Улуу Памир менен Вандагы кыргыз каны

abdulhakim

Ооганстандагы Кичи Памирде төрөлүп, он төрт жашка чыкканда Рахманкул хан менен Пакистанга, андан кийин Түркияга кеткен кыргыздын уулу Абулхаким ага ал жактагы этникалык кыргыздардын тарых таржымалын, өзүнүн башынан өткөргөн окуяны айтып берди.

— Мен Кыргызстанга 1998-жылы келгем. Өзүм Ооганстандагы Кичи Памирде төрөлүп, он төрт жашка чейин жашагам. 1978-жылы Ооганстанда төңкөрүш чыгып, СССРдин жоокерлери келип, мурунку жетекчи, башчы, молдо, байлар жабыр тартып, бизге да кысым болду. Агезде ошол жердеги кыргыздарды Рахманкул хан башкарчу, анын жардамчысы менин атам эле. Кичи Памирдеги аксакалдар жыйналыш өткөрүп, Ооганстанда акыбал оор болуп калды, келечегибиз кандай болот, эл-журтка кызмат кылган аксакал, чоңдор жок болуп кетиши мүмкүн, Пакистанга кетели деген чечим чыгарып, атайын делегация жиберишкен. Пакистан тарап убактылуу кабыл алабыз дегендиктен 1978-жылы көчүп барганбыз.

— Ошол кезде Кыргызстанга кайтып келүү оюңарда болгон жок беле?

— Агезде Кыргызстанга кайтып келе албайт болчубуз. Себеби анда Кыргызстан СССРдин курамында болгондуктан биздин мурунку ата-бабалар чыккынчы катары эсептелинген. Ошол кезде Пакистанга 300 кыргыз үй-бүлө көчүп барып ал жерде төрт жыл жашадык. Памирдин климаты, аба шарты дүйнөнүн эң бийик жери болгондуктан салкын, суук жерде жашап көнгөнбүз. Пакистандын аба ырайы жайкысын 45-50 градуска жеткен ысык болгондуктан, суукта жашап көнүп калган памирлик кыргыздар туруштук бере албай 200дөн ашууну каза болуп калган. Экинчиден, Пакистан бизге өзүнүн жергиликтүү элиндей шарт түзүп берген жок, биз көчмөн болуп жашадык. БУУ жана Пакистан мамлекети бизге чатырларды тигип беришти. Жашаган жерибиздин шарты оор, экинчиден, Пакистандын тазалык жагы да начар болгондуктан көп кыргыз ооруду, каза болду.

— Памирден Пакистанга көчүп барган кыргыздар оокат-кече, мал-жанын алып барууга мүмкүнчүлүк болду беле?

— Анча-мынча мал жандыктарды алып кетишкен, үй-жай, оокат-кечелер Памирде калды. Биз кеткенде Кичи Памирде он беш үй-бүлө кетпей калган. Пакистанда эки жыл жашагандан кийин отузга чукул үй-бүлө кайра Памирге көчүп кетишти. 1982-жылы августта бизди Түркия кабыл алды. Биз ага чейин АКШ жана Түркияга кат жолдогонбуз. Эки тараптан тең кабыл алабыз деген жооп келген. АКШ болсо Аляскага көчүрүп кетебиз дешти, Түркия бизге келсеңер каалаган жериңерди беребиз дешти. Биз Түркияга кетүүнү чечтик. Балким АКШга барсак биздин ал жактагы жашообуз азыркыдан жакшы болуп калышы мүмкүн эле. Себеби АКШ өнүккөн чоң мамлекет. Биз түрк тилдүү мамлекетте тилибизди, динибизди, салтыбызды коргоп калабыз деген максатта Түркияга кетүүнү чечтик. Түркияга көчүп барганда бардык нерсени даяр кылып жасап берди. Биз менен кошо ал жерге түркмөн, өзбектер көчүп барышкан. Жалпысынан беш миң кишини кабыл алган. Ар бир улуттан кандай жер каалайсыңар деп сураганда өзбек менен түркмөндөр жер эгилип, бышыкчылык боло турган жерди каалашты, а кыргыздар мал менен жашап, жайлоодо жашап кымыз ичип көнгөндүктөн биз тоолуу жерди тандадык. Түркиядагы Ванды кыргыздарга беришти, ар бир үй-бүлөгө мамлекет 20 жылдык кредит менен жер, үй берди. Жыйырма жыл ичинде кредитти төлөп бердик, эки жылга жетпей бизге Түркиянын жарандыгын берди. Азыр Түркияда Улуу Памир деген айылыбыз бар, ал жерде 5000дей түтүн жашайт. 1982-жылдан бери Кудайга шүгүр, ал жактан жакшы болдук, бала-чакабыз билим алды.

— Түркиядагы Улуу Памир айылында кыргыз мектеби барбы?

— Агезде кыргыз мектеп жок болчу. Кийин Кыргызстан эгемендүү болгондон кийин 1993-жылдары кыргыз тили, кыргыз тарыхы боюнча эки мугалим сабак беришти. Мугалимдер үч жылдык мамлекет аралык келишим менен барган эле. Ал келишим бүткөндөн кийин бул жактан жөнөтпөй коюшту. Биз тигил жактан сурандык, тилекке каршы эч кандай жооп алалбадык. Учурда биздин балдар түрк тилинде окушат. Кыргыз мектеп жок. Ал жердеги кыргыз айылындагы кийинки муун кыргызчаны так сүйлөбөй, тилекке каршы тилде көп өзгөрүүлөр болуп калды. Окуу жайыбыз да түркчө болгондуктан кыргыз тил толугу менен жоголуп кеткен жок, бирок түркчө аралашып калды. Жарымы кыргызча болсо жарымы түркчө. Айрыкча жаш балдарга кыргызча так сүйлөп түшүндүрө албайбыз. Аларга сөзсүз түркчө кошуп сүйлөшүбүз керек.

— Сиз он төрт жашыңызда Ооганстандан келиптирсиз, мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк болду беле?

— Ооганстанда мектеп жок болчу, бирок ар бир айылда бирден молдолор бар эле. Бизди молдолор окуткан. Жайкысын бозүйдө, кышкысын анча-мынча тамдар бар болчу. Ушул учурда жашаган памирлик кыргыздарга караганда илгеркилери сабаттуураак болгон. Агезде араб тамгасы менен фарс тилинде сабак окучубуз. Мен он төрт жашыма чейин фарсча китептерди, куранды окудум. Ал эми Пакистанга барганда окуганга мүмкүнчүлүк болду. Кийин Түркияга барганда орто мектепти аяктадым. Андан кийин ЖОЖго окуганга мүмкүнчүлүк болбоду. Себеби үйдүн улуу баласы болгондуктан жашоо шартка байланыштуу иштегенге туура келди. Менден кичүү бир туугандарым окуду. Мен төрт бир тууганмын. Ата-энем азыр да бар.

— Учурда Ооганстандагы памирлик кыргыздардын жашоо шарты абдан оор, илгерки каада-салтты карманышат, кыздарды эрте эле турмушка беришет деп жатышат. Бул тууралуу кандай маалымат айта аласыз?

— Азыр Ооганстанда климат өзгөрүп кеткен, Памирде суук катуу, жайкысын өтө ысык дейт. Климаттын өзгөргөнүнө байланыштуу адамдын жаш узактыгы да өтө кыскарып кеткен экен. Аякта адам өмүрү кыскарып, 20-30га жетпей эле каза болушат экен. Ошон үчүн кыздарды турмушка эрте узатып жатышса керек. Кызы бар киши баласын же өзү үйлөнүш үчүн башка адам менен кайчы куда болуп, кыздарын алмашышат экен. Азыр ал жакта эркек көп, аялдар абдан аз. Мен он төрт жашымда ал жерден кеткен боюнча барган жокмун. Бирок биздин жердештерибизден барып келгендер биз жашаган мезгилдей эмес, жашоо-турмуш абдан оор экенин айтышты.

— Кыргызстанга кантип келип калдыңыз, бул жакта туугандарыңыз бар беле?

— Менин ата-тегим Оштун Өзгөнүндөгү Мырзалык деген айылынан болот. Ата-бабам ушул жактан болгондуктан атам уулдарын бул жакка алып келген. Быякка эки бир тууган келгенбиз. Менден кичүү иним келип, ал беш жыл жашап, кайра Түркияга кеткен. Учурда Анкарада жашап жатат. Биздин бул жерде туугандар жок экен. Мен өзүмдүн таржымалымды айтсам, бешинчи ата-тегим 250 жыл мурун туугандар арасында келишпестиктер болуп, таарынып Кытайга көчүп кетиптир. Бешинчи атабыздын аты Мырза экен. Ал Кытайга көчүп келип, азыркы Кызыл-Суу облусуна жайгашыптыр. Мырзанын балдары эл башкарып, бек болушкан. Кийин Кытайда коммунисттик система курулганда атамдан улуу эки агасын бай-манап, бек дешип түрмөгө алып кетишкен. Экөө түрмөдө беш жылдан жатып, ошол жерден каза болушуптур. Арадан бир жыл өтпөй атамды да Кытай өкмөтү түрмөгө камай турган болгондо ал жактагы үй-бүлөсүн, аялын, уулун, кызын калтырып, бир тууган инисин алып, Ооганстандын Памирине качып келген экен. Илгери чек ара деген болгон эмес, бул жактагы кыргыздар Памирге барып жайлап, кышында жакага түшүп келчү. Кийин чек ара такталганда Памирдеги кыргыздар ошол жакта калып калышкан. Негизи Памир кыргыздын тарыхый жери.

— Атаңыз аялын, кызын, уулун калтырып кетиптир, кийин аларга барганга мүмкүнчүлүк болуптурбу?

— Кытайда 30-40 жылдай оор акыбал болгондуктан ал жакка барганга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Атамдын уулу он экиге чыкканда кытайлык коммунисттер өлтүрүп коюшкан. Ал эми байбичеси менен кызы бар. Алар менен байланышып турабыз. Атам 1987-жылы Түркияга барганда ал жактагы байбичеси менен кызын көрүп келди.

— Атаңыз Памирге келгенден кийин кантип үйлөнүп калыптыр?

— Атам Кытайдан иниси экөө качып Памирге биринчи жолу келгенде бул кыргыздын жериби, же оогандыкыбы, же орустардыкыбы билген эмес экен. Иниси экөө он үч күн жол басып, курсагы ачып айылдагы бир үйгө келишкен. Бир айылга кире бергенде экөөнү жергиликтүү тургундар кармап, каяктан келдиңер деп сурашат. Атамдар Кытайдан качып келатканын айтат. Ал жердеги памирлик кыргыздар уруусун сураганда эле атам менен таятамдын уруусу бир болуп чыгат. Ошол кезде Рахманкул хан башкарып турган. Алар Рахманкул ханга жолугуп сүйлөшкөндө алар менен да куда-сөөк болуп чыгышат. Атама биринчи барган үйдүн ээси кызын берип, күйөө бала болуп калган. Андан үч эркек, бир кыздуу болгон.

— Түркиядан Кыргызстанга келип жашагысы келген кыргыздар барбы?

— Кайсы улут болбосун өзүнүн элин, жерин самайт, сагынат. Ар бир эле кыргыз Кыргызстанга келип жашагысы келет. Бирок шартка байланыштуу келип-кеткендер да болду. Бул жакта жашап калгандар азыраак. Түркиядагы кыргыздардын жашоо шарты жакшы. Өзүмдүн ата-энем Кыргызстанга келип кетишти. Атам азыр 98 жашта, акыл-эси тунук, тың. Апам сексенге чыкты. Атам мындан беш жыл мурун 93 жашында быякка келип кеткен. Ал ден соолугун карап жалаң айран, сүт, сүзмөдөн эзип чалап ичип жалаң ак менен тамактанган. Жер-жемиш көп жебейт. Түркияда мал кармап, айыл чарбасы менен эмгектенебиз.

Кыргыз мамлекети ЖОЖдорго этникалык кыргыздардын балдарын окутууга мүмкүнчүлүк түзүп берсе жакшы болот эле. Түркиядагы кыргыз балдар Кыргызстанда окугусу келет. Андан тышкары биздин Ван облусундагы кыргыздарга эки кыргыз мугалимди жиберсе, кыргыздын тили, салт-санаасы өнүгүш керек деп ойлойм. Дагы бир 20-30 жылдан кийин биздин айылда кыргызча сүйлөбөй, тил жоголуп кетүү коркунучу бар. Ар бир эл өзүнүн тилин, салт-санаасын улагысы келет.

Төрт жылдан бери памирлик кыргыздарды жайкысын окутуп атышыптыр. Памирдеги кыргыздар мындан 100-150 жыл мурун эл кандай караңгылыкта жашаса азыр да ошондой эле абалда. Алардын жашоосун жакшыртууга Кыргызстан гана себепкер боло алат деп ойлойм.

Назгүл Калмамбетова“Кабар ордо”, 12.06.14

Соц тармактар:

Добавить комментарий