

Молдо абаңдын санаты
Молдобагыш өз атым,
Жайсам чыгат канатым.
Айтып жүргүн балдарым,
Молдо абаңдын санатын.

Мукам-мукам сайраса,
Булбул үнү эргитет.
Жакшы адамдын кеңеши,
Жан дүйнөңдү кеңитет.
Малга жакын жашынан,
Малын багып семиртет.
Астындагы мингенин,
Алчактатып элиртет…

Кандай болот бул заман?
Ээ балдар,
Дини кайыр эл жаман, 
Эгин өспөс жер жаман.
Өрдөгү жок көл жаман,
Жылкысы жок төр жаман.
Тик өйдөсүз өр жаман,
Катын кылса базарды,
Бала баккан эр жаман.
Айта албаймын, аа балдар,
Кандай болот бул заман?!

 

САБИРКАН

Ай толукшуп асманда,
Толгондугун айтайын.
Адамда сүйүү бир жолу,
Болгондугун айтайын.
Ашыктыктын алтын куш,
Конгондугун айтайын.
Күн балкылдап көк менен,
Толгондугун айтайын,
Кишиде тунук ак сүйүү,
Болгондугун айтайын.

Ашык болгон мен элем,
Ашык кылган сен элең.
Кызыкдар болгон мен элем,
Кызыктырган сен элең.
Сүйүүнүн отсуз отуна,
Сызык кылган сен элең.

Ак куу мойнун эстеткен,
Моюнуңдан Сабиркан.
Алоосундай тандырдын,
Коюнуңдан Сабиркан.

Калың кыпчак айлына,
Көп каттадым, Ак Сабир.
Куп чырайың келтирип,
Көп мактадым, Ак Сабир.
Телегейиң тегиздей,
Төп мактадым, Ак Сабир.

Ак Сабиркан дегенде,
Ырдасам ырым төгүлөт.
Көп жылдыздын ичинде,
Чолпонундай көрүнөт.
Көп сулуудан өзгөчө,
Перисиндей бөлүнөт.

Аман Иманалиев, «Де-Факто», 23.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий