«Кыргыз шырдагы» – Кыргызстандын бренддеринин бири

shyrdak

28-июнь күнү Ат-Башы айылындагы «Кошой» спорт майданында IV эл аралык «Кыргыз шырдагы» фестивалы болуп өттү. Анын жүрүшүнө жергиликтүү калк, мамлекеттик бийликтердин жана ишкерлердин өкүлдөрү, жер-жерлерден келишкен уздар менен катар, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси, Япония, Моңголия, Германия өлкөлөрүнөн кызматкерлер жана бир катар чет элдик туристтер күбө болушту. Фестивалда кичине шырдакчаларды кошпогондо, 2 миңдин айланасындагы чоң шырдактар сатууга жана көргөзмөгө коюлгандыгын облус өкүлүнүн орун басары Чынара Абдырайымакунова билд ирди.

Ал эми КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, ЖК депутаты Алмаз Баатырбеков куттук сөздөрүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө таанытууга мезгил келгендигин белгилешти.

– Дүйнөдө миңдей улут бар болсо, алардын ар бири улуттук буюмдары менен улут катары таанылышат. А биз болсо дүйнөгө «Кыргыз шырдагы» менен белгилүү болушубуз керек, – деп билдирди А.Кайыпов. Алгач ар бир облустан жана Нарын дубанынын райондору менен Нарын шаарынан келишкен уз айымдар салтанаттуу түрдө эл алдынан жүрүш жасап өтүштү. Аларды «Манас» деп ураан чакырган жоокерлер жана «Кыргыз көчү» жүрүшү коштоду. Ошентип өлкөбүздө төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан «Кыргыз шырдагы» фес­тивалына бардык облустан кол өнөрчүлөр келишкен экен. Анжир Ысаева айым Баткен облусунан ат арытып жалгыз келген катышуучу болду.

– Мен Лейлек районунан өзүм жалгыз келдим. Бизде «Асан-Нур» деген жүн менен килем токуучу кооператив бар. Анда 4 адам иштейбиз. Мобу узуну – 3, туурасы 2 метр болгон килемди 45 миң, ал эми узуну – 1, туурасы 70 сантиметр болгон килемчени 3 миң сомго сатсамбы деп жатам. Өтүп кетсе жакшы болот эле. Себеби Лейлектен Бишкекке чейин 2 миң, андан бери Ат-Башыга 800 сом менен келдим. Барып-келгенге каражат керек да. Чындыгында, биз тарапта шырдактарды жасоо унутулуп калган. Биз жүндөн ушундай килемчелерди, ала кийиздерди жана жаздыкчаларды жасайбыз. Килем жасоо кыйын болот. Эми оңоюраак шырдак жасасак деп ойлонуп калдым. Жасоо жолдорун сурап алдым, – дейт А.Ысаева айым.

Мындай баалуулуктарды атайын түзүлгөн калыстар тобу күн бою баалап жана жыйынтыгын кечки саат сегиздер чамасында гана чыгарышты. Натыйжада Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Ак-Талаа айылдарынын тургундары Венера Семетейова, Кожогулова менен Чаткал районунан келген Рапиа Кайназарова аттуу уздардын шырдактары биринчи орунга ээ болгондугу айтылды. Аларга 10 миң сомдон сыйлык берилди. Экинчи жана үчүнчү орундарга да үчтөн шырдак тандалып, ээлерине 7 жана 5 миң сомдон ыроолонду. Мындан сырткары, эски шырдактар үчүн Мурас катары 20 шырдак мыкты деп табылып, аларды жасаган айымдардын ар бирине 1 000 сомдон берилди.

– Бизге тандоо кылуу чынында оор болду. Шырдактар биринен бири кооз жана өзгөчө жасалганы менен айырмаланды. Ошондуктан тандоону эки жолу жүргүздүк. Биринчисинде шырдактардын кооздугу боюнча гана тандасак, экинчисинде тигилишине, шырылышына жана албетте, кооздугуна көңүл бөлдүк. Кытайдын жиптери менен жасалгандар өткөрүлгөн жок, – деп белгиледи Борбор Азия боюнча кол өнөрчүлөр бирикмесинин жетекчиси Динара Чочунбаева.

«Кыргыз шырыгы» жана Баатыр колдонгон шырдак  Жогоруда белгиленгендей, быйылкы жылдагы фестивалга Ала Тоонун жети дубанынан жүнгө не бир түрдүү жан киргизген уз-чебер ар кыл курактагы айымдар келишкен экен. 66 жаш курактагы чаткалдык Байызкан Көчөрбае-ва апанын башкача шырдагы атайын токтоп байырлашууга аргасыз кылды.

– Бул шырдактай болуп шырылбайт. Ошондуктан биз муну «Шырык» деп атайбыз. Мындай жөрөлгө кыргыз элинин арасында Чаткалда гана сакталып калган. Шырыкты кой жүнүнөн эле ийрип алып, анан мээнет менен жөрмөп, кооздоп жасап чыгабыз. Мен өзүм союз учурунда турмуш-тиричилик үйдө директор болуп иштегем. Азыркы тапта ошол имаратты «Бийсынай» аттуу кооперативге айландыргам. Анда 32 кыз-келин иштейт. Жүндөн ар кандай буюмдарды, мисалы бут кийимдерди, моюн орогучтарды, ала кийиздерди, анан ушундай шырыктарды жасап чыгарабыз. Биякка алып келген ушул шырыкты түркиялык туристтер 25 миң сомго сатып алышты. Бир ала кийизим 10 миң сомго өттү, – деди Б.Көчөрбаева апа. Ал эми 77 жаштагы Айымкан Жаманкулова эне болсо Сокулук районунан келиптир.

– Мен Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарованын үй музейин түзүүчүлөрдүн биримин. Азыркы тапта музейде баатыр апабыздын колдонгон көптөгөн буюмдары, анын ичинде ийне салгычы, оймогу, ийиги да бар. Анткени Зууракан апа эмгекчил эле эмес, уз чебер аял да болгон. Мына ушул эки шырдак а кишинин өзү жасаган жана пайдаланган оокаттары. Бизге ушундай «Кыргыз шырдагы» фестивалы болот деген дүбүрт чыкканда, ойлонуп ушул кишинин шырдактарын көрсөтмө катары гана алып келдик. Болжолу булардын жасалганына бери дегенде 90 жыл болгон деп айтсак болот. Бул шырдактар ышкындын боёгуна боёлуп жасалган. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, биздин райондун акими Аманкан Кенжебаев маданиятка абдан жакшы көңүл бөлөт. Ал атайын буйрук чыгарып, биздин биякка келип кеткен чыгымдарыбызды төлөп берди. Ошон үчүн ушинтип апабыздын буюмдарын алып келдик, – деп кеп салып берди А.Жамангулова эне.

«Кыргыз шырдагы» фестивалы «Кымыз фестивалы» менен да коштолду

Бирок, тилекке каршы, ага Ат-Башы районунун эле кымызчылары катышышты. Болбосо ар бир айыл аймак жасаган кымыздарын сунуш кылышкан. Мындан бир гана Кара-Суу айыл аймагынын тургундары кымыздын 11 түрүн жасап келишкен экен. Алар бээнин сүтүнөн тарта, саамал, сары саамал, гүл кымыз, кымыз, байтал бээнин кымызы, бал кымыз, ак боз бээнин кымызы, сакталган кымыз, чапталган кымыз жана каркар кымыз түрлөрүн көрсөтүштү. Ошону менен катар улуттук тамак-аштын көргөзмөсү өткөрүлдү. Анда эт азыктарынын 22, нан азыктарынын 9, сүт азыктарынын 18 жана дандан жасалган 4 түрдөгү тамак-аш тартууланды. Жыйынтыгында райондогу Ача-Кайыңды айыл аймагынын «Бал кымызы» биринчи орунду ээлеп 10 миң сом, Талды-Суу аймагынын кымызы 2-орунга татыктуу деп табылып 8 миң сом жана Казыбек аймагынын «нак кымызына» 3-орун ыйгарылып, ага 5 миң сом берилди. Ал эми белгилүү ишкер Аскар Салымбеков бул жерден дагы бир жаңы демилгени көтөрүп чыкты.

– Бир катар чет мамлекеттерде, мисалы «Пиво фестивалы» болуп турат. Белгилүү бир күнү алар пиво күнүн белгилешип, чогулушуп пиво ичишет. Ушундан улам биз быйылтан тарта «Кымыз фестивалын» уюштура баштадык. Мындан ары аман-эсен турсак, июнь айынын акыркы ишемби-жекшемби күндөрүн Ат-Башыда шырдак, кымыз фестивалдарын жана “Кыргыз күрөшүн» өткөрөбүз. Ал эми июль айынын акыркы ишемби-жекшемби күндөрүн Соң-Көлдө «Кымыз фестиваль» күнү деп жарыялашыбыз керек. Эгерде биз ушул күндөрдү туристтик карталарга киргизсек, ар кайсы мамлекеттерден туристтер фестивалга келишет, – деп билдирди Аскар Салымбеков.

«Кыргыз күрөшүнүн» күңгөйү жана тескейи

IV эл аралык «Кыргыз шырдагы» фестивалында «Кошой Ата кыргыз күрөшү» да өткөрүлдү.

– Мен Монголияга барып, алардын 100 кил салмактан жогорку балбандарынын күрөшүн көрдүм. Болгону 1,5 миллион эле элден 500дөн ашык балбандар чыгышып күрөшүшөт экен. А биз болсок 5 миллиондон аштык, бирок күрөшкөндөр аз. Ошондуктан балбан балдарыбызды, баатырларыбызды тарбиялайлы. Ушундан улам биз ушул фестивалды өткөрүүгө жалпысы 800 миң сом алып келдик. Анын 5 миң долларына Кыргыз күрөшүнөн жеңген балбанга Subari Forester унаасы байгеге коюлат, – деп билдирди Аскар Салымбеков.

Ал эми күрөш маалында Чүй облусунан келген балбан, бел-боо күрөшү боюнча эл аралык мелдештерде эки жолку чемпион болгон, күрөштөн 18 унааны жеңип алган Ниязбек Курманкулов каршылашы менен күрөшүүдөн баш тартты.

– Бул Нурбек менин окуучум жана шакиртим. Ошондуктан жаштар өссүн. Ушундан улам мен күрөшүүдөн баш тартам. Жеңишти Нурбекке бердим, – деди Ниязбек мырза. Анын мындай жөрөлгөсү кол чабуулар жана ыраазычылык кептер менен коштолду. Ал эми ишкер Камчыбек Жолдошбаев анын эрдигин жашыл акча менен куттуктады. Ошентип дээрлик 3 саатка жакын убакытта 24 балбан өз ара күч сынашышты. Акыры баш байге үчүн «Замандаш» спорт клубунун тарбиялануучусу Бекбосун Кушубаков менен «Беш-Сары» спорт клубунун өкүлү Нурбек Кожобеков калың элдин алдында кармашышты. Күрөш өтө курч мүнөздө өтүп, бирде кызыл курчан, бирде көк курчан балбандар упай топтоп жатышты. Бири да таза жеңишке жетише алышкан жок. Ал ортодо каршылаштардын сүрөөнчүлөрүнүн арасында нааразычылыктар пайда болуп, күрөш мерчем-мерчеми менен эки-үч курдай токтотулуп, упайды тартып жаткан камера аркылуу карап, анан баа берүү келип чыкты. Акыры убакыт соңунда калыстар тобу Нурбекти жеңүүчү деп табышты.

– Чынында калыстык болгон жок. Мен деле иштеп жатканыма карабай, эскертүү да беришти, – деди жеңилүү ызасын тарткан Бекбосун.

– Эми мындай атаандашуулар жана нааразычылыктар боло берет. А түгүл илгери Манас атанын убагында деле чырдашуулар болгон да. Биз колдон келишинче калыс карадык. Мына эл күбө, видеодон да кайрадан карап туруп, анан артыкчылык упай алганын жеңүүчү деп таптык, – деди оюндун башкы калысы Майрамбек Атабеков.

Ошентип топтолгондорго унааны байгеге койгон Аскар Салымбеков келип, жагдайды угуп, мындай деди.

– Буюрса жыл сайын июнь айынын акыркы ишемби-жекшемби күндөрү дал ушундай фестиваль өткөрүлөт. Эгерде ушинтип чырдаша берсек, анда бул күрөш улантылбайт, токтоп калат. Ынтымак болсо, артыңардагы балдар өсөт, «Кыргыз күрөшү» дүйнөгө жайылат. Талашуудан эч пайда жок. Оюн деген ушул, быйыл Нурбек жеңсе, келеркиде Бекбосун, сен жеңесиң. Алдыда дагы күрөштөр болот, анда дагы бир биздин эле бала жеңип калышы мүмкүн, – деп тараптарды ынтымакка келтирди. Ал эми 2-орунду алган Бекбосунга 50 миң сом ыйгарылды. Мындан тышкары оюнга күбө болуп олтурган ишкер, ЖКнын мурунку чакырылышынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Бекбосунга да, «Замандаш» клубунун балдарына да кошумча өз чөнтөгүнөн жашыл акчаларды таратты.

Айыл өкмөттөр неге нааразы. «Той болор, тойдун эртеси да болор» демекчи, акыры күүгүм менен фестиваль жыйынтыкталды. Облустук өкүлчүлүктүн, райондук акимчиликтин, Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн, Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун, бир катар коомдук уюмдардын Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары ээлерин табышты. Бирок «Кыргыз шырдагы» фестивалынын өткөрүлгөндүгүнө райондогу бир катар айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары нааразычылыктарын купуя түрдө район акими Жакып Субакожоевге, облус жетекчиси Аманбай Кайыповго жана уюштуруучуларга билдиришти. Эң башкысы – жакшы жөрөлгө башталды, эми «Көч бара-бара түзөлөт…» дейли.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу», 04.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий