Тогуз коргоол – кылым карыткан кыргыз оюну

9korgool

Чараларын оюшуп,
Бир жагына бир тогуз,
Бир жагына бир тогуз,
Үй чыгарып коюшуп,
Ою менен олтуруп,
Ташын салып толтуруп,
Тогуз коргоол ойгону,
Ордо, тогуз коргоол деп,
Жаш Манас кылып койгону…
Тогуздан коргоол салганы,
Бу Манастан калганы…
(Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча “Манас” эпосунан үзүндү)

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биз көздүн карегиндей сактап, муундан-муунга өткөрүп берүүчү белгилеринин бири – улуттук оюндар. Булар жаштардын акыл-эсин, дене түзүлүшүн, ден соолугун чыңдоого бирден-бир курал катары колдонулуп келген. Ошолордун бири – тогуз коргоол 2009-жылы Кыргызпатент уюмунан кыргыз элинин салттуу билими катары ырастама алган.

Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, эл аралык даражадагы спорт чебери, өлкөнүн кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу, улуттук даражадагы калыс Нурия Султанмуратованын айтымында, оюн гундар доорунан бери ойнолуп келе жатат. Оюндун пайда болушуна ар кандай божомолдор бар.

Бирден тогузга чейинки турмушта колдонулган сандардын баарын катыштырып, негизги математикалык амалдарды үйрөтүү максатында ойлоп чыгарылган логикалык, спорттук оюн. Илимдердин падышасы делген математика жагынан алып караганда – сандарды кошуп, кемитип, бөлүп, көбөйтүп, жуп сан менен так сандын айырмасын түшүндүрүү, жаратылыш жагынан – аралыкты, багытты айырмалоо, дене-тарбия тарабынан – түз олтуруу, көп коргоолдорду колго батыруу, ыкчамдуулук, шамдагайлык, психология жагын карасак – атаандашка болгон мамиле, жол тапкычтык, эске тутуу жөндөмүн өрчүтөт. Жеңишке жетишүүгө умтулуу, токтоолук, сабырдуулук, логикалык ой жүгүртүү сыяктуу көп тармактуу касиеттерди өзүнө камтыйт. Кыргыздар жаш муундарга жашоо-турмушта эң керектүү болгон сапаттарды ушул оюн аркылуу негиздегенге, тарбия-таалим берүүгө аракет кылган.

Оюнду ойлоп чыкканда натуралдык сандардын бирден тогузга чейинкиси колдонулган. Тогуз саны кыргызда бир санды гана эмес, көп сандардын жыйындысын түшүндүрөрү бизге белгилүү, мисалы, тогуз токоч таратып, тогуздап мал айдап, тогуздап торко кийип сыяктуу. Тогуз деген сан ата-бабабызда ыйык сан катары бизге маалым.

Оюнду эки оюнчу ойноп, ар тарапта тогуздан үйлөр жайгашып, ар бир үйдө тогуздан коргоол салынат.

Тогуз коргоол оюнунун эрежеси

Оюндун жүрүшү

Тогуз коргоол – оюн тактасынан жана 162 таштан турат. Тактанын эки жагында тогуздан үй (коргоол салынган чуңкур) жана ортодо эки казан бар. Оюнчунун казаны атаандашына жакын болот. Казан оюнда колдонулбайт, бир гана кор-гоолдорду чогултуу үчүн керек. Оюн башында ар бир үйдө тогуздан таш бар, казандар бош.

Оюндун максаты – атаандашыңан өз казаныңа 82 же андан көп таш утуп алуу. 81 коргоол уткан болсо, оюн тең чыгуу менен аяктайт. Оюнду баштоо укугу тараптардын келишими же чучу кулак кармоосу менен аныкталат. Жүрүш жасаган оюнчу өз тарабындагы каалаган үйдөн таштарды алып, ошол эле үйдөн баштап оң жакка карай бирден салып жүрүп олтурат. Үйлөрдү секирип же болбосо бир үйгө экиден таш салуу мүмкүн эмес. Жүрүш тогузунчу үйдөн кийин атаандаштын үйлөрүнө кетет. Эгер акыркы таш атаандаштын үйүнө түшүп, ал үйдөгү таштардын саны жуп болсо жүрүш натыйжалуу болуп эсептелет да, оюнчу ошол үйдөгү таштардын баарын өз казанына алат. Эгерде жүрүш жалгыз ташы бар үйдөн жасалса, таш кийинки үйгө конот да, жүрүш башталган үй бош калат.

Оюнчуларга оюндун эрежеси боюнча бир жарым саат убакыт берилет. Берилген убакыттын ичинде отуз жүрүш жүрүлгөн болсо, кошумча катары жарым саат берилет.

Туз алуу

Атаандаштын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны үч болсо, ал үй «туз» деп аталып сизге тиешелүү болуп калат, башкача айтканда, ал үйгө түшкөн коргоолдордун баары сиздин казаныңызга түшөт. Туз алуунун эки шарты бар:

1. Бир оюнда бир гана туз алынат.

2. Эгер атаандашыңыз туз алган болсо, ал алган номурлуу үйдөн туз ала албайсыз. Мисалы, ал сиздин 5-номердеги үйүңүздөн туз алган болсо, сиз анын 5-номердеги үйүнөн туз ала албайсыз.

Тогуз коргоол – интеллектуалдык олимпиада оюну

Оюн тез эсептөө, алдын ала көрө билүү жана логиканы өстүрүүдө пайдасы чоң. Жаштарга, деги эле жалпыга бул оюндун эрежелери тууралуу жазып жургөн Шербол Жапаралиевдин айтымында, Өзгөчө башталгыч класстагы балдардын кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү сыяктуу математикалык эсептерди тез өздөштүрүүсүнө жардамчы боло алат. Кичине кезинде тогуз коргоол ойногон балдар так илимдерден мыкты болушат. Ааламдашуу алкагында көчмөн цивилизациясы өз баалуулугун жоготуп баратканы ачыктан-ачык көрүнүп турат. Себеби – жаш муундун кызыгуусунун жоктугу болсо керек. Анын үстүнө башка түшкөн таш сыяктуу улуттук дөөлөттөрүбүздү колубуздан тартып алгысы келгендер бар. Кыргыз рухунун туу чокусу эсептелген “Манас” эпосу айрымда талашка түшкөн сымал, эми улуттук оюндарыбыз да талашка түшөбү? – деген жоопсуз суроо ар бир кыргыз жаранын кыжаалат кылбай койбойт…

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу», 27.05-03.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий