Таттыбүбү Турсунбаеванын супсулуу элеси көз алдыбызда ошол бойдон сакталуу

12-июлда Таттыбүбү Турсунбаева 70 жашка толмок. Бирок арабызда жоктугу өкүнүчтүү.

Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.

1960-жылы 16 жашында «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. Айчырайлуу актрисанын көзү тирүү болгондо 12-июлда 70-жашка толмок. Бирок арабызда жоктугу өкүнүчтүү.

Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө сөз болгондо бу киши периштедей сахна жылдызы, чанда жаралган талант, ички дүйнөсү баладай таза, ишенчээк жан, анан да Ак Мөөрдүн элесин берген ак куу, трагедияга айланган өмүр, армандуу тагдыр көз алдыбызга келет. Эл арасында «өлгөндөр жаш бойдон калат» деген сөз бар, анын сыңарындай Таттыбүбү Турсунбаеванын жапжаш, супсулуу элеси көз алдыбызда турат. Канча мезгилдер өтүп, канча суу акпасын ошол элес ошол бойдон жүрөктөргө сактала берет.

«Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн
Таттык, бастык жаркын талант көчөңдөн.
Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,
Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн», — деп дагы бир жаш кеткен чыгаан акын Жолон Мамытов жазгандай сулуулуктун, бактысыздыктын оор жүгүн көтөргөн актрисанын тагдырын трагедияга айланткандарды кийинки муун эч качан кечире албайт. Анын ар бир баскан турганы айтып бүткүс уламышка айланды. Белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев Таттыбүбү Турсунбаеванын турмушундагы айрым эл билбеген жагдайлар тууралуу төмөндөгүдөй бизге айтып берген.

Татаал тагдыр

— Таттыбүбү Турсунбаева эженин тагдыры өзүнүн сүйүүсүнөн айрылып калгандыктан татаал, ташкак жолго түшүп туңгуюкка алып барды… Арман менен аяктады. Болот Бейшеналиев байке менен «Шайтандын мөөрү» 2 сериялуу фильмде иштешип калдым. Экөөбүз түн бир оокумга чейин аябай сырдашкан күндөр эсимде. Ыр жазып жүргөн дептери болоор эле. Ырларынын көпчүлүгү эле Таттыбүбүгө арналчу экен. «Эмне эле мынча көп арак ичесиз» деп Болот байкеден сурасам, жүрөктөгү сырын айтып берди. «Ташкенттеги театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Таттыбүбү экөөбүз бири-бирибизди жактырышып калдык. Сүйлөшүп жүрдүк. 1-курсту аяктаган соң экөөбүз шерттешип кеттик. Ата-энелерибизге кабарлап, макулдуктарын алып баш кошмок болдук. Таттыбүбү Чаекке барып, ата-энесин көндүрүп, кубанып Фрунзе калаабызга кайтыптыр.

Курсташтын тагдырларга балта чапканы

— Ошол күнү калаадан кечинде капысынан курсташы Имашка жолугуп калат. Сүйүнүчү койнуна батпаган Таттыбүбү «Болот экөөбүз баш кошкон жатабыз» деп сүйүнчүлөйт. Бул жерде Таттыбүбү эженин сулуулугу жөнүндө, Ташкентте 1-курста окуп жүргөндө эле Таттыбүбү эже уламыш болуп калганын айтып кетиш керек. Анын артынан кыргыздын жигиттери эле эмес башка улуттун жигиттери да көңүлүн алганы абдан аракет кылган. «Мурдатан эле Таттыбүбүгө көз артып жүргөн Имаш Эшимбеков кубанычыңарды тең бөлүшүп куттуктап коеюн деп Таттыбүбүнү бир үйгө ээрчитип барат. Ал жерден «сенин кубанычың менин кубанычым» деп башында вино, андан кийин арак менен сыйлап, өз максатына жетет. Эртең менен Таттыбүбү бул эмне кылганың деп аябай ыйлайт. Имаш аны сооротот. Дагы алдайт. Жакшы сөздөрүн айтат. «Эми сен менин аялым болуп калдың, мен сени бактылуу кылам», — дейт. Ошону менен мага жолугушууга келе албай калганТаттыбүбү аябай кыйналат, аргасыз Имаш менен калат. Жашагысы келбейт. Мен болсом ата-энемди көндүрүп, Фрунзеге бактылуу маанайда келгем. Бирок Таттыбүбүнү издеп табалбай койдум. Таң калдым. Күттүм. Кийин сентябрда окуу башталганда, Таттыбүбүнү ошондо көрдүм. Ал мага ыйлады. «Мени кечир» деп… Имаш менен Таттыбүбүнүн чакан студенттик тою өттү» деп Болот байке эскерди.

Бактысыз үч тагдыр

— Бул окуядан кийин Таня эже (Таттыбүбү эжени киночулар Таня деп тергечү) өзүн тирүү арбактай сезип жүрдү. Болот байке болсо окуусун таштайм деген ойго келет. Бирок устаттары ага макулдугун бербейт. Кызык нерсе, Имаш Эшимбеков деле бактылуу болуп кетпейт. Ошентип бир эмес, үч тагдыр талкаланат. Илгери, мен Америкага бардым эле. Бир күнү телевизорду көрүп олтурсам, Тина Тернер аттуу дүйнөгө атагы чыккан ырчы айымдын чыныгы тагдыры тууралуу тартылган фильмди көрдүм. Күйөөсү шумдуктай сабаганына карабай, анын топтой тепкенине карабай, Тина ошонун баарын элден жашырып, чоң ийгиликтерге жетет. Фильмди көрүп жатып эмнегедир Таттыбүбү эженин тагдырын көрүп олтургансыдым. Угушум боюнча, анын күйөөсү да абдан кызганчаак, каардуу болгон экен. Болот байкенин мүнөзү, тескерисинче, жумшак, адамга жугумдуу эле.

«Таня эженин чачы түшүп жатыптыр»

— Мен өзүм Таня эжеге 36 жаштагы кезинде таанышкам. 1979-жылы «Нөшөр» деген фильмимди баштаганда Таня эжени башкы каарман аялдын образын жаратууга чакыргам. Ушунчалык сулуу, бирок күйөөсү жок, карыган кайын энесин багып жүргөн аялдын тагдырын ойномок. Чынын айтканда, өзүнүн өмүрүн чагылдырмак. Накта кыргыз аялынын касиети бар образ эле. Эже апамды багып жатам деп баш тартты. Ага болбой ойноп берүүсүн сурандым. Таня эже шумдуктуудай таланттуу эле. Текст менен тааныштырсам, ошол замат эле эже келиштирип образды жаратып койду. Эженин талантына аябай таң калдым. Эже макул болгон менен ошол кезде чачы түшүп жатыптыр. Чачы кыска. Жасалма чач «Мосфильмден» жасатып келдик. Ал чач келишпей койду. Бүгүнкү күнгө чейин мен арманда болуп жүрөм. Таня эжени киного тартпай калганыма. Акыры бул ролду Кыз Жибектин образын жараткан казак актрисасы Мируэрт Утекешованы чакырдым. Бирок Таттыбүбү эженин деңгээлине жетмек кайда.

«Ак Мөөр менен Болоттой болушту»

— Эми эң кайгылуу сөзгө өтөлү. Таттыбүбү эжени кесиптештери ишенчээктигинен пайдаланып, ичи тарлык кылып өлтүрүп жок кылышкан. Көралбастык — бул элибиздин арасында жүргөн вирус болуп калды. Таттыбүбү эже 1985-жылы жапжаш бойдон каза болгон. «Ак Мөөр» фильминде Ак Мөөр менен Болот тиги дүйнөдө жолугуша албай кайчылаш өтө беришет эмеспи. Болот менен Таттыбүбү чыныгы жашоодо ошондой эле болушкан. Бири-бирине жетүүгө колдорун созгону менен түркүн тоскоолдуктар экөөнү ажыратып турган. Мүмкүн алар тиги дүйнөдөн бири-бирин табышкандыр…

Жолон Мамытов

ТАТТЫБҮБҮГӨ

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
Баарын шилеп, көкүрөккө толтурдук.
Бизге энчиге берилгендей ушул көрк
Канча оюнда жагалданып отурдук.

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына
Эл-күзгүгө бир каранган экен да!

Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган
Элиң эсен оюнуңа агылган.
Сезимдерде кайталанып тураарсың
Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.

Жамиля Нурманбетова“Кабар ордо”, 30.06.14

Соц тармактар:

Добавить комментарий