Кыз оюн

(улуттук оюн)

Талас районунун Жон-Арык айылынын тургуну, 90 жаштагы Муктар Бегалиев атанын айтымында, «Кыз оюн» кыргыздардын салттуу оюндарынын бири. Анда жигит жолдоштору менен чогулуп, кыздардын үйүнүн жанына келет да, кызды мактап ырдашат. Жакшы ырдашса, кыз тосуп чыгат, же жеңелери чыгарып, кыздын бетинен өптүртүшөт.

Муктар ата а кезде элдин арасынан чыккан куудул, сөзмөр жигиттер болгонун айтат. Алар чогулуп, бирөө кыл кыяк тартса, бири комуз чертип, экинчиси коштоп үн созгон. Ошондой эле, кээ учурда шок жигиттер тамашалап же какшык ырларды ырдашкан. “Мисалы, биздин айылда Эгемберди деген киши Назым деген кызын күйөөгө берген. Күйөө бала өзбек жана көзү саал майыбыраак киши болгон. Ошондуктан, өзбектер кыз оюнун ырдатпайбыз деп чатак чыгарышкан. Ал эми Турумбай деген аксакал киришип атып, Сейтаалы деген обончу акебиз төмөнкүдөй деп ырдаган”, – дейт Муктар ата:

“Назым,
Ак кайыш сенин жүгөнүң,
Адамдын салтын билбеген,
Акмак го сенин күйөөң.
Эски кайыш жүгөнүң,
Элдин салтын билбеген,
Ким өзү сенин күйөөң?
– деп ырдаганда, тигинин жаны чыгып кете жаздап, эки тарапты Турумбай аксакал токтоткон”.

Деги эле, бул оюн эки ашыктын бири-бирине бет келип жолугушуп, ички сезимдерин бири-бирине билдирүүсүнө жеңелердин жана теңтуштардын түзүп берген шарты да сыяктанат. Анткени кыргыздын менталитетинде кыз менен жигит эч убакта ачык туруп алып баарлашкан эмес. Кыздын колун кармап, жүзүнөн сүймөк турсун, катар басуу да жат көрүнүш катары саналган. Бирок, кандай шартта болбосун махабат аттуу аруу сезимдин бар экени талашсыз. Мына ушундай, кыз менен жигит бири-бирине арзыган шартта, коомчулук аларга маданияттуу гана шарт түзүп берген.

Ошондо да, “Жигиттин ким экенин билгиң келсе, жанындагы жолдошун көр” деп, жогоруда айтылгандай, жигит жоро-жолдоштору менен келген. Эгерде жигит ырдай албаса, анда жанындагы жолдошу анын бар жакшы сапатын мактап, бар өнөрүн санап, тааныштырып ырдаган.

Кээде, ыр купулуна толбой калса, жеңелер кызын чыгарбай, бир топ машакатка салган учурлары болгон. Ошондуктан айлакер, шылуун жигиттер кыз менен кошо анын жеңелеринин да өзгөчө касиеттерин айтып, мактап-жактап, жерге-сууга теңебей ырдап салышкан. Ошондон кийин гана жеңелердин муз жүрөгү эриген жана кызыкесин көрсөтүп, жолуктурууга алып чыккан. Бирок, албетте, кыз-жигитти ээн-эркин коё бербей, экөөнү шынаарлай эрчий, жандап жүрүп, кайра эрчитип кирип кетишкен…

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу», 27.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий