Саякбай жана Жалил

sayakbai_jalil

Дүйнө жүзүндө өзүнүн ички рухий кудурети, чалкыган чексиз көлөмү менен айырмаланып, “ырдын океаны” деп таанылган кыргыз эпосу “Манас” менен алп жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармачылык арааны өткөн ХХ кылымда ачылганы чындык. Орус жазуучуларынын бир мууну өз мезгилинде В.Гоголдун “Шинелинен” чыккан” сыңары кыргыз адабиятында да ХХ кылымдын 60-жылдарында өзүнчө бир чыгармачыл топ адабий аренага келип, алардын дээрлик көпчүлүгү жазуучу Ч.Айтматовдун алгачкы чыгармачылык ийгиликтерине таасирленип колдоруна калем кармап, чыгарма жазып калышкандыгын айтып келишет. Ошол “алтымышынчылардын” арасында бийик адабий-эстетикалык жоопкерчилик, талыкпас акындык изденүүчүлүк менен жашап өткөн Жалил Садыков да бар болчу.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев жана анын адамдык, манасчылык, мүнүш­көрлүк өнөрү жөнүндө кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, белгилүү драматург, акын жана коомдук ишмер Жалил Садыков өзүнүн “Саякбай” аттуу поэтикалык чыгармасында баяндайт.

Эскерүү ачылбаган алтын сандык,
Ал байыйт мезгилдерден улам арбып.
Аларды катып жатпай көрсөткөн оң,
Анткени эл буюму элге таандык.

Ж.Садыков аталган чыгармасында улуу манасчы Саякбай Каралаевди окуяны көркөмдөп, фантазиялап жеткирүүсү жагынан өзгөчөлөнгөн улуу эпик-ырчы экенин көрсөтүүгө умтулган.

Ички рухий кудурети бийик, тубаса тама­шакөй манасчы жаш-карыга бирдей мамиле жасап келген. Мисалы, көп жаш курак айырмасына карабай бири-бирин “Сашка”, “Борка” деп чакырышкан “ата”-“бала” Саякбай менен кадимки “Тайсарынын” (Б.Сарногоев) азил-тамашасы ошондой жаны бирге улуу таланттардын адамдык жана тунук чыгармачылык мамилесинин ачык далили эмей эмне?!

Ошентип, теңтуш болуп жаш-карыга,
Кубанчу боор эзилип жатканыңа.
Сөз менен Капал жакта солдат болуп,
Сөз менен барып кайтчу Кашкарына.
Солдатта кимден эмне үйрөнгөнүн,
Кашкарда кандай болуп үйлөнгөнүн
Жашырбай… калемпирин, мурчун кошуп,
Катырып айтаар эле сүйлөмдөрүн.

Саякбай Каралаев жөнүндө соңку мезгилде анын замандаштарынын эскерүүлөрү жарыяланууда. Ошол эми айтылып, жазылып жаткан айрым маалыматтар, турмуш чындыгы мындан отуз-кырк жыл мурда акын Ж.Садыков тарабынан айтылып, өз баасын алган. Автор өзү ошол жылы Ысык-Көл аймагына сегиз акын чыгармачылык сапарга чыгып, анын ичинде Саякбай Каралаев да бар экенин өзгөчө сүймөнчүлүк менен эскерет. Келген элдин көптүгүнөн клубга сыйбай, көл жээгиндеги дөңсөө жерге шырдак салып, чыгармачылык жолугушуу ачык асман алдында, адаттан тышкары маанайда өткөнүн баяндоого ашыгат.

Баштаса Сакем деле баштаар эле,
О, бирок, Сакем бийик аскар эле.
Балкытып бүткөн бойду коргошундай,
Баарысын жыйынтыктап таштаар эле.

Өзүнө чейинки өнөрпоздун өксүгү менен кемтигин толтурган кадимки малаанын кызматын аткарган С.Каралаевге аяктатып кезектин берилиши бир эсе жөндүү, анан калса талантка берилген таасын чен-өлчөмдүн белгиси болчу.

Манасчы Саякбай Каралаев алмадай башына алп “Манасты” бүтүндөй батырып, аны менен жашап, өзүнө да, өзгөгө да баалуу рухий күч тартуулаган улуу талант ээси экенин кимдер билбейт?! Саякбай Каралаевдин манасчылык стихиясын көрсөткөн кадимки “Тайторунун чабылышы” өзгөчө мааниге ээ.

Саякбай ашкан чебер, ашкан уста,
Маш эле боздоп туруп аткарышка.
Ыйлатып Каныкейди, төлгөсү деп,
Акыры кезек берди ат чабышка.
Угалбай Каныкейдин муңдуу датын,
Далайлар көтөралбайт жерден башын…
Мен көрдүм ошол чакта Саякбайдын
Көзүнөн салаа-салаа тамган жашын.

Манасчы Саякбай Каралаевдин акын Жалил Садыков баяндаган абалга келиши, өзгөчө Адам-Манасчы менен Асман-Жаратылыштын ортосунда болуп өткөн мини “диалогу”, дагы эле Адам-Манасчынын чыгармачылык аурасынын кандайдыр бир рухий күчкө ээ экендигин айгинелейт. Бул көрүнүш азыр айрым көзү ачыктар, кыргыз эпосун өздөрүнүн жеке киреше булагына айландырууга жан талашкандар, деги эле кадимки салттуу окуяларга, тарыхый жагдайларга негизделген, эл элегинен өткөн классикалык варианттарга түп орду менен каршы чыгып, алардын ордуна өздөрүнүн “супер кереметтерге” жык толгон жасалма тексттерин сунуштап жатышкандардын ойлогон ойлорунан кескин айырмаланып, алардын “самопал” көз караштарга “ширелген”, коммерциялык максатты көздөгөн зыяндуу ниеттерин ачык четке кагат. Болбосо, асман алай-дүлөй күлдүрөп, чагылган чагып, катуу нөшөр төгүп жаткан чакта ар бир пенде баласы, жан-жаныбар, канаттуу куш текши жан айласын издеп, баш калкалоочу жайга шашат.

Адатта, биз, кыргыздар, асманда катуу чагылган чагып, нөшөрлөп жааган жаанда суу болуп калуудан коркпостон, эң ириде чагылгандын огу тиет, үйгө, тоо ташка, токойлорго чагылган түшпөсө экен деп жараткандан тилейбиз. Ал эми улуу манасчы Саякбай Кара-лаевдин дал ошондой кырдаалда чогулган элди өзүнө магнит сымал тартып, жипсиз байлап алышы өзгөчө кереметтин, таасын такшалган таланттын изденүүчүлүк күчү экенине ишенбей коюуга негиз жок.

Чыгармада эл башына түшкөн оор мүшкүлдүн улам артта калып, эртеңки көрөр күндүн, ичер суунун үмүтү бүлбүл жанып, келечектин кыргыз эли үчүн жакшы жышаандан кабар бериши Тайторунун алдыга озуп келиши менен түшүндүрүлүүдө. Бул учурду акын Ж.Садыков зор эргүү менен төмөнкүдөй туюнтат:

Семетей өзү туюп, өзү билип,
Оозуна Манас кирип, Талас кирип,
Сүрөсө… чыдай албай кубанычка,
Жаадырайт жер да жибип, эл да жибип…

Улуу актёр Муратбек Рыскулов бул дүйнөдөн узаганда кадимки Король Лирдин трагедиялуу монологун айтып жатып жан берсе, биздин замандын Гомери Саякбай Каралаев алдына ажал келгенде “Манас” айтып, акын Ж. Садыков күбө болгондой, Каныкей энебизге Тайторуну чаптырып, өзү да жандай салып, аба жара көк жалдар менен кошо сүрөшүп туруп бул калдайган калктан бөлүнгөн…

Андан бери көп нерсе өзгөрдү, доор алмашты. Ж.Садыков баяндагандай, баары эле өз орду менен өз нугунда өтүп жаткандай, жада калса, тоо, күн, булуттар баары өз ордунда турушат. Бирок, “кыргыз деңизи” деп таанылган Ысык-Көлдүн күн санап тартылып, өз калыбынан бөксөрүлүп баратышына бир гана улуу эпик-ырчы, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин арабызда болбой калышы башкы себепкер экени да улуу чындык.

Бүгүнкү күндө Манас ким, Саякбай ким, улуу Кыргыз гимнин жараткан Жалил Садыков ким экенин ажыратып таануучу муун болбой калган заманда күн кечирип жаткан элибиздин акыл-эси, рухий көрөңгөсү, эртеңки келечеги, көрөр күнү, ичер суусу өз калыбынан бөксөрүп баратканы да чындык.

Бакыт БАЙМЫРЗАЕВ, КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти,
«Кыргыз туусу», 08.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий