Ак булутту атпагыла

bulut

(жомок)

Түн жаңыдан кирген кезде таенем экөөбүз үйдүн алдында отурганбыз.

Жаркырап тийген айдын аянычтуу жарыгына чагылышып, томуктай болгон апапак булут тоонун боору менен акырын жылып, таенем экөөбүздүн жаныбыздагы булакты көздөй сүйрөлүп келатты. Табияттын мындай сулуу көрүнүшү мага аябай жакчу. Чуркасаң эле жетип барчудай болуп аппак булут бизге өтө жакын келди.

­Тиги булутту кармап келейинби, таене?

­Шүк отур, чочутасың,­дейт таенем да булутту суктана карап, –булактан суу ичкени келген го, жаныбар.

­Ой таене, кызыксыз го. Ал деген бууланган эле аба да.

­Жок, дейт таенем. Бул булуттардын ыйыгы, күмүш булут экен, эгер сен муну үркүтчү болсоң, табияттын каарына калабыз, ­деп анан таенем адатынча мага табият жөнүндө жомогун айта баштады.

Илгери кайсы бир замандарда хан ууга чыгыптыр. Уудан келе жатканда ушул булактан суу ичип турган күмүш булутту карап туруп хандын бир жигити:

­Ханым, тетиги ак булутту көрдүңүзбү? Муну “күмүш булут” дейт, эгер ким атып түшүрүп жуунса, денеси аппак сулуу болот имиш,­деп калат. Муну уккан хан жигитин шылдыңдап күлөт да, бул жигитти “экинчи жалган айтпас кылайын” деп мээлеп туруп булутка жаасын кере тартат. Булуттан шыңгыраган үн чыгат. Таң калган хан чаап жетип барса уча качкан булуттун бир үзүмү жерде жаткан болот. Хан атынан түшүп, кебездей болгон муздак булутту алып, бети, колун жууп көрөт. Өңү капкара кара хан аппак жүздүү болуп, сергип чыга келет. Ушундан баштап хандын ак булутка кызыгып уучулугу башталат. Эми күмүш булутту атып түшүрүшүп, хан сарайынын айымдары сулуулана башташат.

Хан баш болуп жигиттери менен булутту койбой атып тамашага батышат.

Жыл айланбай хан уучулук кылган жерлерге кургакчылык башталат. Хандын жерине булут тургай куштар да конбой калат. Кайберендер баш болуп, жан –жаныбарлар жер которуп ооп кетет. Табияттын куну учуп, эгин болбой, жер саргаят.

Жыл сайын жаз келет, бирок булуттар келбейт, жамгыр жаабайт.

Ошондой күндөрдүн биринде хан ойлуу отурса, үстүнөн каркыралар жаз келген жакка учуп өтө баштайт.

­Оо, каркыралар!­дейт хан, аларга карап аянычтуу биздин жерге да конуп өтсөңөр боло, бизге да жамгыр жаап, жаз келсин,­деп жалбарат.

Ошондо хандын кулагына каркыралар тараптан “ак булутту атпагыла!”, “ак булутту атпагыла!” деген кыйкуулаган үн угулат. Эми хан өз айыбын түшүнүп, ушундан кийин ак булутка аңчылыгын токтотот. Кийинки жылы булуттар көчүп келип, жамгыр төгүп, жер жашарып, мурдагыдай табият көркүнө келет.

Таенемдин жомогунда чындык бардай эле. Анткени кечээ күнү каркыралар кыйкуулап учуп өтүшкөн. Ошондон кийин жамгыр төктү. Көрсө, алар жазды чакырып, ак булуттарды чакырган тура. Эми менин да ак булутту чочуткум келбей, айдын жарыгында ак булутту аяп аянычтуу тиктейм, булуттар болсо булактан суу ичип алып, Айды көздөй жылып баратты.

Биз таенем экөөбүз эми ак булуттардын амандыгын тилеп отурдук.

Ж.Тукендерова, “Кыргыз тили”, 28.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Ак булутту атпагыла: 1 комментарий

Добавить комментарий