Ай десе айдай, күн десе күндөй

Таттыбүбү. Бул ысым кыргыз киносу менен театрында, деги эле кыргыз маданиятында кандайдыр касиеттүү сулуулукту даңазалагандай таасир берип, нукура кыргыз кызынын келбетин эстетип турганы турган.

t_tursunbaeva_jany

Атагы таш жарган сахна жылдызы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда жарык дүйнөгө келген. Улуу талант Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагында чоң, өнөрлүү үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур, чоң атасы Турсунбай аты чыккан комузчу экен. Чоң атасы жаңы көз жарган ымыркайга Таттыбүбү деген ат коёт. Таттыбүбүнүн балалык доору бактылуу өтүптүр.

Таттыбүбүдөй сулуунун асыл сапаттарын, табигый ажарын ачып, элдин алдына алып чыккан театр болгон. Театр ишмерлери: “Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген” деп айтып келишет. Театрда сулуу каармандарды кыйла жылдар бою аткарып келген Бакен Кыдыкееванын улгая баштаган учурунда Таттыбүбүнүн чыга келиши, кыргыз маданиятын кайрадан жандандыргандай болгон. Таттыбүбү ролдорду аткарганда, башкалардай экилентип же бир өзгөчө көркөмдөбөстөн, жөнөкөй, турмуштагыдай ойночу экен. ”Ошондон улам анын жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү эле”, – деп жазган “Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол” деген эскерүүсүндө драматург, маркум Токтоболот Абдумомунов.

60–70-жылдары элдин көбү театрга Таттыбүбүнү көрүш үчүн келер эле деп айтылат. Таттыбүбү жараткан Джульетта, Дездемона, Зулайка, Ак Мөөр, Уркуя сыяктуу образдар Таттыбүбү менен тагдырлаш, Таттыбүбү бул каармандардын катарында өзү да кайталангыс каарман болуп турмушта жашап калгандай таасир калтырат. Тбилисиде өткөн Бүткүл союздук конкурста таланты менен сулуулугу жуурулушуп аткарган ролдору “менмин” деген дүйнөлүк искусство чеберлердин ыйгарымы менен “Советтик гражданиндин эрдиги” деген дипломго татыган. Бул Таттыбүбүнүн чыгармачылыгына, дегеле өмүрүнө жаңы чыйыр салган эң олуттуу окуя болуп эсептелет.

Таттыбүбү атактын артынан жүгүрбөгөн, атак анын артынан жүгүргөн. Сулуулугу, жөндөмдүүлүгү Таттыбүбүнү башкы ролдорду биринин артынан бирин жаратууга жетелеп, башкы ролдор жалаң Таттыбүбүнүкү болуп, ал катышат деген спектаклдерге эл кезекке туруп калышчу экен. “Кыргыз керемети” деген кыргыз кино дүйнөсүн дүйнөлүк аренага тааныткандардын бири ушул Таттыбүбү Турсунбаева. “Ак Мөөр”, «Уркуя», «Кызыл алма», «Атадан калган туяк», «Саманчынын жолу”, «Сүйүү жаңырыгы» кинолору аркылуу Таттыбүбү татына, кыргыздын кайталангыс сулуу периси болуп жашап калды.

Таттыбүбү сулуу жана таланттуу гана болбостон, жагымдуу жаркылдаган мамилеси менен да ар кимди өзүнө тартып турчу экен. А, театр өнөрүндөчү? Сахнада болобу, экранда болобу, түрдүү образдарды, түрдүү жагдайдагы мүнөздөрдү жаратууда диапазону кеңейип, зор тажрыйбага жетишкенде кете бергени да өзүнчө сыр. Ал ойногон каармандардын образдары бири-биринен айырмаланып турган. Бирдей образдарды жарата берсе ал өзүн-өзү туурап, аткаруу ыкмасы шаблонго айланат деп түшүнгөн. Андыктан ар кандай мүнөздөрдү изденүү менен жараткан. Чыгармачылыкта көп кырдуу талантка сулуулугу шыкак берип, өнөр секисине эрте жеткенге шарт түзгөн. Демек, андай адам өзү да башкалардан ошондой мамилени күтүп, жаркылдаган, жагымдуу, карамдуу мамилеге муктаж болуп турары бышык.

– Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баракат.
Аталбайсың ак кууну оңой менен,
Жеталбайсың айга да жел ой менен, – деп ырдаган ай чырайлуу Таттыбүбү Турсунбаева өмүр таржымалын ырга салып, көлдөгү ак кууну өзү сыяктуу сулууга салыштырып, аялдык тагдыр образын сахнада калтырып кетти. Бар болгону жапжаш, 37 жаш курагында 1981-жылы бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Жакында Татыбүбү Турсунбаеванын сиңдиси Ракыя Жусупова өзү чогултуп жүргөн таланттуу артисттин сүрөттөрүн КРнын Кинофотофонодокументтер архивине тапшырды. Анда Таттыбүбү Турсунбаеванын Ташкент шаарында студенттик күндөрүн, жаштык кезин чагылдырган уникалдуу сүрөттөр бар. Бул сүрөттөр кыргыз театрынын, дегеле кыргыз тарыхынын баалуу мурасы болуп эсептелерине шек жок.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ракыя Жусуповага ыраазычылык билдиребиз, ошондой эле жеке архивдеринде тарыхый баалуулуктарга ээ сүрөттөр, кино жана үн жазуу тасмалары сакталган адамдарга кайрылабыз: бул балуулуктарды Борбордук Мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине тапшырсаңыздар, алар улуттук мурас катары түбөлүккө сакталат жана элге, келечек урпактын ийгилигине жаратылат. Мамархив мамлекеттик жана жеке ишканалардан тышкары жеке адамдардан да ушундай кундуу документтерди кабыл ала тургандыгын эсиңиздерге салат.

Динара ОРОЗАЛИЕВА, мамлекеттик архивдин кызматкери,
“Кыргыз туусу”, 11.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий