“Бешиктен чыккан” беш чыгарма

aitmatov5

Ч.Айтматовго арналган илимий эмгектер, кудайга шүгүр, азыр өзүнчө бир китепкана болуп калбадыбы. Ошентсе да… Айтматовдун да айдыңында айдалбай калган “ала жерлер” калыптыр. Анын орус басылмаларында жарык көргөн алгачкы беш аңгемеси (“Газетчи Дзюйо”, “Ашым”, “Мы идём дальше”, “Сыпайчы”, “На богаре”) алиге чейин айтматов таануучулардын назарына илинбей, жазуучунун “көздү уялткан” башка шедеврлеринин “көлөкөсүндө” калып келгенине эч ким деле кабатырланбай келди эле да.

Белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Садык Алахан аларга атайы кайрылып, “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери” (2013) аталган монографиясын жарыялаганы – айтматовтаануу илимине кошкон жаңыча салымы болуп калды.

Аталган беш аңгеме эмне үчүн ушу убакка чейин назарга илинбей келгенине төмөндөгү жагдайлар: биринчиден, алар алгачкы жарыя­ланганы боюнча кайра жарык көрбөй, мезгил өткөн сайын басылмалардын бүктөмүндө калып кеткени. Экинчиден, дайыма өзүнө өтө бийик талап коюп келген жазуучунун өзү ал аңгемелерин үйрөнчүк кезинде жазылган алгачкы там-туң шилтенген кадамдары катары айтып келгени себеп болгонун эске алуу менен С.Алахан алар тууралуу кезинде, кыргыз орус жана башка адабият­чыларынын дүңүнөн айткан пикирлерин да унутта калтырбай, эми өзү конкреттүү талдоого өтөт. Талдаганда да ал аңгемелер күнү бүгүн жазылган жаңы чыгармалардай үзүлүп-түшүп талдайт. Чынында эле болочок зоотехник-студенттин (филология билимден оолак) алгачкы аңгемелери менен макалаларынын (кыргыз тилинин терминологиясы, көркөм котормо маселелери жөнүндөгү) башынан эле талапты катуу коё билген орус басылмаларына жарыялана башташы (өткөн кылымдын 50-жылдарынын биринчи жарымынан) көп нерседен каңкуулаган экен да!

Изилдөөчү мына ушул жагдайларды эске алуу менен жаш Ч.Айтматов ошондо эле өзү теңдүүлөрдөн кескин айырмалуу болгону, буга анын бала кезинен орус тилин эне тилиндей кан-жанына сиңиргени табият тартуулаган орошон талантына жуурулушуп, кийин дүйнө боюнча жасаган улуу сапарларында соолбос күлазык болуп бергени Айтматов феноменинин урагыс дубалдары болуп калганына басым жасайт (Эмгектин “Алгы сөз ордуна” жана “Соңку сөз ордуна” бөлүмдөрүндө).

Ал эми “Калемгердин алгачкы аңге­мелери тууралуу ой-пикирлер” (9–46-бб.) аталган бөлүмүндө, аты айтып тургандай эле К.Асаналиевдин, А.Салиевдин, К.Бобуловдун, М.Рудовдун, Н.Никипорецтин, П.Плисецкийдин, Г.Гачевдин, П.Глинкиндин эмгектерине обзор берип, булардын ичинен “улуу калемгердин ар бир жаңы чыгармасы тууралуу атайын макалаларды жазуу жөрөлгөсүнүн” башатында турган дагы бир ысым – Бекен Ашымбаев тургандыгын адилет белгилеп, анын “Чыңгыз Айтматов” (сынчыл-биографиялык очерк) деген монографиясы (1965) жазуучу жөнүндөгү төл башы илимий эмгек экендигин, ал туңгуч кандидаттык диссертация болмоктугун (автору эмгегинин жарыкка чыккандыгын көрүүгө үлгүрбөй, 32 жашында арабыздан кеткен эле), ал эмгек ошол учурдагы адабият, эстетика илимдеринин бийиктигинен жазылгандыгын бүгүнкү окурмандарга адабият таануубуздун актай калып келаткан барагы катары аалымдык абийири менен эскерип да, талдап да өтөт.

Ал эми беш аңгемеге беш бөлүмчө арнап, ар тараптуу талдоо менен аларды “бешиктен чыгарат”. Окурмандарга жеткиликтүү жана ишенимдүү болсун үчүн ал аңгемелердеги алиги “жылт-жулт эткен учкундар” кандай экендиги тууралуу изилдөөчү чыгарган жыйынтык-корутундулардан тикелей цитата келтирүүнү ылайык көрдүк.

“Газетчи Дзюйо” жөнүндө: “Арийне, Ч.Айтматов жараткан көөнөрбөс көркөм дүйнөнүн алгачкы булагы, туңгуч башаты болгон бул аңгеменин алгылыктуу жактары катары анда автордун көркөм туюмунун байкалып турушун, сюжет курууда тыкандыкка, логикалык жактан ырааттуулукка умтулуусун, анан, албетте, көркөм фантазиясынын күчтүүлүгүн көрсөтүп кетер элек”, – деп келип, дал ошол Дзюйо улуу калемгер кийин жараткан көптөгөн балдардын кайталангыс образдарынын (60-б.) төл башы, бир тууган агасы болуп калгандыгына да ыраазычылык сезимин билдирет.

“Ашым” тууралуу: “Ашым” …айрым бир кемчиликтерине карабай, жаш жазуучунун турмушту көркөм аңдап-туюуга, каармандардын жан дүйнөсүн ичкериден ачып берүүгө болгон аракетинин бир топ алгылыктуу натыйжаларды бергендигине күбө өтүп туруучу чыгарма болуп эсептелет” (75-бет).

“Биз арылап барабыз” жөнүндө: “…улуу калемгердин бул үчүнчү аңгемеси кадыресе чыгармадай эле окулат”, – дейт да, аны айрым мүчүлүштүктөрү менен кошо кабылдоо керектигин да сунуштай кетет (86-б.).

“Сыпайчы” тууралуу: “Сыпайчы” аңгемеси сюжеттик-композициялык курулушунун тыкан иштелиши, каармандардын жан дүйнөсүнүн бир топ чебер ачылып берилиши, баяндоонун ар кандай ыкмаларынын иштиктүү пайдаланылышы боюнча андагы жаш калемгердин чыгармачылыгынын алгачкы этабындагы ийгилиги деп айтсак болот” (106-б.).

“Кайрак жерде” жөнүндө: “Улуу калемгердин … бул аңгемеси чынында эле ошол учурдагы коомдук турмуш үчүн өзгөчө маанилүү маселени козгоо менен социалисттик чарба жүргүзүүдөгү олуттуу проблема болгон өзүм билемдиктин, көз боёмочулуктун, калп айтуунун, кошуп жазуунун, мамлекеттик менчикке суук колун салуучулуктун бет пардасын сыйрып берүүгө арналып, сөзгө алынып жаткан көркөм объектини автордун ичкериден билүүсүнөн улам да бул маселе бир топ иш билги, дурус эле чеберчиликте көркөм чечмеленип берилгендиги менен эсте калат” (118-б.).

Ошентип, буга чейин айтматовтаануучулардын назарына анча илинбей, жазуучунун алгачкы чыгармачылык кадамдарынын фактысы катары гана жалпы тизмеден орун алып келген беш аңгеме тажрыйбалуу адабиятчы, айрыкча унутта калып келген акындар чыгармачылыгы боюнча адис-изилдөөчү Садык Алахандын аналитикалык ой-чабыттарынан өткөрүлүп, илимий алкакка тартылганы ар тараптан кубатталат деген терең ишенимдебиз.

Эмгекти окугандан кийин бизде пайда болгон ой – Ч.Айтматовдун жазуучулук да, турмуштук да тажрыйбасы аз кезинде жазган ошол беш аңгемеси учурундагы кыргыз аңгемелеринен кескин айырмаланып, орус басылмаларында жарыялануу менен көптөгөн окурмандардын көз алдынан өтүп, ааламдагы беш материкке беш бурчунан үрүл-бүрүл болсо да жарыгын чачырата баштаган беш жылдыздай болгон экен го…

Санарбек КАРЫМШАКОВ, филология илимдеринин кандидаты, профессор,
«Кыргыз туусу», 03.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий