Байыркы бабалардын элестеринен көзгө сүртүмдөр

РЕДАКЦИЯДАН: Сүйүнчү! Байыркы Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн дайны чыкты! Гезитибизге бул эксклюзивдүү маалыматты Кытайдагы кандашыбыз, атпай кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанымал окумуштуу Макелек Өмүрбай агабыз өз колу менен алып келип тапшырды. Президентибиздин жарлыгы менен “Мамлекет-түүлүктү бекемдөө жылы” деп жарыяланган быйылкы жылда бул жалпы журтубуз үчүн эң жакшы жышаан деп жорудук. Анткени кыргыздын алгачкы мамлекетин түптөп, Кытайдай улуу коңшусу менен тээ VI кылымда эле расмий алака түзүп, катышып турган бабаларыбыздын таржымалын Макелек агабыз айрымдарга окшоп жоромолдобой, кылымдарды карыткан кытай тарыхынан, архив-деринде жазылып турган жеринен айрымдарын сүрөттөрү менен таап, көчүрүп берип жат-пайбы! Бали, бар болуңуз, Макелек агай! Айтмакчы, окумуштуу бул табылгаларын Прези-дентибизге тапшырып коюусун аманаттап, КР маданият, маалымат жана туризм министри К.А.Талиевага калтырып, изилдөө иштерин улантуу үчүн мекенине жөнөп кетти. Эмесе, бул эмне табылгалар экен, өзүңүз таанышыңыз, окурман! 

makelekКыргыздардын тарыхы абдан узун экени, ал бийлик карманып, мамлекет кургандык тарыхы да узак экени ооз эки санжыраларда гана эмес, жазма тарыхтарда өтө айкын жазылып калган. Жакында бир кытай тарыхчысы жазган макалада, Моңгул улуту дүйнөгө таанылган улут болгону менен, кытай тарыхы жазмаларында кыргыздардын баянындай көп баян жазылып калган эмес деген пикирин айтыптыр, ал балким ошондойдур же андай эместир, ал экинчи маселе. Ал биздин азыркы жасай турган ишибиз ошол тарыхта жазылуу тургандарды жыйнап, кыргыз тарыхын өз нугу менен баяндап берүү, урпактарга жоромол тарыхты эмес, чыныгы тарыхты көрсөтүү ыйык милдетибиз болуп эсептелет. Биз кыргыз тарыхы боюнча сүйлөгөндө, кыргыздын бийлик курган тарыхы жана тарыхтагы курган мамлекеттери, улуу хагандыктары менен мактанабыз. Бирок ошол бийлик башында, хан тактыда олтурган адамдарды ушул күнгө чейин так жана ишенимдүү кылып айта элекпиз. Мен он жылдап материал чогултуу аркылуу болуп да, жакынкы жылдардан бери интернеттик байланыш, маалымат байыган сайын тарыхый маалыматтарды издөө оңоюна тарткандан бери, кытай интернеттик маалыматтарына көбүрөөк үңүлүп, кыргыздын бийлик башында турган баш кишилери боюнча бир аз маалыматтарды чогулттум, аны окурмандардын назарына салып, чогуу изденели деген ойдо бул макала ортого түшүп олтурат.

Кыргыздар эң эртеде бийлигинин баш кишисин «Бек, Бий» атагандыгы жөнүндө жазма булактарда жазылган. Андан кийин, баш кишисин «Эр» (Эр Манас, Эр Солтоной ж. б.) атаган. Андан соң, өзүнүн канатташ урууларына ээлик кыла баштаганда, баш кишисин «Ажоо» титулу менен атаган. Андан соң, түрктөрдүн бийлик таасири менен, баш кишисин «Хаган, Хан» титулдары менен атаган. Ал кийин түрктөргө каранды болуп турган доордо баш кишисин «Элтабер» титулу менен атаган. Ал Кытай таң империясы менен байланыш түзгөндөн кийин, «Тутук» титулу кошумча колдонулган. Кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кезде, баш кишиси «Эркин» титулу менен аталган. Кыргыздар моңгул доорунда, баш кишисин «Инал» титулу менен атаган. Мындай көп титулдар менен аталышы, кээ бир титулдар кыргыздын өздөрү койгон титул аталышы болсо, көбүнчөсү, башка бийликке каранды болгон кезде, же ынтымакташ бийлик жүргүзгөн кезде, ошол башка бийлик жагынан коюлган титулдар болгону белгилүү болду. Мен чогулткан материалга негиз, кыргыздын баш кишилерин төмөнкүдөй тизип чыктым, негизи кытай мамлекетинин беделдүү интернеттик маалыматтарына таяндым. Төмөнкү кыргыздын баш кишилери деген аттарда, көбү адамдын өзүнүн ысмы эмес, ошол кезде атаган титулдук аталыштары катары көрүнөт. Мындай көрүнүш байыркы бийлик жүргүзгөн бардык эле элдерде болгон болуп, бийликтин баш кишисинин ысмын тергеп, анын улук наамын атаган экен. Кыргыздар да мына ошол жосун боюнча өздөрүнүн хагандарын атаганы билинет. Анда төмөнкү бабалардын баш кишилеринин баянына жана алардын кээ бир сүрөт элестерин көзгө сүртүп өтөлү.

1. Какей хан (583-жылы)

Кыргыздардын эң эртеде кагаз бетине түшкөн баш кишиси Какей хан аталып, ал биздин санактын 583-жылынан 603-жылына чейин 20 жыл мансап кармаганы жазылган (Түндүк тарыхы, 99-ором. «Түрктөр баян»).

2. Элтабер Ишбара ажоо (643-жылы)

Жазма тарыхка караганда, Элтабер Ишбара ажоо 643-жылы кыргыз бийлигинин ажоосу болгон. Ал Кытай менен биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде байланыш түзгөн кыргыздын хаганы экени тарыхый жазмаларда кенен жазылган. Ажоо 648-жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң-Анга өзү элчилик тобун баштап келип, императордун кызуу кабылдашына ээ болгон. Ажоого Сол канат сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу деген мансаптарды берген. Ажоо да сый дасторкондо, кенен сүйлөп: «Кыргыздардын бир тайпасы байыркы Ли лың сангундун тукумдарынан болобуз» деген сөздү айткан. Бул кытай императору үчүн күтүлбөгөн сүйүнчү болуп: «Теги – түбүбүз бир экен», – деген сөздү айтып, ажоону абдан урматтаган. Элтабер Ишбара ажоо 37 жыл тактыда олтурган деген маа­лымат жазылган.

3. Тачам Кутлук (681-жылы)

Кытай жазма булактарында кыргыз хаганы Тачам Кутлук деген гана маалымат жазылган. Бирок ал боюнча баяндар али изделип жатат. Тачам Кутлук 681- жылдан 693-жылга чейин тактыда олтургандыгы жөнүндө маалымат жазылган. Тачам Кутлук бийлик башында 12 жыл турганы жазылган.

4. Жети Сан Бекбай Багачор (693-жылы)

Жети Сан Бекбай Багачор 690-жылдары кыргыз бийлигинин баш кишиси болуп, тактыда 14 жыл чамасы отургандыгы жөнүндө кытай тарыхында жазылган. Жазмада айтылышынча, Сол канат сангун, Кыргыз коргоочу мекемесинин кутлугу деген наам менен жазылган. Кыргыздын баш кишиси болгон бул Багачор 705-жылы Кытайдын биринчи аял падышасы Ву Зытыяндын кара ашына барган. Ошондо ал падышанын азасына барган 61 мамлекеттин баш кишилеринин таш айкелин «Чыянлың» аттуу кытай падышалары көрүстөн аянтына аза күтүп турган кейипте тургузган. Анын ичинде 36 мамлекеттин баш кишилеринин аттарын, мансабын, кайсы мамлекеттен экенин ташка чектирген. Ошонун 3-катарында кыргыздын баш кишиси Жети Сан Бекбай Багачор деп жазылган. Бу баш кишинин айкели да азырга чейин ошол жерде 61 таш айкелдин бирөө болуп сакталуу турат. Бирок кийин­ки падышалык доорлорунда ал айкелдердин баштарын алып салган. Ошентсе да кийимдеринен баамдоого болот.

5. Барсбек (708-жылы)

Тарыхта жазылган маалыматка караганда, Барсбек кыргыз хандыгына 708-жылы баш киши болуп турган. Мансап аталышы «Бек» болгон. Ал бийлик тактысында 4 жыл олтурган. Барсбектин баяны Чыгыш Түрк хандыктарынын ташка чегилген баяндарында, атап айтканда, «Тунюкук», «Колтегин», «Билге хаган» ташка тамга басылган баяндарда жазылып калган. Барсбектин таш тулу Чыгыш Түрк хагандарынын бейитине коюлгандыгы жөнүндө айтылат. Барсбек Чыгыш түрк хаганы «Кыргыздарды түн уйкуда бастык, хаганын өлтүрдүк» деген баяндагы хаган ошол Барсбек болмогу убакытка шай келип турат.

6. Кутлук Билге хаган (711- жылы)

Кутлук Билге хагандын баяны 718-жылкы түрктөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында баяндалып, кыргыз хаганы өзү черүү тартып, Таң падышалыгы менен кошо согушка катышканы, кыргыз хаганы баштаган кошууну абдан баатырлык көрсөтүп, Таң падышалыгы жагынан: «Атканын жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган кошуун» деген даңаза алганы жазылуу турат. Ал кыргыз хаганына «Оң канат ноён сангун, кыргыз тутук мекемесинин тутугу» деген мансапты берген. Кутлук Билге хаган тактыда 11 жыл олтурганы жазылган.

7. Ишбара Шайжо Баш Эркин (722-жылы)

Тарыхый булактардагы жазмада, кыргыздын Ишбара шайжо баш эркини 722-жылы кийинки түрк хагандары менен чогуу Таң падышалыгы ордосуна келгендиги, Таң кыргыздын хаганын өзгөчө сыйлап, ага ноён сангун атагын бергендиги жөнүндө баян жазылган. Ишбара Шайжо Баш Эркин тактыда бир жыл гана олтурганы жазылган.

8. Чолпон Бага Чоң Эркин (723-жылы)

Тарыхый жазмада, кыргыздын Чолпон Бага Чоң Эркин баш кишиси 723-жылы дагы баягыл эле кийинки түрктөрдүн хагандары менен чогуу Таң падышалыгынын ордосуна келгендиги боюнча маалымат жазылган. Ал баш кишиге да ноён сангун атагын берген. Чолпон Бага Чоң Эркин тактыда 35 жыл олтурганы жазылган.

9. Билге Тон Эркин (758- жылы)

Билге Тон Эркин 758-жылдан 790-жылга чейин 32 жыл бийлик жүргүзгөн. Анын бийлиги тушунда кыргыздар уйгур бийлигине көз каранды болуп турган кез болгон. Ал тарыхта жазылышынча, Тон Эркин кезинде, араптардан абдан оор кебез була олпоктор ташылып келгендиги, ар бир олпокту 24 унаага жүктөп келүүгө боло турганы жөнүндө баян жазылган.

10. Кыргыз хан (790-жылы)

Кыргыздарды көз карандысына алып турган уйгур бийлиги алсырай баштаганда, кыргыздын баш кишиси Эр өзүн Кыргыз хан деп жарыялаган. Ал хандык тактыда 32 жыл олтурган. Ал уйгурлар менен 20 жылга жакын согушкан. Кийин, уйгурдун ордосун кыйратып, олжого түшкөн Таң императорунун ханыш кызын куткарып чыгып, аны Таң ордосуна элчилик тобу менен коштотуп жолго салганда, жолдон уйгурлардын калдык жоокерлери элчисин, коштогон жоокерин өлтүрүп, ханыш кызды тартып алып кеткен окуя жазылган. «Худуд ал аалам» аттуу эмгекте «Кыргыздардын баш кишиси Кыргыз хан деп аталат» деп жазылган.

11. Бойла Кутлук Жаркан (822-жылы)

Бойла Кутлук Жаркан кыргыздын баш кишилери жөнүндө Кытай тарыхый жазмаларында эң көп баяндалган хаганы болуп, 822-жылдан 863-жылга чейин 41 жыл тактыда олтурган. Тарыхтан караганда, тактыда олтурган убакты да эң узун хаган болуп, бул хаган кыргыздын улуу каганатын курган хаганы деп айтууга болот. Бул каганды «Яглакар хаган» деп атаган изилдөөчүлөр да көп. Болуп да өзүнө койдурган «Сужы дабандагы» тул ташка: «Мен Бойла Кутлук Жаркан…» деп баштап, керээзин ташка чектирген. Ал керээзи ушул күндүн изилдөөсүндө «Сужы эстелиги» деген ат менен дүйнөгө таанылуу болуп келет. Бойла Кутлук Жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, кытайдын Таң падышалыгы жана анын императору менен өтө тыгыз байланыш орноткону, өзүнүн территориялык чөлкөмү Эне-Сайдан баштап, Тиянь-Шан-Памирге чейинки аймактар экени тарыхый булактарда кенен жазылган. 840-жылдан 847-жылга чейин кытай императору менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат. Ушул эле 7 жыл ичинде падышачылыкка үч жолу элчи жибергени, эң эле атактуусу 843-жылы Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү, ал элчилиги Чаң-Анга келгенде, император өтө жакынчылык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхый жазмада, кыргыз элчиликтин бул жолку тобу да бүт эле кыргыздын этнографиясын алып келип, атап айтканда, куш-тайганы менен келгендиги жөнүндө баян жазылган. Император вазирине буйруп, бул жолу келген кыргыз элчилик тобун сүрөткө чийдирип, баянын жаздырып, «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу китеп жазууну буюрган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Лү шу аттуу киши жазып бүткөн. Ал китепке Ли дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Азыр бул китеп али бар экени жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга ээбиз. Бирок бул китепти колго тийгизүү мындан кийинкинин жумушу катары турат. Ал императордун кыргыз хаганы Яглакарга жазган каттары «Ли дийү чыгармалар жыйнагы» деген ат менен сакталуу турат. Ошол китепте кыргыздардын элчилигин сүрөткө чийген сүрөттөрдүн кээ бирөө да табылды. Бойла Кутлук Жаркан хаганга, атап айтканда, Яглакар хаганга 847-жылы таң эмпиратору өтө салтанат менен, атайын элчи жиберип, «акылман, баатыр хаган» деген атакты тапшырткан. Бирок ошол жылы хаган кайтыш болгон.

Бойла Кутлук Жаркан (Яглакар хан) кезинде Кытай падышалыгынын ордосуна келген элчилердин сүрөттөрү сакталып калган.

12. Кыргыз инал (моңгул доору)

1207-жылы кыргыздарды моң­гулдар каратып алганда, анын карамагындагы бийлик жүргүзгөн кыргыздардын баш кишисин «инал» мансабы менен атаган. «Юан тарыхында» кыргыздын Орозду (орус) инали, Каркатай иналдеген эки баш кишисинин аты айрым-айрым доорлордо аталганын окуйбуз.

13. Уруу башы (Ман Чиң доорунда)

1758-жылы кыргыздардын түндүк жана түштүк уруу башчыларынын Чиң падышалыгына баргандыгы тарыхта өтө айкын жазылып калган. Жазма маалыматта, 1758-жылы аяк оонанын 20-күнү сарыбагыштан Черикчи, Төлөбай, Ныша бир топ болуп барган. Алардын уруу башы аксакалы Маматкул бий 90 жашка чыгып, анын үстүнө оор бойлуу киши болгондуктан ал киши бара албай, иниси Шербекти кошуп жибергени жазылган. Ошол эле күндөн 3 күн өткөндөн кийин, кушчудан Майтык, кытай уруусунан Каработо жана анын инилери түштүк кыргыздарга өкүл болуп, бир топ уюшуп Чиң өкүмөтүнүн борбору Пекинге барган. Ошону менен түндүк- түштүк кыргыздарынын уруу аксакалдарынын өкүлдөрү бир жолу чогуу Пекинге барган. Бул аксакалдардын келишине падыша Чыянлоң өзгөчө көөн бурган. Аларды Пекинден 200 километр алыс­тагы «Салкындама шаар» Чыңдыдан тосуп алып, аларга өз салты боюнча көкбөрү тарткызып, падыша өзү баштап салбуурунга чыгып, аң уулатып тамаша кылдырган. Алардын келгенин, падыша менен көрүшкөнүн атайлап сүрөтчүгө чийдирип эстелик калтырган. Бул сүрөт «Падышанын кыргыздарды кабылдаганы» деген ат менен Кытай мамлекеттик ажайыпканасы болгон «Гугоң сарайында» сакталуу турат. Аталган сүрөттө кыргыздын 8 аксакалы өз салттык кийимдери менен катар тизилип турганы, падыша атчан келип тосуп алган көрүнүшү тартылган. Чыянлоң падыша, кыргыз аксакалдарын эки айга сайрандатып, өзү Пекингече кошо жүрүп, андан ордого киргизип, көптөгөн жерлерин саякаттатып, аларды Чиң өкүмөтү менен ымылалуу өтүүгө сунуштаган баян жазылган. Бул жолку кыргыздарды кабылдоодо Чыянлоң падыша кыргыздарга арнап үч жолу нече сабак ыр жазган. Ал ырларынын мазмуну терең болуп эле калбай, кыргыз тарыхын ырдын мазмунуна киргизип баяндаганы маанилүү болгон. Ушул жолку Манчың өкүмөтү менен кыргыз аксакалдарынын мамилеси кийинки кездердеги Кокон хандыгынын кыргыздарга болгон чабуулун кандайдыр бир деңгээлде басаңдатып, элге тынччылык алып келгендиги жөнүндө тарыхый баяндар жазылып калган.

КАРМЫШТЕГИН Макелек Өмүрбай уулу,
«Тил жана котормо» журналынын жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору,
«Кыргыз туусу», 06.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий