Таланты таш жарган даанышман

Илгери өткөн заманда Көлдүн тескей өрөөнүндө тынымсейит уруусунун бир журтуна Буйлаш бий башчылык кылып турган экен. Мал-журту, бала-бакырасы тамыр жайып, аброю артып, бакубатчылыкта бийлеп турган журтун. Күндөрдүн биринде айылына айтылуу Санчы сынчы келип, сынап берүү өтүнүчүн билдирет.

Сынчы:

– Бийим, – дейт суз гана, – балдарыңдын тобунда сиздин мартабаңызды арттырар, камчы саптык мураскоруңузду көрө албай койдум.

– Каап, ушунча журтка дайын болсом, сый-урмат күтсөм. Жолумду улап, атымды өчүрбөй, тизгинимди алар балам болбогону өкүнүчтүү, – деп кайгыга көмүлөт.

– Бийим, капа болууга али эрте. Сиздин белиңизден бир баланы көрүп турам. Ал уул кызыл тилин кайрап чыгар, таң алдында сайрап чыгар топ жарган “булбул” болот. Макул көрсөңүз, ал уулду төрөп берер аялды таап берейин.

Бийдин айтымы менен камылга көрүлүп, эртесинде эл жайлоого көчүрүлүп, жол боюна сынчы менен эл жакшыларына арналып берекелүү дасторкон жайылат. Көч менен сынчынын карегинен нечен сулуулугу суктандырган келин-кыздар, аялдар өтөт. Сынчы үндөбөйт да, бир орунда тигилип олтура берет. Тээ көч аягы үзүлгөндө: “Сынчым, эл толугу менен сыныңыздан өтүп болду,” – дегенде гана алыска телмире карап: – Аркада дагы киши бар го. Аттанып, утурлап бастырбайлыбы, – деп ордунан турду.

Буйлаш бий баштаган топ бир кырга чыга бергенде алыстан караан келатканы көрүнөт. Байырлап, дүрбү салса, өгүзгө жүк арткан аял келет, илээлеп. Эл жакшылары аттан түшүп, суусундук жутуп, байырлап калат. Тиги караан саамга токтогондой болот. Ошондо сынчы: “Бу жолоочу тыным алгансыды. Кудай билет, жол четине олтура калгандай түрү бар. Карагылачы, жигиттер, – дейт. Коштоп жүргөндөр дүрбү салып: – Жол боюна даарат ушатып жатат, – дешти.

– Эмесе балдар, барып ким экенин, тек жайын билгиле. Жолоочуну узатып жиберип, даарат ушаткан жерин көргүлө. Эпада заарасы жерди бир карыш тешип кирип кеткен болсо, бийиме камчы сапка жараган уул төрөп берээр аял ошол, – деп, жандаган жигиттерди аттандырды. Кыйладан кийин тапшырма менен кеткендер келишти.

– Жолоочу бийдин айылындагы Төрөкан деген аял экен. Күйөөсү менен оту күйүшпөй ажырашып келиптир. Ата-теги деле жарды жашаган кишилерден экен. Бирок, бийимдин көңүлү болобу, өңү деле серт ургаачы экен, – деп топ баштаган жигит тим болду. Айткандай эле утурлай бастырып, чукулдаса, Кудай келбеттин ырыскысын бербеген, жүдөгөн келин экен.

Мезгил айланып, Жети-Өгүздүн сыртында Төрөкан токолдун ай күнү жетип, уул төрөдү. Азан чакырып, Буйлаш уулу Арстанбек деп ат коюлганы гана болбосо, Төрөкан салбардын тиричилиги мурдагы калыбынан жазган жок. Болгону бий акысын берип, өз журтундагы устага бешик жасаттырып берди. Эне үчүн баланын эр жетмеги не деген азап болду. Уулун бешикке бөлөп, байбиченин, жада калса, кемсинтип кеп айткан бардар журт билермандарынын да ишин бүтүргөнгө үлгүрүп жүрдү. Кийин Арстанбек да бутуна туруп, эс тартканы кулагына жылуу сөз, колуна жеңил иш буюрбады. Ошентип, күн айды, ай жылды толуктап, сүрүп олтурду. Жаш бала эс тартканы аталаш улуу агаларынын малына көз болуп, койчулуктан колу бошогон жок.

Арстанбек 15 жашка караганда ошол чөлкөмдөгү аш-той ансыз өтпөй, татымы жок тамактай көрксүз болуп турду. Ак таңдай акын, комузда кол ойноткон чебер, кыл кыякчы катары көл өрөөнүндө ысымы угула баштады. Өнөрдүн туу кырынан көрүнүп, көрүүчүлөрдү таңдантып, бутунун салаасына бычак илип алып нечен күүнү ийине жеткире аткарып, алкоого татып жүрдү. Ушундай күндөрдүн биринде Кокон хандыгынын салык жыйноочу черүүлөрү Көл, Нарын аймагынан 12 болуш-бийди өз учурунда салык төлөбөйт деп шылтоолоп, хан алдына айдап кетет. Журт башчылары барымтага алынганы бир топ мезгил болсо да хандын каарынан коркуп, аркасынан бирөө даап бара албайт.

Акыры 16 жашар Арстанбек агаларынан уруксат сурап, барууга бел байлады.

– Мейли, биз башыбыздан айрылып жаттык беле, –дешти да, ат, жолуна азыгын берип узатышты.

Арстанбек нечен күн жол жүрүп олтуруп, акыры Кокон хандыгынын дарбазасына келип токтоду. Комузун күүлөп, Мадали хандын мартабасын арттыра мактап, айланасындагы төбөлдөрүнүн ишин жактап, кынаптап ырга салып, токтобой турду. Таңда башталган ыр толкуну күн кечтеп барып басылды. Акак шурудай тизилген ыр түрмөктөр, кубулжуп жан дүйнөнү элжиреткен комуздун авазы кимди болбосун делебесин козгоп, акын өнөрүнө таң берип турду. Теребелге жан салгандай болгон шаңдуу мактоо эртеси жерге күн нуру себелегенде кайра уланып, айланадагы адам баласын мүлдө арбап, ыр, күү кереметине чөмүлтүп алды. Жез таңдай акындын өнөрү ханга, ордо билермандарына дайын болду. Арстанбекти ордого алдырып, датын, мактоосун угушту. Жаш улан жазыксыз айдалган болуштардын артындагы элдин мүдөөсүн, хан ордонун, төбөлдөрүнүн ишин мактап айга, күнгө теңеди. Орундуу кеп, жагымдуу сөзгө ынабаган, эрибеген жан болбоду. Хандын ыракымы менен барымтадагы болуштар бошотулуп, ордуна үч жылча Арстанбек ордо ырчысы болуп кызмат кылды.

Барымта мөөнөтү аяктап, хандын белегин, элдин урматын алып, өз мекенине кайткан Арстанбекти эл жактырганы менен, улуу байбиченин балдары ичи тардык кылып, суз кабыл алды. Көп өтпөдү, жаңы тууган таап, энеси менен таякелерине Жети-Өгүздөгү Чычкан-Башы айылына көчүп кетип, түбөлүк мекендеп калды. Акындын жайлоосунда өткөн топто казактын эң мыкты деген ырчысы Карбанбай менен айтышка салды. Төрөнүн ырчысы улуу болсо да сынамакчы болду. Жаш баланы теңсинбей ыр жарышынын кезегин Арстанбекке берет. Акын санат ырдан баштап, эт бышым мезгил ар кыл багытта ырга кошуп, кулак төшөгөн түмөн элди сөз кумарына балкытты. Ыр жамгыры басылганда казактын ырчысы: “Баракелде, жарыгым! Кыргыздын бактысына жаралган чолпону экенсиң. Энди менин айтаар сөзүм калбады гой!” – деп ырдабай жеңилип берген экен.

Арстанбектин зоболосу көтөрүлүп, өмүрүнүн акырына чейин сый-урмат үстүндө өттү. Жердештери эл таламын жактаган, мартабасы бийик, калыс, ыйманы ысык, ак таңдай акын бий болуп бир канча мезгил акыйкат бийлик жүргүзгөн дешет…

Ж.АКМАТОВ, Жети-Өгүз райондук
К.Жетимишбаев атындагы тарых-таануу музейи,

«Кыргыз туусу», 10.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий