Көзгө сүрткөн дарыдай, көз ирмемдеги өмүр

alikul_osmonov

Мындан 25 жыл мурун атактуу акын Алыкул Осмоновдун 75 жылдыгына карата анын киндик каны тамган кичи мекени – Каптал-Арык айылында кан жолдун боюнда үй-музейи жана айкели ачылган. Ал кезде мен партиянын Панфилов райондук комитетинде нускоочу болуп иштеп жүргөн учурум. Музейдин экспонаттарын толуктоо максатында акындын мурдагы жубайы Зейнеп Талибова жашап, эмгектенген Ташкенди көздөй аттандым.

Адегенде Зейнеп эже менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кайсы күнү барарыбызды билдирдик. Эженин үнүнөн кубанычын жашыра албаганы байкалып, “келгиле, келгиле” дегенден башка сөз айта албады.

Биз барар күнү Зейнеп эже үйүнө балдарын чакырып, бизди күтүп жаткан экен.

– Төргө өткүлө, төркүндөрүм, – деди эже ар бирибиз менен жылуу-жумшак кол алыша учурашып. – Жол узак, чарчагандырсыңар, чай алып келгиле.

Ала келген белектерибизди берсек, кадимкидей кубанып калды. Анан Алыкул тууралуу сөз башталды.

Адегенде Зейнеп эже бир азга улутунуп алды да “эмнеден баштаарымды да билбей турам” деп аңгемесин баштады.

Айдай экөөбүз тааныш болчубуз

Мен анда Москвада театралдык институтта окуп жүргөн кезим. Жайкы каникулда Фрунзеге келдим. Отуруштардын биринде Алыкул менен таанышып калдым. Мурда ал тууралуу агаман бир-эки жолу уккам, себеби ал экөө Токмоктогу жетим балдар үйүндө бирге болушуптур. Отуруш аяктаганча Алыкул менин жаныма кыналыша отуруп, кызыктуу сөздөрдөн күлдүрө сүйлөп, өзүнө менин көңүлүмдү бөлдүрүүнүн аракетинде болду. Мага да анын орундуу сүйлөгөнү, калбаат кыймылы жагып калды. Алыкул тууралуу дагы мурда билгеним, анын сүйлөшүп жүргөн кызы Айдай экөөбүз жакшы тааныш болчубуз.

Педтехникумдун студенттери да көп айтышчу: “Айдай акын жигит менен сүйлөшүп жүрөт” дешип. Кийинчерээк Айдайды айылга каникулга барганда ата-энеси кудалашкан жерине берип коюшат. Өмүрү кыска экен байкуштун, төрөттөн каза болбодубу. Ошол кезде Алыкул аны унуталбай жүргөн кези окшойт, кээде мени менен сүйлөшүп жатып менин сөздөрүмдү укпай тунжурап, бир чекитти карап, бир топко чейин телмирип калаар эле. Анан гана уйкудан чоочуп ойгонгондой селт этип, дароо сөздү башкача буруп кетер эле.

Дегинкиси Алыкул боорукер жан эле. Ушунча болгону андай боорукер, кайрымдуу жанды кезиктире элекмин. Өзү жетим өсүп, турмуштун азап-тозогун көп тарткандан болсо керек деп ойлочумун. Көпчүлүк убакта эмнени ойлоп турганыңды билип койчу.

Отуруш аяктагандан кийин мени үйгө чейин жеткирип барды. Көңүлү шайдоот. Үйгө кирип баратканда артыма бир кылчайып карасам, ал мени узата телмире тиктеп турган экен.

Ошо боюнча бир топко чейин жок болуп кетип, анан капыстан эле пайда боло калуу анын адаты эле. Мен эми Алыкул келбейт, жөн гана узаткандыр деп ойлоп, оюма эч нерсе албай жүрө бердим. Бир күнү дарбазанын эшиги акырын ачылып, Алыкул же эшикти жаппай, же ичкери кирбей телмире карап туруптур.

– Эмне турасың босогодо, Алыкул? Ичкери кирбейсиңби? – деди агам Алыкулга.

– Зейнепти карап турам, Зейнешке эле үйлөнүп алсамбы деп турам, – деди жүзүнөн эч кандай күлкүнүн изи билинбей.

– Мейлиң, мейлиң, – деп койду агам да оюна эч нерсе албай. Ар кайсыларды сүйлөшүп отуруп, чай ичтик. Алыкулдун көңүлдүү экенин баамдадым. Анда мындай учур чанда болоор эле.

Жазса Шота абадай жазсын

Каникул аяктап, кайрадан Москвага окууга жөнөдүм. Бул 1939-жылдын күзү эле. Көп узабай эле артыман Алыкул жетип барды. Бирге сейилдеп, кино-театрларга барып жүрдүк. Ага кантип ык ала түшкөнүмдү билбей да, сезбей да калдым. Бир жолу үйлөнүү тууралуу оюн билдирди. Мен: “Окууну бүтөйүн, ага чейин турмушка чыкпайм”, – деп көшөрүп туруп алдым. Ошондон баштап Алыкул Кара-Балта менен Фрунзеге каттагандай эле Москвага байма-бай каттай баштады. Сабактан кийин экөөбүз Москванын кооз жайларын көрөбүз, театрга барабыз. Алыкул күлкүлүү сөздөрдү айтып зериктирбейт. Ошол кезде ал “Жолборс терисин кийген баатырды” которуп жүргөн кези экен көрсө. Өзгөчө Шота Руставели, Шекспир жөнүндө берилүү менен сүйлөйт. Ошол кезде Шекспирди да которуу оюнда бар турбайбы.

– Ээ, Зейнеп, – дечү ал кыялдана, – биз жөн эле пенде экенбиз да. Мына, жазса, Шота абадай жазсын. Тим эле жүрөктү түпкүрүнөн сууруп алат го чиркин!.. “Баатыр” не деген чыгарма! Классика деген ушул!.. Аманчылык болсо муну которуп, элиме тартууласам, арманым болбос эле эки дүйнөдө.

Кийинчерээк дагы бир жолу Москвага келгенинде СССР Жазуучулар союзунун Малеевка чыгармачылык үйүндө иштей тургандыгын, өзүнүн ырларын белгилүү акын С.Липкин которуп жаткандыгын айтты. Бир жолкусунда мени ал жакка ээрчитип алды. Котормочусу менен тааныштырам деди.

Малеевкада эки-үч күнчө болдум окшойт сыягы. Бир күнү сейилбакта ар нерсени кобурашып жүргөнбүз. Бир убакта эле нарытан Аалы Токомбаевди көрө калдым. Ошол кезде гезит-журналдарга ал кишинин сүрөттөрү көп чыкчу. Маданият министрлигине практикага барганда (ал кезде Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы маданият башкармасы деп аталчу) бир нече жолу көргөм.

– Алыкул, береги Аалыкем көрүнөт, жүр учурашалы, – дедим Алыкулду колтуктан алып, ал жакка тарткылап.

– Жок, Зейнеш, ал Аалы эмес. Башканы көрүп алган окшойсуң. Жүрү кеттик быякка, – деп тескери карай мени дегдеңдетип ээрчитип жөнөдү.

Артыма кылчактап карасам, Аалы эле. Көрсө, кийин бирге жашап калганда билсем, Алыкулдун Аалы менен жылдызы келишпейт тура. Ал тууралуу эч качан жакшы да, жаман да кеп айтчу эмес. Чыныгы алп жазуучу бул – Мукай! Ал кыргыздын Горькийи деп айтканын көп эле жолу уктум. Проза жазуу жагынан Мукайдан өткөн эч ким жок дечү. Ага эч кимди теңештирчү эмес. Поэзия жаатынан болсо Жоомарттын ырларын мактачу. Кийин Аалы жазуучулар жамаатынын жетекчиси болгондо да ага бир да жолу жардам сурап кайрылган жан эмес. Аалы, Түгөлбай, Өмүркул Жакишев болуп бир үйдө чогуу жашап калганда да ага бир да жолу ийигенин көргөнүм жок. Бир жактырбаган адамына эч качан жибичү эмес. Өмүркул Жакишев менен да мамилеси анчалык эмес болчу.

Улутунуп гана тим болчу

Ошентип, 1939-жылдан 1941-жылга чейин Алыкул Москвага байма-бай каттап турду. Нечен жолу үйлөнүү тууралуу сөз кылса деле, окуумду бүтөйүн, анан деп жооткотуп койчумун. Байкушум, улутунуп гана тим болчу.

Ушул кезде Жазуучулар союзуна кабыл алынып, аты белгилүү болуп калган чагы. Андан аркы турмушубуз кандай болот эле, билбейм, айтор күтүлбөгөн жерден каардуу согуш башталды. Ушуга байланыштуу биздин окуу убактылуу жабылды, өз рес­публикабызга жөнөттү. Кыргызстанга келер замат эле Маданият башкармасында театрлар боюнча инс­пектор болуп кызмат аткарып калдым.

Бир күнү Алыкул иштеген жериме кудуңдап сүйүнүп келди.

– Жүр, Зейнеш, үй-жай­луу болдук. Эми өзүбүзчө түтүн булатсак болот, – деп ой-боюма койбой, Дзержинский бульвары менен дегдеңдетип ээрчитип жөнөдү.

Азыркы Аалынын үйүнүн экинчи кабатындагы түштүк-чыгыш тарабындагы эки бөлмөлүү квартира экен. Кубанганда жаш баладай кубанчу эки таноосу дердеңдеп. Квартира мага жакты. Чакан, жарык…

Тагдырдын буйругу экен, ошентип, ошондон көп узабай эле Алыкул экөөбүз баш кошуп алдык. Биз дагы эл катары түтүн булата баштадык. Бизге ирегелеш Түгөлбайлар жашачу. Окуп-чокуйм деп жүрүп, аялдардын ишинин көп нерселерин билбейт экем, бейиши болгур, Түгөлбайдын зайыбы Асылкүл эже көп нерсеге үйрөттү. Жарыктык, жибектей созулган дурус адам эле.

Турмуш ойдогудай эле өтүп жатты. Кызмат, үй-жай, жолдош-жоро бар дегендей, мындан башка эмне керек?.. Батышта өлүм менен өмүр арбашып, жердештерибиз кан менен өрт кечип, баштан оорчулук өткөрүп жаткан чак. Иш чачтан көп, көпчүлүк убактарда маданият кызматкерлерин жоокерлерди тейлөө үчүн майданга жөнөтөбүз. Иш таңдан кеч күүгүмгө чейин созулат. Кээ күндөрү түнкү саат бир-экилерге чейин иште кармалып калмай.

Алыкул болсо үйдө, чыгармачылыгы менен алек. Мен жокто да тынбай эмгектенип, атүгүл көпчүлүк убактарда мени уктатып коюп, үстөл үстүндөгү электр лампабыз болор эле, абажуру көгүш, ошону жандырып коюп, түнкү тынчтыкта жазганды жакшы көрчү. Ар бир жазуучунун алгачкы сынчысы аялы болот эмеспи. Таң эрте түндө жазгандарын үнүн чыгара окуп берер эле. Мен ишке шашып, бирин уксам, бирин укпай калар элем. Алыкул абдан кылдат болчу. Мунумду байкап, кабагы түнөрө түшөт турбайбы. Аны мен кайдан байкадым. Бирок, канчалык кабагы бүркөлсө да тез эле жаандан кийин чакчыя тийген күндөй болуп, дароо эле ачылып кетчү. Өмүрүндө катуу кайгырганын бир жолу көрдүм.

Ким экени эсимде жок, айтор, бир курбусу менен мончого кеткен. Дем алыш күн болчу. Мен үйдө элем. Көп өтпөй телефон чырылдап калды. Трубканы алсам – Алыкул.

– Зейнеп, мончодон күрмө-шымымды уурдап кетти. Тезинен кийим алып келе гой, – деди жумшак үн менен.

Күрмө-шым алып барып бердим. Жолдо бир топко чейин унчукпай келдим. Улам эле шыпшынганынан анын ушунчалык катуу кайгырып келатканын баамдадым.

– Баш аман болсо, күрмө-шым табылар, ага мынчалык эмне кайгырдың? – дедим көңүлүн көтөрмөккө.

– Күрмө-шымыма кайгырган жокмун, Зейнеп. Баштан садага. Күрмөмдүн төш чөнтөгүндө америкалык “Паркер” автокалеми бар болчу, мына ошого ичим ачышып жатпайбы. Ал калем менен жакшы жазылчу. “Жолборс терисин кийген баатырды” да ошо менен жазгам. Жакшы калем эле… аны менен жазып жатканымда сөздөр өздөрү эле куюлуп тургандай сезилчү.

Калемин эстеп, бир топко кайгырып жүрүп, акыры унута баштагандай болду. Айткандай эле бир топко чейин башка калем менен тыңгылыктуу жаза албай жүрдү.

Кызыбыз көпөлөк болуп учуп кетти

Батышта болсо калайыкты кайгыртып, кан төгүлгөн кандуу кармаш жүрүп жатты. Эр жигиттердин баары майданга аттанышкан. Мукай, Жусуптар да ошоякта.

– Эми бизге да кезек келет, майданга аттанабыз го сыягы, – деп айтып калар эле. Бир-эки жолу мүмкүн аскерге кетип калармын деп, таң эрте кетип, көп өтпөй капалуу кайтып келип жүрдү. Көрсө, аскер комиссариатына барып, аскерге алгыла деп суранып жүргөн тура. Кийинчерээк таптакыр супсуну сууду көрүнөт, ал тууралуу сөз кылбай калды. Оорулуусуң деп чорт айтып коюшкан көрүнөт.

Жыл айланып-айланбай кыздуу болдук. Ошондогу Алыкулдун жетине албай жаш балача кубанганын айтпа. Тим эле көпөлөк, тиягыма бир чыгып, биягыма бир чыгып, чарк айланат. Баланын ороо-чулгоосун да өзү даярдап коюптур. Камбылдыгы, анан ашкере боорукердиги бар эле. Ал эми баланы ороону Асылкүл жеңе үйрөттү.

Кырсык каш-кабактын ортосунда деген чын. Алыкул экөөбүздүн кубанычыбыз көпкө созулбады. Алыкул атын өзү койгон Жыпарыбыз он беш күнчө болуп-болбой жаңы эле келген жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. Менин анда жакшылап тыңый элек кезим. Алыкул наристени өзү көтөрүп барып, жалгыз көөмп келди. Кийин ал жерди да таппай калбадыбы. Катуу кайгыга алдырган неме кайсы жерге көмгөнүн да эстей албай калыптыр.

Алдын-ала мен бир нерседен чоочуп жүргөн элем, дал ошондой болгон сыяктуу. Бул менин божомолум. Мүмкүн андай эместир. Кызыбыз тынбай жөтөлүп жатып, көпөлөк болуп учуп кетти. Жөтөлгөнү кудум эле Алыкулдукундай. Ошонун алдында эле республикалык учук оору бейтапканасынан кагаз келиптир. Алыкул ачык учук оорулуу болуп чыкты, көлгө дарыланууга жибердик деп. Кандайдыр бир тийиштүү документтерин сурашыптыр. Ага чейин Алыкул бул тууралуу мага эч айткан эмес эле. Кээде гана күрсүлдөп жөтөлүп калганын байкачумун, бирок элес алчу эмесмин. Эми кызыбыз да тынбай жөтөлүп жатып, жарык дүйнө менен кош айтышкандан кийин бул оорунун тукум кууй турганын кечээ жакында эле билип жүрбөймүнбү… Ким билиптир мындай болорун…

Буга чейин эле кээде өз ара келише албай калган күндөрүбүз болор эле. Алыкул абдан кызганчаак жан эле. Мен бирөөгө карап күлмөк тургай, бирөө мени эле карап койсо, кызганып жатып калчу. Баарынан да иш менен кармалып, үйгө кеч келгенимде эч сөз айтпай тескери карап, тултуюп жатып алчу. Кээде бир айга чейин жазылбай, тескери карап жата берер эле. Өзүм жаңы ачылган гүлдөй болуп, жаш келин болсом, анын үстүнө мүнөзүм шайыр, күлсөм – күлкүгө, ойносом – оюнга тойбой турган чагым… Асылсам да оңой менен жибип койчу эмес.

– Жашырганда не, “итти көп чапса кабанаак болот” дегендей, мен дагы тултуюп калчу адат таба баштадым. Театрда премьера болгондо экөөбүз бирге колтукташып барып, ал жерден мен бирөөлөр менен тамашалашып койсом, Алыкул адатынча мени коркутуп, кайра үйгө кайтканда экөөбүз жолдун эки четине түшүп алып дулдуюп унчукпастан келип, экөөбүз эки жакты карап жатып алар элек. Мындайда уйку кайда?.. Бирибиз тынбай жөтөлүп, экинчибиз үшкүрүнүп, ар кайсы ойлор менен алышып, таң атырар элек.

Бала төрөп берсем, ал экөөбүздүн ортобузга данакер болуп, ортодогу анча-мынча кыжы-кужулар унутулар деген үмүттө болдум. Бул үмүтүм да таш капкандай эле болбодубу. Тигинтип, кызыбыз жети гүлүнүн бир гүлү ачыла электе тырнактайынан жайрап калбадыбы… Мурда таптакыр көзүнө жаш албаган Алыкулдун ыйлаганын мына ошондо биринчи көрүшүм. Эркек болуп ал мага кайрат айтпай эле, кайра мен ага кайрат айтам. Бирок, ал болбойт. Тынбай көзүн жаштап, үшкүрүнөт да турат. Эми ого бетер түнт тартып кетти. Бир топко жазганды да токтотту.

Кайра кайрылып келбеди

Ошондон баштап, ортобуздан жылан аралап өткөндөй болуп, арабыз кадимкидей муздай баштады. Алыкул үңкүйүп унчукпайт. Кыжы-кужубуз көбөйүп барат. Бир жолу турдум да, өзүбүздүн үйгө кетип калдым. Артыман аны келеби десем, келген жок. Бир аз тыңыгандан кийин ишке чыгып кеттим. Эл менен аралашып, иштин кызуусуна кирип, кадимкидей сергип калдым. Ошол кезде менин кесибим боюнча Илимдер академиясында аспирантура ачылып, андан билимимди дагы тереңдетүүнү чечтим.

Алыкулду келип, мени кайра алып кетеби деп күтүп жүрдүм. Келбеди. Келин башым менен өзүм жетип барганды ар көрдүм. Ошентип, оро-парада жыл айланып кетти. Алыкулдан эми биротоло үмүтүмдү үзө баштадым. Ошондо бир кызык, муну мурдагыларга да айтып бердим эле, силерге да айтпасам болбос. Бир күнү көчөдөн карпа-курпа Алыкулга жолугушуп калдым. Экөөбүз тең бири-бирибизди көрсөк да, кайдыгер кишилердей байкамаксан болуп өтүп кетүүгө аракеттендик.

Мен көзүмдүн кыйыгы менен карасам, ал да ошентип карап баратыптыр. Үйгө жетер замат телефон шыңгырады. Трубканы алсам Алыкул:

– Зейнеп, сен мени көрүп алып, артыман акмалап ээрчиди деп ойлобо, – деп трубканы таштап койду.

Биротоло карайган экен деп ойлодум. Ошондон көп узабай ташкендик котормочу жигитке турмушка чыктым да, Өзбекстанга сапар алдым. Мына Ташкенге келгениме туптуура кырк беш жыл болду.

Алыкул түшүмө көп кирчү

Адеп бөтөн эл, бөтөн жерде кыйын эле болду. Бир топко чейин көнө албай жүрдүм. Анын үстүнө үч-төрт жылча такай күндө Алыкул түшүмө кире берсе болобу. Акырында буркурап ыйлаган күндөрүм болду анын элесине жалынып: “Кагылайын Алыкул, мени мынчалык ойлобой койсоң не болот?!. Күндө түшүмө киргениңе караганда куса болуп, сагынып, мени ойлоп жүргөн болууң керек. Мени жайыма койчу, бай болгур, болору болду. Эми баары бүттү. Түшүмө киргениңди токтотчу”, – дейм буркурап. Ан-аа-ан, кийинчерээк гана бара-бара сээлдеп, түшүмө киргенин токтотту.

Мына ошондон жыл айланып-айланбай эле кыштын кычырап турган күндөрүнүн биринде Алыкулдун дүйнөдөн кайтканын уктум. Эч кимге билгизбей көз жаштап алдым. Ал кезде мен Ташкендеги театралдык институттун кыргыз тобуна кыргыз совет адабиятынан сабак өтүп жүргөм. Студенттерге Алыкул жөнүндө сабак өтүү мен үчүн азап эле. Теманы баштарда эле көзүмө жаш даяр. Өзүмдү кармай албайм, карегимен жаш куюлат да турат. Акыры иш которууга аргасыз болдум.

Ташкендеги “Мектеп” басмасынын көркөм өнөр редакциясынын башчысы болуп иштей баштадым. Пенсияга да мына ошол иштен чыктым.

Карып-арып дегендей, адам улгайган чакта өткөн-кеткендер эске түшө берет экен. Эки-үч жыл мурун биздин Ташкендеги жогорку партиялык мектепте окуп жатам деп, дегеле ыманы ысык Тентимишов деген жигит келиптир. “Жакшы балам экенсиң, жаш кезимди эстеткен” – дедим. Кийинчерек “Ленинчил жаш” гезитине чыгарыптыр менин айткандарымды. Силерге болсо андагыларды кайталабай, эске кийинчерээк түшкөн башка окуяларды айтууга аракеттендим. Ошол жигит Алыкулду эстетип кеткенден кийин Алыкул түшүмө кирсе болобу. Баягы эле бойдон. Мени тиктеп эле адатынча дулдуюп унчукпайт. Дегинкиси кийинки кезде эмнегедир аны көп көрөм. Баягыда мени кайра алып кеткенде, кайрадан бирге жашасак, мүмкүн дагы бала төрөсөм, өлбөй калар беле деп ойлойм.

Баса, андан мурда Кыргызстанга барып, Алыкулдун бейитине бата кылган учурум бар. Ал мындайча болду. Ташкенде жер титиреп, алаамат болгону эсиңерде бардыр. Кыйын эле болду учурунда. Бир-эки күнү мобу короодо түнөп жүрдүк. Анан убактылуу алаамат чыккан жерден алысыраак бололу деп, бүт үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга келдик. Кыргыз өкмөтүнө ыракмат, убактылуу болсо да жай таап беришти. Анда жолдошум Лениндин чыгармаларын которуп жүргөн, мына ошонусу менен алек.

Мен ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучаловага бардым, иш сурап. Жөнөкөй эле иш бергиле дедим. Иш беришти. Баш-аягы болуп, бир жарым айча иштедим. Мына ошондо Ала-Арча көрүстөнүнө бардым, атайы эле Алыкулдун бейитине бата кылайын деп. Кээ жери кетилген эстелигин көрүп, жаман зээним кейиди. Көзүмө жаш алдым.

Силердин минтип алыстан ат арытып келип Алыкул тууралуу эскерүүмдү тасмага жаздырып, туулган айылы Каптал-Арыкта түзүлүп жаткан музейине коёлу дегениңер колдоого аларлык. Тууган айылына эстеликти капкачан эле тургузуп, музейин мурда эле түзүш керек болчу. Акыры акыйкаттык жеңип, Алыкулдун ысмы эл арасында оозго алынып, 75 жылдыгын өткөрүүгө кам көрүп жатканыңар дурус. Музейге берейин десем, колго уруна турган, Алыкулду эскерте турган эч нерсе калбаптыр. Сүрөтү да жок. Айла канча Алыкем тууралуу оозеки эскерүү менин белегим болсун. Ал кеткен жерге биз деле эртедир-кечтир барабыз, дегинкиси арбагы ыраазы болсун. Оомийин…

Тарых өзү таразалайт

Магнитофонду кайра-кайра коюп, Зейнеп Талибова эженин Алыкул тууралуу айткандарына муюп кулак төшөйм. Эженин оор дем алып, кээ жерлеринен бир паска тыным алганы сезилет. Ал турмак оор улутунганына чейин тасмага таасын жазылган. Мезгилинде журтучулук эжени бир топ эле күнөөлөдү, Алыкулду ооруп жатканда жалгыз таштап кетти деп. Көрсө, эженин кетишине деле себептер болгон тура. Дегинкиси бардыгын тарых өзү таразалар… Зейнеп эженин болсо ушул кезге чейин Алыкул тууралуу ойлогон ойлору түз. Кырк беш жыл бою Алыкулдун жаркын элесин жүрөгүнө алдейлеп сактап жүргөнү эле канчалык.

Андан бери көзгө илешпей жыйырма беш жыл өтүп кетиптир. Кийинчерек Зейнеп эженин көзү өткөнүн уктум. Жаткан жери жайлуу болсун дегенден башка эмне демекчибиз. Өтүмүш дүйнө дегениң ушул тура. Айла жок. Көзүбүз тирүүсүндө Зейнеп эженин элесин эстеп жүрөрүбүз чын.

Догдурбек ЮСУПОВ, «Кыргыз Туусу», 20-24.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Көзгө сүрткөн дарыдай, көз ирмемдеги өмүр: 1 комментарий

Добавить комментарий