Кыргыз элинин тагдырын чечкен тарыхий согуш

Кенесары Касымов (1802-1847) Абылай хандын небереси 1837-жылы Орто Жүздүн башына бийликке келип, 1841-жылы жалпы казак төрөлөрүнүн курултайында ак кийзге салынып, бүткүл казак элине расмий хандыкка көтөрүлгөн.

Ал Орсиядан бөлүнүп, өзүнчө Казак хандыгын түзүүгө аракет жасаган. Бирок тилеги ишке ашпай, орус бийлигинен куугунтук жеп, кыргыз жерин көздөй чегинет.

Эми Кенесарынын аракети улуттук боштондук кыймылынан баскынчылык багытка өтөт. Кенесары орустан жеңилген ызасын эми кыргыз элинен чыгарууга, кыргыз айылдарын чаап, талап-тоной баштайт. 1845-47-жылдарда бир жарым жылга созулуп өтө каңкорлугу менен айырмаланган бул согушта Кенесары аскери кыргызга үч жолу чоң чабуул жасаган.

Биринчи чабуулу 1845-жылы кеч күздө болуп, ага кушчулар менен солтонун талкан уругу катышкан. Кушчу Бүргө баатырдын уулу Калчанын айлы жыйым-терим менен алектенип жатканда, кенесарычылар капысынан басып калып, айлын өрттөп, талап-тоноп, Калчаны 400 жигити менен туткундап кетет. Ал эми кенесарычылардын башка бөлүгү солтолорго чабуул жасап, Көлбай баштаган талкан уругунан жеңилип калып кайра качышат.

Экинчи чабуулу 1846-жылы март айынын аяк ченинде болуп, Кенесарынын он миң туруктуу аскери (регулярный армиясы) экиге бөлүнүп алып Чүй өрөөнүндө жашаган солто менен сарбагыштын Тынай уруусуна капысынан чабуул койгон. Согуш азыркы Бишкектин түндүк тарабында орун алган Мыкан жана түндүк -чыгыш тарабындагы Мазарлуу- Карасуунун (азыркы Новопокровка) Жетим-Коо (азыркы Учхоз) ортосунда үч күн, созулуп, кенесарычылар чегинип, Карасуудан кечип өтөбүз деп, түбү балчык болгондуктан,баардыгы чөгүп кетишет. Туруктуу аскеринен дээрлик толук ажыраган Кенесары саналуу төрөлөрү менен качып кутулган Кенесары хан 1847-жылы жаз айында (18-25-апрель) кыргызга каршы эң акыркы үчүнчү чабуулуна аттанат. Чечүүчү согуш 1847-жылы Токмоктун күн чыгыш тарабынан 1-2 чакырым Оробашы жана Чүй суусунун оң тарабындагы Текеликтин-Сеңири, Майдөбө деген жерлерде 17-апрелден 25-апрелге чейин созулган.

Бул, чабуулга 42 султаны баштаган 20 миңден ашык аскер, 1500 мылтык, 3 замбирек, ж.б. хивалык чеберлер жазаган мыкты курал-жарактар менен куралданып аттанган. Аларга каршы жергиликтүү усталардын колу менен жазалган курал-жарагы деле чакталуу, бир гана Ата-Мекенди чексиз сүйүү куралы менен куралданган, кыргыздын жалын жүрөк эр-азаматтары баштарын өлүмгө байлап, душманга каршы аттанышты кыргыздар жоонун биринчи соккусун Токмоктон сегиз чакырым күн чыгыш тарабындагы Оробашы деген жерден (азыркы Чым-Коргон туш) тозушат. Назар манасчы, анын уулу Болот, Келдибек баштаган көлдүк манасчылар күндүр-түндүр тыным албай, буркан-шаркан түшүп элирип Манас айтып, жоокерлерди эл, жер үчүн алга үндөп, рухун көтөрүп турушкан дейт. Манасчыларды баш көтөрбөстөн угушкан кыргыз жоокерлери, ар бири өздөрүн Манастын чоролорундай сезишип, тезирээк эле майданга кирип, эрдик көрсөтүүнү чыдамсыздык менен көксөп жатышты.

Кыргыз эли жер бетинде өзүнчө эл болуп калабы, же тукум курут болуп, калгандары башка элге сиңип жок болуп кетеби деген чечүүчү кырдаал келди. Ал аңгыча Кенесарынын, оң канатынын аскер башчысы Ноорузбай атак-даңкты өзүнө озунуп алып калгысы келдиби, күтүлбөгөн жерден эле кыргызды көздөй озунуп ат коюп жөнөдү. Ошентип кыргыз элинин тагдырын чечүүчү тарыхый согуш башталган. Ноорузбай чабуул коюп, кыргыздын сарбагыштар тарабындагы коргонуу чегин жарып өтүп, Шамен баатыр баштаган 40-50дөй жоокерди колго түшүрөт. Кыргыздын туу тиккен жерине бет алып баратканда, көлдүк бугулардын Томо айылынан көчүп келип отурукташып калган Ады баатыр 100дөй жигити менен жоону көкүрөгү менен тозуп, жөө жалаңдап, жан аябай согушуп, душмандын колун жарым күнчө токтотуп турушкан. Аңгыча Шамшы тараптан Төрөгелдинин 300 жигити (Төрөгелди өзү болгон эмес) капталынан сокку уруп Ноорузбайдын колун качууга аргасыз кылат. Шамен баштаган туткундар куткарылып, Кенесарынын 60тай жоокери колго түшөт. Согуштун биринчи күнү түш оой, чаржайыт башталып, кашкарайганда бүтөт. Согуштун экинчи күнү уюшкандык түрдө өткөн. Кыргыз жоокерлери таңкы үрүл-бүрүлдөн туруп жоого камдана башташат. Манасчылар адаттагыдай эле тынымсыз Манас айтып жатышты.

Кыргыздар жоодон өздөрүн айырмалаш үчүн сыртынан ак көйнөк кийишкен. Аскер башчылар, жоого кирээр алдындагы акыркы кеңештерин айтып жатышты.

Ошентип күн уясынан толук чыккан мезгилде эки тарап бири-бирин көздөй ат коюп жөнөштү. Негизинин каралжын кийинишкен Кенесарынын жыйырма миң колу текши ат койгондо, жолундагы акыр-чикир, жыгач-ташты камгактай агызып, ылайланып каптап келаткан сел сымал көрүнсө, жалаң ак кийинген кыргыз жоокерлери тоодон ээ-жаа бербей ээлигип келаткан кар көчкү сымал каптап, эки тарап аралашты да калды. Мезгил апрель айынын орто чени болгондуктан, Чүйдө жер бети пачайы жамынып, кулпунуп турган эле. Жаздын бул күнү асман чайыттай ачык болуп, күн адаттагыдан ысык тийип турду (демейде күн катуу бүркөлөөр алдында аба ырайы ушундай болот). Алгачкы шейиттер да аттан кулап, пайчайы жазданып жата башташты. Кырк миңдей аттардын туягына туруштук бере албай, жер кыртышы тытылып, заматта чаң асманга сапырылып калды. Айбалта тийген баштардан мээлер асманга чачырап, кылыч тийген күрөө тамырлардан кан капкайда зиртилдеп атырылып, жоокерлер канга боёлуп жатышты. Денесинен ажыраган баштар жерге топулдап түшүп, аш бышымча мурда пайчайы жамынган жер, улам барган сайын маркумдардын денеси менен жабылып баратты. Саал мурда аттар жерде жаткан адамдын денесинен аттап өтүп жатышса, эми ылгабай эле саман баскандан бетер адамдардын денесин тепселеп жүрүштү.

Кээ бир жарадар болуп, аттан кулап түшүп, туралбай жаткандар төрт туяктын астында кабырга сөөктөрү качырап сынып, өпкө-боору эзилип, ичегилери алда кайда чубалып, аттардын буттарына чалынып, кара жер канга жуурулуп, кан-жини аралашып, баш сөөктөрү бачырап талкаланып, мээлери жерде жуурулуп жатты. Буттары үзөңгүгө илинип калып, сүйрөлүп жүргөндөр андан көп. Согуш улам күч алып, айыгышкан таймашка өттү. Кан тулку боюна чачырап, тер чаң менен жуурулушкан жоокерлер бир тирукмуштай көрүнүп, бирин-бири айрый албай да калышты. Кээ бир найзалары сынып, же кылычтарын түшүрүп жиберип, колунда куралы жок калгандар жакалаша кетишип, экөө тең аттарынан кулап түшүп, жөө кармашып, акыры экөө тең тепсендиде калып жатышты. Мындай ааламаттан үрөйлөрү учкан аттар да, кош аяктап тура калышып чыңырып, кээде тиштеше кетишет. Ээси жок бош калган аттар чылбырларын сүйрөп, кээси ээр токумун бооруна тепкилеп, бул ааламаттан кайда качып кутулуп, кантип чыгып кетээрин билбей кошкурушат. Жоокерлердин кыйкырык-өкүрүгү, курал-жарактардын бири-бирине урунган добуштары, аттардын кишенеген ызы-чуусу күнчүлүк жерге угулуп атты.

Өлүктөрдүн үстүн ылайдай тепселешип, суудай аккан канды чалпылдатып кечишип кандын жытына эстери эңгиреп, өздөрүн жоготкон жоокерлер, колу-буттары сынып шалактаганына карабай, кээ бири колун кыя чаптырып алгандарына, башка жерлеринен жаракат алып, кан оргуштап агып атканын да сезишпестен, кутурган арстандардай кармашып жатышты.

Жүзү курусун! Кан майданда күндүн ысыгына карабастан, тыным албай жандалбастап салгылашып жаткан жоокерлердин аккан тери өтмө катарынан өтүп, сырт кийимдерине чейин мөлмө-чалма суу болушту. Таңдайлары катып, оң колуна курал кармагандар, терге чыланган сол жеңин жалап, соруп да ийип атышты. Кээси атырылып аккан кандарына, ооздорун тозо коюшуп, ичип ийип аткан учурлар да болду. Манасчыларды күндүн-түндүр талбай уккан кыргыз жоокерлери, манасчылар айтканын окуяны өз көздөрү менен көрүшүп, манасчылар азыркы болуп жаткан окуяны айтып, өздөрү ал окуянын катышуучусу болуп жаткандай маашырланышат.

Көз алдында эле, жанындагы жоокерлер, найза, кылыч тийип, аттан кулап түшүп, тебелендиде калып жатышса да, ар бири “мени менен мындай болбойт” деп, терең ишенүү менен, өздөрүн чындап эле Манасты ээрчип кан майданда жүрүшкөн Алмамбет, Чубак, Сыргыктардай сезишип, мындай кыргындын далайын башынан өткөргөн согушка маш, карт жоокерлерден кем калышпай, өлүмдөн эч жалтанбастан, тайманбай салгылашып жүрүштү. Ат үстүндө салгылашып жаткандар, өздөрүнүн жарадар болуп жерде жатышкан ага-инилеринин же балдарынын үстүндө ат менен тепселетип жүргөндөрүн сезишкен жок. Кенесары бул согушка эзелтеден кыргыздар менен канааташ жашап, өтмө катар тууган болуп калган казак урууларын да коркутуп күч менен салган эле.

Мисалы Супатай бийди Кенесары кыргызга каршы согушка аттанаарда өзүнүн аскерине кошулууга чакырса, Супатай: “Менин кыргыз деген жоом жок”, – деп болбой коёт. Кенесары болсо: “Анда кыргызды чаап келгенден кийин, сени чабам” деп коркутуп атып өзүнө кошот. Анан аламан согушта “сен жээн, сен таяке элең” деп ылгап отурушмак беле, ар ким кан майдандан өз жандарын сактап, аман алып чыгуу үчүн жан талашып согушкан.

Ошондуктан кечээ эле бирге тойлошуп жүрүшкөн куда-сөөктөр бири-бири менен, кайнатасы күйөө баласы менен, жээн-таякелер чабышып калган учурлар болуп жатты. Ал гана эмес, күйөөлөрү кайтыш болуп, бир баласын кайындарына калтырып, бирин төркүнүнө ала кеткен, же ата-энеси ажырашып, экөө эки тарапта калган бир тууган ага-инилердин да бири-бирин өлтүрүп алган учурлары болгон. Малтабар баатырдын эң кичүү иниси Буудайчынын кайнатасы атагы чыккан казак баатыры болгон дейт. Салгылашуу учурунда казак баатыры байкабай күйөө баласын сайып түшүрөт. Анан жерде жаткан күйөө баласын тааный коюп, эңип алганы эңкейе бергенде башы кыйылып, күйөө баласынын үстүнө түшөт. Буудайчы кайнатасынын башын жерге түшүрбөй тозуп алып, кучактаган боюнча эптеп майдан талаасынан аман четке чыгып, бир чуңкурга жашырат да, кийин согуш бүткөндө денесин издеп таап, ардактап көмгөн экен.

Түш оой Эржан төрө өзү баштаган топ менен майдан талаасынан бөлүнүп чыгып, кыргыздын туу тиккен жерин көздөй бет алат. Самак баатыр баштаган Бөлөкбай уруусунун жигиттери тозуп чыгышып, колун талкалап, Эржан төрөнү Сейит баатыр аттан ыргыта сайганда, Самак баатыр бычак менен жара тартып: “Эми Жаманкаранын күйүтү бүттү” деген экен. Тирүү калгандарын туткунга алышат. (Кээ бир санжырачылар Эржан төрөнү Жетикашкадан чыккан Андаш баатыр сайган десе, кээсинде Жоосейит сайган дейт. Туурасы Жоосейит эмес, Жөө Сейит болуш керек.

Анткени:
Баатыр Сейит, Жоламан,
Кирсе жоону шылаган.
Эржан төрө, Эр Шоорук
Найзасынан сулаган – деген жамак эл оозунда айтылып калган.

Ошол кезде Ноорузбай, Агыбай, Бает деген аскер башчылары менен 3 миңдей кол баштап, Эржан төрөнү бошоткону келатышкан болот. Орообашыда бугуп жаткан 600дөй кыргыздын жоокерлери, күтүүсүздөн капталынан качырып киргенде, казактар дүрбөлөңгө түшүп, быт-чыты чыгып качып жөнөшкөн. Кыргыздар алардын артынан сая түшүп, туу тиккен жерине чейин (лагери) кубалап барышат да, саны жагынан алда канча аз болгондуктан, туусуна кол салышпай кайра кайтышат. Күн кеч болуп кеткендиктен казактар да, бул чабуулга жооп кылып, кайрадан артынан түшүшкөн эмес. Ошентип каш карайганда, кечке наар албай шаймандары бошоп, кыймылдоого чама-чаркы келбей суй жыгылышкан эки тараптын жоокерлери өз тараптарына тарашкан. Согушка катышпай такоолдо тургандар таң аткыча согуш талаасынан жарадарларды ташып жүрүшкөн. Кан токтобой аткандарга кийиз күйгүзүп басып, сынып шалактап калган кол-буттарга шакшак коюу үчүн сыныкты оордуна келтирип жатканда, жарадар жаш жоокерлердин: «Атекебай, андан көрө кылыч менен мойнумду кыя чаап таштачы, ыраазымын», — деген ачуу кыйкырыктары алда-кайда угулуп, сай сөөкктү сыздатат. Мурда пайгамбардай көрүнгөн аппак сакал сыныкчы-табыптар, аштарларын жалаңдаткан аштарчылар (азыркы хирургдардын милдетин аткарган дарыгерлер) эми жаналкычтай көрүнүшөт. Шейит кетип, сөөктөрү зыңкыйып калгандарды кийиздерге ороп, ат, төөлөргө артып, оор жарадарларды табытка салып атка туурасынан өңөрүп жакын айылдарга жеткирип жатышты. Эртеси (согуштун үчүнчү күнү) чарчап-чаалыгышкан жаш жоокерлер араңдан зорго туруп, оюндан кызыгы тараган балдардай согушту көргүсү келбей турушту. Бирок таң заардан эле Кенесарынын аткычтары, замбиректердин коштоосунда, кыргызды карай ок жаадырып киришет. Алар жөндөмүз аскер башчылардын жетеги менен кыргызды бат эле жеңип алууну эңсешип окторун аябай, чаржайыт аткылай беришкен. Тескерисинче кыргыздын жоокерлери ар-бир окту үнөмдөшүп, жердин өңүтүн жакшы билгендиктен, өтө кыймылдуу (мобилдүү) келип, турган жерлерин тез-тез алмаштырып, улам ар жагынан чыга калып аткылап турушкан. Бир күн кечке тынымсыз атышуудан кийин, эки тараптын тең ок дарысы түгөнө баштайт. Арттан толуктоолор келген эмес. Кыргыздар мезгил-мезгили менен «Ит уруш» деген согуштук ыкманы колдонуп турушкан. Мындай ыкманын курмандыгына Кенесарынын ишенген кол башчыларынын бири Кудайменди кабылган. Согуштун төртүнчү күнү кенесарычылар дээрлик курчоодо калышкан. Кудайменди баштаган беш миң тандалма аскер Чүй суусунун оң жээгиндеги кыргыздын коргонуу чегин жарып өтүшөт. Кыргыздын чакан колу «Ит уруш» салып, Чоң-Кемин капчыгайына алып кирип кетишет. Бул туурасында орус армиясынын офицери, тарыхчы А.Серебрянниковдун 1947-жылы жарык көргөн “Сборник материалов завоевания Туркестанского края” деген эмгегинде: “Кенесарынын жээни Худайменди 5 миң тандалма күчтүү отряды менен кыргыздарга каршы салгылашууда, капчыгайга терең кирип кетип талкаланды. Худайменди туткунга түшүп, өлтүрүлдү”, — деп эскерет. Согуштун төртүнчү күнү кыргыздар Кенесарынын колун үч жагынан курчап, күн чыгыш жагынан Эсенгул, Талкандын урууларынын колу, суу жагынан Бөлөкбай, Тынай, Черикчи урууларынын колу, күн батыштан Солтонун калган уруулары менен Калча баатырдын колу чабуул коюп, кенесарычыларды толугу менен Чүй суусунун оң өйүзүнө сүрүп чыгарышат. Ошентип Кенесарынын колу толугу менен курчоодо калган. Анан эки тарап бири-бирине даап чабуул коё алышпай, жекеме-жеке чыгып согушту уланта беришет. Казак тараптан Ноорузбай, кыргыздан Адыл баатыр чыгып, бири бирин жеңе албай коюшкан. Кыргыз тараптан Түлөгабыл чыгып, казактын эки найзакерин сайып түшүргөн. Андан башка кыргыз тараптан Назарбек баатыр, анын уулу Үркүмбай, жана Кодокалча баатыр, Малтабар баатырлар да каршылаштарын сайып түшүрүп, намыс алып келген. Кечке маал аба-ырайы кескин өзгөрүп, бороон-чапкын башталып, тоолордун башына кар түшөт. Кенесары элчи жиберсе, Жангарач, Жантай баштаган кыргыздар: «Ормон хандын ордосу Ысык-Көлдө, ханыбыз менен барып сүйлөшкүлө» деп сүйлөшпөй койгон. Кыргыздын мындай жообу Кенесарыны катуу басмырлайт.

Согуштун бешинчи күнүнөн баштап кенесарычылар курчоодон чыгууга бүт аракетин жасай башашат. Бирок кыргыздар курчоону буздурбай, чеп сымал бекем туруп беришкен. Бузулган аба-ырайы, бороон-чапкын да, кыргыздар тарапка көбүрөөк жардам берген (Балким жайдын күндү кыш кылган Алмамбет жайы ушул болсо керек). Оорук жакын болгондуктан жоокерлер жылуу кийим-кече, чүйгүн тамак-аш менен үзүлтүктүз камсыз болуп турушкан. Согуштун алтынчы күнү деле жагдай эч өзгөргөн эмес. Болгону кенесарычылар курчоодон чыгууга мурдагыдан да күчтөнүп аракеттенишкен.

Согуштун жетинчи күнү Ысык-Көлдөн Ормон бугу, сарбагыштын жоокерлерин баштап келген. Бир нече төөгө азык-түлүк жүктөтүп келип, жоокерлерге тараттырган. Таң менен Орозбак баштаган Ормондун кернейчилери дөңсөөгө чыгып, аркыратып керней тарта башташат. Аны уккан Кенесары “ой-бай, анау сыйырча мөөрөгөн неси” дегенде, жанында отурган Ормондун тыңчысы: “Ханым, буга чейин кыргыздын чабагы менен чарпышып жатчу элеңиз, жаяны енди келди” деген. Ошол убакта Чоң-Кемин, Кичи-Кемин, Шамшы, Жел-Аргы жактагы жылгалардан уюлгуган чаңдар чыга баштайт. Чаңдын арты сээлдеп калганда, экинчи уюлгуган чаң чыгып, анын артынан өлчөмдүү убакытта, өлчөмдүү аралыкта уюлгуган чаңдар улам чыгып, керээли кечке бүтпөй коёт.

Ошол кезде Кенесары элдешели деп, дагы бир ирет элчи жиберүүгө аргасыз болот. Бирок Ормон опузасына салып, жаңы эле сүйлөшүүгө отурганда, жарчысы келип:
Алдаяр ханым!
“Буудандарын булкунтуп, бугуларың келатат,
Сап-сап болуп тизилип, саяктарың келишти,
Катар-катар тизилип, катаганың келатат» деп, келген, келбеген кыргыздын кырк уруусун ар-бирин бир чай кайнамдай убакыт баяндай берип, эртеден кечке элчилер менен сүйлөштүрбөй коёт. Кеч кирип, каш карайгандан баштап Чоң-Кемин, Кичи-Кеминден тартып, тиги Шамшыга чейин тоолордун бети жылдыздай жайнаган от болуп кетет. Тыңчы оттун айланасында кыргыздын топтору эртеңки жоого даярданып жатышат дейт.

Кенесарынын колу дүрбөлөңгө түшүп, ар кимиси өз жанын сактап калуунун амалын ойлой башташат. Ноорузбай качалы десе, Кенесары көнбөй койгон. Түн кирип, жоокерлердин астына жаңыдан тамак келе баштаганда, ызы-чуу түшүп, кыйкырык-сүрөөн, тынымсыз атылган мылтыктын, замбиректин үнү, төөлөрдүн боздогону, керней-сурнай, добулбастын добуштарынан кулак тунуп, эч нерсе угулбай калат.

Кенесарынын колу дүрбөлөңгө түшүп, баш бербей удургуп, астындагы тамагын таштай, бет-бетинен качышат. Ар кимиси колуна тийген атты минип, кээси эки-үчөө бир атка минишсе, кээси жөө качып, заматта башаламан «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болот да калат. Айрыкча тамак жасап, кир жууп, саан саашып чарба иштеринде жүргөн кыз-келиндерге кыйын болгон. Алар чачтарын төбөсүнө түйүп, тумак кийип жүрүшкөндүктөн, жоокер экен деп байкабай чаап, өлтүрүп алгандары да болгон. Көпчүлүгү аттарына жетпей, качалбай калышып, тебелендиде калып өлүшкөн. Ал эми кээ бири “акетай, мен кызмын” деп тумагын ала койгондорун, олжо катын кылып алып да калышкан. Кенесары Ноорузбай 32 төрөсү, миңге жакын жоокери менен туткунга түшүп, Кенесары, Ноорузбайдын баштары алынат. 32 төрөсү жана башка жоокерлери бир жылдан кийин сатыкка койо берилген.

Согуштун аягы 1847-жылы 22-августта орустун ортомчулугу менен генерал Вишневскийдин катышусунда Талды-Коргондогу Капал чебинде, кыргыз тараптан Жангарач бий, Ормон уулу Үмөтаалы, Калыгул чечен, Токтор Каракүчүков, казак тараптан Супатай, Үрүстөм баштаган тогуз адам катышып, тынчтык келишимин түзүшүп, экинчи согушпоого касам ичип, ант беришүү менен аяктаган.

1845-1847-ж. Ата-Мекендик согуштун тарыхий мааниси

Кыргыз эли карт тарыхында көптөгөн согуштарды башынан өткөрүп, Ата Мекенин сактап келишкен. Албетте а дегенде жеңилип калышып, кийин жеңип алышкан учурлар да көп болгон. Эгерде бул согуштан жеңилип калышса, кайрадан көтөрүлүп жеңип алууга убактылары жетпей калмак. Бул мезгилде Англия, Оруссия, Кытай сыяктуу дүйнөдөгү чоң державалар дүйнөнү атаандаштык менен бөлүшүп жаткан мезгил эле. Борбордук Азияга бул үч зор мамлекет көз артып турушкан. Ал кезде Казакстан толугу менен Орусиянын карамагынада болчу. Эгерде ошондо Кенесары кыргызды жеңип алганда, артынан орустар келип Кенесарыны буйдамга да келтирбей талкалап, Кенесары ээлеген жерлерди казактыкы деп эсептеп, автоматтык түрдө өзүнө кошуп алмак. Анткени кыргыздар Орусиянын карамагына өтөлек учур болчу. Мындай жол менен Иле дарыясынын сол тарбы, жана Чүй дарыясынын аркы өйүзү казакка өтүп кеткендигин архивдик материалдар тастыктайт (Архив №80). Ал эми “кырк байталга сатып ийген” деген карандай калп. Башка кыргыз жерлерин мындай кой, азыркы баарыбызды багып аткан Чүйдү эле ошондо алдырып ийгенде азыр кыргыз эли көз карандысыз өзүнчө Мамлекет болбостон башка бир мамлекетке көз каранды автономиялык эле область болуп калмак. Ошондуктан бул жеңиш — дүйнөдөгү алты миңден ашык улуттун ичинен эгемен мамлекеттүү 150дөй улуттун катарына кошулууга чоң шарт түздү. Бул көздүн карегиндей ыйык сактоочу чоң сыймыгыбыз. Кыргыз эли үчүн орустар Наполеонду жеңгендей эле мааниге ээ. Орустун өлө жаткан БОМЖунан сурасаң да, Бородинодогу, Кулиководогу, Чуд көлүндөгү салгылашууну уктап жатса ойготсо айтып беришет. Ал эми кыргыздын карапайым элдерин мындай кой, “патриотмун” деп төшүн каккан интелигенттери Мазарлуу Кара-Суудагы салгылашуу, Май-Дөбөдөгү салгылашуу, Кочкор-Ата мазарындагы салгылашуу туурасында түшүнүктөрү да жок.

Ошону менен бирге айта кетким келет. Азыр казак туугандардын ММКлары бул согуш туурасында бир дагы архивге, тарыхий булактарга таянбастан одоно бурмалап, кыргыз элин ушактоо менен Кенесарынын өчүн алышууда. Бир эле мисал: казак тарыхчылары “кыргыз тарапка кокондуктар да кошулуп согушкан” деп кан какшап айтып келатышат. Эми Казак Республикасынын Мамлекеттик борбордук архивин (шифры Ф. 374.ОП.1.Д.2920.Л.33об.-34) карасаңыздар болот. Анда 1847-жылы жазда Кенесары кыргызга каршы чечүүчү согушка аттанганда, Ташкенттин кошун беги Нур Мухаммед парваначы көп кол менен таластык кыргыздарды чабууга аттангандыгы, бирок таластык атту-баштуу адамдар сүйлөшүү жолу менен согушту токтоткондугу, Кенесары аскери жеңилгенден кийин, кокондуктар 30-40 миң кол менен кыргызга каршы аттанып, кыргыздын колу жалпы чогулуп согушка даяр турганын көрүшүп, согушпай кайра кеткендиги туурасында жазылган. Мындай калптар баштан аяк толтура. Кээсине кадимкидей каткырып күлөсүң. Мисалы: кыргыз тараптан пулемёт менен ок жаадыргандагысы. Пулемёт бул согуш бүткөндөн кийин 36 жылдан кийин ойлонуп табылып, андан дагы 20 жыл өткөндөн кийин 1914-жылы биринчи жолу колдонулгандыгын угушпаса керек.

Тарыхчы, жазуучу Кадырбек Жекшелаев,
“Кабар” МА, 30.04-05.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Кыргыз элинин тагдырын чечкен тарыхий согуш: 3 комментария

  • 15.05.2015 в 14:35
    Permalink

    Негизинен туура эле жазыпсыз, коркомдоп ошол жерде карап тургандай. Какзактардын ханы Кененсары орустардан женилип ызасын кыргыздардан чыгарган дегениниз акылга сыйбай турат. Эмнеге ошол мезгилде кошуна жашаган башка элдерге барбастан кыргыздарга чабуул койгон деген суроону озунузго берип корсонуз? Себеби орус империясы озунун аймагын чонойтуп казактарды кысканда, алардын чыныгы ниетин, орустардын жергиликтуу элдерге коргозгон кордугун кыргыздарга караганда эртерээк билип, жон териси менен сезген. жана аларга каапырларга каршы биригели деп кыргыздарды бир нече ирет ыйык согушка чакырган, бирок кыргыздар ошол мезгилде ынтымаксыздыгынан бир уруу экиничсин укпастан, озумчул бийлердин сокурлугунан бул согушка катышуудан баш тартышкан. Ошондо кыжыры келген кененсары кыргыздарды жазалоо журушторун уюштурган. Муну кыргыздар татыктуу кабыл алыш керек.

    Ответ
    • 15.05.2015 в 18:07
      Permalink

      Ал кенемары ким эле,согушгусу келбеген Кыргызды согуштуруп.Жакшы эле болду,башы алынганы кенесарынын!

      Ответ
  • 16.05.2015 в 13:14
    Permalink

    Согушту устуртодон тиктеп тургандай болдум. «Канынды ичем»- деген соз ушуга окшогон согуштардан улам айтылып калса керек деп ойлоп калдым.

    Ответ

Добавить комментарий